“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 25-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

25-12-2017 13:03

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары К.Керезбеков, А.Нурбаев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-93

Каттоо  № 6-25595/17      22.12.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө

 

1-Глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишин уюуштуруунун тартибин, укуктук актыларды, прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын, аскер прокуратурасынын жана адистештирилген прокуратура органдарынын ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартибин аныктайт.

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы – мыйзамдын үстөмдүгүн, бирдейлигин жана мыйзамдуулукту чыңдоону, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга милдеттенген, мамлекеттик орган болуп саналат.

Прокуратура бирдиктүү системаны түзөт, ага төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен тизмеги аныкталган аткаруу бийлик органдары, ошондой эле башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашырган органдар тарабынан мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамда тизмеги аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоо, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматкерлеринин статусуна ээ адамдарды жазыктык куугунтуктоо.

2. Прокуратура органдары «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамда, ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин укуктук негиздери

1. Прокуратура органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзам, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары - Башкы прокурор) укуктук актылары түзөт.

2. Прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган функцияларды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн эмес.

 

4-берене. Прокуратураны уюштуруунун жана ишинин принциптери

1. Прокуратура төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго жана Башкы прокурорго баш ийген органдар менен мекемелердин (мындан ары – прокуратура органдары) бирдиктүү борборлоштурулган системасын түзөт.

2. Прокурорлордун баш ийиши төмөндөгүлөрдү камтыйт:

1) жогору турган прокурорлордун уюштуруу жана иш маселелери боюнча көрсөтмөлөрүнүн төмөн турган прокурорлор үчүн милдеттүүлүгүн;

2) кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорлордун алдында жоопкерчиликтүүлүгүн;

3) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун аракеттерине жана актыларына даттанууларды чечүүсүн;

4) төмөн турган прокурорлордун аракеттерин жогору турган прокурорлордун кыскартуусун, актыларын кайра чакыртып алуусун же өзгөртүүсүн.

3. Прокуратура органдары:

1) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;

2) мыйзамды бузууларга бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана мындай бузууларга жол берген адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрөт;

3) мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик жашыруун сырларды жана мыйзам менен корголуучу атайын жашыруун сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келбеген өлчөмдө ачык айкын иштейт;

4) мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле калкка белгиленген тартипте маалымат берет.

 

5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

1. Прокуратура органдарынын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат.

Прокурорго же тергөөчүгө алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышына же алардын мыйзамсыз чечим кабыл алышына кандай формада болбосун тоскоолдук келтирүү максатында таасир этүү жазык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.

2. Прокурор, прокуратура органдарынын тергөөчүсү, эгерде андай учурлар жана тартиби мыйзамда белгиленбесе, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр-бир түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ошондой эле тааныштыруу үчүн ким болбосун аларды көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун жана тергөөчүнүн уруксатысыз өндүрүштө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар аяктаганга чейин жарыялоого эч ким укуктуу эмес.

3. Прокурордун жана тергөөчүнүн аларга өздөрүнүн компетенциясынын чегинде берилген талаптары (суроо-талаптар, тапшырма, көрсөтмө), мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

4. Прокурордун талабы боюнча тийиштүү органдар жана ыйгарым укуктуу адамдар милдеттүү:

1) зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды кайтарымсыз берүүгө;

2) текшерүүгө жана корутунду берүүгө катышуу үчүн адистерди бөлүп берүүгө;

3) зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүгө; келип чыккан маселелерди айкындоо үчүн адистерди бөлүп берүүгө; прокуратурадан келип түшкөн материалдар, маалыматтар, кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана аларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө.

4) прокурорлордун көзөмөлдөө ишин камсыз кылуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка тийиштүү чараларды көрүүгө.

5. Талап кылынган маалымат прокуратура органдарына мыйзамда белгиленген формада, тартипте, ошондой эле прокурор аныктаган мөөнөттө берилет.

6. Прокурорлор өздөрүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын имаратына тоскоолсуз кирүүгө, текшерүүнүн маселелери боюнча алардын жетекчилери жана башка кызмат адамдары тарабынан токтоосуз кабыл алууга, документтерди жана материалдарды алуу мүмкүнчүлүгүнө, иштин материалдары түздөн-түз сот өндүрүшүндө турган учурлардан тышкары, соттук иштер менен таанышууга жана аларды соттон суратып алууга укуктуу.

7. Кызмат адамдары жана жарандар прокурордун жана тергөөчүнүн талабы боюнча алар белгилеген убакытта түшүнүк жана көрсөтмө берүү үчүн келүүгө милдеттүү.

8. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүмө берүү үчүн прокуратура органдарына келүүдөн баш тарткан учурда, прокурор бул адамды прокуратура органына алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал ички иштер органдары тарабынан 24 сааттын ичинде аткарылат.

9. Прокурордун жана тергөөчүнүн талабын аткарбоо, тийиштүү аткарбоо административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

6-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү

1. Прокуратура органдарында алардын ыйгарым укуктарына ылайык мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өзүнүн укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук келтирбейт.

2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат. Кайрылууга берилген жооп жүйөлүү болууга тийиш. Эгерде кайрылууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби, ошондой эле сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

3. Кайрылууларды чечимдерине же болбосо аракеттерине (аракетсиздигине) даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.

4. Анонимдүү кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт.

 

7-берене. Прокурордун аракеттерине жана прокурордук чара көрүү актыларына даттануу

1. Прокурордун аракеттери жана прокурордун чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүүнүн талаптарына жана актыларына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.

2. Сот же болбосо жогору турган прокурор прокурордук чара көрүү аракеттерине же актыларына даттануу боюнча чечим чыгарууга чейин алардын аткарылышын токтото турушу мүмкүн.

3. Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысынын таасирин токтотуп же болбосо кайра чакыртып алышы мүмкүн.

 

8-берене. Прокурорлордун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусу

1. Башкы прокурор, анын орун басарлары же алар ыйгарым укук берген адамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, алардын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Областтын, шаардын, райондун прокурору, аларга теңештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегиясынын жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга укуктуу.

3. Прокурорлор алар киргизген прокурордук чара көрүү актыларды соттордун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамда тизмеги аныкталган башка мамлекеттик органдардын  кароосуна катышууга укуктуу.


2- Глава. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы жана уюштурулушу

 

9-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);

2) Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары - Аскер прокуратурасы);

3) областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратурасы;

4) райондук (шаардык) жана аларга теңештирилген: адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик прокуратуралары;

2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын алдында прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирген уюмдар жана мекемелер түзүлүшү мүмкүн.

3. Башкы прокуратура социалдык-тиричилик жана чарбалык багыттагы оперативдүү башкаруу объекттерине ээ болот.

4. Прокуратуранын органдарын жана мекемелерин түзүү, кайра түзүү, жоюу, алардын статусун жана компетенциясын аныктоо Башкы прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

10-берене. Башкы прокуратура

1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу Башкы прокурор башчылык кылат.

2. Башкы прокурордун биринчи орун басары, орун басарлары болот, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы прокурордун сунушу боюнча кызматка дайындайт жана андан бошотот.

Башкы прокурордун орун басарлары прокуратура органдарынын системасына кирген, тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчиси болуп бир убакта дайындалышы мүмкүн.

3. Башкы прокуратуранын түзүмү жана покурор кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат. Башкы прокуратура юридикалык жактын статусуна ээ болот.

4. Башкы прокуратура:

1) прокуратура органдарынын алардын ишинин негизги багыттары боюнча аракеттерин координациялоону жана макулдашылгандыгын камсыз кылат;

2) мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө практикасын, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалын, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасы менен интеграцияланган, маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды пайдалануу менен талдайт;

3) прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

4) мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишин контролдойт;

5) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашырган башка укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешет;

6) кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо маселелердин артыкчылыгы менен отчеттуулук жана ишмердүүлүктү баалоо системасын өркүндөтөт, ошондой эле жарандык коомдун институттары менен кызматташуунун ар кандай формаларын белгилейт;

7) кадрлардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана өткөрөт;

8) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө прокуратура органдарына өкүл болот.

5. Башкы прокуратурада прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү жана уюштуруу менен байланышкан маселелерди кароо үчүн илимий-методикалык кеңеш түзүлөт. Илимий-методикалык кеңеш жөнүндө Жобо жана анын курамы Башкы прокурор тарабынан бекитилет.  

 

11-берене. Башкы прокурордун ыйгарым укуктары жана укуктары

1. Башкы прокурор прокуратуранын толук түрдөгү бүткүл ыйгарым укуктарына ээ болот:

1) прокуратура системасын жетектейт жана анын ишине контролдоону жүзөгө ашырат;

2) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча ишти уюштурат;

3) эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана укуктук жардам жана кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кылмыш жасады деп айыптоо коюлган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө корутунду берет;

5) прокуратура системасынын уюштуруу жана ишинин маселелерин жана прокуратура органдарынын бардык кызматкерлерин социалдык жана материалдык жактан камсыз кылуу чараларын ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу, көрсөтүлгөн кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди, жоболорду жана нускамаларды чыгарат;

6) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жумуш убагынын режимин жана эс алуусун аныктайт.

7) өзүнүн компетенциясынын чегинде укуктук статистика жана эсепке алуу маселелери боюнча, укуктук статистиканын бардык субьектилери үчүн милдеттүү болгон укуктук актыларды кабыл алат.

Айрым ыйгарым укуктар Башкы прокурордун орун басарларына ыйгарылышы мүмкүн. 

2. Башкы прокурор кызматкерлерди жумушка кабыл алат жана прокуратура органдарынан чыгарат.

Башкы прокурор областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлоруна, райондордун, шаарлардын прокурорлоруна жана аларга теңештирилген адистештирилген прокурорлорго, прокурор кызматкерлерин кызмат орунга дайындоо жана бошотуу, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды ыйгарууга укуктуу.

3. Башкы прокурор:

1) прокуратура органдарынын кызматкерлерине атайын жана аскердик наамдарды,  класстык чендерди ыйгарат;

2) ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана алар менен сыйлайт;

3) жогорку атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди сунуштайт;

4) прокуратура органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарууга көрсөтөт.

4. Башкы прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга;

2) ченем жаратуучу органдарга ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, күчүн жоготту деп табуу, жокко чыгаруу же аларды кабыл алуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.

5. Башкы прокурор мыйзам тарабынан ага берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

6. Башкы прокурор ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз камакка алынышы, жазык жоопкерчилигине тартылышы, администрациялык жаза чараларына тартылышы мүмкүн эмес.

 

12-берене. Башкы прокурордун отчеттуулугу

1. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

2. Башкы прокурор жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

 

13-берене. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратуралары

1. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларын тийиштүү прокурорлор башкарат, алардын орун басарлары болот.

2. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмү жана прокурор кызматкерлердин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратуралары юридикалык жактын статусуна ээ болот. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратуралары жөнүндө Жобо Башкы прокурордун укуктук актылары менен бекитилет.

 

14-берене. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлорунун ыйгарым укуктары

Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлору:

1) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

2) тийиштүү прокуратуранын ишин жетектешет; Башкы прокурор тарабынан белгиленген тартипте, прокурор кызматкерлерин кызмат орунга дайындайт жана бошотот;

3) өздөрүнө баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарышат;

4) өздөрүнүн аппараттарынын жана баш ийген прокуратуралардын штаттык тизмесине Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча алардын санынын жана эмгек акы фондунун чектеринде өзгөртүүлөрдү киргизет;

5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

 

15-берене. Райондордун (шаарлардын) прокуратуралары жана аларга теңештирилген адистештирилген прокуратуралар

1) Райондордун (шаарлардын) прокуратураларын жана аларга теңештирилген адистештирилген прокуратураларды тийиштүү прокурорлор жетектейт.

2) Райондордун (шаарлардын) прокуратураларын жана аларга теңештирилген прокуратуралардын түзүмү Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

16-берене. Райондордун (шаарлардын) прокурорлорунун жана аларга теңештирилген адистештирилген прокурорлордун ыйгарым укуктары

Райондордун (шаарлардын) прокурорлору жана аларга теңештирилген адистештирилген прокурорлор:

- тийиштүү прокуратуралардын ишин жетектешет;

- жогору турган прокурорлорго өздөрүнүн аппараттарынын штаттык санын өзгөртүү жөнүндө, кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө сунуш киргизишет;

- Башкы прокурор тарабынан белгиленген тартипте, прокуратуранын кызматкерлерин кызмат орунга дайындайт жана бошотот;

- мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

 

17-берене. Прокуратура органдарындагы коллегиялар

1. Прокуратура органдарындагы коллегия - Башкы прокуратурада, Аскер прокуратурасында, областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларында түзүлүүчү кеңешүүчү орган.

2. Коллегиянын курамына тийиштүү прокуратуранын прокурору (төрага), анын орун басарлары (кызмат орду боюнча) жана башка прокурорлор кирет.

3. Башкы прокуратуранын коллегиясынын курамы Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

4. Баш ийген прокуратуралардын коллегияларынын курамы тийиштүү прокурорлордун сунуштары боюнча Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

5. Коллегия мыйзамдуулуктун абалы, Башкы прокурордун буйруктары менен тескемелеринин аткарылышы, кадрларды тандоо, жайгаштыруу жөнүндө маселелерди карайт, прокурорлордун, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун, прокуратура органдарынын уюштуруу жана алардын ишинин башка маселелерин угат.

6. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

7. Коллегиялардын чечимдери тийиштүү прокурордун буйруктары жана башка укуктук актылар менен ишке ашырылат.

8. Коллегиялардын иш тартиби Башкы прокурор, тийиштүү прокурорлордун бекиткен иш регламенти менен аныкталат.

 

18-берене. Прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Башкы прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 7 жыл, областтардын, шаарлардын, райондордун прокурорлорунуку жана аларга теңештирилген прокурорлордуку - 5 жыл.

2. Областтардын, шаарлардын, райондордун жана аларга теңештирилген прокурорлор бир администрациялык-аймактык региондо өзүнүн кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей алышпайт.

3. Прокурорлор ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин ушул Мыйзамдын 91-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

 

3-Глава. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актылары

 

19-берене. Прокуратуранын укуктук актыларынын системасы

1. Укуктук актылардын системасын прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча актылардын жыйындысы түзөт.

2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөндөгү прокурордук чара көрүү актыларын: каршылык билдирүүнү, сунуштаманы, талап кылууну, эскертүүнү, токтомду, көрсөтмөнү, сотко арызды, соттук актыга даттануу жөнүндө сунушту колдонот.

3. Прокурордук чара көрүү актылары: каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, административдик же тартиптик укук бузуу тууралу өндүрүштү козгоо жөнүндө токтом, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен тизмеги аныкталган, ыйгарым укуктуу органдарга же аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына киргизилет.

4. Прокурордук чара көрүү актысы прокуратура органдарында катталууга тийиш жана аны кароого чейин аны киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан өзгөртүлүшү, толукталышы, чакыртылып алынышы мүмкүн.

5. Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн талаптары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

6. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, процесстик аракеттердин өндүрүшү жөнүндө суроо-талапты, жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамдарды берүү жөнүндө суроо-талапты, ал жараны болуп эсептелген мамлекетте жазасын өтөө тууралу өтүнүчтү жана башка актыларды колдонот.

7. Прокуратура органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар, эрежелер саналат.

8. Прокурордук чара көрүү актысын жана /же прокурордун жана тергөөчүнүн талаптарын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же аткарууга тоскоолдук жаратуу Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

20-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү

1. Прокурор жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген, укуктук актыга карата мындай актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына, жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо аны жокко чыгаруу үчүн каршылыгын билдирет.

2. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Анын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну токтоосуз түрдө четтетүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.

Каршылык билдирүүнү караган учурда каршылык билдирилген аткарылбаган актынын иш аракети токтотула турат.

3. Коллегиялык орган тарабынан каршылык билдирүүнү кароодо каршылык билдирген, аны кароодо катышууга укуктуу болгон прокурорго жыйналыш болуучу күн жөнүндө кабар берилет. Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз түрдө катышуусу керек.

 

21-берене. Прокурордун сунушу

1. Мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш жол берилген укук бузууларды четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга же кызмат адамына киргизилет.

Мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш, эгерде мыйзам бузуунун мүнөзү жазык ишин же административдик укук бузуу тууралу өндүрүштү козгоого алып келбесе киргизилет.

2. Сунуш киргизилген күндөн тартып 14 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө каралууга, ал эми анда көрсөтүлгөн талап милдеттүү аткарылууга тийиш.

Көрүлгөн иш чаралардын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө сунуш каралган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде билдирилүүгө тийиш.

3. Сунушту коллегиялык орган тарабынан кароодо прокурорго ал катышууга укуктуу болгон жыйналыш күнү жөнүндө билдирилет.

 

22-берене. Прокурордун талап кылуусу

1. Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө талап кылуу бузуу ачыктан-ачык мүнөзгө ээ болгондо жана эгерде ал дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укугуна жана таламына олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн болгон учурларда прокурор тарабынан киргизилет.

2. Талап кылуу укуктук ченемдик актынын бузулушуна жол берген органга же кызмат адамына, ошондой эле жаранга же болбосо баш ийүү тартибинде ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүүгө укуктуу жогору турган органга, же кызмат адамына берилет.

3. Талап кылууда бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.

4. Талап кылуу 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга тийиш. Анын аткарылгандыгы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө талап кылуу каралган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде билдирилет.

 

23-берене. Административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү же тартиптик укук бузуулар тууралу өндүрүштү козгоо жөнүндө прокурордун токтому

1. Прокурор мыйзамдын бузулушунун мүнөзүнө жараша, административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү же тартиптик укук бузуулар тууралу өндүрүштү козгоо жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат.

2. Прокурордун административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү же тартиптик укук бузуулар тууралу өндүрүштү козгоо жөнүндө токтому, аны кароого ыйгарым укуктуу орган же кызмат адамы тарабынан токтомду  алган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш. Кароонун натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө токтом каралган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде билдирилет.

 

 

24-берене. Жазык ишин козгоо жөнүндө прокурордун токтому

1. Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кылмышты тапкан учурда, прокурор жазык ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарат.

2. Прокурор тергөөгө жана изин суутпай издөө ишине көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кылмышты тапкан учурда, анын ичинде ал боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралу чечим болсо да, тергөөгө караштуулугуна карабастан жазык ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарат.

3. Козголгон жазык иши жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тергөөгө караштуулугу боюнча тергөө органдарына тергөө үчүн өткөрүлүп берилет

 

25-берене. Мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү

1. Укук бузуулардын алдын алуу максатында жана укукка жат жосундардын даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар болсо прокурор кызмат адамдарына мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүсүн жөнөтөт.

2. Мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүүдө көрсөтүлгөн  талаптар токтоосуз аткарылууга тийиш. Натыйжасы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө эскертүүнү алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде билдирилиши керек.

 

26-берене. Сот органдарына кайрылуу

1. Прокурор башка адамдардын же адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоого арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды сактоо талап кылынса, сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу.

2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоого арыз прокурор тарабынан кызыкдар адамдын өтүнүчү боюнча, эгерде ал өзү жүйөлүү себептер менен (ден соолугунун абалы, курагы жана башка себептер менен) сотко кайрыла албаса берилиши мүмкүн. Аракетке жарамсыз жарандардын, жашы жете электердин кызыкчылыктарын коргоого арыз кызыкдар адамдын өтүнүчүнө карабастан прокурор тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча прокурордун доо арызына мамлекеттик алым алынбайт.

 

27-берене. Прокурордун көрсөтмөсү

Прокурор өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу:

1) изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдарга;

2) жазаны жана сот дайындаган мажбурлоочу мүнөздөгү чараларды аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларына, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына алардагы адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө;

3) мыйзамда каралган башка учурларда.

 

28-берене. Соттук актыларга сунуштама.

Прокурор өзүнүн компетенциясынын чегинде процесстик мыйзамдарда каралган тартипте сотко соттук актыга даттануу тууралу сунуштама киргизет.

 

 

 

29-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын мажбурлап аткаруу чаралары

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, прокурордук чара көрүүнүн тийиштүү актысын жана/же прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн талабын алары менен аны аткарууга токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү.

2. Прокурордук чара көрүү актыларын ыктыярдуу түрдө аткарбаган учурда, прокурор мүлкүнөн мажбурлап ажыратууну карагандан тышкары, прокурордун талаптарын мажбурлап аткаруу жөнүндө токтомду чыгарууга жана аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө укуктуу.

 

30-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын жарыялоо

Өзүнүн ишинин айкын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында, органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине жана чечимине карата прокурордук чара көрүү актыларын жарыялай алышат.

 

4-Глава. Прокурордук көзөмөл

§1. Аткаруу бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө

 

31-берене. Көзөмөлдүн предмети

1. Көзөмөлдүн предмети болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен тизмеги аныкталган, аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө саналат.

2. Прокурор аткаруу бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттеринде же аракетсиздигинде мыйзам бузууларды тапкан учурда, прокурордук чара көрүү актысын колдонот.

3. Прокурор мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кылмышты тапкан учурда, тергөө караштуулугуна карабастан жазык ишин козгойт, аны ыйгарым укуктуу тергөө органына өткөрүп берет.

4. Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууда прокуратура органдары башка мамлекеттик органдарды, мамлекеттик жана ведомстволук көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдарды алмаштырбайт.

5. «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары, текшерүүлөрдү, ревизияны жана экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө прокурордун талаптарын, прокурордун талаптары келип түшкөн учурдан тартып аткарууга киришүүгө милдеттүү.

 

32-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Прокурор мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен аймакка жана жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө, алар чыгарган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтер менен материалдарды алууга;

2) жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды; келип чыккан маселелерди аныктоо үчүн адистерди бөлүп берүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кайрылууларды текшерүүнү талап кылууга жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат берүүнү милдеттендирүүгө;

3) кызмат адамдарын жана башка адамдарды мыйзамдарды бузуу боюнча түшүндүрмөлөр берүү үчүн чакырууга;

2. Прокурор мыйзамды бузуу фактыларын аныктаган учурда төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) жогорку юридикалык күчкө ээ болгон, ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келген укуктук актыларга каршылык билдирүүгө, мындай актылардын жараксыздыгын таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;

2) мыйзам бузууларды жоюу тууралу сунуш жана талап киргизүүгө; мыйзам бузууларга жол болбөө жөнүндө эскертүүгө;

3) ченемдик укуктук актыларды жараксыз же конституциялык эмес деп табуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;

4) жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо сотко арыз менен кайрылууга;

5) ыйгарым укуктуу тергөө органына өткөрүп берүү менен, тергөө караштуулугуна карабастан жазык ишин козгоого;

6) административдик же тартиптик укук бузуулар тууралу өндүрүштү козгоого; мыйзамды бузган адамдарды жоопкерчиликке тартууну талап кылууга.

3. «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамда аныкталган органдардын кызмат адамдары прокурордук чара көрүү актыда каралган көрсөтмөлөрдү, талаптарды аткарууга токтоосуз киришүүгө милдеттүү.

 

§2. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөл

 

33-берене. Көзөмөлдүн предмети

           Көзөмөлдүн предмети болуп, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мыйзамдардын так жана бирдей аткаруу, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга укуктуу органдардын жана кызмат адамдарынын актыларынын жана аракеттеринин мыйзамдуулугу эсептелет.

          

           34-берене. Изин суутпай издөө ишинин мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары

           1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана ушул Мыйзам менен аныкталат.

           2. Изин суутпай издөө ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:

           1) сутканын кайсы мезгилинде болбосун алгачкы текшерүү органдарына келүүгө, алардын имарат-жайларын, аларда турган объектилерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

           2) кыскартылган жана өндүрүштө турган изин суутпай издөө ишинин иштерин, жазык иштерин, материалдарды, эсепке алуу-каттоо документтерин, ведомстволук ченемдик актыларды жана изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар менен жашыруун негизде кызматташып жаткан же кызматташкан купуя жардамчылардын жана штаттык жащыруун кызматкердердин өздүгү жөнүндө маалыматтардан тышкары, изин суутпай издөө ишинин жүрүшү жана натыйжалары тууралу башка зарыл маалыматты алууга;

           3) атайын изин суутпай издөө иш-чараларын, анын ичинде байланыш тармактарын (каналдарын) контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун текшерүү жүргүзүүгө.

           4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) жана чечимине даттанууларды жана арыздарды кароого;

           5) Конституцияга жана башка мыйзамдарга карама-каршы келген, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан чыгарылуучу, изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнү уюштурууну жана тактикасын регламенттеген ченемдик укуктук актыларга каршылык билдирүүгө;

           6) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууда мыйзам бузууларды тапкан учурда өзүнүн токтому менен изин суутпай издөө иш-чараларын токтотууга;

           7) изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда укукка каршы аракеттерге жол берген кызматкерлерге карата жазык ишин же тартиптик өндүрүштү козгоого, ошондой эле прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;

           8) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына жазык иштери жана изин суутпай издөө материалдары боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

           9) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси тарабынан, сот алдында жарандардын конституциялык укуктарын чектеген өтүнүчтү козгоодо макулдук берүүгө же аны берүүдөн баш тартууга;

           10) жазык ишин козгоо же жазык ишинин козголушу жана иликтениши жөнүндө талап киргизүү укугу менен, кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү текшерүү менен байланыштуу алгач текшерүү маселелери боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

           11) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдуулукту бузууларды табуу максатында, атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен тийиштүү адистерди тартууга;

           12) кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына, аларда турган адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

           13) изин суутпай издөө ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу учурунда табылган бузуулардын фактылары боюнча, ушул Мыйзамда каралган прокурордук көзөмөлдүн башка актыларын чыгарууга;

           14) зарыл болгон учурда изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилеринен, аларга баш ийген органдарда мыйзам бузууларды четтетүү максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууга.

 

§3. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл

 

           35-берене. Көзөмөлдүн мазмуну жана предмети

           Прокурор тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын актыларынын жана ишинин мыйзамдуулугуна, жасалган кылмыштар жана териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн мыйзамдарда белгиленген тартибин сактоого көзөмөл жүргүзөт.

 

           36-берене. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары

           1. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу менен прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:

           1) сутканын кайсы мезгилинде болбосун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына келүүгө, алардын имарат-жайларын аларда турган объектилерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

           2) жазык ишин тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынан документтерди, материалдарды жана жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө, изин суутпай издөө иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтарды текшерүү үчүн алууга;

           3) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууда, каттоодо, чечүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүүгө;

           4) каммакка алуу же үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жана кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө, айыпталуучуну соттук чечимдин негизинде жол берилген камакка алуу же үй камагына алууда камоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө же макулдук берүүдөн баш тартууга;

           5) айыпталуучуну соттук чечимдин негизинде жол бериле турган камакка алууда камоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууну колдоого же колдоодон баш тартууга;

           6) камакта турбаган шектелүүчүнү, айыпталуучуну тийиштүү соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизаларды жүргүзүү үчүн медициналык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө же макулдук берүүдөн баш тартууга;

           7) күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө же макулдук берүүдөн баш тартууга;

           8) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин жана абоненттик жабдуулардын ортосундагы байланыштар тууралу маалыматтарды алуу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө же макулдук берүүдөн баш тартууга;

           9) тинтүү, алып коюу, карап чыгууну жүргүзүү, менчикте же башка башкарууда турган турак-жайга жана башка объектилерге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү жөнүндө жана шашылыш түрдө жүргүзүлгөн жогоруда көрсөтүлгөн тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө же макулдук берүүдөн баш тартууга;

           10) зарыл учурларда жазык ишин козгоого, тергөө жана алгачкы текшерүү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө;

           11) тергөөчүлөрдүн, төмөн турган прокурорлордун мыйзамсыз токтомдорун жокко чыгарууга;

           12) кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү текшерүү менен байланыштуу тергөө маселелери боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

           13) эгерде тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларынын жана башка жарандардын укуктарын бузууга, тергөөнүн мыйзамсыз усулдарына жол берилген болсо, күнөөлү адамдардын жоопкерчилиги тууралу маселе коюуга;

           14) тергөө толук болбогон, ошондой эле мыйзамдуулукту бузууларга жол берилгендиги аныкталган учурларда, ишти кыскартуу же кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн же жазык ишин толук көлөмдө же конкреттүү адамдарга карата кыскартуу жөнүндө өзүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү менен тергөөчүгө жазык ишин кайтарып берүүгө;

           15) зарыл учурда тергөө бөлүмдөрүнүн жана алгачкы текшерүү органдарынын жетекчилеринен аларга баш ийген органдарда мыйзам бузууларды четтетүү максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, жазыктык укук бузууларды толук ачууну камсыз кылууну талап кылууга;

           16) тергөөнү жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашырган адамдын, тергөөнү жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилеринин аракетине (аракетсиздигине) жана чечимине даттанууларды кароого;

           17) бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалган адамдарды камакта кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоону текшерүүгө;

           18) жазык-процесстик мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарууга.

           2. Прокурордун өзүнүн компетенциясынын чегиндеги көрсөтмөлөрү тергөөнү жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адам үчүн милдеттүү.

 

           §4. Жазык иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышына көзөмөл 

 

           37-берене. Көзөмөлдүн предмети

           Көзөмөлдүн предмети болуп саналат:

1) кармалгандар, камакка алынгандар аларды кармоочу жерлерде, соттолгондордун улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын тургандыгынын мыйзамдуулугу;

2) улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун, камакка алынган адамдардын, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын аларды кармоонун тартибинин жана шарттарынын мыйзамдарда белгиленген талаптарынын сакталышы;

3) эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруунун мыйзамдуулугу;

4) жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруунун мыйзамдуулугу.

 

38-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

  1. Прокурор мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөөдө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кайсы мезгилде болбосун жазык-аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына, жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу органдарга жана мекемелерге, аткаруу өндүрүшүнүн органдарына барууга;

2) кармалган, соттолгон жана камакка алынган адамдарды же жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдарды суроого;

3) ушул адамдар кармалганга, камакка алынганга, соттолгонго же мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгонго негиз болгон документтер менен таанышууга; өзүнүн токтому менен мыйзамсыз кармалган адамдарды бошотууга;

4) аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга;

5) жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер, улуттук коопсуздук, саламаттык сактоо органдарынын администрацияларына, аларда турган адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо; кармалгандардын, камакка алынгандардын, соттолгондордун жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын укуктарын камсыз кылган шарттарды түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө; жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, улуттук коопсуздук, аткаруу өндүрүшүнүн, саламаттык сактоо органдарынын администрацияларынын буйруктарынын, тескемелеринин, токтомдорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүгө; кызмат адамдарынан жана кызматкерлерден түшүнүк талап кылууга; прокурордук чара көрүү актыларын колдонууга.

6) камакка алынган, соттолгон адамдарга мыйзам бузуу менен салынган тартиптик жазаны жокко чыгарууга; аларды өзүнүн токтому менен айып изоляторунан, камера тибиндеги жайдан, карцерден, тартиптик изолятордон тез арада бошотууга;

7) жазык ишин же тартиптик өндүрүштү козгоого, ошондой эле прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө.

2. Прокурор жазаларды жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу мекемелерде мыйзамсыз негизде кармалып турган же болбосо мыйзамды бузуу менен кармалган, камакка алынган же соттук-психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандардын ар бирин өз токтому менен тез арада бошотууга милдеттүү.

 

5-Глава.Жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу жана сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу

 

39-берене. Жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу жана сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу

1. Прокурор процесстик мыйзамдарда жана башка мыйзамдарда каралган учурларда сотто ишти кароого катышат.

2. Сотто жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Сотто айыпкердин күнөөсүн далилдөө милдети мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.

3. Прокурор процесстик мыйзамдарга ылайык сотко арыз менен кайрылууга же жарандардын укуктарын жана коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо талап кылынган учурда процесстин кандай гана стадиясы болбосун катышууга укуктуу.

4. Ишти соттук кароодо катышкан прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

 

40-берене. Прокурорлордун сот актыларына сунуштамаларды киргизүүсү

1. Сот актыларын негизсиз  же мыйзамдын  талаптарына  ылайыксыз деп эсептеген прокурор процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко сунуштама киргизет же жогору турган прокурорго сунуштама менен кайрылат.

2. Соттук актыларга карата сунуштама сотто каралганга чейин сунуштаманы киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

3. Прокурор соттук териштирүүгө катышканына карабастан өз компетенциясынын чегинде соттон соттук актылар мыйзамдуу күчүнө кирген ишти же иштердин категориясын сурап алууга укуктуу.

4. Прокурор сураткан иштер, суроо-талапты алган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде сот тарабынан берилет.

 

41-берене. Сотторго түшүндүрмө берүү жөнүндө сунуш

Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун кароосуна жарандык, экономикалык, кылмыш-жазык, администрациялык жана башка иштер боюнча сот тажрыйбасы маселелери боюнча сотторго түшүндүрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө жана аларды талкуулоого катышууга укуктуу.

 

6-Глава. Кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жана аскер кызматкери статусуна ээ адамдарды жазыктык куугунтуктоо. Тергөө тобун түзүү

 

 

42-берене. Жазык ишин козгоо

1. Прокурор мыйзам бузуунун мүнөзүнөн, себептердин жана негиздердин болушунан улам, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында тизмеги аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат.

2. “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган, кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кабыл алынат.

3. Козголгон жазык иши жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тергөөгө караштуулугу боюнча тергөө органдарына тергөө үчүн өткөрүлүп берилет.

 

43-берене. Аскер кызматкери статусуна ээ адамдарды жазыктык куугунтуктоо

1. Прокурор аскер кызматкери статусуна ээ адамдарды жазыктык кугунтуктоону жүзөгө ашырат.

2. Аскер кызматкери статусуна ээ адам тарабынан жасалган укук бузуу фактысы жөнүндө билдирүүнү текшерүү прокуратура органдарынын өзгөчө компетенциясы болуп саналат.

Жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда аскер прокуратурасынын прокурору жана тергөөчүсү аскер кызматкери статусуна ээ адамга карата жазык ишин козгоого жана тергөөгө, ал эми прокурор сотто мамлекеттик айыптоону колдоого жана жазык-процесстик мыйзамда белгиленген башка укуктарды кодонууга укуктуу.

 

44-берене. Тергөө тобун түзүү

1. Прокурор жазык-процесстик мыйзамда каралган тартипте, улуттук коопсуздукту жана мамлекеттин кызыкчылыгын козгогон, резонанстуу кылмыштарды тергөө үчүн ведомстволор аралык тергөө топторун түзүүгө укуктуу.

2. Жазык иши боюнча тергөө, ал татаал жана көлөмдүү болгон учурда прокурор тарабынан укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн тергөө тобуна тапшырылышы мүмкүн, бул туурасында жазык ишин козгоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт же өзүнчө токтом чыгарылат. 

 

7-Глава. Прокуратура тарабынан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартиби

 

§1. Чет мамлекеттердин компетенттүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү

 

45-берене. Эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарды колдонууга көзөмөл

1. Прокуратура органдары мыйзам белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча эл аралык келишимдерди колдонууга көзөмөлдү жүзөгө ашырат.   

2. Башкы прокурор же анын орун басарлары ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте:

- адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;

- жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардамдарды көрсөтүү тууралу;

- жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашыруу жөнүндө;

- эркинен ажыратууга соттолгон адамдарды, жазасын андан ары өтөө үчүн которуу жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик ташуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

46-берене. Эл аралык укуктук кызматташуу боюнча прокуратуранын ыйгарым укуктары

Башкы прокуратура өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык укуктук кызматташуу чөйрөсүндө:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык жана ведомстволор аралык келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы келишимдерди өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

2) мыйзамда белгиленген тартипте чет мамлекеттердин прокуратура органдары жана башка компетенттүү органдары менен укуктук жардам жана кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт жана кол коет;

3) прокуратура органдарынын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат;

4)  эл аралык уюмдардын ишине катышат;

5) кызматташкан чет мамлекеттердин аймактарында кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;

6) чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органдарынын катышуусу менен өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттердин өндүрүшү, соттолгондорду которуу, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маелелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтөт;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттердин өндүрүшү, соттолгондорду которуу, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарын, өтүнүчтөрүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жөнөтөт;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

§2. Мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндө мыйзамдуулукту көзөмөлдөө

 

47-берене. Укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү

1. Прокуратура укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндө, ошондой эле кылмыш жөнүндө арызды (билдирүүнү) катаган учурдан тартып, соттун чечимин (өкүмүн) дайындаганга жана аткарганга чейин жазык процессинин бардык стадияларында мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.             

           2. Прокуратура мамлекеттик укуктук статистиканы түзөт жана укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан отчеттуулукту түзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт, ошондой эле кылмыштуулуктун абалын, аны менен күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен талдайт жана божомолдойт.

           3. Прокуратура жеке жана юридикалык жактарды маалыматтык-сурап билүү тейлөөнү жүзөгө ашырат.

          

           48-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары 

           Укуктук статистика чөйрөсүндө көзөмөлдү жүзөгө ашырууда прокурордун укуктары:

           1) укуктук статистика субьектилери тарабынан берилген укуктук статистикалык маалыматтардын бүтүндүгүнө, обьетивдүүлүгүнө, аныктыгына жана жетиштүүлүгүнө контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;

           2) укуктук статистиканын субьектилеринен баштапкы эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин толуктугун жана аныктыгын, аларды ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун укуктук актылары менен аныкталуучу мөөнөттө берүүнү талап кылууга;

           3) укуктук статистика субьектилеринен жана башка мамлекеттик органдардан укуктук статистика жана эсепке алуу, укуктук мамлекеттик статистикалык отчеттуулук маселелери боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматты, документтерди жана статистикалык маалыматтарды жүргүзүү үчүн баштапкы эсепке алуунун формаларын жана эсепке алууну жүргүзүүнү кайтарымсыз алууга;

           4) көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда укуктук статистиканын субьектилеринин жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, жазык иштерин, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү талап кылууга, анын ичинде жерине чыгуу менен  текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

           5) укуктук статистика субьектилерине сутканын кайсы убагы болбосун барууга, алардын имарат-жайын жана аларда жайгашкан объектилерди карап чыгууга, документтер жана баштапкы эсепке алуу формалары менен таанышууга, алардагы болгон тийиштүү электрондук маалыматтык системага тоскоолсуз жеткиликтүүлүктү алууга ;

           6) зарыл учурларда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча жазык ишин жана тартиптик өндүрүштү козгоого, ошондой эле күнөлүү кызмат адамдарына карата прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;

           7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.    

 

           49-берене. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк

           1. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

           1) укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу максатында терс көрүнүштөрдү табуу;

           2) укуктук мамилелердин ар кандай чөйрөсүндө мыйзамдуулукту бузуулардын фактылары жөнүндө сандык жана сапаттык маалыматтарды аныктоо;

           3) терс укуктук көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

           4) мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалын мүнөздөгөн маалыматтарды, анын ичинде региондордун тилкесинде иликтөө жана кайра иштеп чыгуу.

           Ар бир негиздер боюнча маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы жана алардын тизмеги Башкы прокурор тарабынан көзөмөлдөө ишинин алкагында аныкталат.

           2. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк Башкы прокурор бекиткен аналитикалык иштин планына ылайык прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

           3. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасын пайдалануу менен пландан тышкаркы маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

           1) Башкы прокурордун же анын орун басарларынын тапшырмасы;

           2) Башкы прокурордун же анын орун басарларынын макулдугу менен мамлекеттик органдардын негиздүү суроо-талаптары.

           4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасынан, ээси көрсөтүлбөстөн, жеке жактардын конкреттүү жекече маалыматтары ачылбастан алынган маалыматтарды пайдалануу менен жүргүзүлөт.

           Жеке жактардын жекече маалыматтарын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк, ар бир учур үчүн өзүнчө кабыл алына турган Башкы прокурордун тийиштүү буйругунун негизде жүргүзүлөт.

           5. Электрондук маалыматтык ресуртарга жеткиликтүүлүк жана маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүктүн алдындагы укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасында аларды иштеп чыгуу, корголгон алып жүрүүчүлөрдө сакталган, электрондук санарип колтамгаларды пайдалануу менен өзүнчө имарат-жайларда сертификацияланган компьютерлерде прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

           6. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруунун тартиби, негиздери жана аны жүзөгө ашырууга укугу бар прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын тизмеги (категориясы) Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

           7. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк, жекече мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына так ылайык жүзөгө ашырылат.

 

§3. Прокуратуранын башка ыйгарым укуктары

 

           50-берене. Текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо

           Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда, прокуратура укук коргоо органдары, салык кызматынын органдары жана башка мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоону жүзөгө ашырат.

           Мыйзамдуу жана негиздүү текшерүүлөр каттоого тийиш.

          

           51-берене. Ченем жаратууга прокуратуранын катышуусу    

           1. Башкы прокуратура белгиленген тартипте, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, күчүн жоготту деп табуу же кабыл алуу жөнүндө мыйзам чыгаруу демилге укугуна ээ органдарга сунуш киргизүүгө укуктуу.

           2. Башкы прокуратура белгиленген тартипте, колдонуудагы мыйзамдарга укуктук жана коррупцияга каршы экспертизаларын жүргүзөт.

 

           52-берене. Координациялык ишмердүүлүк

           1. Башкы прокурор жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, коррупцияга каршы күрөшүү маселелер боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялайт.

           2. Координациялык кеңешменин ишин уюштуруу жана курамын түзүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен белгиленет.

           3. Координациялык кеңешменин чечими милдеттүү аткарылууга тийиш.

 

 

           53-берене. Ведомстволор аралык тартиптик комиссия

           1. Башкы прокуратуранын алдында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата даттанууларды кароо боюнча ведомстволор аралык тартиптик комиссия иштейт.

           2. Ведомстволор аралык тартиптик комиссия Башкы прокуратуранын, бардык укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин өкүлүнөн жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) өкүлүнөн түзүлөт. Ведомстволор аралык тартиптик комиссиянын жекече курамы Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

           3. Ведомстволор аралык тартиптик комиссиянын төрагасы болуп Башкы прокуратуранын өкүлү эсептелет.

           4. Ведомстволор аралык тартиптик комиссиянын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

           54-берене. Прокуратуранын басылмасы

           Башкы прокуратура атайын басылманы чыгарат.

 

8-Глава. Прокуратура органдарында кызмат өтөө.

Прокуратура органдарынын кадрлары

 

§1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө

 

           55-берене. Прокуратура органдарына кызматка кирүү

            1. Прокуратура органдарындагы кызмат мамлекеттик кызматтын түрү болуп эсептелет. Прокуратура органдарынын кызматкерлер ушул Мыйзамдын, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана «Кыргыз Респуликасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери тууралуу, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик кызмат ордунда милдеттерди аткарган мамлекеттик кызматкер болуп саналат. 

            2. Прокуратура органдарына кызматка кирүү конкурстук тандоодон өтүү аркылуу жана конкурстан тышкары жүргүзүлөт.

Конкурстан өтүүнүн тартиби жана шарты Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

            Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жана башка мамлекеттик органдарында мамлекеттик кызмат орунду ээлеп турган же мурда ээлеген жана тийиштүү квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар прокуратура органдарынын бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстан тышкары дайындалат.

3. Прокуратура органдарына окуу өргүүсүндө, бала багуу өргүүсүндө болгон мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин ээлеген кызмат орундарына прокуратура органдарына жаӊы кирип жаткан адамдарды жумушка алууга жол берилет.

4. Прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн прокуратура органдарында кызматта болуусунун чектик курагын 65 жаш түзөт.

 

56-берене. Прокурорлор жана прокуратура органдарынын  кызматкерлери

1. Ушул Мыйзамдагы төмөндөгү терминдер менен төмөндөгүлөр түшүндүрүлөт:

1) «прокурор» – тийиштүү ыйгарым укуктар берилген, Башкы прокурор, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, Башкы прокурордун улук жардамчысы жана жардамчысы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн улук прокурорлору жана прокурорлору, Бишкек жана Ош шаарларынын, областтардын, райондордун (шаарлардын), адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору, аскер прокурору  жана анын орун басарлары, гарнизондордун аскер прокурорлору жана алардын орун басарлары, прокурор-криминалисттер, прокурорлордун улук жардамчылары жана жардамчылары;

2) «прокуратура органдарынын кызматкерлери» - прокурорлор жана тергөөчүлөр, ошондой эле атайын же аскердик наамга, же класстык ченге ээ прокуратура органдарынын башка кызматкерлери.

 

57-берене. Прокурор жана тергөөчү болуп дайындала турган адамдарга коюлуучу талаптар

1. Милдеттүү программада мамлекеттик аккредитациясы бар жогорку юридикалык билимге ээ, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөй ала турган жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары прокурорлор жана тергөөчүлөр боло алышат.

2. Жогорку юридикалык эмес билимге ээ Кыргыз Республикасынын жарандары, прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүмдөрүнүн прокурордук кызматкерлери боло алышат.

3. Башкы прокурордун кызмат ордуна курагы 35 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

  4. Башкы прокурордун орун басарлык, Аскер прокурорунун кызмат орундарына 35 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 10 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

  5. Областтын прокурору жана ага теңештирилген прокурорлук кызмат орундарына 30 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 7 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

6. Райондун, шаардын прокурорлорунун, аларга теңештирилген прокурорлордун кызмат ордуна 30 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 5 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

7. Башкы прокуратуранын, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна 30 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 5 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

8. Укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү, республиканын прокуратура органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна 30 жаштан төмөн эмес адамдар Башкы прокурор тарабынан дайындала алат.

 

58-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөгө байланыштуу чектөөлөр жана тыюу салуулар

1. Прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө тыюу салынат:

1) башка мамлекеттин жарандыгын алууга;

2) чет мамлекеттин аймагында анын туруктуу жашоосун тастыктаган жашоо укугун же башка документти алууга;

3) билим берүү, илимий, эксперттик жана башка чыгармачылык иштен тышкары, башка акы төлөнүүчү ишмердүүлүк менен алектенүүгө;

4) мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында турууга;

5) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкалар каралбаса, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарына, чет өлкөлүк коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдардын органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаты болууга;

7) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын жана башка шайлоо органдарынын мүчөсү болууга;

8) саясий максаттарды көздөгөн саясий партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга, кандайдыр бир колдоо көрсөтүүгө же алардын ишине катышууга;

2. Адам прокуратуранын органдарына жана мекемелерине кызматка алынышы жана көрсөтүлгөн кызматта турууга мүмкүн эмес, эгерде ал:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо (чыкса) же башка мамлекеттин жарандыгын алса;

2) чет мамлекеттин аймагында анын туруктуу жашоосун тастыктаган, жашоо укугуна же башка документке ээ болсо;

3) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде учетто турса, соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аркетке жөндөмү чектелген деп табылса;

4) соттун чечими менен белгилүү бир мөөнөткө мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат ордун ээлеп туруу укугунан ажыратылса;

5) соттуулугу жоюулгандыгына же алынгандыгына карабастан, жазык кылмышы үчүн соттуулугу болсо же болгон болсо, же реаблитацияланбаган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө тергөө органдарынын же соттордун жокко чыгарылбаган токтому болгон учурда;

6) мурда жазык жоопкерчилигине тартылып, бирок жыйынтыгында кылмыштын окуясы жоктугу үчүн, жосунда кылмыштын курамы жоктугу үчүн, кылмышты жасагандыгы далилденбегендиги үчүн, жазык мыйзамынын чегинде зыян келтирген, жосундун укук ченемдүүлүгү үчүн кыскартылгандардан тышкары тергөө органдары же сот тарабынан ага карата жазык иши кыскартылган болсо;

7) анын жакын туугандары мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп табылса, же болбосо өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо;

8) медициналык корутундуга ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорусу болсо;

9) эгерде адам талапкер болуп жаткан кызмат орун боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан учурда, мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса;

10) мурда прокуратура органдарынан кадыр-баркын кетирүүчү негиздер боюнча бошотулса;

11) Башкы прокурор тарабынан тартиби аныкталуучу атайын текшерүүдөн өтпөсө.

3. Эгерде адам жазык иши боюнча шектелүүчү, айыпталуучу же соттолуучу болуп эсептелсе, ал прокуратура органдарына кызматка алынышы мүмкүн эмес.

4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан же үй бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскердик эмес) кызматты өтпөгөн эркек жынысындагы жарандарга прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жол берилбейт.

5. Прокурордук кызматкер кызмат өтөөнү токтоткондон кийин (адвокаттык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырган учурдардан тышкары) бир жыл ичинде мүмкүн эмес:

1) үчүнчү жактын кызыкчылыгында мурдагы өзүнүн иштеген жерине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууга;

2) ал кызматта турган мезгилде анын карамагына кирген иштер боюнча жеке жана юридикалык жактарга кошумча артыкчылык берсе, бул жеке жана юридикалык жактардын атынан аракеттенүүгө.

6. Прокурордук кызматкерлерге мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр жайылтылат.

7. Ушул беренеде каралган чектөөлөрдү сактабагандык фактысын аныктоо, прокурорлорго жана тергөөчүлөргө карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

 

59-берене. Прокуратура органдарына кызматка алуу учурунда сыноо мөөнөтү

1. Буга чейин сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон адамдардан тышкары биринчи жолу прокуратура органдарына кызматка кабыл алынып жаткан адамдарга, алардын ээлей турган кызмат орунга ылайык келүүсүн текшерүү максатында Башкы прокурор аныктаган тартипте бир жылга чейин сыноо мөөнөтү белгилениши мүмкүн.

Сыноо мөөнөтү мезгилинде адам прокуратура органдарында тийиштүү кызмат орунга стажер болуп дайындалат.

2. Сыноо мөөнөтү учурунда дайындалган адамдар прокуратура органдарында ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерди аткарат жана укуктарды пайдаланат.

Сыноо мөөнөтү прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн стажысына эсептелет.

3. Стажерди жекече окутууну, анын жеке жана иштиктүү сапаттарын иликтөөнү уюштуруу жана аны жекече окутуунун натыйжаларын баалоо тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

§2. Прокурордук кызматкерлердин укуктук абалы

60-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин статусу. Негизги укуктары жана милдеттери.

1. Прокурордук кызматкерлердин укуктук абалы (статусу) ушул Мыйзам, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

2. Прокурор кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шартка;

2) ээлеген кызмат орду боюнча анын укуктарын жана милдеттерин белгилеген кызматтык милдеттери (кызмат орундук нускама) жана башка документтер менен, кызматтык милдеттерин аткаруунун эффективдүүлүгүн баалоонун критериялары, кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана илгерилетүүнүн шарттары менен таанышууга;

3) ушул Мыйзамга ылайык эс алуу убактысына;

4) акчалай камсыздоого

5) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

6) эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мындай маалыматтарды пайдалануу менен байланышса, мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтарды белгиленген тартипте алууга;

7) өзүнүн жекече маалыматтарын коргоого;

8) кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын, кызмат өтөө стажысын, квалификациясын жана кесиптик билиминин деңгээлин эске алуу менен кызматы боюнча илгерилөөгө;

9) кесиптик деңгээлин жана иштиктүү квалификациясын жогорулатууга, кошумча кесиптик билим алууга;

10) анын рапорту боюнча кызматык текшерүүнү (териштирүүнү) жүргүзүүгө;

11) баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарына же жогору турган органдарга, өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык прокуратура органдарында кызмат өтөө менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн кайрылууга;

12) анын өмүрүн жана ден соолугун, анын үй бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле ага жана анын үй бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү мамлекеттик коргоого;

13) прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тийиштүү уюштуруу-техникалык жана санитардык-гигиеналык шартка;

14) курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген тартипте ок атуучу куралды жана (же) атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;

15) кызмат өтөө маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечимине жогору турган жетекчиге даттануу;

16) ушул Мыйзамда жана мамлекеттик кызматты өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка укуктарга.

3. Прокурордук кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоого;

2) кызматтык (функционалдык) милдеттерин жана анын укуктарын, кызматтык милдеттерин аныктаган башка документтердин жоболорун аткарууга, түздөн-түз жетекчилердин (начальниктердин) буйруктарын жана тескемелерин аткарууга, ошондой эле түздөн-түз жетекчинин (начальниктин) алдын ала билип туруп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйругун же тескемесин алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга;

3) кызматтык маселелер боюнча өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, ал эми зарылчылык болгон учурда түздөн-түз жетекчисине кабарлап коюу менен түз жетекчисине кайрылууга;

4) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого;

5) кызматтык ички тартипти сактоого, окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган башка кырдаалдар тууралу түздөн-түз жетекчиге тез арада билдирүүгө;

6) кызматтык милдеттерин тийиштүү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациясынын деңгээлин сактоого;

7) мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголгон мамлекеттик сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле ага кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон маалыматты, анын ичинде жарандардын жеке турмушуна жана ден соолугуна тийиштүү же алардын ар намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматты жайылтууга;

8) мамлекеттик мүлктү, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн ага берилгендерди сактоого;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттери тууралу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттери тууралу маалымат берүүгө;

10) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу (жашоо укугун алуу) жөнүндө арыз бергендиги тууралу түздөн-түз жетекчисине арыз берген күнү билдирүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө же чет мамлекеттин жарандыгын (жашоо укугун) алгандыгы тууралу түздөн-түз жетекчисине Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан күнү же чет мамлекеттин жарандыгын алган күнү билдирүүгө;

12) прокуратура органдарында кызмат өтөө менен байланышкан мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого, ошондой эле этикалык ченемдерди сактоого;

13) кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралгандыгы тууралу түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө жана бул кагылышууну алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;

14) коррупциялык же башка укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайсы бир адамдын ага кайрылган ар бир учуру тууралу түздөн-түз жетекчисине кабарлоого;

4. Прокурордук кызматкерлерге ушул Мыйзамда жана мамлекеттик кызматты өтөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.

5. Прокурор кызматкерлеринин кызматтык милдеттери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

61-берене. Кызматтык күбөлүк жана мөөр

1. Башкы прокурорго, анын орун басарларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.     

2. Башкы прокурор, Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору, областтардын прокурорлору жана Бишкек, Ош шаарларынын, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору прокуратура органдарынын кызматкерлерине кызматтык номенклатурага ылайык белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүк берет.

3. Кызматтык күбөлүк прокурордук кызматкердин өздүгүн, анын атайын же аскердик наамын, класстык ченин жана кызмат ордун тастыктаган документ болуп эсептелет.

Прокурорлордун кызматтык күбөлүгү алардын табелдик куралды алып жүрүү жана сактоо укугун тастыктайт.

4. Башкы прокуратура, ага баш ийген прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган жана мамлекеттик жана расмий тилдеги өздөрүнүн аталышы, казналык органдардагы тийиштүү эсептери жазылган мөөргө ээ болушат.

 

62-берене. Формалык кийим

1. Прокурордук кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча акысыз формалык кийим менен камсыз болушат.

Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүп жазылышы, өзгөчөлүк белгилери жана формалык кийимди кийүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

2. Прокурордук кызматкердин ар намысын бузган жосундарды жасагандыгы үчүн бошотулган же соттун өкүмү менен атайын же аскердик наамынан (класстык ченинен) ажыраган адамдардан тышкары, пенсияга чыгуусуна байланыштуу прокуратура органдарынан бошогон адамдар формалык кийимди кийип жүрүү укугуна ээ.

 

§3. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартиби

 

63-берене. Прокурордун анты              

1. Прокуратура органдарында кызмат ордуна биринчи жолу дайындалып жаткан адамдар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан белгиленген тартипте прокурордун (тергөөчүнүн) Антын беришет.

 

Прокурордун (тергөөчүнүн) АНТЫ

Мен, _____________________________________________________________

                                        (фамилиясы, аты, атасынын аты)

  Өзүмө прокурордун (тергөөчүнүн) милдетин алып жатып, өзүмдү Мыйзамга кызмат кылууга арнап жатып,

            Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ыйык сактоого, алардан эч кандай четтөөгө жол бербөөгө;

            кимден жасалгандыгына карабастан мыйзамдын ар кандай бузулушуна каршы келишпес күрөшүүгө, прокурордук көзөмөлдүн жана тергөөнүн зор натыйжасына жетишүүгө;

            инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарын жигердүү коргоого;

            жарандардын сунуштарына, арыздарына жана даттанууларына принциптүү жана кунт коюу менен мамиле кылууга, адамдардын тагдырын чечүүдө обьективдүүлүктү жана адилеттүүлүктү сактоого;

            мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка купуя сырды катуу сактоого;

            өз чеберчилигимди туруктуу өркүндөтүп, кесиптик беделимди жогору тутуп, сатылбастыктын, адептик тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, кыргыз прокуратурасынын эң жакшы салттарын ыйык коргоп жана арттырууга салтанаттуу Ант берем.

            Бул Антты бузуу прокуратура органдарында иштеп калуу менен эч коошпой тургандыгын түшүнөм”.

2. Ант берген прокурордук кызматкер тексттин алдына кол коёт жана ант берген күндүн датасын жазып көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишине сакталат.

 

64-берене. Прокуратура системасында прокуратура органдарынын кызматкерлерин ротациялоо

1. Ротация - прокуратура системасында прокуратура органдарынын кызматкерлерин жогору турган, теңдеш же төмөн турган кызмат орунга которуу же өтүүсү.

2. Ротация төмөнкү максатта жүргүзүлөт:

            - кызматкерлердин потенциялын эффективдүү пайдалануу;

            - алардын кызматтык жана кесиптик өсүшү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;

            - кызматтык карьерасы үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;

            - кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана прокуратура органдарында коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү.

3. Прокуратура органдарынын кызматкерин жогору турган кызматка дайындоо жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлар резервинен жүзөгө ашырылат, ал эми кадрлар резервинде квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер жок учурда – тийиштүү жетекчинин сунушу боюнча жүргүзүлөт.

4. Прокуратура органдарынын кызматкерин теңдеш кызмат орунга өтүүсү төмөнкү учуруларда жүргүзүлөт:

            1) врачтык комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

            2) жеке же үй бүлөлүк шарты боюнча;

            3) кызматкер ээлеп турган кызмат орундун кыскарышына байланыштуу;

            4) кызматкерди кызмат орунга калыбына келтирүүгө байланыштуу;

            5) окуу өргүүсүндө же бала багуу өргүүсүндө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;

            6) мыйзамдарга ылайык жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин баш ийүүсү же контролдо тургандыгы менен байланышкан кырдаалдарды жоюу максатында.

5. Кызматкерди төмөн турган кызмат орунга өтүүсү төмөнкү учуруларда жүргүзүлөт:

            1) врачтык комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

            2) берген арыздын негизинде жеке өтүнүч боюнча;

            3) кызматкер ээлеп турган кызмат орундун кыскарышына байланыштуу;

            4) тартиптик жаза салуу тартибинде;

            5) теңдеш кызмат орун жок учурда кызматкерди кызмат орунга калыбына келтирүү менен байланыштуу;

            6) теӊдеш кызмат орун жок учурда окуу өргүүсүндө же бала багуу өргүүсүндө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;

            7) кызматкердин ээлеп турган кызматына ылайык келбөөсүнө байланыштуу (аттестациялык комиссиянын сунуштамасынын негизинде);

            8) мыйзамдарга ылайык жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин баш ийүүсү же контролдо тургандыгы менен байланышкан кырдаалдарды жоюу максатында.

            Ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1, 3, 5-пункттарында каралган негиздер боюнча төмөн турган кызмат орунга кызматкерди өткөрүү, аны теңдеш кызмат орунга которууга мүмкүнчүлүк жок учурда жана жазуу жүзүндөгү анын макулдугу менен жүргүзүлөт. Бул учурда кызматкерге төмөн турган кызмат орунга дайындалганга чейин акыркы ээлеп турган кызматындагы белгиленген өлчөмдөгү кызматтык маянасы сакталат. Сакталган бул кызматтык маяна кызматкер андан жогорку кызматтык маяна төлөнө турган кызмат орунга белгиленген тартипте дайындалганга чейин төлөнүп берилет.

            6. Кызматкерлерди ротациялоо Башкы прокурордун укуктук актылары менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

            65-берене. Убактылуу орун басарлык

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине алардын макулдугу менен ээлеп турган кызмат ордундагы милдеттерди аткаруудан бир убакта бошотуу менен же ансыз, бош (бош эмес) кызмат орун боюнча милдеттер убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.

2. Бош кызмат орун боюнча убактылуу орун басарлыктын мөөнөтү алты айдан ашуусу мүмкүн эмес.

3. Ваканттык эмес кызмат орун боюнча убактылуу орун басарлыктын мөөнөтү, бул кызмат орунду ээлеген кызматкердин убактылуу жок мезгилине жол берилет.

4. Убактылуу орун басарлык мезгилинде милдетти аткарган прокурордук кызматкерлерге айкалыштырган жумуш боюнча кызматтык маянадан 30% төмөн эмес кошумча акы жүргүзүлөт.

 

66-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо. Кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасы

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо, алардын ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо, кызматтык тартипти чыңдоо  жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык өсүү келечегин аныктоо үчүн өткөрүлөт.

Биринчи жолку аттестация прокуратура органдарына жумушка алынгандан кийин бир жылдан кийин жүргүзүлөт.

Прокуратура органдарынын кызматкерлерин кезектеги аттестациялоо беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.

Прокуратура органдарында 15 жылга чейинки стажы бар прокурорлор жана тергөөчүлөр аттестациядан өтүүгө тийиш.

            Аттестацияны өткөрүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

            2. Прокуратура органдарында кадрларды кесиптик даярдоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында, атайын пландар боюнча окутууну, жогору турган прокуратура органдарында стажировканы камтуу менен, кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасы аракеттенет.

            Квалификациясын жогорулатуу прокурордук кызматкерлердин кызматтык милдети болуп саналат. Окууга болгон мамиле жана кесипкөйлүктүн өсүшү кызматкердин ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө маселени чечүүдө эске алынат.

            Квалификациясын жогорулатуунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

            67-берене. Прокуратура органдарынын кадрлар резерви

1. Кадрдык ишти өркүндөтүү, кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу жана илгерилетүү максатында прокуратура органдарынын төмөнкү кадрлар резервдери түзүлөт:

- жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлар резерви;

- прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви.

            2. Жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлар резерви, жогорку башкаруучулук жана инсандык мүмкүнчүлүктөргө, жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ, стратегиялуу, чыгармачыл ой жүгүртө алган жана коюлган милдеттерди эффективдүү аткара билген, прокуратура органдарынын квалификациялуу, компетенттүү, демилгелүү кызматкерлеринин ичинен түзүлөт.

            3. Прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви, белгиленген тартипте ылайык конкурстук тандоонун бардык баскычтарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер эсептелет.

            4. Прокуратура органдарынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.

 

            68-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иши

1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши прокуратура органдарынын персоналды башкаруу бөлүмү тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.

Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иши кызматкер жөнүндө, анын прокуратура органдарында кызмат өтөөсү, квалификациясын жогорулаткандыгы, кошумча кесиптик билими жөнүндө маалыматты камтыган негизги документ болуп саналат.

2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жарыялоого тыюу салынат.

3. Кызматкер өздүк ишинде турган бардык материалдар менен таанышууга, өздүк ишине өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрүн кошууга укуктуу.

4. Прокуроратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүүнүн тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

69-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын жана аскердик наамдары, класстык чендери

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ушул Мыйзамга, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ээлеген кызматын, атайын жана аскердик наамда, класстык ченде болуу мөөнөтүн эске алуу менен атайын жана аскердик наамдар, класстык чендер берилет.

2. Прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө  ээлеген  кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектүү атайын жана аскердик наамдар берилет:

Атайын же аскердик наам

Кызмат орду

Юстициянын генерал-полковниги

Башкы прокурор

Юстициянын генерал-лейтенанты

Башкы прокурордун биринчи орун басары

Юстициянын генерал-майору

Башкы прокурордун орун басарлары, Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору,   Бишкек шаарынын прокурору, Чүй, Ош жана Жалал-Абад областтарынын прокурорлору

Юстициянын полковниги

Областтардын, Ош шаарынын прокурорлору, областтардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокурорлорунун орун басарлары, аскер прокурорунун орун басарлары. Гарнизондордун аскер прокурорлору. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлору, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын шаарларынын,  Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурорлору. Улук жардамчылар, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары. Өзгөчө тапшырмалар боюнча Башкы прокурордун улук жардамчысы.

Юстициянын подполковниги

Бишкек жана Ош шаарларынын, областтардын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун улук жардамчылары. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлорунун орун басарлары. Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын  шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары.  Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары. Шаарлардын, райондордун прокурорлору. Башкы прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын түзүмдүк  бөлүмдөрүнүн жардамчылары, улук прокурорлору жана прокурорлору.  Өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү жана тергөөчү, аскер прокуратурасынын прокурор-криминалисти, гарнизондордун аскер прокурорлорунун орун басарлары.

Юстициянын майору

Шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орун басарлары. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жана аларга теңештирилген прокуратуралардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары, улук прокурорлору жана прокурорлору.

Гарнизондордун аскер прокуратурасынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү.

Юстициянын капитаны, юстициянын ага лейтенанты, юстициянын лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты

Шаарлардын, райондордун жана аларга теңештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары.

3. Атайын жана аскердик наамда болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) юстициянын кенже лейтенанты  - 1 жыл;

2) юстициянын лейтенанты - 2 жыл;

3) юстициянын ага лейтенанты - 3 жыл;

4) юстициянын капитаны - 4 жыл;

5) юстициянын майору - 5 жыл;

6) юстициянын подполковниги - 6 жыл.

4. Юстициянын генерал майору - жогорку атайын наам Башкы прокурордун кызмат ордуна дайындалган адамга, ал эми жогорку атайын же аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, алар дайындалган күндөн тартып Башкы прокурордун сунушу боюнча ыйгарылат.

Атайын класстык ченге же класстык ченге ээ болгон адамдарга, аларды штаттык категориясы атайын наам менен ээлөөсүн караган прокуратура органдарында кызматка дайындаган учурда, дайындоо менен бир убакта атайын класстык ченине же класстык ченге тийиштүү атайын наам ыйгарылат.

Атайын класстык чени же класстык чени бар адамдарга кезектеги атайын наамды ыйгаруу учурунда, атайын наамда болгон мөөнөтү атайын класстык ченди же класстык ченди ыйгарган күндөн тартып эсептелет.

5. Кезектеги атайын же аскердик наам жана класстык чен тартиптик жаза колдонгон мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле кадрлардын тескөөсүндө турган кызматкерлерге ыйгарылбайт.

6. Юстициянын генерал-майору, юстициянын генерал-лейтенанты, юстициянын генерал-полковниги атайын (аскердик) наамын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.

Юстициянын кенже лейтененты, юстициянын лейтенанты, юстициянын ага лейтенанты, юстициянын капитаны, юстициянын майору, юстициянын подполковниги, юстициянын полковниги атайын жана аскердик наамдарын ыйгаруу Башкы прокурор тарабынан жүргүзүлөт.

7. Аскердик прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн аскердик наамдары прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдарына теӊдеш келет.

Аскердик прокурорлор жана тергөөчүлөр (полковнике чейинкилерди кошкондо) аскердик кызматттан бошогондо жана прокуратуранын аймактык же адистештирилген органдарына кызматка  киргенде аларга кайрадан аттестациялоонун тартибинде аскердик наамына теӊдеш келген атайын наам ыйгарылат. Атайын наамы бар (юстициянын полковнигине чейин кошкондо) прокурорлорду аскердик кызматка аныктаган учурда, аларга «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте тийиштүү аскердик наам ыйгарылат.

8. Эгерде акыркы атайын же аскердик наамда болуунун мөөнөтү кезектеги атайын же аскердик наамды ыйгаруу үчүн зарыл мөөнөттүн жарымынан кем эмести түзсө, атайын же аскердик наам мөөнөтүнөн мурда кызматтык милдетти үлгүлүү аткаргандыгы жана иште өзгөчө айырмалангандыгы үчүн прокуратура органдарында иштеген убагында бир жолу гана өзгөчө учурларда сыйлоо тартибинде ыйгарылат.

Юстициянын генерал-майору, юстициянын генерал-лейтенанты, юстициянын генерал-полковниги атайын (аскердик) наамынан тышкары, прокуратура органдарында иштеген убагында ээлеген кызмат орду боюнча, прокуратура органдарындагы узак жана кынтыксыз кызматы үчүн атайын же аскердик наам тиешелүүлүгүнөн жогору (бирок бир атайын же аскердик наамдан жогору эмес) бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.

9. Пенсияга чыккандыгына байланыштуу прокурорлор жана тергөөчүлөр бошогон учурда, ээлеген кызмат орду боюнча каралган наамга карабастан, кезектеги наам мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.

10. Прокуратура органдарынын башка кызматкерлерине класстык чендер «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте ыйгарылат.

 

§4. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысы жана эс алуу убактысы

 

70-берене. Кызмат убактысы жана эс алуу убактысы

1. Кызмат убактысы – прокуратура органдарынын ички кызматтык тартибинин эрежелерине, кызмат орундун регламентине (кызмат орундун нускамасы) ылайык прокуратура органдарынын кызматкери өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарышы керек болгон убакыт мезгили.

2. Кызматтык убакыттын нормалдуу узактыгы прокуроратура органдарынын кызматкерлери үчүн жумасына 40 саатан, ал эми бийик тоолуу шартта жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда кызмат өтөгөн аял кызматкерлер үчүн жумасына 36 сааттан  ашык болушу мүмкүн эмес. Кызматкерлер үчүн беш күндүк кызматтык жума белгиленет.

3. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн Башкы прокурордун укуктук актылары менен же ал ыйгарым укук берген адамдар тарабынан ченемделбеген жумушчу күн белгилениши мүмкүн.

4. Жумушчу күндүн узактыгы иштебеген майрам күндөрдүн алдында бир саатка кыскарат.

Эс алуу жана иштебеген майрам күндөр дал келген учурда эс алуу күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте которулат (жылдырылат).

5. Эс алуу убактысы – прокуратура органдарынын кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруудан бош болгон убакыт.

Кызматкерлер үчүн эс алуу убактысынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: кызматтык күндүн ичинде тыныгуу, эс алуу жана майрам күндөрү, ошондой эле өргүү.

6. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык убактысынын жана эс алуу убактысынын режими Башкы прокурордун укуктук актылары менен белгиленет.

 

71-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өргүүсү

  1. Прокурордук кызматкерлерге төмөнкүдөй өргүүнүн түрлөрү берилет:

а) кезектеги эмгек өргүүсү;

б) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү;

в) бала багуусу боюнча өргүү;

г) үй бүлөлүк шарты боюнча өргүү (кыска мөөнөттүк өргүү);

д) оорусу боюнча өргүү жана оорулуу адамды багуу боюнча өргүү;

е) окуу өргүүсү;

2. Өргүү убактысы календардык күнгө эсептелет. Кезектеги эмгек өргүүсүн эсептөөдө өргүү убактысына туура келген жумуш эмес майрам күндөрү, өргүүнүн календардык күнүнө киргизилбейт.

 

72-берене. Ар жылдык кезектеги эмгек өргүүсү

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине мыйзамдарда белгиленген орточо айлык эмгек акыдан кем эмес акча каражатын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдө ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөп берүү менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык кезектеги эмгек өргүүсү берилет.

2. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте эсептелген, мамлекеттик кызматтагы иштеген жылдары 5, 10, 15 жана 20 жыл болгон учурда, ар жылдык төлөнүүчү өргүү  тийиштүү түрдө 2, 5, 10 жана 15 календардын күнгө узарат.

3. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана кызмат өтөп жаткан прокуратура органдарынын кызматкерлерине, ар жылдык төлөнүүчү өргүү мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча берилет.

4. Кезектеги эмгек өргүүсү берилүүчү жумушчу жыл деп, календардык жылдын узактыгына тең, бирок ар бир кызматкерге ишке кабыл алган күндөн тартып эсептелүүчү убакыттын аралыгы эсептелет.

5. Ар жылдык төлөнүүчү өргүүгө укук берген жумушчу жылы өз ичине:

1) даана иштеген убакытты;

2) кызматкер даана иштебеген, бирок ага мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кызмат орду (кызматы), анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убакытты;

3) ишине кайра калыбына келтирилген учурда аргасыз иштебей жүргөн мезгилди камтыйт.

6. Кезектеги эмгек өргүүгө укук берген жумушчу жылы өз ичине:

1) кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча, бала багуу, анын ичинде бала асырап алуусу боюнча өргүү убактысын;

2) оорулуу үй бүлө мүчөсүн багуу боюнча өргүү мезгилин;

3) окуу өргүү убактысын;

4) оорусу боюнча өргүү убактысын;

5) акча төлөнбөгөн, узактыгы 14 календардык күндөн ашкан, үй бүлөлүк шарты боюнча өргүү убактысын;

6) кадрлардын тескемесинде жүргөн убактысын камтыбайт.

7. Кезектеги эмгек өргүүсү ар жылы берилиши керек. Биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдаланууга кызматкердин укугу үзгүлтүксүз 11 ай иштегенден кийин болот.

Кызмат өтөгөнүнө 11 ай болгонго чейин өргүү, кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча же андан кийин, ошондой эле үч айга чейинки курактагы бала багып алуусу боюнча өргүүнүн алдында аялдарга берилиши керек.

Экинчи жана андан кийинки иштеген жылдар үчүн кезектеги эмгек өргүүсү, ар жылдык төлөнүүчү өргүү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык жумушчу жылдын каалаган убактысында берилиши мүмкүн.

8. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги ар жылдык өргүү эки бөлүккө бөлүнүп берилиши мүмкүн, ошону менен бирге бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбошу керек. Өргүүнү эки бөлүккө бөлүүдө өргүү акысы катары төлөнүүчү акчалай каражат, өргүүнүн биринчи бөлүгүн жол-жоболоштурууда толук көлөмдө берилет. Өргүүнүн экинчи бөлүгүн пайдалануу прокуратура органынын жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат.

9. Төлөнүүчү ар жылдык өргүүдө жүргөн кызматкер мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынышы мүмкүн. Кызматкерди өргүүдөн чакыртып алууга анын макулдугу менен гана жол берилет жана эмгек өргүүсүн берүүгө укугу бар жетекчинин буйругу менен таризделет. Өргүүнүн пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин каалоосу боюнча ошол жумушчу жыл ичинде ага ыңгайлуу мезгилде берилиши керек же кийинки жылдын кезектеги өргүүсүнө кошулушу мүмкүн.

10. Кызматкерди кызмат боюнча которгон учурда, бул которууга чейин кезектеги эмгек өргүүсүн пайдаланбаган кызматкерге өргүү ушул жылы жаңы иш орду боюнча берилет.

11. Кезектеги эмгек өргүүдө жүргөн мезгилинде кызматкер ооруп калган учурда, анын арызы боюнча өргүү медициналык корутунду менен тастыкталган анын оорусунун мөөнөтүнө узартылышы мүмкүн. Мындай учурда өргүүнүн узартылган күндөрүн компенсациялоо убактылуу эмгекке жарамсыз адам катары медициналык корутундунун негизинде жүргүзүлөт.

Кызматкер кезектеги эмгек өргүүдө жүргөн учурунда ооруп калгандыгы жөнүндө, өргүү берилген мөөнөт аяктаганга чейин тийиштүү жетекчиге билдирүүгө милдеттүү.

12. Прокуратура органдарынын башка кызматкерлерине кезектеги эмгек өргүүсү «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте берилет.

 

73-берене. Кезектеги эмгек өргүүсүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөөнүн тартиби

Кезектеги эмгек өргүүсүнүн узактыгын жумуш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчөмүн иш жылындагы иштелген айлардын санына көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.

Иштеген убакытка пропорциялуу үлүштө өргүү күндөрүнүн жалпы узактыгы 0,5ке барабар болот жана андан ашыгы 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат.

Жумуш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:

1) жумуш жылына киргизилген күндөр эсептелинет;

2) алынган сумма бир жылдагы жумуш күндөрдүн орточо айлык санына бөлүнөт;

3) 13 жана андан ашык жумуш күнүнө барабар калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күнүнөн аз калдык күндөр эсептен чыгарылат.

 

74-берене. Кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү

1. Прокурор жана тергөөчү аялдарга медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүү берилет, убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын бардык мезгилине ошол мезгил үчүн толук өлчөмдө акча төлөнүп берилет.

            2. Кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүү жалпылаштырылып эсептелет жана төрөгөнгө чейинки даана пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толук берилет.

            Кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүүнүн күндөрүнүн саны 150 күндү түзөт, анын ичинен 60 күн – төрөгөнгө чейинки, 90 күн – төрөгөндөн кийинки.

3. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө (аялдарга жана эркектерге) алардын өтүнүчү боюнча, эмгек акысы сакталбастан үч жашка толо элек баланы багуу боюнча өргүү берилет. Алардын каалоосу боюнча бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.

4. Бала багуу боюнча өргүү прокуратура органдарында иштеген жылдарына эсептелет.

5. Кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге жумуш орду сакталат.

 

75-берене. Үй бүлөлүк шарты боюнча өргүү (кыска мөөнөттү өргүү)

1. Кызматкерге үй бүлөлүк шарты боюнча өргүү эмгек акысы сакталбастан, бир айга чейин төмөнкү учурларда берилет:

- никеге турууда, бала төрөлгөндө;

- кызматкердин жакын туугандарынын же кызматкерди багып чоңойткон адамдын саламаттыгы оор абалда же каза  болгондо;

- кызматкердин үй бүлөсү же жакын туугандары табигый кырсыкка учураганда;

- башка жүйөлүү себептерде.

2. Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги ар жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.

 

76-берене. Оорусу боюнча өргүү жана үй бүлөнүн оорулуу мүчөсүн багуу боюнча өргүү

1. Кызматкерге оорусу боюнча өргүү врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде эмгек акысы сакталбастан берилет.

2. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша белгиленет. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүрүү убактысы, дарыланууда жүрүүнүн узак мөөнөттөрүн талап кылган учурлардан тышкары төрт айдан ашпоосу керек.

Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарыланууда жүрүүнүн белгиленген убактысы аяктаган соң, кызматкердин андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн врачтык комиссия тарабынан күбөлөндүрүүгө тийиш.

3. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жаракатына байланыштуу дарыланууда жүрүү убактысы чектелбейт. Мындай учурда медициналык күбөлөндүрүүгө кызматкер дарылануу аяктагандан кийин же оорунун натыйжасы аныкталган учурда жөнөтүлөт.

 

77-берене. Окуу өргүүсү

Башкы прокуратура тарабынан окууга жөнөтүлгөн кызматкерге окуу өргүүсү берилет. Өргүүдө жүргөн убактысында кызмат орду сакталат.

 

78-берене. Прокурордук кызматкерлерди убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотуу

1. Кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотуу, кызмат өтөгөн жери, жашаган жери же кызматкер турган башка жер боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкер ооруп калган учурда, медициналык уюмга кайрылгандан кийин, жыйырма төрт саатын ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздеген датаны билдирүү менен оорусу тууралу кабарлайт.

3. Эгерде кызматкер он эки айдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айдан ашык же он эки айдын ичинде жалпысынан беш айдан ашык убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулган болсо, ал прокуратура органдарында андан ары кызмат өтөөгө анын жарактуулугу жөнүндө же дарылоону улантуу тууралу маселени чечүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) жөнөтүлөт.

4. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жаракатына же башка ден соолугунун бузулушуна (ооруп калгандыгына)  байланыштуу дарыланууда жүрүү убактысы чектелбейт. Жаракат же ден соолугуна башка жаракат (ооруп калган) алган кызматкер медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө),  дарылануу аяктагандан кийин жаракаттын же ден соолугуна келтирилген башка  жаракаттын (оорунун) натыйжасы аныкталгандыгына жараша жөнөтүлөт.

 

§5. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана кызматтык талаш-тартыштарды чечүү

 

79-берене. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусу

Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

 

80-берене. Прокуратура органдарындагы кызматтык талаш-тартыш

1. Прокуратура органдарындагы кызматтык талаш-тартыш (мындан ары - кызматтык талаш-тартыш) – прокуратура органдарынын жетекчилеринин жана прокуратура органдарына кызматка кирип жаткан, прокуратура органдарында кызматта турган, мурда кызматта турган кызматкерлердин ортосундагы мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестик.

2. Прокуратура органдарында коллективдүү кызматтык талаш-тартышка жол берилбейт.

3. Кызматкер кызматтык талаш-тартышты чечүү үчүн түздөн-түз жетекчисине жазуу жүзүндө кайрылууга, ал эми анын чечими менен макул болбогон учурда же түздөн-түз жетекчиси тарабынан кызматтык талаш-тартышты негизи боюнча кароого мүмкүн болбогон учурда, түз жетекчисине кайрылууга укуктуу.

4. Прокуратура органдарында мурда кызматта турган адам прокуратура органдарынан кызматтан бошогондугуна байланышкан кызматтык талаш-тартышты чечүү үчүн бошогондугу тууралу буйрук менен таанышкан күндөн тартып, эки айдын ичинде  кайрыла алат.

Бошотуу тууралуу буйрук менен таанышуудан кызматкер баш тарткан же буйрук менен таанышуу үчүн кызматкер келбеген учурда акты түзүлөт, ал эми бошотулган кызматкердин каттоодо турган жери боюнча же даана жашаган жери боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлөт, бул анын бошотуу тууралуу буйрук менен таанышкандыгын түшүндүрөт.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдү жүйөлүү себептер менен өткөрүп жиберген учурда, жетекчи тийиштүү мөөнөттү узартууга жана кызматтык талаш-тартышты негизи боюнча кароого укуктуу.

6. Кызматтык талаш-тартыш кызматкер рапорт берген күндөн тартып же прокуратура органдарында мурда кызматта турган адам тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилген күндөн тартып бир айдын ичинде, Башкы прокурордун укуктук актыларында аныкталган тартипте жетекчи тарабынан каралат.

7. Кызматтык талаш-тартыш боюнча жетекчинин чечими, кызматтык талаш-тартышты чечүү үчүн кайрылган адамдын кабыл алынган чечим менен таанышкан күндөн тартып он төрт жумушчу күндүн ичинде жогору турган жетекчиге даттанылышы мүмкүн.

 

81-берене. Кызматтык териштирүү

1. Кызматтык териштирүү тийиштүү прокуратура органынын жетекчиси тарабынан кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган, прокуратура кызматкеринин кесиптик этикасын бузган учурда дайындалат. Кызматтык териштирүү кызматкердин талабы боюнча да дайындалат.

2. Кызматтык териштирүү прокуратура органдарынын бөлүмдөрүнүн ушуга ыйгарым укуктуу прокурорлору жана кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

            3. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен таанышуу жана даттануу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

            82-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү

1. Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык ээлеген кызмат ордунан четтетүү тууралу тергөө же сот органдары тарабынан токтом чыгарылган учурда, прокуратура органдарынын кызматкери ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилет.

2. Прокурордук кызматкер прокуратура органынын тийиштүү жетекчисинин же Башкы прокурордун буйругунун негизинде ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда убактылуу четтетилиши мүмкүн:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чараларды колдонбостон кызматкерди жазыктык куугунтуктоо – реаблитациялоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону токтотконго же актоо өкүмүн чыгарганга чейин;

2) кызматтык териштирүү жүргүзүү (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүүнү дайындаган учурлардан тышкары) – кызматтык териштирүү аяктаганга чейин;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралганда – аны жөнгө салганга чейин.

3. Ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген кызматкерге эмгек акы төлөө, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарында каралган негиздер боюнча аны четтеткен учурда жүргүзүлөт. Кызматкерди башка негиздер боюнча ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтеткен учурда эмгек акы төлөнбөйт.

4. Кызматкерди ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүүнүн тартиби жана эмгек акы төлөөнүн тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

§6. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо, тартиптик таасир этүү чаралар, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартуу

 

83-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткаргандыгы, узак жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн төмөнкүдөй сыйлоо түрлөрү колдонулат:

- алкыш жарыялоо;

- акчалай сыйлык берүү;

- баалуу белек менен сыйлоо;

- Ардак грамота менен сыйлоо;

- атайын же аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;

- төш белгилер жана медалдар менен сыйлоо.

2. Өзгөчө айырмаланган прокурордук кызматкерлер «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген ардак наамга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Башкы прокурор ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобону, алардын сыпаттап жазылышын бекитет жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды колдонот.

Башкы прокурор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган сыйлоонун түрлөрүн белгилеши мүмкүн.

Башкы прокурор  мыйзамдуулукту чыңдоого жана  прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн прокурордук кызматкер болуп саналбаган адамдарга карата сыйлоону колдонушу мүмкүн.

            4. Сыйлоону колдонуу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

            84-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги

1. Прокуратура органдарынын кызматкери тарабынан кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кадыр-баркын кетирүүчү иштерди жасагандыгы, кесиптик этиканы бузгандыгы, ошондой эле ушул Мыйзамда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген, прокуратура органдарында кызматкердин кызмат өтөөсү менен байланышкан чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн  төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулат:

-эскертүү;

-сөгүш;

-катуу сөгүш;

-кызматына толук ылайык келбестиги тууралуу эскертүү;

-атайын же аскердик наамынан, класстык ченинен бир баскычка  төмөндөтүү;

-кызмат ордунан төмөндөтүү;

-прокуратура органдарынан чыгаруу.

2. Кызматкерди тартиптик жазага тартууда жасаган ишинин мүнөзү жана оордугу, аны жасоодогу кырдаал, ошондой эле мурдагы кызматы жана кызматкердин жүрүш-турушу эске алынат.

3. Башкы прокурор прокуратура органдарынын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү жетекчилердин ыйгарым укуктарын аныктайт.

4. «Прокуратуранын ардактуу кызматкери», «Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн» төш белгилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ардак грамотасы менен сыйланган кызматкерлерге, кызмат ордунан төмөндөтүү же прокуратура органдарынан чыгаруу түрүндө тартиптик жаза салуу Башкы прокурордун макулдугу менен гана колдонулушу мүмкүн.

5. Тартиптик жаза жасалган жосун түздөн-түз табылганда салынат, бирок жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен.

Тартиптик жаза прокуратура органдарынын кызматкерлери ооруган убакта же өргүүдө жүргөн мезгилинде салынышы мүмкүн эмес.

Эгерде кызматкерге тартиптик жаза салган жетекчиге анын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы (оорусу) жөнүндө белгилүү болбогон учурда, тартиптик жаза кызматкер сакайган күндөн тартып салынды деп эсептелет.    

Кызматкер тарабынан прокуратура органдарында иштөөсү менен ылайык келбеген аракеттер жасалган учурда, аны чыгаруу ушул аракеттерди жасаган күндөн тартып мөөнөтүнө карабастан жүргүзүлөт.

Тартиптик жаза жасалган жосундун мүнөзүнө жана оордугуна жараша каалаган ырааттуулукта салынышы мүмкүн.

Кызматтык тартипти ар бир бузуу үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн.

6. Тартиптик жазаны колдонгонго чейин кызматкерден жазуу жүзүндө түшүнүк талап кылынышы керек. Мындай түшүнүктү берүүдөн баш тартуу же четтөө акты менен таризделет, ал каттоого тийиш жана жазаны колдонуу үчүн тоскоол боло албайт.

7. Жогору турган прокурор прокуратура органынын төмөн турган жетекчиси салган тартиптик жазаны жокко чыгарууга же анын түрүн өзгөртүүгө укуктуу.

8. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук аны чыгарган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кол койдуруп алуу менен кызматкерге жарыяланат, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жүргөн учурда көрсөтүлгөн мөөнөт токтотулат жана анын жумушка чыгышы боюнча калыбына келтирилет.

Кызматкер буйруктун көчүрмөсүн алууда кол коюудан же буйрук менен таанышуу үчүн келүүдөн баш тарткан учурда, тийиштүү акты түзүлөт жана кызматкер акты түзүлгөн күн менен кабарландырылды деп эсептелет.

9. Кызматкерге анын убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде жана өргүүдө жүргөн мезгилинде тартиптик жаза ал жумушка чыккандан кийин салынат, эгерде бул жосун ооруган же өргүүдө жүргөн мезгилинде жасалбаган болсо.

10. Тартиптик жаза аны салган күндөн тартып жыл ичинде кызматкер жаңы тартиптик жазага тартылбаса алып салынды деп эсептелет.

Жаза бир жыл аяктаганга чейин Башкы прокурор же аны салган прокурор же жогору турган прокурор тарабынан, эгерде кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда тартиптүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү көрсөтсө, ошондой эле сыйлоо түрүндө алып салынышы мүмкүн.

Тартиптик жазанын таасир берүү мөөнөтүнүн ичинде кызматкерлерге сыйлоо жана аларга атайын жана аскердик наамдарды ыйгаруу чаралары колдонулбайт.

11. Тартиптик жазаны салуу маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечими менен макул болбогон учурда, кызматкер аны жогору турган прокурорго даттанууга укуктуу.

 

85-берене. Прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартуу тартиби

1. Прокуратура органдарынын прокурорлору же тергөөчүлөрү тарабынан жасалган укук бузуу фактылары жөнүндө билдирүүнү текшерүү, прокуратура органдарынын өзгөчө компетенциясы болуп саналат. 

2. Кылмыш жасап жатканда үстүнөн чыккан учурлардан тышкары, прокурорду же тергөөчүнү кармоого, алып келүүгө, жеткирүүгө, жеке текшерүүгө, буюмдарын жана ал пайдаланган транспортту текшерүүгө жол берилбейт.

 

86-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоо чаралары

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы мамлекеттин коргоосунда турат жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик милдеттүү камсыздандырууга тийиш.

2. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары төмөнкү учурларда камсыздандыруу сумманы төлөп берет:

1) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу прокурор жана тергөөчү каза болгондо. Каза болгондун үй бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Каза болгондун үй бүлө мүчөлөрүнө кызматкер каза болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;

2) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу прокурор жана тергөөчү мындан ары кесиптик ишмердүүлүгү менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жаракат же майыптыкты алганда. Ага милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча алынган төлөмдү эсепке албастан эмгек акынын жана дайындалган пенсиянын ортосундагы айырмачылык түрүндө ай сайын компенсация төлөнөт;

3) прокурорго жана тергөөчүгө кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алынган жана мындан ары кесиптик ишмердүүлүгү менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу, эмгекке жарамдуулугун жоготууга алып келбеген, дене жаракатын же ден соолугуна башка жаракат келтирилгенде – анын айлык эмгек акысынын 5 жолку өлчөмүндө бир жолу.

3. Кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу, прокурорго жана тергөөчүгө таандык мүлктү талкалоо же бузуу менен келтирилген зыян, ага же анын үй бүлө мүчөлөрүнө толук көлөмдө ордун толтурууга тийиш.

4. Зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт. Ошону менен бирге зыяндын ордун толтурууга төлөмдөр кызматкерге зыян келтирген күнөлүүлөрдөн төлөтүп алынышы мүмкүн.

5. Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо, аларды сыйлоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, прокуратуранын органдарында жана мекемелеринде кызматты өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу менен байланышкан иш-чараларды финансылоо боюнча чаралар, ушул Мыйзамдын 105-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган каражаттардын ичинен жүзөгө ашырылат.

6. Башка прокурордук кызматкерлерге социалдык кепилдиктер “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.

7. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы өздүк коопсуздук кызматына ээ.

 

87-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыздоо

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасы кызматтык маянадан жана кошумча акыдан турган айлык акыны карайт. Прокурордук кызматкерлерге ишине дем берүүнү, эмгектин натыйжасында демилге жана кызыкчылыкты көрсөтүүнү камсыз кылган жекече кошумча акы, ошондой эле атайын (аскердик) наамына, класстык ченине жана мамлекеттик кызматта иштеген жылдарына карата кошумча акы белгиленет.

Прокурордук кызматкерлерге айлык акы жана башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте индексациялоого тийиш.

2. Прокуратура органдарынын өзүнүн турак жайы жок прокурорлору жана тергөөчүлөрү прокуратура органдарынын балансында турган кызматтык батирлер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар тарабынан убактылуу пайдалануу үчүн берилүүчү башка турак жай менен камсыз кылынат.

3. Прокуратура органдарынын каза болгон (курман болгон) прокурорунун же тергөөчүсүнүн үй бүлө мүчөлөрү, кызмат өтөөнүн жана жашап тургандыгынын мөөнөтүнө карабастан, башка турак жай берилбестен туруп кызматтык турак жайдан чыгарылууга тийиш эмес.

4. Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайлар аларды ээлеген прокуратура органдарында иштеген жылдары 20 жылдан кем эмес; курагы, ден-соолугунун абалы, штаттын кыскартылышы боюнча кызматтан бошогон жана иштеген жылдары 20 жылдан кем эмес прокуратура органдарынын кызматкерлерине бекер берилет.

Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайлар аларды ээлеген кызматтык милдеттерин аткарып жаткан мезгилде курман болгон кызматкерлердин (иштеген жылдарына карабастан) үй-бүлө мүчөлөрүнө; кызмат өтөп жаткан мезгилде жабыр тартуунун (жаракат, травма, контузия алуунун) же оорунун кесепетинен I жана II топтогу майыптыгы бар жана ушуга байланыштуу кызмат өтөөдөн бошотулган, эгерде белгиленген кесепеттер алардын укукка каршы аракеттеринен келип чыкпаса, бекер берилет.

Прокуратура органдарынан кадыр-баркын кетирүүчү негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары, прокуратура органдарында иштеген жылдары 20 жылды жана андан көп жылды түзгөн прокуратура органдарынан бошотулуп жаткан убакта турак жай менен камсыз болбогон кызматкерлер, бошотулуунун алдында акыркы кызмат өтөгөн орду боюнча турак жай алууга кезекке тургандардын тизмесинен алардын макулдугу жок чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга ылайык турак жай менен камсыз болушат.

Эгерде кызматкерлер мамлекет тарабынан турак жай менен камсыз кылынган болсо, алар прокуратура органдарынан башка мамлекеттик органга же болбосо башка мамлекеттик органдардан прокуратура органдарына которулган учурда, жаңы кызмат өтөө орду боюнча турак жай алууга жол берилбейт.

Прокуратура органдарынын кызматкерлерин турак жайлар менен камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин жер участокторунда жайгашкан кызматтык турак жайлар турак жайлардын катарына өткөрүлбөйт жана менчиктештирүүгө жатпайт.

6. Социалдык-тиричилик маселелерди чечүү үчүн прокурордук кызматкерлерге прокуратура органдарынын каражатынан материалдык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.

 

88-берене. Иштеген жылдары

Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына иштеген жылдары үчүн кошумча акыны төлөөгө, иштеген жылдарын (кызмат стажысы) эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

89-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо

1. Прокуратура органдарынын прокурорлорун, тергөөчүлөрүн жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо «Аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарга, ченемдерге жана тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

            Прокуратура органдарынын башка кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну уюштуруу Башкы прокуратурага жүктөлөт.

4. Прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө пенсияга укук берген иштеген жылдары боюнча кызматтан бошогон учурда, иштеген жылдарына бир жолку бошонуу жөлөкпул төлөнөт: 10дон 15 жылга чейин – 10 айлык эмгек акынын өлчөмүндө; 15тен 20 жылга чейин – 15 айлык эмгек акынын өлчөмүндө; 20 жылдан жогору – 20 айлык эмгек акынын өлчөмүндө.

5. “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга укугу бар жана иштөөсүн улантып жаткан прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, негизги эмгек акыны төлөө учурунда тийиштүү болгон пенсиянын өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөө жүргүзүлөт.

§7. Прокуратура органдарында кадрдык иш.

 

90-берене. Кадрдык иш. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары

1. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) прокуратура органдарында кызмат орундарды ээлөө үчүн кадрларды пландык негизде даярдоо;

2) кызматкерлердин кесиптик жана кызматтык өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

3) аттестация өткөрүү жолу менен кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын баалоо;

4) кадрдык резервдерди түзүү жана аларды эффективдүү пайдалануу;

5) прокуратура органдарына кызматка алууда жана аны өтөөдө учурдагы кадрдык технологияларды колдонуу.

Прокуратура органдарында кадрдык ишти уюштуруу Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Прокуратура органдары үчүн кадрларды даярдоо төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган адамдарды, алар кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги кесиптик билимдерге, билүүлөргө, көндүмдөргө жана компетенцияга ээ болуу максатында кесиптик даярдоонун программалары боюнча даярдоо,

2) кызматкердин кызматтык ишмердүүлүктүн жаңы түрүн жүзөгө ашыруу жана жаӊы квалификацияны алуу үчүн зарыл болгон компетенцияга ээ болуу максатында кайра даярдоо программалары боюнча кызматкерлерди кайра даярдоо,

3) кызматтык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ээ болгон компетенцияны өркүндөтүү жана (же) жаӊы компетенцияны алуу  жана (же) ээлеген кызмат орду боюнча квалификациясынын кесиптик деӊгээлин жогорулатуу максатында квалификациясын жогорулатуу;

3. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында кошумча билим алуу, жогору турган кызмат орунга көрсөтүүгө кадралдын резервине киргизүү үчүн артыкчылыктуу негиз болуп саналат.

4. Прокуратура органдарынын кызматкери белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы анын катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кошумча кесиптик билим алышы мүмкүн.

5. Прокуратура органдарында кызмат орундарды ээлөө үчүн кадралды даярдоону уюштуруунун, алардын квалификациясын жогорулатуунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

§8. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу

 

91-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотууга негиздер

1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө прокурордук кызматкерди бошоткон учурда токтотулат.                 

            2. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотууга негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

            1) прокурордук кызматкерди өз каалоосу боюнча бошотуу;

            2) прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча прокурордук кызматкерди бошотуу;

            3) тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча прокурордук кызматкерди бошотуу;

            4) ишенимди жоготуу;

            5) прокуратура органдарынын кызматкеринин отставкасы.

 

            92-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин өз каалоосу боюнча бошотуу

1. Кызмат өтөөнү токтотуу прокурордук кызматкердин өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндөгү берген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

  2. Кызматкер жазуу жүзүндөгү арызга прокуратура органдарынан бошонуу датасын көрсөтөт, ал арыз берген учурдан тартып 2 жумадан кечиктирбестен башталат.

3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда бошонуу датасы көрсөтүлбөсө, кызматкер прокуратура органдарынан арыз берген учурдан тартып 2 жуманын аякташы менен бошотулат.

4. Эгерде прокуратура органы тарабынан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарыла элек болсо, кызматкер арызында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 3 күндөн кечиктирбестен бошотуу жөнүндө өзүнүн арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.

5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөттүн аякташы менен прокурордук кызматкер жумушту токтотууга укуктуу, ал эми прокуратура органы кызмат өтөөнүн акыркы күнүндө бошонуучуга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.

 

93-берене. Прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча кызматкерди бошотуу

1. Прокуратура органынын жетекчиси тарабынан ушул мыйзамда каралган тийиштүү жол-жоболор аткарылгандан кийин, прокуратура органынын демилгеси боюнча кызматкер төмөнкү учурларда прокуратура органдарынан бошотулушу мүмкүн:   

1) прокурордун (тергөөчүнүн) антын бузганда, ошондой эле прокурордук кызматкердин ар намысын жаманатты кылган жосундарды жасаганда;

2) ушул Мыйзамдын 58-беренесинде каралган кызматка байланыштуу чектөөлөрдү сактабаганда;

3) кадрлардын тескөөсүндө турган кызматкер сунушталган эки бош кызмат орундан (анын ичинде төмөн турган кызмат орундан) баш тартканда;

4) прокурорлор жана тергөөчүлөр прокуратура органдарында кызматта туруунун эң жогорку чектик жашына жеткендигине байланыштуу.

2. Прокуратура органдарынын кызматкери “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча прокуратура органдарынан бошотулушу мүмкүн.

 

94-берене. Тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу

1. Тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча, прокуратура органдарында кызмат өтөө төмөнкү жагдайларда токтотулушу мүмкүн:

1) прокуратура органдарынын жоюулушу;

2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык прокуратура органдарынын кызматкерине кызмат өтөөсүн улантууну жокко чыгарган жаза дайындалышы;

3) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы;

4) прокуратура органдарынын кызматкеринин өлүмү, ошондой эле сот тарабынан аны каза болду же дайынсыз жоголду деп табылышы.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча кызмат ордунан бошогон прокурордук кызматкерге, бош орун болсо башка теңдеш же төмөн турган кызмат орун сунушталат. Бош орун жок же прокуратура органдарынын кызматкери кызмат орундан баш тарткан учурда, анын макулдугу менен кадрлардын тескөөсүнө киргизилет.

 

95-берене. Ишенимди жоготууга байланыштуу прокуратура органдарынын кызматкерин бошотуу

1. Прокуратура органдарынын кызматкери ишенимди жоготууга байланыштуу төмөнкү учурларда прокуратура органдарынан бошотулушу мүмкүн:

1) тараптардын бири өзү болуп саналган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана (же) жөнгө салуу боюнча чара көрбөгөндүгү;

2) өзүнүн кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери, ошондой эле жубайынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жана жашы жете элек балдары жөнүндө маалыматтарды бербөө, же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтарды берүү;

3) коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарына катышуу;

4) билим берүү, илимий, эксперттик жана башка чыгармачылык ишмердүүлүктөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен алектенүү;

5) камкорчулук же байкоочулук кеңештердин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын курамына кирүү;

6) алардын жеке кызыкчылыктарын же туугандарынын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди чечүүдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу;

7) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө символикалык көңүл буруу жана символикалык белектерден тышкары, белектерди, материалдык жана башка байлыктарды алуу, жогору турган расмий адамдарга кызматтан тышкаркы кызмат көрсөтүү;

8) жогору турган же төмөн турган же болбосо кызмат же иш боюнча башка көз карандылыкта турган кызмат адамдары менен акча же башка мүлктүк мүнөздөгү кумар оюндарына катышуу.

 

96-берене. Прокурордун отставкасы

  1. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу прокурордун өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусун токтотуусу отставка болуп саналат.

2. Төмөнкүлөр отставка үчүн негиздер болуп саналат:

1) пенсияга чыгуусу;

2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принципиалдуу макул эместик, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;

3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болгон ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).

 

97-берене. Кызматкерди прокуратура органдарынын кадрларынын тескөөсүнө киргизүү

1. Прокурордук кызматкерди прокуратура органдарынын кадрларынын тескөөсүнө киргизүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) прокуратура органынын түзүмүн кайра уюштуруу, бөлүмдү жабуу, жоюу, штаттык санды же кызмат орунду кыскартууга байланыштуу же болбосо бош кызмат орун жок учурда кызмат ордунан төмөндөтүү максатында кызматкерди ээлеген кызмат орундан бошоткондо;

2) башка кызмат орунга дайындоого мүмкүн болбогон учурда, эгерде бошотуу бул кызматты мурда ээлеп турган кызматкерди калыбына келтирүү менен байланышкан болсо;

3) башка кызмат орунга дайындоого мүмкүн болбогон учурда, эгерде бошотуу бул кызматты ээлеген окуу өргүүдө же бала багуусу боюнча өргүүдө болгон прокуратура органдарынын кызматкери жумушка чыгышына байланышкан болсо;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгына мындан ары кызмат өтөө үчүн кызматкерди жөнөтүүгө байланыштуу кызмат ордунан бошоткондо;

5) аскер прокуратурасынын органдарында аскердик кызматты өтөөдөн тышкары, кызматкер аскердик кызматты өтөөдө;

6) Кыргыз Республикасына кайра кайтып келгенден кийин кайра мурунку иштеген жеринде ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирүүгө чейин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин кызматкери болуп саналган жубайы менен боло турган өлкөсүнө көчүп кеткендигине жана жашагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан кызматкерди бошоткондо;

7) жазык иши боюнча акыркы чечим чыкканга чейин, ээлеген кызматынан кызматкерди четтеткен күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн аякташы боюнча тергөө, сот органдары тарабынан чыгарылган чечимдин негизинде ээлеген кызмат ордунан четтетүү;

8) жазык иши боюнча чечим күчүнө киргенге чейин кызматкердин үй камагында же камакта турган үч айлык мөөнөтүнүн аякташы менен кызматкерге карата үй камагы же камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоодо;

Ээлеген кызмат ордунан бошотуу прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотууну түшүндүрбөйт.

2. Ушул берененин 1, 4-6 пункттарында каралган учурлардан тышкары, кадрлардын тескөөсүнө төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет.

3. Кадрлардын тескөөсүнө киргизүү жөнүндө буйрук кызматкерге кол койдуруп алуу менен жарыяланат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же четтеген учурда тийиштүү акты түзүлөт жана каттоодо турган жери же даана жашаган жери боюнча кабарлоо жөнөтүлөт.

Кызматкерди кадрлардын тескөөсүнө киргизүү жөнүндө буйрук менен милдеттүү жазуу жүзүндө таанышуу, ошол эле учурда бош кызмат орун жок учурда аны прокуратура органдарынан алдыда мүмкүн боло турган чыгаруу жөнүндө эскертүү болуп саналат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пунктарында каралган учурларда,   адамдын кадрлардын тескөөсүндө жүргөн мезгилине, акыркы ээлеген кызмат орду боюнча эсептелүүчү эмгек акысы сакталат.

Кадрлардын тескөөсүндө жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жана шарттарда прокуратура органдарына жумушка тартылышы мүмкүн.

5. Ээлеген кызмат ордунан бошотулган, кадрлардын тескөөсүнө киргизилген жана ушул жылга кезектеги эмгек өргүүсүн пайдаланбаган кызматкерге, өргүү аны кадрлардын тескөөсүнө киргизгенден кийин токтоосуз берилиши керек.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгил, кезектеги жана башка өргүүдө жүргөн убакыт, ошондой эле ваканттык эмес кызмат орундар боюнча милдеттерди аткарган убакыт, кызматкердин кадрлардын тескөөсүндө жүргөн мөөнөткө эсептелбейт.

6. Иш берүүчү кызматкер кадрлардын тескөөсүндө жүргөн төрт айдын ичинде ага экиден кем эмес бош кызмат орунду (анын ичинде төмөн турган кызмат орундар) сунуштоого милдеттүү.

Кызматкер сунушталган эки бош кызмат орундан (анын ичинде төмөн турган кызмат орундар) баш тарткан учурда, кадрлардын тескөөсүндө төрт ай жүргөндөн кийин ал прокуратура органдарынан чыгарылууга тийиш.

7. Адамдын кадрлардын тескөөсүндө жүргөн мезгили иштеген жылдарына (кызмат өтөөнүн стажысына) эсептелет.

 

9-Глава. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын органдарынын ишин уюштуруунун жана камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу

 

98-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын түзүмү жана уюштурулушу

1. Аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет жана ага Башкы прокурордун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору жетекчилик кылат.

2. Аскер прокуратурасы борбордук  аппараттан жана гарнизондордун аскер прокуратураларынан турат.

3. Аскер прокуратурасынын органдарынын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары жана түзүмү Башкы  прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

 

99-берене. Аскер прокуратурасынын борбордук аппараты

  1. Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басарлары болот.

Аскер прокурору:

1) аскер прокуратурасынын органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

  2) Аскер прокуратурасынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын ишин жетектейт; Башкы прокурор тарабынан белгиленүүчү тартипте, прокурордук кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

3) ага баш ийген кызматкерлер үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы фондусунун чегинде Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын штаттык тизимине өзгөртүү киргизет;

5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынан түзүмү жана аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Аскер прокурору бекитет.

3. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратында, курамында Аскер прокурору (төрага), орун басарлары (кызмат орду боюнча), башка прокурорлор кирген коллегия түзүлөт. Коллегиянын өздүк курамын Аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор бекитет.

 

100-берене. Аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары

  1. Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ушул Мыйзамда аныкталган өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктарга ээ болушат жана аларды аскердик башкаруу командованиесине жана органдарына көз карандысыз жүзөгө ашырат.

2. Аскер прокурорлору төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1) аскер башкармалыгынын органдарынын коллегия жыйналыштарына, кызматтык кеңешмелерине катышат;

2) ведомстводон тышкары ревизияларды жана текшерүүлөрдү дайындайт;

3) кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен белгиленген режимге карабастан аскердик бөлүктөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана штабдардын аймактарына жана жайларына кире алат, алардын документтерин жана материалдарын карай алышат;

4) соттолгон, камакка алынган жана кармалган аскер кызматчыларын гауптвахталарда, тартипке салуу бөлүктөрүндө жана башка жайларда кармоонун мыйзамдуулугун текшерет, аларда мыйзамсыз кармалган адамдарды тез арада бошотот;

5) аскердик жана гарнизондук гауптвахталарда, башка жайларда кармалган жана камакка алынган адамдарды кайтарууну, кармап турууну жана айдап узатууну камсыз кылууну тийиштүү аскердик бөлүктөрдөн, аскер коменданттарынан, айдап узатуу боюнча күзөтчүлөрдөн, жазык-аткаруу системасынын, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынан жана мекемелеринен талап кылат;

6) аскер кызматкери статусуна ээ адамдарды жазык куугунтуктоону жүзөгө ашырат.

 

 

101-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары

  1. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү болуп ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, аскердик же атайын  наамы бар, аскер кызматына кирген жана ушул Мыйзамдын 58-беренесинин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалышат.

2. Аскер прокуратурасынын органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматкери статусуна ээ, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат өтөшөт жана «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болушат.

3. Аскер прокуратурасынын органдарына аскердик кызматка прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү аныктоону Башкы прокурор жүргүзөт.

4. Жогорку офицердик курамдагы адамдарды запаска (отставка) чыгарууну Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.

Башка аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрдү запаска (отставка) чыгарууну Аскер прокурорунун сунуштамасы боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.

5. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн кызмат орду жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскер кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.

6. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык сыйланышат жана тартип жоопкерчилигине тартылышат. Сыйлоо жана тартип жоопкерчилигине тартуу укугуна жогору турган аскер прокурорлору жана Башкы прокурор ээ.

 

102-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматкерлерин жана кызматкерлерин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу

1. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматкерлерине укуктук жана социалдык кепилдиктерди, аскер кызматчыларын пенсиялык, медициналык жана башка түрлөр менен камсыз кылууну белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат.

2. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык акчалай акылар менен камсыз кылынат.

3. Өздөрүнүн турак-жайы жок, аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын балансында турган кызматтык батирлер, ошондой эле аскер кызматкерлери үчүн аныкталган ченемдер жана шарттар боюнча берилүүчү башка турак-жайлар менен камсыз кылынат.

 

103-берене. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, аларга кызматтык жайларды, транспортту, байланыш каражаттарын жана камсыз кылуунун башка түрлөрүн жана акыны бөлүп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматтык жайларын күзөтүү баш ийүүсүндө турган аскер бөлүктөрүнүн ведомстволорунун жетекчилигинин макулдашуусу боюнча аскердик бөлүктөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Аскер прокуратурасынын органдарынын жарандык персоналынын укуктук абалы жана материалдык жактан камсыздандыруусу прокуратуранын аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн каралган эрежелер боюнча аныкталат.

 

 

  104-берене. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу

1. Адистештирилген прокуратуралар прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына киришет, аларды адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору жетектешет. Адистештирилген прокуратуранын прокурорлору Башкы прокурорго баш ийишет.

2. Адистештирилген прокуратуралар экстерриториалдык принципте Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында иш алып барышат.

3. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү, ишинин багыттары жана  адистештирилген прокуратуралардын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

4. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорун Башкы прокурор кызмат ордуна дайындайт жана бошотот.

5. Адистештирилген прокуратуранын прокурорунун орун басарлары болот. Адистештирилген прокуратуранын прокурору:

1) адистештирилген прокуратурага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;

2) адистештирилген прокуратуранын ишин жетектейт; Башкы прокурор аныктаган тартипте прокурордук кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;

3) баш ийген кызматкерлер милдеттүү түрдө аткаруу үчүн буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы фондусунун чегинде адистештирилген прокуратуралардын штаттык тизимине өзгөртүү киргизет;

5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

10-Глава. Прокуратура органдарын уюштуруунун жана ишинин башка маселелери

 

105-берене. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Башкы прокуратура прокуратура органдарын каржылоого тийиштүү бөлүгүндө кезектеги финансылык жылга бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

3. Прокуратура органдарынын бюджетинин долбоору бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу үчүн жөнөтүлөт.

4. Башкы прокурор же анын орун басары Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого түздөн-түз катышат.

5. Прокуратура органдары республикалык бюджеттен каралган акча каражатын өз алдынча тескейт.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, Башкы прокуратура төмөнкү учурларда келип түшкөн суммадан 30 пайызды республикалык бюджеттен алат:

            - прокурорлордун токтомдорунун негизинде жазык иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө;

            - прокурордун укуктук актылары боюнча;

            - прокуратура органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдин негизинде, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүү менен байланышкан кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштардан, ошондой эле бюджеттик мекемелердеги зыяндын ордун толтуруудан, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан ашыкты түзгөн чарбалык субьектилерге карата социалдык чегерүүлөрдөн тышкары).

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекеттин кирешине кайтарылган суммадан 10 пайыз өлчөмүндөгү каражат, республикалык бюджеттен Башкы прокуратуранын бюджеттик эсебине чегерилет.              

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алардын аймагында жайгашкан прокуратура органын тийиштүү кызматтык имарат-жай менен акысыз камсыз кылууга милдеттүү.

           

106-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу бөлүгүн колдонуу, бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пенсияга кетишкен бардык прокурорлорго жана тергөөчүлөргө да жайылтылат.

3. Ушул Мыйзамдын 87-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын колдонулушу 2018-жылдын 1-январынан тартып прокуратура органдарынан бошотулган адамдарга жайылтылат.

4. Ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, атайын класстык ченге ээ прокуратура органдарынын кызматкерлерине, аларга теӊдеш келген атайын наам ыйгарылат.

5. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2009-жылдын 17-июлу №224 (“Эркин Тоо” гезити 2009-жылдын 24-июлу №62; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2009-жылдын 10-августу №32);

2) “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2009-жылдын 20-ноябры №302 (“Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2009-жылдын 14-декабры №50);

3) “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2012-жылдын 29-февралы №9 (“Эркин Тоо” гезити 2012-жылдын 6-марты №19; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2012-жылдын 12-августу №11);

4) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси, 2012-жылдын 10-августу №164 (“Эркин Тоо” гезити 2012-жылдын 16-августу №71-72; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2012-жылдын 3-сентябры №36);

5) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси, 2013-жылдын 3-августу №182 (“Эркин Тоо” гезити 2013-жылдын 13-августу №67);

6) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси, 2014-жылдын 11-январы №2 (“Эркин Тоо” гезити 2014-жылдын 17-январы №3; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2014-жылдын 27-январы №4);

7) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси, 2014-жылдын 14-ноябры №152 (“Эркин Тоо” гезити 2014-жылдын 21-ноябры №90; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2014-жылдын 1-декабры №48);

8) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси, 2015-жылдын 28-июлу №201 (“Эркин Тоо” гезити 2015-жылдын 7-августу №72-73);

9) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө”, “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси, 2016-жылдын 5-марты №19 (“Эркин Тоо” гезити 2016-жылдын 15-марты №21; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 2016-жылдын 22-марты №12);

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

1) ченемдик укуктук актыларды “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

2) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ – НЕГИЗДЕМЕ

            Мыйзамдын ушул долбоору “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамдын жоболорун, 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүүлөр киргизилген Конституцияга ылайык келтирүү жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык Мыйзамга гармонизациялоо максатында иштелип чыккан.

            Мындан тышкары, долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 чечими менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ №161 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын Комплексин жүзөгө ашырууга багытталган.

            Ошентип, Конституциянын 104-беренесинин 1- жана 6-пункттарына ылайык прокуратурага, тизмеги конституциялык мыйзам менен аныкталган башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдарды так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө жана көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жүктөлгөн. Мындан тышкары, прокуратура органдары Конституияга ылайык аскер кызматкери статусуна ээ адамдарга жазык куугунтугун жүзөгө ашырат.

            Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын сунушталган долбоорунда Конституциянын 104-беренесинин жогоруда көрсөтүлгөн пункттарынан келип чыгуучу жоболорду жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүзөгө ашырылуучу башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун механизмин кароо сунушталат.

            Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда прокуратура органдары жазык ишин аларга карата козгой ала турган “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык Мыйзамда белгиленген органдардын кызмат адамдарына укук коргоо органдарынын ведомстволук кызыкчылыгын, ошондой эле таламдардын конфликтин жокко чыгаруу максатында, мындан ары тергөө үчүн аларды ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү менен жазык ишин козгоонун тартибин кароо сунушталат.

            Жазык ишин прокуратура органдары гана козгоо укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин жогорулатат жана коррупциялык тобокелчиликти минималдаштырат. Бул механизм ошондой эле жыйынтыктар жана кабыл алынуучу процесстик чечимдер үчүн прокурордук кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатат.

            Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, аскердик кылмыштарды тергөөнүн спецификасы аскер кызматчылары тарабынан жасалган аскердик жана кызматтык кылмыштарды тергөө функциясы менен республиканын аскер прокуратурасынын органдарынын мындан ары иштөөсүн талап кылат, долбоордо аскер кызматчыларын жазык куугунтуктоонун тартибин караган жобону киргизүү сунушталат.

            Президенттин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ №161 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын Комплексине ылайык (мындан ары – чаралардын Комплекси), прокуратура органдарына улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн кызыкчылыктарын козгогон резонанстуу кылмыштарды тергөө үчүн, регламенттелген катуу тартипте, ведомстволор аралык тергөө топторун түзүү укугу бекитилет.

            Ушуга карата Мыйзамдын долбоорунда тийиштүү ченемдерди киргизүү сунушталат.

            Кошумча, чаралардын Комплексине ылайык прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнүн кыйла маанилүү механизми болуп, жазык-укуктук статистиканы түзүү, талдоо жүргүзүү, чараларды иштеп чыгуу жана кылмыштуулуктун абалын божомолдоо саналат. Бул багыттагы пландалып жаткан чаралар, жазык процессинин – кылмыш жөнүндө белгини каттоо учурунан тартып жана соттун чечимин (өкүмүн) дайындоо жана аткарууга чейинки бардык стадиясына көзөмөлдүн сапатын системалуу жогорулатууну түшүндүрөт.

            Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунда жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды прокуратура органдарына аныктоо сунушталат.

            Мыйзамдын сунушталган долбоору кабыл алынган учурда жогоруда баяндалган уюштуруу чаралары, ошондой эле жазык-укуктук статистиканын аныктыгын жана обьективдүүлүгүн камсыз кылуу, тергөөнүн жана изин суутпай издөө кызматтарынын аракеттеринин мыйзамдуулугуна жана толуктугуна прокурордук көзөмөлдүн сапатын жакшыртышы керек.

            Мындан тышкары, долбоордо прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, көзөмөлдүн сапатын күчөтүү максатында, прокурордук чара көрүү актыларын милдеттүү аткарууну камсыз кылуунун механизмдерин кароо сунушталат.

            Чаралардын Комплексинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдында ведомстволор аралык тартиптик комиссиянын иштөөсүн уюштуруу каралууда, анын милдети укук коргоо органдарындагы иштеп жаткан ички териштирүүлөр кызматтарынын тыгыз өз ара аракеттенүү жолу менен укук коргоо органдарынын өзүн-өзү тазалоо механизмин камсыз кылуу болмокчу.

            Ушуга байланыштуу, долбоордо Башкы прокуратуранын алдында ведомстволор аралык тартиптик комиссиянын иштөөсү жөнүндө жобону киргизүү сунушталат, анын кароо предмети болуп укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө даттануулар жана кайрылуулар эсептелмекчи.

            Кайра түзүүлөрдүн натыйжасында прокуратура укук коргоо органдарынын системасынын тең салмагын камсыз кылуунун бирден бир механизми, системанын калган субьектилеринин кызматкерлерине карата жазык ишин козгоо же көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле изин суутпай издөө ишинин келип түшкөн материалдары боюнча прокурордук чара көрүүнүн чараларын кабыл алуу жолу менен алардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту сактоонун кепилдиги катарында катышмакчы.

            Жогоруда баяндалгандардан тышкары, долбоордо прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартибине тиешелүү жобону, прокуратура органдарынын кадрларынын эмгек маселелерин, прокурордук кызматкерлерди материалдык жана социалдык камсыз кылуу ж.б. кароо сунушталат.

            Прокуратура органдары Конституцияга ылайык аскер кызматчыларына жазык куугунтугун жүзөгө ашырат, ошондой эле Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзмдөр жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдарды так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырарын эске алуу менен, “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамга ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу, ошондой эле прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн кадырын күчөтүү максатында Мыйзам долбоорунда прокурордук кызматкерлерге атайын жана аскердик наам ыйгаруу сунушталат.

            Ошондой эле, долбоордо прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө пенсияга укук берген иштеген жылдары боюнча кызмат өтөөдөн чыгуу учурунда бир жолку бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү карайт.

            “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамдын колдонуудагы редакциясына жана анын сунушталып жаткан редакциясына ылайык прокурордук кызматкерлердин прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн чектик курагы 65 жашты түзөт. 2017-жылы чектик куракка жеткен кызматкерлер жок. 2018-жылы прокуратура органдарынын 2 кызматкеринин прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн чектик курагына жетүүсү болжолдонууда.

Мыйзамдын долбоору кабыл алынып калса, жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды бир жолку бошонуу жөлөкпул менен камсыз кылуу үчүн 600 миң сом суммасында акча каражаты талап кылынат. Бул каражаттар Башкы прокуратуранын бюджетинин алкагында бөлүнмөкчү. Республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт.

Колдонуудагы редакцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны ченемдик укуктук актынын текстинин жарымынан көбүн түзгөндүгүнүн себебинен, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин талаптарын эске алып, Мыйзамдын долбоору жаңы редакцияда даярдалды.

Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча, Мыйзамдын сунушталган долбоорунун ченемдери башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбестиги аныкталды, ошондой эле долбоор жөнгө салуу таасирин талдоого жатпайт, анткени ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталган эмес.

Мыйзамдын сунушталган долбоорун колдонуу үчүн «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө», «Кыргыз Респуликасынын  жарандарынын жалпы аскердик милдеттери тууралуу, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мыйзамдын тийиштүү долбоору “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзам долбооруна тиркелет.

Белгиленген долбоорду кабыл алуу өзү менен терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансалык чыгымдарды талап кылбайт.

 

Депутаттар                                                                                     Керезбеков К.К.

                                                                                                          Нурбаев А.М.

 



Көрүүлөрдүн саны : 1976