2017-жылдын 21-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

22-12-2017 08:38

2017-жылдын 14-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.17деги № 385 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 478 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.08.17деги № 484 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.17деги № 697 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Мөңгүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 137-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 21-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 502 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.17деги № 692 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Артыкбаев О.М., Орозова К.Б., Алтыбаева А.Т., Султанов А.М., Туманбаева Р.М., Нурбаев А.М., Токтошев Э.Т., Жунус уулу Алтынбек) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө, Нотариат жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө, Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 31.05.17деги № 319 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

12. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.08.17деги № 461 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

13. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш., Мусабекова Ж.А., Сурабалдиева Э.Ж., Султанов А.М., Төлөнов Д.Э., Примов У.Б., Узакбаев А.О., Абжалиев А.Т., Масалиев И.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

14. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жеенчороев М.К., Рыспаев К.Ж., Макеев Н.К., Алтынбеков А., Исаева Д.Ш., Мавлянова М.Э., Бекешев Д.Д.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

15. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Жунус уулу Алтынбек, Асылбаева Г.К., Сабиров М.Э., Бекешев Д.Д.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

16. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)” боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.12.17деги № 820 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө бардык фракциялардын чечимдери бар)

 

17. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)” боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

18. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр секторун өнүктүрүү программасы (№ 50024-002 долбоору)” боюнча Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

19. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 18-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инвестициялык климатты жакшыртуу экинчи программасы – 3-программача жөнүндө” гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.12.17деги № 821 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө бардык фракциялардын чечимдери бар)

 

20. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 18-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инвестициялык климатты жакшыртуу экинчи программасы – 3-программача жөнүндө” гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

21. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 18-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инвестициялык климатты жакшыртуу экинчи программасы – 3-программача жөнүндө” гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

22. “Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.12.17деги № 804 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө бардык фракциялардын чечимдери бар)

 

23. “Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

24. “Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

25. “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.12.17деги № 811 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

26. “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.11.17деги № 770 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

27. “2017-жылдын 10-апрелинде Таллин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.11.17деги № 728 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

28. “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.09.17деги № 581 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

29. “Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги № 767 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

30. “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги № 766 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

31. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги № 768 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

32. “Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.17деги № 786 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 488