2017-жылдын 6-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

06-12-2017 15:44

 

 

1. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 34 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 502 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Артыкбаев О.М., Орозова К.Б., Алтыбаева А.Т., Султанов А.М., Туманбаева Р.М., Нурбаев А.М., Токтошев Э.Т., Жунус уулу Алтынбек) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.09.17деги № 594 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

5. “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.09.17деги № 592 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (сот приставынын ишине тийиштүү маселелер боюнча) киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 14.09.17деги № 576 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо даярдыгы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 671