“Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 28-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

28-11-2017 10:23

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Д.Бекешев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-35

Каттоо  № 6-23144/17      27.11.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

1-берене

1) “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Бешинчи канал” жабык акционердик коомунун активине баалоо жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын.

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Өкмөт өзүнүн чечимдерин өзүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

 

 

 

“Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ушул Мыйзам долбоору парламенттик телеканал статусу берилген “Бешинчи каналдан” ошол статусту алып салуу жана аны андан ары ишке ашыруу максатында демилгеленген.

Маселенин таржымалы төмөндөгүдөй:

1) 2010-жылдын 20-майында Убактылуу Өкмөттүн декрети менен “Бешинчи канал” ЖАК уюштуруучусу болуп саналган “Жыйырма бешинчи кадр” ААК улутташтырылган;

2) өлкөдө башкаруунун формасы өзгөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруунун зарылчылыгын эске алуу менен депутат И. Исаков тарабынан “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” мыйзам долбоору демилгеленген, ал Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикирине карабастан кабыл алынган;

3) “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Мыйзам 2011-жылдын 21-октябрында күчүнө кирген;

4) мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында Жогорку Кеңеште жумушчу тобу түзүлгөн;

5) жумушчу топ мыйзам кабыл алынган вариантында иштей албай тургандыгы тууралуу жыйынтыкка келген, анткени:

- телеканалдын уюштуруучулук-укуктук формасы аныкталган эмес;

- телеканалдын менчик ээси белгиленген эмес.

6) Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 29-июнундагы № 2255-V токтому менен Өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген.

Ошондон бери Өкмөт “Бешинчи канал” ЖАКга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды демилгелеген жок. Мында парламент “Пирамида” телеканалы аркылуу онлайн режиминде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алды. Өз кезегинде, “Бешинчи канал” юридикалык жактан да, иш жүзүндө да парламенттик телеканал болгон жок. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Мыйзам актуалдуулугун жоготту жана бүгүнкү күндүн чындыгына жооп бере албайт. Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш ишин чагылдыруу боюнча өзүнүн максатына иш жүзүндө жетишти.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Мыйзам күчүн жоготту деп таануу жана аны мыйзамдарга ылайык ишке ашыруу сунуш кылынат.

Ушул мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салбайт, демек регулятивдүү таасир этүүнү талдоону талап кылбайт. Экономикалык, экологиялык, гендердик, укуктук, укук коргоо жана коррупциялык экспертиза өткөрүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени мыйзам долбоору жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон мыйзамды жокко чыгарат.

Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин сайтына www.kenesh.kg жана иштеп чыгуучулардын сайтына www.bekeshev.kg жайгаштырылган.

 

Депутат                                                         Дастан Бекешев



Көрүүлөрдүн саны : 227