“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 16-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

16-11-2017 13:58

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Д.Бекешев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-35,

Каттоо  № 6-22061/17      14.11.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-статьянын 2-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмү ушул Кодекстин 1028-статьясынын эрежелери боюнча белгиленет.”.

2) 18-статьяда:

1-бөлүктөгү расмий тилдеги “по суду” деген сөздөр “через суд” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Граждандын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактан ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды (жарыяланмаларды) төгүнгө чыгаруунун формасы, тартиби жана ыкмасы төмөндөгүдөй эрежелерди сактоо менен шек келтирген маалыматтарды жайылтуунун формасына, ыкмасына жана тартибине ылайык келүүгө тийиш:

1) Интернет маалыматтык – телекоммуникациялык түйүндөрүндө:

- жарыяланма бир айдын аралыгында же сот чечиминде көрсөтүлгөн башка узак мөөнөттө жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш;

- жарыяланма алынып салынууга, жарыяланган дарегин алмаштырууга, зыян келтирүүчү программалар же шилтемелер камтылууга тийиш эмес;

- жарыяланма граждандын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган бардык интернет сайттарында жайгаштырылууга тийиш;

- маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланмага шилтеме маалыматтарды төгүндөө жайылтылган жарыяланмаларга жайгаштырылууга тийиш;

2) Газеталарда, журналдарда жана башка мезгилдүү басылмаларда:

- төгүндөө шек келтирген маалыматтар жайылтылган учурдагы нускамага ылайык келген сандагы нускамада жарыяланууга тийиш;

- жарыяланма ири шрифтер менен берилүүгө тийиш;

3) Радио жана телекөрсөтүүдө:

- жарыялоо граждандын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүнгө чыгаруу тууралуу сот чечими күчүнө кирген күндөн баштап 24 сааттын ичинде же сот тарабынан белгиленген башка мөөнөттүн ичинде ар бир сааттын башталышында жайылтылууга тийиш;

4) эгерде маалымат уюмдун же граждандын документинде жайылтылса, мындай документ граждандын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар камтылгандыгы көрсөтүлүү менен мындай документ алмаштырылууга же чакыртып алынууга жатат.

Шек келтирген маалыматтар жайылтылган тийиштүү ыкмаларга жараша төгүндөөнү жарыялоого мүмкүн болбогондо, сот шек келтирген маалыматтарды жайылтуучуну жалпыга маалымдоо каражаттарында төгүндөөнү жарыялоо үчүн жабыркаганга акча суммасын, бирок жүз эсептик көрсөткүчтөн төмөн эмес сумманы төлөп берүүгө милдеттендирет. Башка учурларда төгүндөөнүн тартиби сот тарабынан белгиленет.”.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1028-статьянын 2-бөлүгү “Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү” деген сөздөрдөн кийин “эгерде жабырлануучу аз сумманы талап кылбаган учурларды кошпогондо, эки жүз эсептик көрсөткүчтөн төмөн болбоого тийиш жана” деген сөздөр менен толукталсын.

 

3-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

 “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МАЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ушул Мыйзам долбоору жарандардын материалдык эмес байлыгын коргоо чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарды жакшыртуу, ар намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди жана ак ниет аты-жөнүн коргоонун укуктук механизмдерин өркүндөтүү максатында даярдалган.

Көз карандысыз мезгилде соттор ар намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө иштерди кароо боюнча бай тажрыйбаларды топтоду. Бул тууралуу Жогорку соттун пленумдарынын токтомдору айгинелеп турат, анда Граждандык кодекстин нормалары чечмеленип, жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына же юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү жүзөгө ашыруунун жолдору көрсөтүлгөн. Бирок ар намысты жана кадыр-баркты коргоо бөлүгүндө Граждандык кодекстин нормалары өркүндөтүүнү талап кылат, анткени маалыматтарды жайылтуунун жаңы формалары пайда болуп, жарандардын материалдык эмес баалуулугуна шек келтирүүлөр күчөп жатат.

Мыйзам долбоору менен төмөндөгүлөр сунуш кылынат:

1. Интернетте, газеталар менен журналдарда, телекөрсөтүү жана радиодо жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнүн формаларын, тартибин жана ыкмаларын көрсөтүү. Мындай нормалар жарандардын материалдык эмес баалуулуктарын толук өлчөмдө коргоого мүмкүнчүлүк берет. Маселен, эгерде жарандын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар интернет түйүнүндө жайгаштырылса жана жарыяланма тийиштүү эмес адамдардын чөйрөсү үчүн жеткиликтүү болсо, анда ар-намыска, кадыр-баркка шек келтирген маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланмалар төмөндөгүдөй болууга тийиш:

а) жалпыга жеткиликтүү, башкача айтканда бир же адамдардын аз чөйрөсү үчүн гана көрсөтүлбөгөн мүнөздө. Бул норма жайылтуучуга шек келтирген маалыматтарды социалдык сеттерде пайдаланылган “өзү үчүн” же “достору үчүн” статусу менен төгүндөөнү же кечирим суроону жарыялоого мүмкүнчүлүк бербейт. Мындан тышкары төгүндөөнүн жалпыга жайылтылуусу маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланманы жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк берген башка кутумдуктарга бөгөт болот;

б) баарына жеткиликтүү болгон тийиштүү убакытта. Мындай норма кийин өчүрүп салуу менен бир саатка же бир мүнөткө маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланмаларды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бербейт;

в) модификацияланган же өзгөртүлгөн. Өзүнүн туура эместигин жаап-жашыруу максатында укук бузуучу маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланманы жайгаштырышы мүмкүн, бирок ал модификацияланууга тушугуп, интернет пайдалануучуларга зыян келтирип, системалуу түрдө кол жеткис болуп саналат;

г) ар-намыска жана кадыр-баркка шек келтирген маалыматтарды көчүрүп баскан бардык интернет сайттарындагы жарыялоолор. Өзүнүн материалдык эмес баалуулугуна кол салууга тушуккан жаран интернет сайттарынан бардык ээлерин издеп отурууга милдеттүү эмес, шек келтирген маалыматтарды төгүндөө жана жарыяланмаларды бардык интернет сайттарында жарыялоону талап кылуусу жетиштүү болуп саналат. Сот тез эле сайттарында реалдуу ээлерин көрсөтүүнү талап кылат, ал эми көчүрүп баскан учурларда интернет сайттар көп болушу мүмкүн;

д) төгүндөө тууралуу маалыматтарды жарыялоого шилтеме жасоо шек келтирген маалыматтар жайылтылган жарыяланманын беттеринде да жайгаштырылууга тийиш. Бул шек келтирген маалыматтарды окуган учурда интернет сайттын кандай гана окурманы болбосун ал маалымат ар намыска, кадыр-баркка шек келтирген маалымат экендигин, ал эми алардын авторлору жоопкерчилик алып жүрөрүн көрүп туруусу үчүн зарыл болуп саналат.

2. Шек келтирген маалыматтарды жайылтуучуга окуумду жалпыга маалымдоо каражаттарында төгүндөөнү жарыялоо үчүн жапа чеккенге 10 000 сом өлчөмүндөгү сумманы төлөп берүүгө милдеттендирүү укугу сотко берилет. Сотко берилген мындай укук, эгерде маалыматты жайылтуучу (интернет сайтты, газета жана ушул сыяктуулар) соттук чечим чыгарылган күнү өзүнүн иштеп туруусун токтотсо же убактылуу чыкпай калса жабыркаганга өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын коргоого мүмкүнчүлүк берет.

3. Сот чечим чыгарганда таянууга тийиш болгон моралдык зыянды компенсациялоо үчүн минималдуу сумманы белгилөө. Бүгүнкү күндө соттор моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн өздөрү билгендей белгилеп келишүүдө. Сот практикасында жабыркаган тарапка аз сумма (1000 сомдон 10 000 сомго чейин) берүү практикасы колдонулуп келүүдө. Мындай сот практикасы жарандын өзүнүн материалдык эмес баалуулугун толук өлчөмдө коргоого мүмкүнчүлүк бербейт.

Биринчиден, өзүнүн кадыр-баркын соттордо коргоо үчүн аз эмес убакыт талап кылынат (орточо эсепте ар намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча сот процесси бир жылда каралат), ошондой эле көп каражатты талап кылат (20 000 сом - адвокаттын кызматы, 700 сом – сотко кайрылган учурда мамлекеттик алымды төлөө, 5000 сом – улам жылдырылып жаткан сот процессине транспорттук чыгымдар, 1000 сом – шек келтирген маалыматтарды жана башкаларды күбөлөндүрүү үчүн нотариустун кызмат акысы).

Экинчиден, маалымат шек келтирип жаткандыгы тууралуу далилдерди доочу өзү чогултууга туура келет, ал эми мыйзам боюнча далилдөө түйшүгү шек келтирген маалыматты жайылтуунун мойнунда болууга тийиш.

Үчүнчүдөн, айрым укук бузуучулар өзүнүн аброюн “көтөрүү” максатында белгилүү саясатчылардын, жазуучулардын, журналисттердин ар-намысына жана кадыр-баркына атайылап шек келтирет. Мындай учурда шек келтирген маалыматты жайылтуучуларга карата соттун гумандуу экендигин алар эң жакшы билишет.

Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн белгилөө маселесине кененирээк токтолуунун зарылчылыгы бар. Мыйзамдар прецеденттерге негизделген англосаксондук укук системасында адамдын материалдык эмес баалуулугун коргоонун жакшы практикасы топтолгон. Маселен, АКШда шек келтирген маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн миллиондогон долларлар моюнга салынат, өзгөчө мындай шек келтирген маалыматтар коммерциялык компанияларга зыян келтирген учурда. Романо-германдык укук системасында негизинен соттор моралдык зыяндын ордун толтуруу түрүндө төлөнүүгө жаткан өлчөмдү өз алдынча аныкташат. Маселен, Россия Федерациясында соттор моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн өздөрү белгилешет, бирок мындай учурда РФ соттору көңүлгө алып жаткан моралдык зыяндын ордун компенсациялоонун өлчөмү укук таануучу А.М. Эрделевскийдин эсептери боюнча сунуштар бар.

Биздин жарандык мыйзамдарда моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн белгилөөдө соттор жетекчиликке алган төмөндөгүдөй бир катар критерийлер бар:

- жабыркаганга келтирилген дене бою жана адеп-ахлактык жактан жабыркануунун мүнөзү;

- күнөө ордун толтуруу үчүн негиз болгондо моралдык зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн деңгээли;

- акылга салууну жана адилеттикти талап кылуу;

- жабыркагандын жекече өзгөчөлүгү.

Көрүнүп тургандай, сот негизинен субъективдүү критерийлерди жетекчиликке алат, бул жабырлануучунун материалдык эмес баалуулугун коргоого көмөктөшө албайт.

Мыйзам долбоору интернетти жөнгө салууга багытталбагандыгын белгилөө зарыл, мыйзам долбоору менен маалыматтарды жайылтуунун ар кандай түйүндөрүндө шек келтирген маалыматтарды төгүндөөлөрдү жарыялоо маселелерин гана жөнгө салат.

 

Депутат                                                               Дастан Бекешев

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

мыйзам долбооруна салыштырма таблица

 

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (1-бөлүк)

16-статья. Моралдык зыянды компенсациялоо

Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же болбосо жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же болбосо жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда, сот укук бузуучуга аталган зыяндын ордун акчалай компенсациялоо милдетин жүктөй алат.

Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо учурунда сот укук бузуучунун күнөөсүнүн даражасын жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алат.

Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жакка моралдык зыян компенсацияланышы мүмкүн.

 

16-статья. Моралдык зыянды компенсациялоо

Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же болбосо жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же болбосо жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда, сот укук бузуучуга аталган зыяндын ордун акчалай компенсациялоо милдетин жүктөй алат.

Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмү ушул Кодекстин 1028-статьясынын эрежелери боюнча белгиленет.

Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жакка моралдык зыян компенсацияланышы мүмкүн.

 

18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо

 

2-бөлүк

2. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш.

Эгерде аталган маалыматтар уюмдан чыккан документте камтылса, мындай документ алмаштырылууга же кайра алынууга тийиш.

Башка учурларда жокко чыгаруунун тартиби сот тарабынан белгиленет.

 

 

18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо

 

2-бөлүк

2. Граждандын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактан ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды (жарыяланмаларды) төгүнгө чыгаруунун формасы, тартиби жана ыкмасы төмөндөгүдөй эрежелерди сактоо менен шек келтирген маалыматтарды жайылтуунун формасына, ыкмасына жана тартибине ылайык келүүгө тийиш:

1) Интернет маалыматтык – телекоммуникациялык түйүндөрүндө:

- жарыяланма бир айдын аралыгында же сот чечиминде көрсөтүлгөн башка узак мөөнөттө жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш;

- жарыяланма алынып салынууга, жарыяланган дарегин алмаштырууга, зыян келтирүүчү программалар же шилтемелер камтылууга тийиш эмес;

- жарыяланма граждандын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган бардык интернет сайттарында жайгаштырылууга тийиш;

- маалыматтарды төгүндөө тууралуу жарыяланмага шилтеме маалыматтарды төгүндөө жайылтылган жарыяланмаларга жайгаштырылууга тийиш;

2) Газеталарда, журналдарда жана башка мезгилдүү басылмаларда:

- төгүндөө шек келтирген маалыматтар жайылтылган учурдагы нускамага ылайык келген сандагы нускамада жарыяланууга тийиш;

- жарыяланма ири шрифтер менен берилүүгө тийиш;

3) Радио жана телекөрсөтүүдө:

- жарыялоо граждандын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүнгө чыгаруу тууралуу сот чечими күчүнө кирген күндөн баштап 24 сааттын ичинде же сот тарабынан белгиленген башка мөөнөттүн ичинде ар бир сааттын башталышында жайылтылууга тийиш;

4) эгерде маалымат уюмдун же граждандын документинде жайылтылса, мындай документ граждандын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар камтылгандыгы көрсөтүлүү менен мындай документ алмаштырылууга же чакыртып алынууга жатат.

Шек келтирген маалыматтар жайылтылган тийиштүү ыкмаларга жараша төгүндөөнү жарыялоого мүмкүн болбогондо, сот шек келтирген маалыматтарды жайылтуучуну жалпыга маалымдоо каражаттарында төгүндөөнү жарыялоо үчүн жабыркаганга акча суммасын, бирок жүз эсептик көрсөткүчтөн төмөн эмес сумманы төлөп берүүгө милдеттендирет. Башка учурларда төгүндөөнүн тартиби сот тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (2-бөлүк)

1028-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү

1. Моралдык зыяндын орду акчалай толтурулат.

2. Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү жабыр тартуучуга келтирилген дене жана адептик запкынын мүнөзүнө, ошондой эле күнөө зыяндын ордун толтуруунун негизи болуп саналган учурларда анын даражасына жараша сот тарабынан аныкталат. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо аң-сезимдүүлүк жана адилеттүүлүк талаптары эске алынт.

Дене жана адептик запкынын мүнөзү сот тарабынан андай моралдык зыян келтирилген жагдайды жана жабыр тартуучунун жекече өзгөчөлүктөрү эске алуу менен аныкталат.

3. Моралдык зыяндын орду мүлктүк зыяндын ордун толтурууга тийиш экендигине карабастан толтурулат.

 

1028-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү

1. Моралдык зыяндын орду акчалай толтурулат.

2. Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү эгерде жабырлануучу аз сумманы талап кылбаган учурларды кошпогондо, эки жүз эсептик көрсөткүчтөн төмөн болбоого тийиш жана  жабыр тартуучуга келтирилген дене жана адептик запкынын мүнөзүнө, ошондой эле күнөө зыяндын ордун толтуруунун негизи болуп саналган учурларда анын даражасына жараша сот тарабынан аныкталат. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо аң-сезимдүүлүк жана адилеттүүлүк талаптары эске алынт.

Дене жана адептик запкынын мүнөзү сот тарабынан андай моралдык зыян келтирилген жагдайды жана жабыр тартуучунун жекече өзгөчөлүктөрү эске алуу менен аныкталат.

3. Моралдык зыяндын орду мүлктүк зыяндын ордун толтурууга тийиш экендигине карабастан толтурулат.

 

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 214