“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)  Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 10-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

10-11-2017 14:22

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары Д.Джумабеков, Т.Масабиров, Т.Икрамов, Н.Макеев, А.Арапбаев, Т.Мамытов, А.Акматов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 66-12-20

Каттоо  № 6-22116/17      14.11.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)  Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу»

1-берене

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

32-берененин 1-бөдүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5) пункт менен толукталсын:

«5) жазык сот өндүрүшүнүн жана изин суутпай издөө ишинин алкагында укук коргоо органдары жана салык мыйзамдарынын алкагында салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүүчү ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт.».

2-берене

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  100-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

«8. Салыктык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөкат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталат.

Каттабастан салыктык текшерүүнү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.».

2)  108-берене толукталсын:

төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен:

«1-1. Рейддик салык контролу – салыктык контролдоо формасында жүргүзүлүүчү текшерүү, анын ичинде салык төлөөчүлөрдү толук эсепке алуу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу жана салык төлөөчүдө сатылып жаткан товардын реалдуу баасын аныктоо максатында жүргүзүлүүчү контролдук сатып алуу.».

төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен:

«3-1. Рейддик салыктык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөкат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталат.

Каттабастан рейддик салыктык текшерүүнү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.».

3-берене.

«Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

«Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын изин-суутпай текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталууга тийиш.

Текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттабай туруп ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын изин-суутпай жана рейддик текшерүүнү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.».

4-берене.

«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:

«19. Улуттук коопсуздук органдары жүргүзүүчү  ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте текшерүү жөнүндө актыларды прокуратура органдарында каттагандан кийин жүзөгө ашырылат.».

5-берене.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.)

8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:

«24) компетенциянын алкагында жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында каттоого.».

6-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  төмөнкүдөй мазмундагы 272-4-статья менен толукталсын::

«272-4-статья. Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимди прокуратура органдарында каттабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү.

Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары эрежелерди сактабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү, – кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».

2)  556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунткачасындагы экинчи абзац «234-1» деген цифрадан кийин «, 272-3» деген цифра менен толукталсын.

7-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

төмөнкүдөй мазмундагы 304-2-статья менен толукталсын:

«304-2-статья. Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү.

1)  Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү, эгерде бел текшрүүлөр жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2) Ошол эле жосун өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».

8-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3) Ишкердик субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жагынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 5, 6, 9, 21-пункттарында каралган тергөөчүнүн тапшыпрмалары боюнча текшерүүлөр текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталгандан кийин жүзөгө ашырылат.».

9-берене.

1)  Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Маалымкат-негиздеме

Бул мыйзам долбоору ишкерлерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, алардын ишин укук коргоо жана салык органдары тарабынан негизсиз текешрүүлөрдөн коргоо максатында иштелип чыкты.

Алсак, «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 38 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте башка мамлекеттик органдарды тартуу менен ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин укук коргоо жана салык органдары тарабынан негизсиз текшерүүдөн аларды системалык укуктук коргоонун моделин иштеп чыгуу жана алардын ишине киргизүү тапшырылган, ал төмөнкүлөрдү карайт:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү, анын ичинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдардын алкагында укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүүчү текшерүүлөр, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн алкагында укук коргоо органдарынын жана салык мыйзамдарынын алкагында салык органдарынын ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүлөр текшерүү жөнүндө алардын актылары прокуратура органдарында катталгандан кийин гана жүргүзүлөт;

- прокуратура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү жөнүндө укук коргоо жана салык органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте каттайт жана эсепке алат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө» 2016-жылдын 4-апрелиндеги №154 буйругун кабыл алган.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, укук коргоо органдарынын (УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, ГСБЭП), мамлекеттик органдардын жана бизнес жамааттын өкүлдөрү кирди.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун милдети болуп укук коргоо жанасалык органдары тарабынан ишкердик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу жана алар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө толук талаптарды белгилөө саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин натыйжасында мыйзамдык жөнгө салганга чейин «Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыккан, ал КРӨнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 417 токтому менен кабыл алынган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде биз «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексие, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыктык.

Ушул документтин долбоору ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын негизсиз жана мыйзамсыз кийлигишүүсүн жоюуга, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүүгө, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдик көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүүгө, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тарипти чыңдоого багытталган.

Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоодон өтүүгө тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы белгиленди.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган, сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Бул мыйзам долбооруун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылоону талап кылбайт.

Депутаттар,                                                                                     Д. Джумабеков

                                                                                                          Т. Масабиров

                                                                                                          Т. Икрамов

                                                                                                          Н. Макеев

                                                                                                          А.Арапбаев

                                                                                                          Т.Мамытов

                                                                                                           А.Акматов

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынып жаткан редакция

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-ст.)

32-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Прокурор мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен ушул мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын аймагына жана жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө, алар чыгарган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтер менен материалдарды алууга;

2) көрсөтүлгөн органдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды; келип чыккан маселелерди аныктоо үчүн адистерди бөлүп берүүнү; алардын контролундагы жана ведомствого караштуу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өздөрүнө баш ийген адамдарынын ишин текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кайрылууларды текшерүүнү талап кылууга жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат берүүнү милдеттендирүүгө;

3) аталган органдардын кызмат адамдарын жана башка адамдарды, ошондой эле мыйзамдарды бузуу боюнча түшүндүрмөлөр берүү үчүн жарандарды чакырууга.;

4) (КР 2012-жылдын 29-февралындагы N 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) жазык сот өндүрүшүнүн жана изин суутпай издөө ишинин алкагында укук коргоо органдары жана салык мыйзамдарынын алкагында салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүүчү ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., №8, 922-ст.)

100-берене. Салыктык текшерүүлөр түшүнүгү жана анын түрлөрү

1. Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.

Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.

2. Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

3. Салыктык текшерүүнүн максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына контролдук жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.

4. Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералык текшерүү.

5. Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салыктык милдеттенменин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкаркы текшерүү - төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөр:

а) кайра түзүү аркылуу өзгөртүп уюштурууну кошпогондо уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө;

б) уюмду жоюуда;

в) жеке ишкердин иши токтогондо;

г) ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчүнүн арызын алганда;

д) салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары орун алгандыгын күбөлөндүрүүчү, документ түрүндө ырасталган маалыматтарды салык кызматынын органдары алганда;

е) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча акциз салыгы жана/же КНС боюнча салык милдеттенмелери салык төлөөчүлөр тарабынан аткарылганда.

Эгерде салык төлөөчү социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимдин тарабы болуп саналган учурда, пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлөт.

3) утурлама текшерүү - салык текшерүүсүн жүргүзүү учурунда салык кызматы органында зарылдык келип чыкса, анын ичинде башка мамлекеттердин салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адамдар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди текшерүү зарылдыгы келип чыкса, үчүнчү жактарга карата салык кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү;

4) кайра текшерүү - салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:

а) алар мурда текшерилген салык төлөөчү жөнүндө пландуу текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө документтүү түрдө ырасталган маалыматтарды жана салык кызматынын органынын кызмат адамынын документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн жүйөлүү арызын алышканда;

б) салык төлөөчү мурдагы көчмө текшерүүдө камтылган отчеттук мезгил үчүн такталган салыктык отчет бергенде.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик маалыматтар боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнүн натыйжасы кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык органынын кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш;

Жүргүзүлгөн суроо талаптын, экспертизанын, кайчылаш текшерүүнүн көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган натыйжалары боюнча дайындалган кайра текшерүү ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Салыкты туура эсептөө маселелери боюнча камералык текшерүү салык төлөөчүнүн отчеттук документтери жана башка булактардан салык органдарына түшкөн маалыматтар боюнча түздөн-түз салык кызматынын органдары турган жерде жүргүзүлөт.

7. Салык текшерүүлөрүн жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкарыда салык төлөөчүнүн ишин токтото турууга тийиш эмес.

8. Салыктык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөкат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталат.

Каттабастан салыктык текшерүүнү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

108-берене. Рейддик салык контролу

1. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин;

3) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү;

4) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эсеп жүргүзүүчү адамдардан тышкарыда, кирешелер жана чыгашалар эсеби боюнча китепте сатып алуу же сатууларды жекече ишкер тарабынан каттоо;

5) маркалоого жаткан товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.

Каралган эмес.

2. Контролдук сатып алуудан тышкарыда, рейддик контроль айрым бир салык төлөөчүгө карата жылына 12ден ашуун жүргүзүлбөйт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ушул Кодекстин 103-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген, анын 3, 4 жана 10-пункттарынан тышкаркы, талаптарга ылайык жазылган буйрук жол-жоболоштурулат. Көрсөтмөдө текшерилүүчү аймактын участогу же мүлк, контролдун жүрүшүндө аныкталууга тийиш болгон маселелер көрсөтүлүүгө тийиш.

Каралган эмес.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн түп нускасы таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан көрсөтмө менен таанышкандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. Рейддик текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык таризделет.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

1-1. Рейддик салык контролу – салыктык контролдоо формасында жүргүзүлүүчү текшерүү, анын ичинде салык төлөөчүлөрдү толук эсепке алуу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу жана салык төлөөчүдө сатылып жаткан товардын реалдуу баасын аныктоо максатында жүргүзүлүүчү контролдук сатып алуу.

2. Контролдук сатып алуудан тышкарыда, рейддик контроль айрым бир салык төлөөчүгө карата жылына 12ден ашуун жүргүзүлбөйт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ушул Кодекстин 103-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген, анын 3, 4 жана 10-пункттарынан тышкаркы, талаптарга ылайык жазылган буйрук жол-жоболоштурулат. Көрсөтмөдө текшерилүүчү аймактын участогу же мүлк, контролдун жүрүшүндө аныкталууга тийиш болгон маселелер көрсөтүлүүгө тийиш.

3-1. Рейддик салыктык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөкат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталат.

Каттабастан рейддик салыктык текшерүүнү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн түп нускасы таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан көрсөтмө менен таанышкандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. Рейддик текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык таризделет.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

«Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.)

10-статья. Изин суутпай текшерүүнү жүргүзүү

Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер болгондо, изин-суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар изин суутпай текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Аны жүргүзүү фактысы милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

Изин суутпай текшерүү аны жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин уруксаты жана контролдугу менен жүргүзүлөт. Изин суутпай издөө иш-чараларынын натыйжалары изин суутпай издөөнүн кызматтык документтеринде чагылдырылат жана тутумдаштырылат.

Прокурордук көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда же изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө санкция алуу үчүн изин суутпай издөөнүн кызматтык документтери прокурорго берилүүгө тийиш.

Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын изин-суутпай текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталууга тийиш.

Текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттабай туруп ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын изин-суутпай жана рейддик текшерүүнү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.)

16-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын укуктары

Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды алуу максаттарында жана чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча оперативдүү-иликтөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн жарандардын өз макулдугу боюнча жардамын пайдаланууга;

2) мыйзам боюнча улуттук коопсуздук органдарынын укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу, бетин ачуу максаттарында зарыл болгон тергөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө;

3) мыйзам бекиткен тартипте, жаза катары камакка алынган адамдарды жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кармалган кылмыш кылууга шектүү адамдарды жайгаштырыш үчүн убактылуу кармоочу изоляторлорду жана тергөө изоляторун колдонууга;

4) өз күчүндөгү мыйзамдарга ылайык кылмыш кылууга шектүү же кылмыш кылган жарандардын документтерин текшерүүгө; мыйзам боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыш кылган же кылмыш кылууга аракеттенген адамдарды кармоого, зарыл учурларда өзүн, кармоо мезгилинде алар колдонгон транспорт каражаттарын кароого, ошондой эле өзүмдүк буюмдарын жана документтерин кароого жана алып коюуга;

5) кызмат максаттарында алардын менчиктик формаларына карабастан, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскер түзүлүштөрүнө, коомдук бирикмелерге тиешелүү болгон байланыш каражаттарын тоскоолсуз колдонууга;

6) кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда алардын менчиктик формаларына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө, коомдук бирикмелерге жана жарандарга (дипломатиялык, консулдук жана башка чет өлкөлүк мекемелердин, эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарынан тышкары) тиешелүү болгон транспорт каражаттарын, кылмышты болтурбай коюу, кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарды кармоо, кармалган адамдарды кармоо жайына жеткирүү, ошондой эле кылмыш же кырсык болгон жерге баруу, медициналык жардамга муктаж болгон жарандарды дарылоо жайларына жеткирүү үчүн колдонууга; транспорт каражаттарынын ээлеринин талабы боюнча улуттук коопсуздук органдары мыйзам бекиткен тартипте аларга чыгашанын же келтирген зыяндын ордун толуктап беришет;

7) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштардын профилактикасын ишке ашырууга; мыйзамга ылайык профилактикалык таасир берүү, анын ичинде жарандарга официалдуу эскертүү формасында чараларды көрүүгө;

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы N 110 токтому менен бекитилген)

8) компетенциясынын чегинде мамлекеттик сырлардын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрдик иштердин корголушун, министерстволордун, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын, менчиктик формаларына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, аскердик түзүлүштөрдүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка маселелердин чечилишин контролдоону ишке ашырууга; улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү табылган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш киргизүүгө, тиешелүү чара көрүүнү жана улуттук коопсуздук органдарга аткарылышы тууралуу маалымат берүүнү талап кылууга;

8.1. Маалыматтык-телекоммуникациялык системалардын, шифрленген, жашыруундалган системалардын жана атайын байланыштын башка түрлөрүнүн криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздукту камсыз кылууда талаптардын аткарылышына мамлекеттик контролду, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын шифрдик бөлүмдөрүндө жана анын чегинен сырттагы мекемелеринде шифрленген маалыматтар менен иштөөдө жашыруун режимди сактоого контролду, ошондой эле өзгөчө маанидеги объектилерди (жайларды) жана андагы техникалык каражаттарды техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын жайылып кетишинен коргоону камсыз кылууга контролду ишке ашыруу.

9) министерстволордон, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле менчиктик формаларына карабастан республиканын аймагында жайгашкан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана юридикалык тараптардан, аскердик түзүлүштөрдөн жана коомдук бирикмелерден улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарыш үчүн зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга жана бекитилген тартипте алууга;

10) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарга тыюу салууда жана кылмышка шектүү адамдардын артынан түшүүдө кечеңдетүү граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда граждандарга таандык турак жайларга жана башка аймактарга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын орун жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө. Көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат;

11) алардын баш ийүүсүнө жана менчиктик формаларына карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлеринен жана башка жумушчуларынан, ошондой эле өзүмдүк, эмгек жана ишкердүүлүктүн башка түрлөрүндө иштеген адамдардан текшерилген иш-аракеттерге тиешелүү маалыматтарды, документтерди талап кылууга жана алууга;

12) мамлекеттик, кооперативдик, коомдук мүлктүн санын ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын эсептик жана отчеттук маалыматтары менен салыштырууга; текшерүү, инвентаризация жана ревизия жүргүзүүнү талап кылууга, бекитилген тартипте өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышууга адистерди чакырууга;

13) мыйзамда бекитилген тартипте финансы-кредиттик мекемелерден юридикалык тараптардын, адамдардын операциялары, эсептери, салынган акчалары боюнча маалымат алууга; кассаларды, акча материалдык-соода баалуу буюмдардын жана документтерди сактоочу башка жайларды печаттоого, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; продукциянын, жарым фабрикаттын, сырьенун үлгүлөрүн алууга;

14) Кыргыз Республикасынын күчүндөгү мыйзамдарынын негизинде өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, көрсөтүүлөрдү чыгарууга, алардын аткарылышын камсыз кылууга, уюштурууга жана текшерүүгө;

15) республиканын аймагында бекитилген эрежелерди бузуп иштеген радиоэлектрондук каражаттарды, пайдаланууга, ошондой эле бекитилген талаптарды бузуп аткарылып жаткан мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар менен иштөөгө тыюу салууга;

Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 4-январындагы N 1 Мыйзамы менен 16-статьянын 15-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

16) улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерине тиешелүү оперативдүү, тергөө жана башка материалдарды сактоону ишке ашырууга, аларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу тартибин бекитүүгө; маалыматтар системасын түзүүгө;

17) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды моралдык жана материалдык жактан сыйлоого; мыйзам тарабынан бекитилген тартипте аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө;

18) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери коомдук транспорттун: шаардык, шаардын четинде жана жергиликтүү транспорттун (таксиден тышкары) бардык түрлөрүндө, айыл жеринде ыгы келген транспортто акысыз жүрүүгө, ошондой эле анын бардык түрлөрүнө жол документтерин кезексиз алууга жана командировкалык күбөлүк боюнча мейманканаларга жайгашууга укуктуу.

19. Улуттук коопсуздук органдары жүргүзүүчү  ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте текшерүү жөнүндө актыларды прокуратура органдарында каттагандан кийин жүзөгө ашырылат.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.)

8-статья. Ички иштер органдарынын милдеттери

Ички иштер органдары (кызматкерлери) өз компетенциясынын чектеринде:

1) коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууга;

2) кылмыштарды табууга, алдын алууга, ага бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды каттоого;

3) алгачкы текшерүүнү жана алдын ала тергөөнү жүзөгө ашырууга;

4) кылмыш жасаган, тергөөдөн, алгачкы текшерүүдөн жана соттон жашырынып жүргөн, кылмыш-жаза жазаны өтөөдөн качып жүргөн, дайынсыз жок болуп кеткен, ошондой эле издеп табуу милдети ички иштер органдарына жүктөлгөн башка адамдарды издеп табууга;

5) укук бузуулардын жана кырсыктардан жапа чеккен, ошондой эле жардамга муктаж болгон адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө;

6) кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдонууга;

7) Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлерде өзгөчө же согуштук абал киргизилген учурда ал жерлерде укуктук режимди камсыз кылууга жана сактоого, ошондой эле кризистик кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга мыйзамдарга ылайык катышууга;

8) компетенциясынын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, бул чөйрөдөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга, механикалык транспорт каражаттарын жана чиркегичтерди мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүүгө;

9) жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу, наркотиктери бар жана башка заттарды, нерселерди жана материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды сатып алуунун, сактоонун, бир жерден экинчи жерге жеткирүүнүн эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмелер боюнча объектилерди ачууга жана аларды иштетүүгө;

10) жарандар жана кызмат адамдары тарабынан паспорт системасынын эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө;

11) жарандык, миграция, келүү жана кетүү жөнүндө, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;

12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;

13) мыйзамдарга ылайык административдик көзөмөл белгилөөгө жана жүзөгө ашырууга;

14) административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга;

15) компетенциясынын чектеринде кылмыш-жаза жазаны жана административдик жаза чараларын аткарууга;

16) кармалган жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү;

17) атайын жана аскердик жүктөрдү ташууну уюштурууга;

18) карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга, айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоодо жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү;

19) жекече детективдерге жана жекече детективдик ишканаларга жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды камтыбаган ички иштер бөлүмдөрүнүн тиешелүү картотекаларынан пайдаланууга укук берет;

20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого;

21) белгиленген талаптарды аныктоого жана алардын андан ары сакталышына контролдук кылууга, анын ичинде сырткы видеобайкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди координациялоого, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдылган объекттердин реестрин жүргүзүүгө;

22) сырткы видеобайкоо тутумун орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашууга;

23) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, коргоо ордерин берүүгө, узартууга жана анын шарттарынын аткарылышына контролдук кылууга.

Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды албаганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран ички иштер органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш жасаган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.

24) компетенциянын алкагында жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында каттоого.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.)

Каралган эмес.

272-4-статья. Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимди прокуратура органдарында каттабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү.

Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары эрежелерди сактабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү, – кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын кызмат адамдарына карата (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59,  61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1, 387-1, 234-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1, 409-4-статьялар);

ички иштер органдары (52, 53, 53-1, 54, 55, 56, 57, 57-1, 58, 58-1, 58-2, 58-3, 59, 66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 395-1, 422, 489-статьялар);

(төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья);

балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 65-1, 66, 66-1, 66-3-статьялар);

дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар);

экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (68, 69, 70, 71, 72, 73, 74, 79, 79-1, 100, 102, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 371, 383, 410, 419, 419-1, 454, 464, 466, 467, 468, 476-статьялар);

миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья);

социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья);

саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 85-2, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар);

стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья);

(он үчүнчү КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 489-статьялар);

мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 300-1-статьянын 2-бөлүгү , 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар);

ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрү (228-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү, 230-статьянын үчүнчү бөлүгү, 234-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статьянын биринчи-бешинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрү, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241-статьянын үчүнчү бөлүгү, 242-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 243-статьянын экинчи бөлүгү, 248-статья);

автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья);

аба транспортунун органдары (254-статья);

(он тогузунчу абзац КР 2014-жылдын 3-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар);

(жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья);

салык кызматы органдары (213-11, 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 300-1, 301, 301-1, 301-2, 301-4, 301-5, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар);

ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья);

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар);

маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 - 117-5, 344-статьялар);

Улуттук банк (363-статья);

(жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

(жыйырма тогузунчу абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

жазык-аткаруу тутумунун чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 394-1-статьялар);

улуттук коопсуздук органдары (272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар);

финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар);

билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья);

(отуз төртүнчү абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар);

финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (505-22-статья);

аймактык шайлоо комиссиялары (49, 50, 51, 52, 53, 53-1, 54, 55, 56-статьялар);

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын кызмат адамдарына карата (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59,  61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1, 387-1, 234-1, 272-3-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1, 409-4-статьялар);

ички иштер органдары (52, 53, 53-1, 54, 55, 56, 57, 57-1, 58, 58-1, 58-2, 58-3, 59, 66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 395-1, 422, 489-статьялар);

(төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья);

балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 65-1, 66, 66-1, 66-3-статьялар);

дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар);

экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (68, 69, 70, 71, 72, 73, 74, 79, 79-1, 100, 102, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 371, 383, 410, 419, 419-1, 454, 464, 466, 467, 468, 476-статьялар);

миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья);

социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья);

саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 85-2, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар);

стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья);

(он үчүнчү КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 489-статьялар);

мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 300-1-статьянын 2-бөлүгү , 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар);

ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрү (228-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү, 230-статьянын үчүнчү бөлүгү, 234-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статьянын биринчи-бешинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрү, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241-статьянын үчүнчү бөлүгү, 242-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 243-статьянын экинчи бөлүгү, 248-статья);

автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья);

аба транспортунун органдары (254-статья);

(он тогузунчу абзац КР 2014-жылдын 3-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар);

(жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья);

салык кызматы органдары (213-11, 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 300-1, 301, 301-1, 301-2, 301-4, 301-5, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар);

ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья);

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар);

маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 - 117-5, 344-статьялар);

Улуттук банк (363-статья);

(жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

(жыйырма тогузунчу абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

жазык-аткаруу тутумунун чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 394-1-статьялар);

улуттук коопсуздук органдары (272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар);

финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар);

билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья);

(отуз төртүнчү абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар);

финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (505-22-статья);

аймактык шайлоо комиссиялары (49, 50, 51, 52, 53, 53-1, 54, 55, 56-статьялар);

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.)

Каралган эмес.

304-2-статья. Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү.

1)  Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттабастан текшерүүлөрдү жүргүзүшү, эгерде бел текшрүүлөр жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2) Ошол эле жосун өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.)

35-берене. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары

1. Тергөөчү төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөө амалдарын жүргүзүүгө;

2) жабырлануучуга материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга карата чараларды көрүүгө;

3) болгондор жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды суратып алууга;

4) текшерүүлөрдү, инвентаризацияны, экспертизаларды, башка текшерүүчү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылууга;

5) сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү жана алгачкы текшерүү органынан кылмыштын бетин ачуу, жоголгон адамдарды жана буюмдарды табуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга;

6) жазык иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;

7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү жөнүндө чечимдерди аткарууну тапшырууга, ошондой эле өзүнүн талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан тергөө, атайын тергөө жана башка процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө көмөк алууга;

8) алгачкы текшерүү органына күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну тапшырууга;

9) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистердин жана эксперттердин жардам көрсөтүүлөрүн талап кылууга;

10) зарыл болгон учурда иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн котормочуну тартууга;

11) адамга карата кылмыш жана (же) жорук жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого;

12) жазык иши боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата жактоочунун дайындалышын талап кылууга;

13) кылмыш жана (же) терс жорук жасады деп шектенүү жөнүндө кабарлоого;

14) жабырлануучу деп таанууга;

15) Жазык кодексинде каралган жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын көрүү үчүн юридикалык жакты тартууга жана анын өкүлүнүн жазык иши боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берүүгө;

16) котормочуга, адиске, экспертке карата четтетүүнү чечүүгө;

17) жазык иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтү чечүүгө;

18) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;

19) бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу тууралуу жана жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;

20) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтото туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;

21) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;

22) шектүүнү, айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;

23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Тергөөчү прокурордун жазык иши боюнча чечими менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же тергөө өндүрүшүн башка тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.

3. Тергөөчүнүн жазык иши боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(3) Ишкердик субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жагынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 5, 6, 9, 21-пункттарында каралган тергөөчүнүн тапшыпрмалары боюнча текшерүүлөр текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталгандан кийин жүзөгө ашырылат.

Көрүүлөрдүн саны : 89