2017-жылдын 9-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

09-11-2017 15:28

2017-жылдын 8-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.05.17деги № 292 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 22.06.17деги № 399 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 9-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду денонсациялоо (колдонулушун токтотуу) жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.10.17деги № 681 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын )

 

5. “2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17деги № 620 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Осмонова А.Ш., Зулпукаров Т.З., Нурбаев А.М., Токтошев Э.Т., Жеенчороев М.К. Мавлянова М.Э., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Джураев С.М., Жумалиев К.М., Жунус уулу Адыл, Жунус уулу Алтынбек, Конушбаев Т.К., Сыдыков Б.У., Ормонов У.З., Алимбеков Н.К., Эргешов А.М., Момбеков Р.Ч.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Алтыбаева А.Т., Назаровым А.К., Жамалдинов З.И., Жамангулов А.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 134