“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 8-ноябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

08-11-2017 10:32

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты А.Кодуранова

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-71

Каттоо  № 6-21171/17      31.10.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 60-статьянын 5-бөлүгүндө «алтынчы» деген сөз «жетинчи» деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 94-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, анын туруктуу жашаган жери болбогон, анын инсандыгы аныкталбаган жана ал тарабынан качууга аракет жасалган учурларда гана, ал кармалышы мүмкүн.».

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары – Конституциялык палата) жаран З.Т.Жоошевдин кайрылууусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик коедксинин 94-статьясынын 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2017-жылдын 7-июнундагы жана жаран Б.Ж.Касаболотовдун кайрылууусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик коедксинин 60-статьясынын 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2017-жылдын 5-июлундагы чечимдерин аткаруу үчүн иштелип чыкты.

1. Конституциялык палатанын 2017-жылдын 7-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 94-статьясынын 2-бөлүгү, көрсөтүлгөн чечимдин жүйөлүштүрүү бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөндөй конституциялык түшүнүктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карамаңкашы келбейт деп табылган.

Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 92-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери болбогондо, анын инсандыгы аныкталбаганда жана ал тарабынан качууга аракет жасалганда, ал кармалышы мүмкүн.

Конституциялык палатанын чечиминде Кыргыз Республикасынын ДПКсынын 94-статьясынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн калган негиздер менен өз ара байланышы болбостон «аны кылмыш жасады деп шектенүүгө негизделген башка маалыматтар болгондо» деп адамды кармоого ушундай негиз так жана бир жактуу аныктамалары жок ченемди билдирет, алар кеңири кароо мүмкүнчүлүгүн берет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген жарандардын конституциялык укуктарын бузууга потенциалдуу коркунуч түзөт деп белгилейт.

Адамга карата талашылып жаткан ченемди кеңири чечмелөөнүн негизинде крмоо сыяктуу процесстик мажбурлоо чарасын колдонуу эркиндикке жана жеке кол тийбестикке конституциялык укукту теңдеш эмес жана негизсиз болуп саналат. Эркиндикке жана жеке кол тийбестикке жарандын конституциялык укуктарынан ажыратуу же аны чектөө аны башкача чечмелөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган айрым мыйзамдын негиздердин жана критерийлердин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш жана конституциялык жана жазык-процесстик мыйзамдардын концептуалдык негиздерине шайкеш елүүгө тиийш.

Буга байланыштуу «аны кылмыш жасады деп шектенүүгө негизделген башка маалыматтар болгондо» деген негизди кылмыш жасады деп шектелген адамды кармоо үчүн өз алдынча негиз катары колдонуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген ар бир адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укугун бузат.

Баяндалгандарга байланыштуу, Жогорку Кеӊешке Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 94-статьясынын 2-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүү киргизүү тапшырылды.

Баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 94-статьясынын 2-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү, атап айтканда, 94-статьяын 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынат: «Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, анын туруктуу жашаган жери болбогон, анын инсандыгы аныкталбаган жана ал тарабынан качууга аракет жасалган учурларда гана, ал кармалышы мүмкүн.».

2. Конституциялык палатанын 2017-жылдын 5-июлундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 60-статьясынын 4-бөлүгүнүн 7-пункту шектүү адамдын, айыпталуучунун, соттолуучунун жакын туугандарын аларда көрсөтүүлөрдү берүү ниети болгон учурда суракка алууга жол бербеген өлчөмдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылды.

Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 60-статьясынын 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык шектүү адамдын, айыпталуучунун, соттолуучунун жакын туугандары күбө катарында суралууга тийиш эмес.

Конституциялык палатанын чечиминде шектүү адамдын, айыпталуучунун, соттолуучунун жакын туугандарын күбө катарында суракка алууга тыюу салууну белгилөө ошого карабастан алар тигил же бул маалыматты жарыя кылууга кызыкдар болгон учурларда тиешелүү көрсөтүүлөрдү берүүгө алардын укугун чектөөгө тийиш эмес деп белгилейт. Тиешелүү түрдө, тергөө оргнадары жана соттор адамдар тиешелүү өтүнүчтү берген учурда ушундай ниетин билдирген адамдарга күбө катары көрсөтмөлөрдү беришине баш тартууга укуксуз.

Муну Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 60-статьясынын 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эреже татыктап турат, ага ылайык өздөрүнө карата күбө катарында суракка алууга тыюу салуу бар болгон адамдар көрсөтүлгөн Кодекстин эрежелери боюнча көрсөтүүлөрдү берүү мүмкүнчүлүгүнө жол берет. Мында 6-пунктка ката шилтеме «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы Мыйзамы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 60-статьясынын 4-бөлүгүнө толуктоолорду киргизүүдө ченем жаратуу техникасынын талаптарын бузуунун натыйжасы болгон, мында пункттардын номерлери белгиленген кодекстин көрсөтүлгөн статьясынын 5-бөлүгүнүн маани жактан шилтемесин эске албастан жылыштырылган.

Муну көрсөтүлгөн Мыйзамга карата түшүндүрмө кат ырастап турат, ага ылайык киргизилип жаткан түзөтүүлөр сот арачыларына гана тиешелүү болгон жана талашылып жаткан ченемдин жоболорун өзгөртүү максатын көздөгөн эмес.

Тиешелүү түрдө, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-статьясынын 5-бөлүгү менен тутумдук байланышта каралууга жана колдонулууга тийиш.

Баяндалгандарга байланыштуу Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 60-стаьясынын 5-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүнү киргизүү тапшырылган.

Баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 60-статьясынын 5-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүү киргизүү, атап айтканда, «алтынчы» деген сөздү «жетинчи» деген сөзгө алмаштыруу сунуш кылынат.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылоону талап кылбайт.

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палтасынын чечимдеринен келип чыккандыктан улам, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесинин 10-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда кабыл алуу максатка ылайык деп эсептейбиз.

Депутаттар

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

Салыштырма таблицасы

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

60-статья. Күбө

(1) Жазык иши боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтүү берүү үчүн чакырылган адам күбө деп табылат.

(2) Күбө ишке айыптоочу, жактоочу, жабырлануучунун, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин таламын талашуучу катары катыша албайт.

(3) Жабырлануучунун, айыпкердин, соттолуучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ишке катышуусу бул адамдарды күбө катары суракка алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

(4) Төмөндөгүлөр:

1) жазык иши боюнча сот ишине катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жазык ишинин жагдайлары жөнүндө судья;

2) сот арачысы - ошол жазык иши боюнча өндүрүшкө катышкандыгына байланыштуу ага белгилүү болуп калган жазык ишинин жагдайлары жөнүндө;

3) жазык иши боюнча өз милдеттерин аткарууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө жактоочу, ошого тете жабырлануучунун, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин өкүлү;

3-1) Координациялык кеңештин мүчөсү жана кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкери - тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу ага маалым болгон жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө;

4) юридикалык жагдай үчүн кайрылууга же андай жардамды көрсөтүүгө байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө адвокат, адвокаттын жардамчысы;

5) психикасындагы же дене түзүлүшүндөгү кемчиликтеринен улам иш үчүн мааниси бар жагдайды туура кабыл алууга жана ал туурасында көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз болгон адам;

6) бирөөнүн сыр ачуусунун негизинде өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө дин кызматындагы адам;

7) шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес.

(5) Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн алтынчы пунктунда аталган адамдар көрсөтүү бергиси келсе, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат.

(5) Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн жетинчи пунктунда аталган адамдар көрсөтүү бергиси келсе, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат.

94-статья. Кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоонун негиздери

(1) Эгерде:

1) Адам кылмыш жасалган мезгилде же ал жасалгандан кийин түздөн-түз колго түшсө;

2) көрүп тургандар, анын ичинде жабырлануучулар ошол адамды кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп турушса;

3) шектүү адамдан же анын кийиминен, анын жанынан же анын жашаган жеринен кылмыштын ачык белгилери табылса, кылмыш жасоодо шектүү болгон адам кармалышы мүмкүн.

(2) Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери болбогондо, анын инсандыгы аныкталбаганда жана ал тарабынан качууга аракет жасалганда, ал кармалышы мүмкүн.

94-статья. Кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоонун негиздери

(1) Эгерде:

1) Адам кылмыш жасалган мезгилде же ал жасалгандан кийин түздөн-түз колго түшсө;

2) көрүп тургандар, анын ичинде жабырлануучулар ошол адамды кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп турушса;

3) шектүү адамдан же анын кийиминен, анын жанынан же анын жашаган жеринен кылмыштын ачык белгилери табылса, кылмыш жасоодо шектүү болгон адам кармалышы мүмкүн.

(2) Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, анын туруктуу жашаган жери болбогон, анын инсандыгы аныкталбаган жана ал тарабынан качууга аракет жасалган учурларда гана, ал кармалышы мүмкүн.

Көрүүлөрдүн саны : 94