2017-жылдын 1-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

02-11-2017 08:25

 

 

1. “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.04.17деги № 240 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 34 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Өмүркулов И.Ш., Кодуранова А.С., Молдобекова Г.С., Баатырбеков А.Б., Алтыбаева А.Т.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи –Өкмөт, 19.06.17деги № 385 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

6. “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакиров М.И., Нурматов К.С., Токтошев Э.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.06.17деги № 372 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун режимине кайтарып берүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 180