“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 27-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

27-10-2017 15:19

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты А.Назаров

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-86-40

Каттоо  № 6-20831/17      27.10.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө»,

«Автомобиль жолдору жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-статья төмөнкүдөй мазмундагы  5-бөлүк менен толукталсын:

«5. Транспорттук каражатты каттоодо жана кайра каттоодо транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорттук каражатты мамлекеттик каттоо жөнүндө  техникалык паспорт берилет, анда  кайра каттоо үчүн графалар (кийинки менчик ээлери жана номердик белгилери жөнүндө) жана техникалык кароолор жөнүндө графалар болот.»;

2) 241-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3. Транспорттук каражаттын мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө техникалык паспортту жана номердик белгини алмаштырбастан транспорттук каражатты кайра каттоо же эсепке коюудан чыгаруу транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз негизде, катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасында жүргүзүлөт.»;

3) мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 242-статья менен толукталсын:

«242-статья. Автомототранспорттук каражаттарды эсепке убактылуу коюу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй автотранспорттук жана транспорттук каражаттар убактылуу эсепке милдеттүү түрдө коюлат:

1.1. чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган;

1.2. ишеним каттын негизинде айдап жүрүлүүчү, пайдаланылуучу жана (же) тескелүүчү.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, убактылуу эсепке (каттоого) коюлган транспорттук каражаттарды пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу катталган транспорттук каражаттарга тиешелүү укуктарда жана милдеттүүлүктөрдө транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга болот.

2. Транспорттук каражаттык убактылуу эсепке коюу жана андан чыгаруу транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз негизде, катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасында жүгүзүлөт. Электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана кармап туруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн, чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган  транспорттук каражаттарды убактылуу эсепке коюу жана андан чыгаруу боюнча ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын чек арасында турган кызматтарга аларга өткөрүп берилүүчү ыйгарым укук катары берилиши мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка карыздары  болбогон же төлөнгөн учурларда, чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражат Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып бара жатканда транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасынан автоматтык түрдө чыгарылат.

5. Чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген же чек арасын кесип өтүүчү транспорттук каражатты айдап жүрүүчү адам же транспорттук каражаттын менчик ээси транспорттук каражатты электрондук маалыматтар базасында убактылуу эсепке коюу үчүн төмөндөгүлөрдү берет:

а) чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты  мамлекеттик каттоо жөнүндө техникалык паспортту;

б) жарандык же кызматтык же дипломатиялык паспортту (аскердик билетти – аскер кызматчылары, ырастаманы – укук коргоо органдарынын кызматкерлери);

в) жол жүрүү эрежелерин бузгандыгына айыппул салууларды, башка маалыматтарды жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы дарегин,  телефонун (транзиттегилер үчүн). Транспорттук каражатты айдап жүрүүчү адам же анын менчик ээси так эмес даректи же телефон номерин берген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

6. Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты ишеним каттын негизинде айдап жүрүүгө жана (же) тескөөгө укугу бар адам транспорттук каражатты электрондук маалыматтар базасында убактылуу эсепке коюу үчүн төмөндөгүлөрдү берет:

а) транспорттук каражатты мамлекеттик каттоо жөнүндө техникалык паспортту;

б) жарандык же дипломатиялык паспортту;

в) ишеним катты.

7. Чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты убактылуу эсепке коюуда жана андан чыгарууда убактылуу каттоо же андан чыгаруу жөнүндө дүмүрчөк берилет, аны транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты ишеним каттын негизинде айдап жүрүү жана (же) тескөө учурларында убактылуу каттоо же андан чыгаруу жөнүндө белги ишеним катка коюлат. Ишеним каттын негизинде  убактылуу каттоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишеним каттын колдонулуу мөөнөтүнө туура келет.

8. Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган, убактылуу эсепке коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагында 10 суткадан ашык болгон транспорттук каражаттарды айдап жүрүүчүлөр же тескөөчүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген транспорттук салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

9. Чет мамлекеттин аймагындагы  жашап турган жерин таштап кеткен жарандарга таандык болгон же Кыргыз Республикасынын жарандары ишеним каттын негизинде пайдалануучу жана (же) тескөөчү, эсептен чыгарылбаган транспорттук каражаттар убактылуу же туруктуу катталышы мүмкүн.

10. Чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражаттын менчик ээси же   Кыргыз Республикасынын мындай каражатты ишеним каттын негизинде  пайдалануучу жана (же) тескөөчү жараны кайрылган учурларда  транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 айдан ашпаган мөөнөттө транспорттук каражатты каттоонун аныктыгына жана бул транспорт каражатын мурдагы катталган орду боюнча эсептен чыгаруунун мүмкүндүгүнө текшерүү жүргүзөт.

Бул текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча транспорттук каражат Кыргыз Республикасында транспорттук каражаттарды кайра каттоонун тартибине жана шарттарына ылайык туруктуу каттоого коюлат, ага Кыргыз Республикасында мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө техникалык паспорт жана номер берилет.».

2-берене

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Жүрмө бөлүк – жолдун рельсте жүрбөөчү транспорттук каражаттардын жүрүүсүнө арналган элементи.»;

2)  27-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Менчигинин формасына карабастан автомобиль жолдорунун жүрмө бөлүгүндө аялдамаларды, токтомолорду (парковкаларды) уюштурууга, жайгаштырууга жол берилбейт. Токтомолор (парковкалар), аялдамалар жолдордун жүрмө бөлүгүнүн чегинен сырткары уюштурулат жана жайгаштырылат.».

3-берене

«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«11. Турак үйлөрдү, коомдук, өнөр жайлык имараттарды жана башка курулмаларды коопсуз жөө жолдорсуз жана транспорттун жеткиликтүү парковкаларысыз долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга кабыл алууга жол берилбейт.»;

2) 19-статьяда «транспорттук инфраструктуранын» деген сөздөрдөн кийин «убактылуу (меймандык) аялдамаларды, токтомолорду (парковкаларды) кошуп алгандагы» деген сөздөр менен толукталсын;

3)   21-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«- транспорттук (жакындама, жөө жүрмө жолдор, парковкалар);»;

4) 25-статьяда «системалар жана жабдуулар» деген сөздөрдөн кийин «, жөө жолдор, транспорттун парковкасы» деген сөздөр менен толукталсын;

5) 45-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

 «-тургундарга жеткиликтүү болгон, транспорт үчүн парковкалардын болбошу;».

4-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө»,

«Автомобиль жолдору жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболоруна редакциялык тактоолорду жана түзөтүүлөрдү  киргизүүгө багытталган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун киргизүүнүн максаты болуп транспорттук каражаттарды убактылуу каттоо маселелерин тартиптештирүү жана жолдун жүрмө бөлүгү жөнүндө терминологияны тактоо, объекттерди долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууга кабыл алууда бул объекттердин тургундарына жана конокторуна жеткиликтүү жөө жолдорду жана  таранспорттук парковкаларды камсыз кылуу жагындагы укуктук маселелерди тактоо саналат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы убактылуу каттоо жагындагы боштуктарга байланыштуу, азыркы убакта чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагында 6 айдан ашык тургандан кийин транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырат.

Жолдо жүрүү эрежелерин сактоону видеорегистраторлорду колдонуп көзөмөлдөө долбоорун ишке ашырууда  чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражаттар көзөмөлдөн сырткары калат. Ошондуктан аларды убактылуу эсепке коюу жана алар жол жүрүү эрежелерин бузганда айып тагуу үчүн ушул мыйзам долбоорунда мындай транспорттук каражаттарды акысыз түрдө убактылуу каттоо жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы убактылуу турган жеринин дарегин тактоо сунушталып жатат. Кыргыз Республикасынын аймагында айыппулдар, башка төлөмдөр боюнча карыздары  болбогон учурларда, чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражат Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып бара жатканда транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасынан автоматтык түрдө чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын жолдорунун эскиришин жана аба чөйрөсүнүн булганышын компенсациялоо максатында мыйзам долбоорунда, эгерде транспорттук каражат Кыргыз Республикасынын аймагында 10 суткадан ашык болсо, транспорт салыгын төлөтүү сунушталууда.

 Жолдо жүрүү эрежелерин сактоону видеорегистраторлорду колдонуп көзөмөлдөө долбоорун ишке ашырууда негизги көйгөй маселе болуп транспорттук каражаттын жаӊы менчик ээсинин дареги саналат. Анткени, транспорттук каражаттардын жаӊы менчик ээлери транспорттук каражаттарды каттоону атайылап татаалдаштыруудан улам транспорттук каражатты каттоодон өткөрбөстөн, башкача жолдорду издешет.

Ошондуктан, жолдо жүрүү эрежелерин сактоону видеорегистраторлорду колдонуп көзөмөлдөө долбоорунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мыйзам долбоорунда транспорттук каражатты анын техникалык паспортун жана номердик белгисин алмаштырбастан кайра тариздөө учурларында транспорттук каражаттарды акысыз негизде каттоону киргизүү сунушталып жатат.

Шаарларыбызда эртеӊ менен жана кечинде жолдордун жүрмө бөлүгүнүн тарышынан улам тыгындар пайда болот. Жолдордун тарышы алардын жүрмө бөлүгүндө акы төлөмө жана стихиялуу парковкаларды уюштуруудан улам келип чыгат. Жолдордун жүрмө бөлүгүндө уюштурулган парковкалар жөөлөрдүн жана машина  айдоочулардын өмүрү үчүн коркунучтуу кырдаалдарды түзүүнүн булагы болуп саналат. Ошондуктан мыйзам долбоорунда аялдамаларды, парковкаларды  жолдордун жүрмө бөлүгүнөн сырткары уюштуруу сунушталууда. Шаарларыбызда коомдук транспорттун бардык аялдамалары жолдордун жүрмө бөлүгүнөн сырткары уюштурулган, ошондуктан бул норманы ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды чыгымдоо каралбайт.

Бул мыйзам долбоорунда  объекттерди долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууга кабыл алууда жөө өтмөлөрдү жана жеткиликтүү парковкаларды уюштурууну эсепке алуу сунуш кылынууда.

Транспорттук каражаттарды убактылуу каттоо, жолдордун жүрмө бөлүгүндө парковкаларды уюштурууга тыюу салуу, жеткиликтүү парковкаларды долбоорлоо жана куруу жөнүндө нормалар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларында бар, бирок, тилекке каршы, бул нормалар    азыркы убакта одоно бузулууда жана алардагы боштуктардан жана так эместиктерден улам аткарылбай жатат. Ошондуктан, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда  боштуктарды толтуруу жана редакциялык тактоо жүргүзүлдү.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтына жайгаштырылды. Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына. мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле
эл аралык мыйзамдардын нормаларына жана принциптерине туура келет.

Сунушталып жаткан  мыйзам долбоорунун  нормалары колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын нормаларына каршы келбейт.

Мыйзам долбоору укуктук, укук коргоочулук. антикоррупциялык. экологиялык жана гендердик экспертиза жүргүзүүнү талап кылбайт. Ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан анын жөнгө салуу таасирин талдоонун зарылдыгы жок.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу  республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин депутаты                                                 А. Назаров

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталып жаткан редакция

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

24-статья. Автомототранспорт каражаттарын каттоонун жана эсепке алуунун шарттары

1. Юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын граждандары өздөрүнө таандык болгон автомототранспорт каражаттарын, алардын техникалык абалына карабастан, алган учурдан баштап 5 күндүк мөөнөт ичинде каттоодон же, тийиштүү зарылдык келип чыкса, кайта каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

1-1. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алынып келинген жана пайдаланылып жаткан жер үстүндө жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого жатат.

2. Бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, мотоциклдер, мотоколяскалар, моточаналар, мопеддер каттоого жатат:

- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб.смден кем эмес;

- максималдуу конструктивдик ылдамдыгы саатына 50 кмден ашкан;

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү·үчүн арналган электр кыймылдаткычы бар жүк көтөрүмдүүлүгү 500 кгдан ашкан.

Тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, транспорт каражаттары менен сүйрөлүүчү чиркемелер, жарым чиркемелер да каттоого жатат..

3. Граждандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаттары бир гана ээлик кылуучуга катталат.

4. Юридикалык же жеке жактарга таандык болгон тракторлор, трактор прицептери, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар стационардык технологиялык установкалар транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрү тарабынан каттоодон өткөрүлөт.

5. Белгиленген тартип боюнча каттоодон өткөрүлбөгөн аталган транспорт каражаттарын пайдаланып иштетүүгө тыюу салынат.

5. Транспорттук каражатты каттоодо жана кайра каттоодо транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорттук каражатты мамлекеттик каттоо жөнүндө техникалык паспорт берилет, анда  кайра каттоо үчүн графалар (кийинки менчик ээлери жана номердик белгилери жөнүндө) жана техникалык кароолор жөнүндө графалар болот.

6. Белгиленген тартип боюнча каттоодон өткөрүлбөгөн аталган транспорт каражаттарын пайдаланып иштетүүгө тыюу салынат.

24-1-cтатья. Катталган транспорт каражаттарынын маалыматтар базасы

1. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган транспорт каражаттарын маалыматтардын электрондук базасына киргизүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган укук коргоо органдарынын, салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин жана башка кызмат адамдарынын маалыматтардын электрондук базасына оперативдүү жеткиликтүүлүгүн уюштурууга милдеттүү.

       3. Транспорттук каражаттын мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө техникалык паспортту жана номердик белгини алмаштырбастан транспорттук каражатты кайра каттоо же эсепке коюудан чыгаруу транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз негизде, катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасында жүргүзүлөт.

242-статья. Автомототранспорттук каражаттарды эсепке убактылуу коюу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй автотранспорттук жана транспорттук каражаттар убактылуу эсепке милдеттүү түрдө коюлат:

1.1. чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган;

1.2. ишеним каттын негизинде айдап жүрүлүүчү, пайдаланылуучу жана (же) тескелүүчү.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, убактылуу эсепке (каттоого) коюлган транспорттук каражаттарды пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу катталган транспорттук каражаттарга тиешелүү укуктарда жана милдеттүүлүктөрдө транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга болот.

2. Транспорттук каражаттык убактылуу эсепке коюу жана андан чыгаруу транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акысыз негизде, катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасында жүгүзүлөт. Электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана кармап туруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн, чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган  транспорттук каражаттарды убактылуу эсепке коюу жана андан чыгаруу боюнча ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын чек арасында турган кызматтарга аларга өткөрүп берилүүчү ыйгарым укук катары берилиши мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айып пулдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка карыздары  болбогон же төлөнгөн учурларда, чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражат Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып бара жатканда транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы катталган транспорттук каражаттардын электрондук маалыматтар базасынан автоматтык түрдө чыгарылат.

5. Чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген же чек арасын кесип өтүүчү транспорттук каражатты айдап жүрүүчү адам же транспорттук каражаттын менчик ээси транспорттук каражатты электрондук маалыматтар базасында убактылуу эсепке коюу үчүн төмөндөгүлөрдү берет:

а) чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты мамлекеттик каттоо жөнүндө техникалык паспортту;

б) жарандык же кызматтык же дипломатиялык паспортту (аскердик билетти – аскер кызматчылары, ырастаманы – укук коргоо органдарынын кызматкерлери);

в) жол жүрүү эрежелерин бузгандыгына айыппул салууларды, башка маалыматтарды жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы дарегин, телефонун (транзиттегилер үчүн). Транспорттук каражатты айдап жүрүүчү адам же анын менчик ээси так эмес даректи же телефон номерин берген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

6. Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты ишеним каттын негизинде айдап жүрүүгө жана (же) тескөөгө укугу бар адам транспорттук каражатты электрондук маалыматтар базасында убактылуу эсепке коюу үчүн төмөндөгүлөрдү берет:

а) транспорттук каражатты мамлекеттик каттоо жөнүндө техникалык паспортту;

б) жарандык же дипломатиялык паспортту;

в) ишеним катты.

7. Чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты убактылуу эсепке коюуда жана андан чыгарууда убактылуу каттоо же андан чыгаруу жөнүндө дүмүрчөк берилет, аны транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражатты ишеним каттын негизинде айдап жүрүү жана (же) тескөө учурларында убактылуу каттоо же андан чыгаруу жөнүндө белги ишеним катка коюлат. Ишеним каттын негизинде  убактылуу каттоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишеним каттын колдонулуу мөөнөтүнө туура келет.

8. Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган, убактылуу эсепке коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагында 10 суткадан ашык болгон транспорттук каражаттарды айдап жүрүүчүлөр же тескөөчүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген транспорттук салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

9. Чет мамлекеттин аймагындагы  жашап турган жерин таштап кеткен жарандарга таандык болгон же Кыргыз Республикасынын жарандары ишеним каттын негизинде пайдалануучу жана (же) тескөөчү, эсептен чыгарылбаган транспорттук каражаттар убактылуу же туруктуу катталышы мүмкүн.

10. Чет мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө катталган транспорттук каражаттын менчик ээси же Кыргыз Республикасынын мындай каражатты ишеним каттын негизинде  пайдалануучу жана (же) тескөөчү жараны кайрылган учурларда  транспорттук каражаттарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 айдан ашпаган мөөнөттө транспорттук каражатты каттоонун аныктыгына жана бул транспорт каражатын мурдагы катталган орду боюнча эсептен чыгаруунун мүмкүндүгүнө текшерүү жүргүзөт.

Бул текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча транспорттук каражат Кыргыз Республикасында транспорттук каражаттарды кайра каттоонун тартибине жана шарттарына ылайык туруктуу каттоого коюлат, ага Кыргыз Республикасында мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө техникалык паспорт жана номер берилет.

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3-статья. Автомобиль жолу, автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн тилке жана автомобиль жолдорунун көзөмөлдөнүүчү зонасы түшүнүктөрү

Автомобиль жолу - транспорт каражаттарын ченемдик укуктук актылар аркылуу чектелген ылдамдык, салмак жана көлөм менен коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүнө арналган инженердик курулмалар комплекси.

       Жүрмө бөлүк – жолдун рельсте жүрбөөчү транспорттук каражаттардын жүрүүсүнө арналган элементи.

27-статья. Автомобиль жолдорун пайдаланууга тыюу салуу

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жана жол тилкесинде буларга тыюу салынат:

- таманы өркүндөтүлүп төшөлгөн жолдор менен каз таман транспорттун, дөңгөлөктөрүндө урчуктары, темир текөөрү, темир тикенектери, чынжыры, дагы башкасы бар машиналардын жана механизмдердин жүрүшүнө;

- жолдорду жана жол курулмаларын тышкаркы предметтер менен бөгөттөп, булгоого, жол-транспорт кырсыктарында каза болгондорду эскерүүгө тургузулган эстелик плиталарды жана мамыларды орнотууга, жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен керектен чыккан автотранспорт каражаттарынын кузовдорун, каркастарын коюуга, жол бетинде айыл чарба продуктыларын кургатууга, ошондой эле жол бетине акыр-чикирди, карды төгүүгө, материалдарды жыюуга;

- күйүүчү-майлоочу материалдардын, химиялык заттардын, битумдун төгүлүшү мүмкүн болгон иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жол үстүндө материалдарды жүктөөгө жана түшүрүүгө;

- кум, шагыл алууга;

- жыгач көпүрөлөрдө жана таманы жыгачтан жасалган көпүрөлөрдө от жагууга, тамеки тартууга;

- мал жаюуга, ошондой эле атайын чектелбеген жана жабдылбаган жерлерде жол аркылуу малды айдап өтүүгө;

- жерлерди айдоого, чөп чабууга, бак-даракты кыюуга;

- көпчүлүк эс алуучу жайга айландырууга;

- канализациядан, өнөр жай объекттеринен жана арыктагы сууларды суу бөлгүч курулмаларга жана резервдерге кое берүүгө;

- атайын чектелбеген жерлерде жолго кирүүгө жана андан бурулуп чыгууга;

- жол четинде соода жүргүзүүгө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарынын макулдугусуз жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же атайын ыйгарым укук берилген жол органдарынын тиешелүү уруксатысыз жалпы пайдалануудагы жолдордо жана контролдонуучу зоналарда төмөндөгүдөй операцияларды жасоого тыюу салынат:

- геологиялык, чалгындоочулук, курулуштук, мелиоративдик, айыл чарбачылык, дагы башка жумуштарды жүргүзүүгө, байланыш жана электр линияларын, дагы башка коммуникацияларды өткөрүүгө;

- туруктуу жана убактылуу негизги жолго кирүүчү жана андан чыгуучу имерилиштерди, башка жолдор менен жанаша кетүүчү жана алар менен кесилишүүчү жерлерди курууга;

- жол кыймылынын коопсуздугуна тиешеси жок белгилерди, көрсөткүчтөрдү, көрнөктөрдү жана ураандарды жол тилкесинде орнотууга;

- темир жол өтмөктөрүн, плотиналарды, шлюздарды, кудуктарды, дагы башка мелиоративдик жана гидротехникалык курулмаларды курууга, оңдоп курууга, оңдоого жана жоюуга, дарыялардын нугун жана суу куюлуучу жерлерди тереңдетүүгө;

- көпүрө-өтмөктөрдүн, эстакадалардын алдына транспорт каражаттарын жайгаштырууга;

- таманына катуу заттар төшөлгөн жолдордо автомобиль, трактор, дагы башка өзү жүрүүчү жана чиркегич транспорт каражаттарын сыноого;

- бак-дарак тигүүгө, транспорт каражаттарын, токтотуу жана жууш үчүн сервис объекттерин салууга;

- киоск, павильон, дагы башка ушуга окшогон башка курулмаларды жайгаштырууга;

- спорт мелдештерин (кросс, авто- жана мото жарыш, дагы башка көпчүлүк иш-чаралары) өткөрүүгө;

- шлагбаумдарды коюуга.

Темир жол өтмөктөрүн куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана жоюу учурунда Кыргыз темир жолунунун бул иштерди анын Башкармалыгы менен кошумча иретинде макулдашуу талап кылынат.

Ушул статьяда саналып өткөн тыюу салуулар жана чектөөлөр транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткарып жаткан жол чарба ишканаларына таралбайт.

Муниципалдык жолдорун, жеке менчик автомобиль жолдорун пайдаланууга чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволор, менчик ээлери тарабынан коюлат.

Менчигинин формасына карабастан автомобиль жолдорунун жүрмө бөлүгүндө аялдамаларды, токтомолорду (парковкаларды) уюштурууга, жайгаштырууга жол берилбейт. Токтомолор (парковкалар), аялдамалар жолдордун жүрмө бөлүгүнүн чегинен сырткары уюштурулат жана жайгаштырылат.

Темир жол өтмөктөрүн куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана жоюу учурунда Кыргыз темир жолунунун бул иштерди анын Башкармалыгы менен кошумча иретинде макулдашуу талап кылынат.

Ушул статьяда саналып өткөн тыюу салуулар жана чектөөлөр транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткарып жаткан жол чарба ишканаларына таралбайт.

Муниципалдык жолдорун, жеке менчик автомобиль жолдорун пайдаланууга чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволор, менчик ээлери тарабынан коюлат.

«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

16-статья. Шаар куруу комплекстери

1. Турак үйлөрдү, коомдук, өнөр жай имараттарын жана башка курулуштарды долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга кабыл алуу, шаар куруу комплекстери түрүндө жүзөгө ашырылат.

Турак үйлөрдүн, калкты тейлөө менен байланышкан башка имараттардын жана курулуштардын тобу жана алар жайгашкан инженердик жабдуулардын жана чөйрөнү ыңгайлаштыруунун элементтеринин зарыл түрлөрү менен камсыз кылынган аймак шаар куруу комплекси болуп эсептелет.

2. Шаар куруу комплекстеринин курамы жана чек аралары аймактын көлөмдүк-мейкиндикте уюштурулушунун долбооруна - деталдык пландаштыруунун долбооруна ылайык аныкталат.

3. Аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жолдорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин курууну баштоого жол берилбейт.

4. Ар кандай заказчылардын курулушка үлүштүк катышуусунун жана шаар куруу комплексинин инженердик-техникалык жана транспорттук структурасын пайдалануунун тартиби "Шаар куруу комплекси жөнүндө Жобо" тарабынан аныкталат.

11. Турак үйлөрдү, коомдук, өнөр жайлык имараттарды жана башка курулмаларды коопсуз жөө жолдорсуз жана транспорттун жеткиликтүү парковкаларысыз долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга кабыл алууга жол берилбейт.

2. Шаар куруу комплекстеринин курамы жана чек аралары аймактын көлөмдүк-мейкиндикте уюштурулушунун долбооруна - деталдык пландаштыруунун долбооруна ылайык аныкталат.

3. Аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жолдорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин курууну баштоого жол берилбейт.

4. Ар кандай заказчылардын курулушка үлүштүк катышуусунун жана шаар куруу комплексинин инженердик-техникалык жана транспорттук структурасын пайдалануунун тартиби "Шаар куруу комплекси жөнүндө Жобо" тарабынан аныкталат.

19-статья. Чөйрөнү ыңгайлаштыруунун объектилери жана элементтери

Монументалдык, декоративдик-көркөм өнөр объектилери, жашоо чөйрөсүнүн, сезондук көчө соодасынын, жашылдандыруунун, суу чыгаруунун жана ирригациянын жабдылышы жана дизайны, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын жабдуулары чөйрөнү ыңгайлаштыруунун объектилери жана элементтери болуп саналат.

19-статья. Чөйрөнү ыңгайлаштыруунун объектилери жана элементтери

Монументалдык, декоративдик-көркөм өнөр объектилери, жашоо чөйрөсүнүн, сезондук көчө соодасынын, жашылдандыруунун, суу чыгаруунун жана ирригациянын жабдылышы жана дизайны, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын убактылуу (меймандык) аялдамаларды, токтомолорду (парковкаларды) кошуп алгандагы жабдуулары чөйрөнү ыңгайлаштыруунун объектилери жана элементтери болуп саналат.

21-статья. Талаптардын түрлөрү

Шаар куруу жана архитектура объектилерине:

- архитектуралык-көркөм;

- функционалдык-пландаштыруу;

- инженердик-техникалык;

- эксплуатациялык;

- экологиялык талаптар коюлат.

- транспорттук (жакындама, жөө жүрмө жолдор, парковкалар);

- экологиялык талаптар коюлат.

25-статья. Эксплуатациялык талаптар

Шаар куруу жана архитектура объектилерине: алардын пайдаланышынын нормативдик мөөнөтүн камсыз кылуу, модернизациялоо жана эксплуатациялык талаптарды камсыз кылуу, баштапкы сырткы турпатын сактоо, инженердик-техникалык коммуникациялар, системалар жана жабдуулар менен бирге аймакты план ченемдүү реконструкциялоо сыяктуу пайдалануу боюнча талаптар коюлат.

25-статья. Эксплуатациялык талаптар

Шаар куруу жана архитектура объектилерине: алардын пайдаланышынын нормативдик мөөнөтүн камсыз кылуу, модернизациялоо жана эксплуатациялык талаптарды камсыз кылуу, баштапкы сырткы турпатын сактоо, инженердик-техникалык коммуникациялар, системалар жана жабдуулар, жөө жолдор, транспорттун парковкасы менен бирге аймакты план ченемдүү реконструкциялоо сыяктуу пайдалануу боюнча талаптар коюлат.

45-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укук бузууларынын түрлөрү

Төмөндөгүлөр:

- калк жашаган пункттардын жашоо-турмуш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү;

- маалымат берүүдөн баш тартуу;

- аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Жер кодексинин, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзам актыларынын талаптарын сактабоо;

- тарых, маданият, шаар куруу жана архитектуралык комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын долбоорлорун бузуу;

- имараттардын жана курулуштардын бекемдигин, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү бузуу;

- автордун уруксатысыз архитектуралык долбоорду жайылтуу же кайталап пайдалануу, долбоорду өзгөртүү, ошондой эле курулган имараттар менен курулуштардын архитектуралык-пландоо чечимдерин өзгөртүү;

- имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем деп" куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, бузуу курулуштардын архитектуралык чечилишин, деталдарын жана элементтерин өзгөртүү;

- курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин бузуу;

- долбоорлорду макулдашуу эрежелерин бузуу;

- курулушка уруксат берүүнүн эрежелерин бузуу;

- этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуунун эрежелерин бузуу;

- экспертизанын жактырылсын деген тыянак корутундусу болбогон учурда курулушту же реконструкциялоону жүзөгө ашыруу;

- ар кандай объектилердин багытын "өзүм билем деп" өзгөртүп куруу;

- долбоорлоонун нормаларын жана эрежелерин бузуу;

- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу;

- курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу;

- объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин бузуу;

- сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясы үчүн акы төлөө;

- шаар куруу-архитектура ишин лицензиясыз жана сертификатсыз жүзөгө ашыруу;

- аймактардын, имараттардын жана курулуштардын функционалдык багытын өзгөртүү;

- архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын аткаруудан баш тартуу шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар болуп таанылат.

- тургундарга жеткиликтүү арзан болгон, транспорт үчүн парковкалардын болбошу;

Көрүүлөрдүн саны : 162