2017-жылдын 26-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

26-10-2017 14:26

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) (демилгечи – депутат Жапаров А.Ү.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 519 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.09.17деги № 629 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 557 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 566 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) (демилгечилер – депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Жапаров А.Ү., Масалиев И.А., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Сурабалдиева Э.Ж., Токтошев Э.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – Өкмөт, 16.05.17деги № 292 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Жеенчороев М.К.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)



Көрүүлөрдүн саны : 162