2017-жылдын 25-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

25-10-2017 16:25

 

 

1. “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 718 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.06.17деги № 367 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.09.17деги № 548 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 502 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду денонсациялоо (колдонулушун токтотуу) жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.10.17деги № 681 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 178