“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (I бөлүк ), «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасыны Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 24-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлат

24-10-2017 12:14

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты М.Бакиров

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 66-13-28

Каттоо  № 6-20394/17      23.10.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (I бөлүк ), «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасыны Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-статьянын 2-4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

« 2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участоктор:

а) жер титирөөнүн, жылышуунун, көчкүнүн, суу ташкыдарнынын, пайдалалуу кендерди казып алуунун кесепетинен жер бети бузулган жер участоктору;

2) эродирленген, абдан нымдалган, жогорку кычкылданган же шор басылган, кыртыштын жана башканын химиялык заттар менен бузулган башка жер участоктору

3) баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участоктору;»;

1-статьянын 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери – бонитетинин баллы төмөн, башынан анча калыӊ эмес жана түзүмсүз кыртыш катмары бар жана аларды мелиоративдик жакшыртуу боюнча долбоорлоочу инвестициялык чыгымдарды талап кылуучу айыл чарба жерлери;».

4-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Айыл чарбалык өздөштүрүүгө пайдаланууга берилген жана алар өздөштүрүлгөндөн кийин, жана айдоо аянты же көп жылдык мөмө-жемиш бактары катары өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине которулгандан кийин жеке менчикке берүүгө мүмкүн болгон асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерди албаганда, жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши  мүмкүн эмес.».

30-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  «5. Айдоо жерлерине жана көп жылдык жемиш бактарынын ортосунда калган жана ага кирип турган жеке менчиктеги чабынды жана асылдуулугу төмөн жайыттардын участоктору жана алар өздөштүрүлгөндөн кийин жана өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине которулгандан кийин (айдоо жери же көп жылдык мөмө-жемиш бактары) менчикке берилиши мүмкүн.»;

32-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына келечекте менчикке берилиши мүмкүндүгү менен аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.

Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери бекитилген өздөштүрүү долбооруна ылайык, берилген жер участогу өздөштүрүлгөндүгү фактысын тастыктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунан кийин гана берилет.»;

66-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген үч жылдын ичинде жер участогун пайдаланбоо же жер участогунун бир бөлүгүн пайдаланбоо;»;

66-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:

«3-1) бекитилген өздөштүрүү долбоорунда көрсөтүлгөн өздөштүрүүгө берилген мөөнөттүн ичинде, бирок 5 жылдан ашпаган айыл чарба багытындагы асыдуулугу төмөн жер участогун пайдаланбоо;».

2-берене

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

233-1-статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«233-1-статья. Жерге болгон менчик укугу жөнүндө жалпы жоболор

Жер участогу менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болушу мүмкүн. Асылдуулугу төмөн жайыттарды албаганда, жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес. ».

3-берене

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркинтоо” газетасы, 2009-ж., 6-февраль, № 9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

«Асылдуулугу төмөн жайыттар – баштапкы бонитетинин баллы 20 ашпаган, түшүмдүүлүгү тоют бирдигинде 0,8 ц/га болгон, саздакталган, бадал баскан, суу жана шамал эрозиясынын натыйжасында бузулууга учуруган, өтө чаржайыт, таштактуу, эродирленген, отоо чөп жана уулуу өсүмдүктөр баскан жайыттар;»;

2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-абзац менен толукталсын:

«Асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдалануу – асылдуулугу төмөн жайыттарды келечекте бул жерлерди тийиштүү түрдөгү өзгөчө баалуу айыл жерлерине которуу менен (айдоо жерлери жана көп жылдык мөмө-жемиш бактары) айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилиши;».

4-берене

«Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1999-ж., № «, 77-ст.) төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 104-1-статья менен толукталсын:

«104-1-статья. Айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү боюнча иш-чараларды аткарбоо

Асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү долбоорунда бекитилген мөөнөттөрүнө ылайык, өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү боюнча иш-чараларды аткарбоо –

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, кызмат адамдарына – төрт жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.».

546-5-статьянын 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«546-5-статья. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 69, 75-77, 79, 88, 99, 104, 104- 1, 106-117, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 125-127, 132-134, 136, 144, 159, 161-169, 171-184, 193, 196, 383, 396-399, 410, 419, 419-1, 432-434, 440-451, 453, 454, 455-463, 467, 468, 468-1, 469, 471, 474, 475, 477, 479, 482, 488, 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.».

5-берене

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2011-ж., 22-июль, № 59) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 жана 8-2-бөлүктөр менен толукталсын:

«8-1) келечекте бул жерлерди тийиштүү түрдөгү өзгөчө баалуу айыл жерлерине которуу менен (айдоо жерлери жана көп жылдык мөмө-жемиш бактары) асылдуулугу төмөн жерлерди айыл чарбалык өздөштүрүүгө берүү;

8-2) айыл чарба өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү этаптарына мониторинг жүргүзүү;».

6-берене

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2011-ж., 22-июль, № 59) төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-3-бөлүк менен толукталсын:

«10-3) асылдуулугу төмөн жерлер мурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген жана бекитилген өздөштүрүү долбоорунун негизинде айыл чарбалык жүргүзүүгө киргизилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде менчикке берет; ».

7-берене

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2016-ж., 29-март, № 25 ) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-абзац менен толукталсын:

«Асылдуулугу төмөн жайыттар – баштапкы бонитетинин баллы 20 ашпаган, түшүмдүүлүгү тоют бирдигинде 0,8 ц/га болгон, саздакталган, бадал баскан, суу жана шамал эрозиясынын натыйжасында бузулууга учуруган, өтө чар жайыт, таштактуу, эродирленген, отоо чөп жана уулуу өсүмдүктөр баскан жайыттар;»;

7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк  менен толукталсын:

«6) айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген жана айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизилген асылдуулугу төмөн жерлерди ыйгарым укуктуу органдардын корутундусунун негизинде бекитилген өздөштүрүү долбооруна ылайык андан баалуу айыл чарба жерлердин категориясына которот.».

8-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (I бөлүк), «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасыны Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Жайыттарды пайдаланууга берүүнүн жана асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылардан улам, азыркы учурда асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин айыл чарбалык өздөштүрүүгө алууга мүмкүн эмес деп тыянакка келүүгө болот.

Мамлекет үчүн асылдуулугу төмөн, бузулган жайыттарды өздөштүрүп жана аларды айдоо жерлерине жана көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүүсү пайдалуу болот эле. Азыркы айыл чарба жерлеринин туруктуу бузулуп жаткан жана ушуну менен бирге фермерлерде кошумча жерлерди пайдалануга керектөөсү жогорулап жаткан шарттарда асылдуулгу төмөн жайыттарды, жер кыртышын сактап калуу жана калыбына келтирүү калыптанган механизмдерин кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду.

         Аталган көйгөйлөрдүн актуалдуулугу иш жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары айыл чарба багытындагы жерлерди майнаптуу башкарууга тоскооолдук кылуучу бир нече барьерлерге жана чектөөлөргө учурагандыгы менен тастыкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда өздөштүрүүгө асылдуулугу төмөн жерлерди берүү механизмдерин жөнгө салуу боюнча керек болгон компетенциясы жок. Өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү процессине контролдоонун так мехнизмедри жок.

         Кыргыз Республикасындагы жайыттар 9027 миӊ га (9 млн.га жакын) жайыттарды ээлейт. Жайыттардын жалпы аянты түшүмдүүлүгү тоют бирдиги менен 08 ц/а болгон жана аянты 500 миӊ га (0,5 млн. га жакын) түзгөн асылдуулугу төмөн жайыттарды камтыйт. Мурда, советтик  мезгилде бул жайыттар отчеттордун бөлөк графаларында эсепке алынуучу. Азыркы учурда да алар жоголуп кеткен жок, ошондуктан алардын асылдуулугу төмөн экендигин эске алып, так ошол жерлерди өздөштүрүү керек. Ушул асылдуулугу төмөн жерлердин 10 пайызы көп жылдык мөмө-жемиш бактарга өздөштүрүлсө, бул 50 миӊ га түзөт, ал азыркы Кыргыз Республикасында жемиш мөмө-жемиш бактар ээлеген жерлерден 2 эсе көп болот. Мисалы, 2015-жылдын 1-январына карата расмий статистика боюнча көп жылдык мөмө-жемиш бактар 36897 миӊ га ээлеген. Мында асылдуулугу төмөн жайыт участокторун өздөштүрүүсү канчалык келечеги бар экендиги жана анын экономикалык мааниси көрүнүп турат.

         Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүсү мультипликативдик майнапка ээ жана асылдуулугу төмөн участокту өздөштүргөн фермерге гана эмес, жалпысынан жыйынтыгында эмгектин өндүрүмдүлүгүн жогорулатууга, алынган өндүрүмдүн өздүк наркын солгундатууга жана жердин азыктулуугунун жана бардык өндүрүштүн рентабелдүлүүгүн өсүшүнө түрткү берет. Асылдуулугу төмөн жайыттардын өздөштүрүүсү салыктык базасын көбөйтүүгө, жаӊы жумушчу орундарды түзүүгө түрткү берет жана азык-түлүк коопсуздукка жетишүүдө салым кошот.

Мамлекеттин пайдасына:

1. Тикелей пайдалар: асылдуулугу төмөн жайыт участокторун өздөштүрүүдө бюджетке түшүүлөр көбөйт. Мисалы, болжолу менен жергиликтүү бюджетке жер салыгы түрүндөгү түшүүлөр 15 эсеге өсмөк. Башкача айтканда, жер салыгынын орточо коюму 1 га жайытка 12 сомго бара-бара болсо, анда көп жылыдк мөмө-жемиштер бактары үчүн ал 1 га 205 сомду түзмөк. Жана эгерде бир айыл аймакта 1000 га асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүшсө, салыктык базасы ошол эле учурда 205 000 сом болмок, бул салыштырмалуу мурда жер салыгы максималдуу түрдө 12000 суммасын түзгөн. Мындан улам, бул жерде асылдуулугу төмөн жайыттар участоктору тууралуу кеп болууда, тоют жүгүнүн аз болгондугу үчүн аталган жайыттар участоктору эч кандай пайда алып келген эмес. Жайытт пайдалануучу бирикмеде  (Жайыт комитеттери) салыктык жүк болуп келген.

2. Кыйыр пайдалар:

  • айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмдүлүүгүнүн жана жердин өнүмүдүлүүгүнүн жогорулашы;
  • өзгөчө баалуу айыл чарба жерлердин аянтарынын көбөйүшү;
  • айыл чарба жерлеринин интенсивдүрөөк пайдаланышы;
  • эрозиондук процесстердин токтотулушу;
  • багванчылыкты өнүктүрүү, бак өстүрүү жана мөмө-жер жемиш жана жемиш культураларын өстүрүү боюнча бекем тоют базасын түзүлүшү;
  • мамлекет үчүн кыйыр экономикалык пайдалардын түрү: калктын жумуштулугунун жогорулашы, калктын кирешесинин өсүшү, республиканын экспорттук дареметинин жогорулашы, айыл чарба кайра иштетүү ишканалардын иши үчүн чийки зат базасын түзүлүшү, мөмө-жер жемиш өндүрүмдүн импорттоого алмаштырылышы.

Жыйынтыгында айыл чарба жерлердин жакшырутуусу жердин өнүмдүлүүгүнүн жана бардык өндүрүштүн рентабелдүлүүгүнүн өсүшүнө түрткү берет.

Жайыттарды пайдалануучу бирикменин пайдасына

         Салык кодексине ылайык Жайыт пайдалануучу бирикме жайыттардын асылдуулугу төмөн экендигине жана пайдаланылышына карабастан жер салыгын төөлөгө тиийш. Белгилүү болгондой, асылдуулугу төмөн жайыттардын аянты 500 миӊ га түзөт. Ага ылайык Жайыт пайдалануучу бирикмеси бүгүнкү күнү 6 000 000 сом төлөйт (жер салыгынын орточо коюму 12 сом боюнча) и жана бул жөн эле салыктык жүк болуп жатат, анткени асылдуулугу төмөн жайыттар ал жерде мал багуу үчүн жетиштүү тоют бере албайт. Аталган жерлер өздөштүрүлгөн учурда, бул жерлер ашыкча салык жүгүнөн бошотулуп, жайыт массивинен чыгарылат.

         Аталган Мыйзам долбоору асылдуулугу төмөн жерлерди, анын ичинде асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү боюнча жол-жоболорду жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда кенемтелерди жана карама-каршылыктарды төмөнкүдөй жол менен жоюуга багытталган:

1. Асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүүнүн майнаптуу механизмин киргизүү, анда жергиликтүү өз алдынча органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка ыйгарым укуктуу органдардын компетенциялары так аныкталган.

2. “Асылдуулугу төмөн жерлер” жана “бузулган жерлер” деген түшүнүктөргө так аныктама берүү.

3. Өздөштүрүүгө асылдуулугу төмөн жерлерди берген административдик айып салуу түрүндө, ошондой эле, эгерде жер пайдалануучу өздөштүрүү долбоору боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаса, жерлерди алып коюу түрүндө административдик рычагдарды колдонуу мүмкүндүгү менен ыйгармы укукттуу органдар тарабынан контролдун майнаптуу механизмин колдонуу.

4. Асылдуулугу төмөн жерлерди берүүдө ыйгарым укуктуу органдын асылдуулугу төмөн экендиги жөнүндө кортунудусу болгон жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү долбоору болгон милдеттүү шарттарды киргизүү.

Ошондой белгилеп кетүү керек, аталган Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы агрардык секторду жигердүү каржылоого жол берет.

Аталган Мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларга ылайык келет, юридикалык техниканын талаптарына ылайык даярдалган.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун кабыл алынышы начарлатуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Депутат                                                                                М. Бакиров

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси (I бөлүк ), «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодекси, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз РеспубликасыныМыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;

2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;

2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери;

2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;

2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участкалар - баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участкалары;

3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу;

3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;

3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;

4) жер участогу - туташ чектелген жер аянты;

5) Көп квартиралуу үй алдындагы жер участогу - үйгө танапташ аймакты, анын ичинде бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчалары, тиричиликтик катуу калдыктарды чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды ичине алган участок жана чектери белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдиктер менен аныкталган башка участоктор;

6) жер фондусу - Кыргыз Республикасынын чектеринде болгон бардык жерлер;

7) жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) берилген, өткөрүлгөн, мураска өткөн жеке же юридикалык жак;

8) жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери;

9) жерди муниципалдык пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар;

9-1) зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;

10) чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

11) чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:

а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;

б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;

в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонуучу же башкарылуучу;

г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;

д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак;

12) жер категориясы - бир эле максат боюнча пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган жер;

13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - жайыттарды кошпогондо, бонитети төмөн жана аларды мелиоративдик жактан жакшыртууга көп чыгымдарды талап кылуучу, кыртышы начар айыл чарба жери;

14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Кодекстин 13-17, 20, 21-статьяларында көрсөтүлгөн органдар;

15) өзгөчө баалуу жерлер - сугат жана кургатылган жерлер, ургалдуу пайдаланылуучу айыл чарба жерлери (айдоо аянттары, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, жүзүмзарлар, эгилме аянттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар), коргоочу токойлор жана аларга теңештирилген жашыл бак-дарактар отургузулган жерлер, шаар четиндеги жана жашыл зоналардагы жерлер, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын тажрыйба жүргүзүүчү талаалары;

16) жер участогун бөлүү - ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде чек арасын көрсөтүү менен жер участогун накталай бөлүп берүү;

17) жер участогуна болгон укугун өткөрүп берүү - жарандык-укуктук бүтүмдөргө ылайык менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун жерге ээлик кылуудан ажыратышы же аны жарандык-укуктук бүтүмдөр аркылуу башка адамга убактылуу пайдаланууга бериши;

18) универсалдуу укук улантуу тартибинде жер участогуна болгон укуктун өтүшү - мурастоодо же юридикалык жак кайрадан уюшулганда укукту улантуучунун жер участогуна болгон укугунун пайда болушу;

19) жер участогуна укук - менчик укугу жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;

20) мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдалануу укугу - мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;

21) жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;

22) жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;

22-1) укуктук зоналарга бөлүү - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;

23) жер участогуна укугун берүү - ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга бериши;

23-1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери (мындан ары - үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;

24) короо-жай участогу (там-арка) - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан турак-жай куруу үчүн жарандарга бөлүнүп берилген, үлүш эмес, бирок, турак-жайга танапташ жаткан жер;

24-1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу;

24-2) рыноктук баа - бүтүмдүн тараптары бардык зарыл болгон маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык аракеттенгенде, ал эми бүтүмдүн баасынын көлөмүнө эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасирин тийгизбегенде, атаандаштыктын шарттарында баалоо объектиси ачык рынокто ажыратылышы мүмкүн болгон кыйла мүмкүн болуучу баа;

25) багбанчылык-чарба жүргүзүү участогу - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишканаларга, мекемелерге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жашылча-жемиштерди, анын ичинде айыл-чарба продуктуларын өндүрүү боюнча керек-жарак багбанчылык шериктештигин уюштуруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогу;

26) айыл чарба жерлери - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу, атап айтканда, айдоо аянттары, күрөөгө калтырылган жерлер, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, чабындылар жана жайыттар;

27) сервитут - адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон укугу;

28) кызматтык жер үлүшү - мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилүүчү жер участогу;

29) айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду - айыл чарба жерлеринен (жайыттардан бөлөк) жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден түзүлгөн жер участоктору;

30) жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

31) пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви - астындагы пайдалуу кендери чалгындалган, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер;

32) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу жана Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлерден жер участокторун пайдаланууга берүүчү мамлекеттик орган;

33) Күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдик, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү, сактоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган атайын жабдылган жеңил конструкциядагы курулма.

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;

2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;

2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери;

2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;

2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участоктор:

а) жер титирөөнүн, жылышуунун, көчкүнүн, суу ташкындарынын, пайдалалуу кендерди казып алуунун кесепетинен жер бети бузулган жер участоктору;

2) эродирленген, абдан нымдалган, жогорку кычкылданган же шор басылган, кыртыштын жана башканын химиялык заттар менен бузулган башка жер участоктору

3) баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участоктору;

3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу;

3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;

3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;

4) жер участогу - туташ чектелген жер аянты;

5) Көп квартиралуу үй алдындагы жер участогу - үйгө танапташ аймакты, анын ичинде бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчалары, тиричиликтик катуу калдыктарды чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды ичине алган участок жана чектери белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдиктер менен аныкталган башка участоктор;

6) жер фондусу - Кыргыз Республикасынын чектеринде болгон бардык жерлер;

7) жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) берилген, өткөрүлгөн, мураска өткөн жеке же юридикалык жак;

8) жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери;

9) жерди муниципалдык пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар;

9-1) зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;

10) чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

11) чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:

а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;

б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;

в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонуучу же башкарылуучу;

г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;

д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак;

12) жер категориясы - бир эле максат боюнча пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган жер;

13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери – бонитетинин баллы төмөн башынан анча калыӊ эмес жана түзүмсүз кыртыш катмары бар жана аларды мелиоративдик жакшыртуу боюнча долбоорлоочу инвестициялык чыгымдарды талап кылуучу айыл чарба жерлери;

14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Кодекстин 13-17, 20, 21-статьяларында көрсөтүлгөн органдар;

15) өзгөчө баалуу жерлер - сугат жана кургатылган жерлер, ургалдуу пайдаланылуучу айыл чарба жерлери (айдоо аянттары, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, жүзүмзарлар, эгилме аянттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар), коргоочу токойлор жана аларга теңештирилген жашыл бак-дарактар отургузулган жерлер, шаар четиндеги жана жашыл зоналардагы жерлер, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын тажрыйба жүргүзүүчү талаалары;

16) жер участогун бөлүү - ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде чек арасын көрсөтүү менен жер участогун накталай бөлүп берүү;

17) жер участогуна болгон укугун өткөрүп берүү - жарандык-укуктук бүтүмдөргө ылайык менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун жерге ээлик кылуудан ажыратышы же аны жарандык-укуктук бүтүмдөр аркылуу башка адамга убактылуу пайдаланууга бериши;

18) универсалдуу укук улантуу тартибинде жер участогуна болгон укуктун өтүшү - мурастоодо же юридикалык жак кайрадан уюшулганда укукту улантуучунун жер участогуна болгон укугунун пайда болушу;

19) жер участогуна укук - менчик укугу жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;

20) мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдалануу укугу - мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;

21) жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;

22) жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;

22-1) укуктук зоналарга бөлүү - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;

23) жер участогуна укугун берүү - ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга бериши;

23-1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери (мындан ары - үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ченемдик укуктук актылары;

24) короо-жай участогу (там-арка) - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан турак-жай куруу үчүн жарандарга бөлүнүп берилген, үлүш эмес, бирок, турак-жайга танапташ жаткан жер;

24-1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу;

24-2) рыноктук баа - бүтүмдүн тараптары бардык зарыл болгон маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык аракеттенгенде, ал эми бүтүмдүн баасынын көлөмүнө эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасирин тийгизбегенде, атаандаштыктын шарттарында баалоо объектиси ачык рынокто ажыратылышы мүмкүн болгон кыйла мүмкүн болуучу баа;

25) багбанчылык-чарба жүргүзүү участогу - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишканаларга, мекемелерге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жашылча-жемиштерди, анын ичинде айыл-чарба продуктуларын өндүрүү боюнча керек-жарак багбанчылык шериктештигин уюштуруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогу;

26) айыл чарба жерлери - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу, атап айтканда, айдоо аянттары, күрөөгө калтырылган жерлер, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, чабындылар жана жайыттар;

27) сервитут - адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон укугу;

28) кызматтык жер үлүшү - мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилүүчү жер участогу;

29) айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду - айыл чарба жерлеринен (жайыттардан бөлөк) жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден түзүлгөн жер участоктору;

30) жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;

31) пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви - астындагы пайдалуу кендери чалгындалган, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер;

32) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу жана Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлерден жер участокторун пайдаланууга берүүчү мамлекеттик орган;

33) Күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдик, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү, сактоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган атайын жабдылган жеңил конструкциядагы курулма.

4-статья. Жерге менчик

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот.

2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот.

Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Айылдык аймактын, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.

Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөнү:

- айылдык аймактын чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;

- шаар чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык аймактын жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат.

4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

4. Айыл чарбалык өздөштүрүүгө пайдаланууга берилген жана алар өздөштүрүлгөндөн кийин жана айдоо аянты же көп жылдык мөмө-жемиш бактары катары өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине которулгандан кийин жеке менчикке берүүгө мүмкүн болгон асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерди албаганда, жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши  мүмкүн эмес.

30-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине берилүүчү жер участогунун чектелүү өлчөмдөрү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери (айдоо жер, көптөн бери пайдаланылбаган, чөп чабындылар, көп жылдык бак-дарактар отургузулган жерлер) менен камсыз болушун эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

2. Айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө ошол айылдык аймактын аймагында жашаган, ошондой эле үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө кеминде 0,10 га жер участогу (айдоо) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары артыкчылык укугуна ээ болот.

3. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилиши мүмкүн.

4. (КР 2009-жылдын 26-январындагы N 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Айдоо жерлерине жана көп жылдык жемиш бактарынын ортосунда калган жана ага кирип турган жеке менчиктеги чабынды участоктору менчикке берилиши мүмкүн.

30-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине берилүүчү жер участогунун чектелүү өлчөмдөрү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери (айдоо жер, көптөн бери пайдаланылбаган, чөп чабындылар, көп жылдык бак-дарактар отургузулган жерлер) менен камсыз болушун эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

2. Айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө ошол айылдык аймактын аймагында жашаган, ошондой эле үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө кеминде 0,10 га жер участогу (айдоо) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары артыкчылык укугуна ээ болот.

3. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилиши мүмкүн.

4. (КР 2009-жылдын 26-январындагы N 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Айдоо жерлерине жана көп жылдык жемиш бактарынын ортосунда калган жана ага кирип турган жеке менчиктеги чабынды жана асылдуулугу төмөн жайыттардын участоктору жана алар өздөштүрүлгөндөн кийин жана өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине которулгандан кийин (айдоо жери же көп жылдык мөмө-жемиш бактары) менчикке берилиши мүмкүн.

32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү

1. Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.

2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.

3. Ушул Кодекстин 73-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жер участоктору бир жолу акысыз берилет.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга жер участоктору акысыз пайдаланууга берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын айрым юридикалык жактарына жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгү максаттар үчүн: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациалык жана тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн.

5. Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер участокторунун ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.

6. Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган

жер участогу мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт.

7. Турак үй куруу жана тейлөө жана жекече көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн акысыз жер участкасын алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары ушул укуктарын турак жай-курулуш кооперативдерин түзүү жолу менен ишке ашыра алышат. Бул учурда көп квартиралуу үй куруу үчүн жер участкалары турак жай-курулуш кооперативдерине ыйгарым укуктуу орган тарабынан бош жер болгон учурда бекер берилет.

Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруу тартиби жана аларга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участкаларын берүү Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү

1. Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет.

2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына келечекте менчикке берилиши мүмкүндүгү менен аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.

Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери бекитилген өздөштүрүү долбооруна ылайык, берилген жер участогу өздөштүрүлгөндүгү фактысын тастыктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунан кийин гана берилет.

3. Ушул Кодекстин 73-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жер участоктору бир жолу акысыз берилет.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга жер участоктору акысыз пайдаланууга берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын айрым юридикалык жактарына жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгү максаттар үчүн: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациалык жана тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн.

5. Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер участокторунун ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет.

6. Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган

жер участогу мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт.

7. Турак үй куруу жана тейлөө жана жекече көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн акысыз жер участкасын алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары ушул укуктарын турак жай-курулуш кооперативдерин түзүү жолу менен ишке ашыра алышат. Бул учурда көп квартиралуу үй куруу үчүн жер участкалары турак жай-курулуш кооперативдерине ыйгарым укуктуу орган тарабынан бош жер болгон учурда бекер берилет.

Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруу тартиби жана аларга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участкаларын берүү Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

66-статья. Жер участогун алып коюунун негиздери

1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:

1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;

2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);

3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;

4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбоо;

5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;

6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.

7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).

2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларында каралган учурларда жер участогун алып коюу аны алып коюуга жана сатууну жүргүзүүнү уюштурууга байланыштуу чыгымдарды чыгарып салуу менен жер участогунун эсине жер участогуна болгон укуктун наркын төлөп берүү менен жүргүзүлөт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4, 5, 6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча алынган жер участогу сатуу үчүн соодага коюлушу мүмкүн.

Эгерде жер участогуна укукту сатуу боюнча соода болгон жок деп табылса, жер участогуна болгон укук жер участогунун ээсине же жерди пайдалануучуга жердин сооданы өткөрүү учурундагы рыноктук баасы боюнча төлөнүп берилүү менен ыйгарым укуктуу органга өтөт.

4. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.

5. Жер салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төкпөгөн учурда жер участогун алып коюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде} белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу акылары төлөнбөгөн учурда жер участогун алып коюу "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

66-статья. Жер участогун алып коюунун негиздери

1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:

1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;

2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);

3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген үч жылдын ичинде жер участогун пайдаланбоо же жер участогунун бир бөлүгүн пайдаланбоо;

3-1) бекитилген өздөштүрүү долбоорунда көрсөтүлгөн өздөштүрүүгө берилген мөөнөттүн ичинде, бирок 5 жылдан ашпаган айыл чарба багытындагы асыдуулугу төмөн жер участогун пайдаланбоо;

4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбоо;

5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;

6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.

7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).

2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларында каралган учурларда жер участогун алып коюу аны алып коюуга жана сатууну жүргүзүүнү уюштурууга байланыштуу чыгымдарды чыгарып салуу менен жер участогунун эсине жер участогуна болгон укуктун наркын төлөп берүү менен жүргүзүлөт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4, 5, 6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча алынган жер участогу сатуу үчүн соодага коюлушу мүмкүн.

Эгерде жер участогуна укукту сатуу боюнча соода болгон жок деп табылса, жер участогуна болгон укук жер участогунун ээсине же жерди пайдалануучуга жердин сооданы өткөрүү учурундагы рыноктук баасы боюнча төлөнүп берилүү менен ыйгарым укуктуу органга өтөт.

4. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.

5. Жер салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төкпөгөн учурда жер участогун алып коюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде} белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу акылары төлөнбөгөн учурда жер участогун алып коюу "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси

233-1-статья. Жерге болгон менчик укугу жөнүндө жалпы жоболор

Жер участогу менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болушу мүмкүн. Жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес.

Жер участогу менчигинде болгон адам тиешелүү жерлер мыйзамдын негизинде жүгүртүүдөн алынбаса же жүгүртүүсү чектелбесе, аны сатууга, белекке берүүгө күрөөгө коюуга же ижарага берүүгө жана аны башкача ыкма менен тескөөгө (222-статья) укуктуу.

Жер участогунун универсалдуу укук мурастоо тартибинде башка бирөөгө өтүшү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен жүргүзүлөт.

Жер участогуна болгон укук акысыз же акы алуу менен алынышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбей турган же аны пайдалануу чектелген айыл чарба же башка багыттагы жерлер аныкталат. Мына ушундай жерлерге таандык кылынган жер участокторун пайдалануу анын багытында аныкталган чектерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

233-1-статья. Жерге болгон менчик укугу жөнүндө жалпы жоболор

Жер участогу менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болушу мүмкүн. Асылдуулугу төмөн жайыттарды албаганда, жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес.

Жер участогу менчигинде болгон адам тиешелүү жерлер мыйзамдын негизинде жүгүртүүдөн алынбаса же жүгүртүүсү чектелбесе, аны сатууга, белекке берүүгө күрөөгө коюуга же ижарага берүүгө жана аны башкача ыкма менен тескөөгө (222-статья) укуктуу.

Жер участогунун универсалдуу укук мурастоо тартибинде башка бирөөгө өтүшү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен жүргүзүлөт.

Жер участогуна болгон укук акысыз же акы алуу менен алынышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбей турган же аны пайдалануу чектелген айыл чарба же башка багыттагы жерлер аныкталат. Мына ушундай жерлерге таандык кылынган жер участокторун пайдалануу анын багытында аныкталган чектерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

“Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу жана башка органдар.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган.

Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия.

Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.

Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны.

Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары.

Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм.

Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы.

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план.

Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план.

Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.

Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.

Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору

Асылдуулугу төмөн жайыттар – баштапкы бонитетинин баллы 20 ашпаган, түшүмдүүлүгү тоют бирдигинде 0,8 ц/га болгон, саздакталган, бадал баскан, суу жана шамал эрозиясынын натыйжасында бузулууга учуруган, өтө чар жайыт, таштактуу, эродирленген, отоо чөп жана уулуу өсүмдүктөр баскан жайыттар;

“Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси

104-статья. Айыл чарба жерлерин отоо чөптөргө бастыруу жана жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарбоо

Айыл чарба жерлерин отоо чөптөргө бастыруу жана жерлерди жакшыртуу жана кыртышты эрозиядан жана жердин сапатына терс таасир тийгизген башка процесстерден коргоо боюнча иш чараларды аткарбоо, жерди кыртыштын бузулушуна жана жерди которуштуруп пайдалануучулардын экологиялык жагдайын начарлатууга алып келген ыкмалар менен пайдалануу, жер участокторун максатка ылайыктуу пайдаланбоо -

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

104-1-статья. Айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү боюнча иш-чараларды аткарбоо

Асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү долбоорунда бекитилген мөөнөттөрүнө ылайык, өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү боюнча иш-чараларды аткарбоо –

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, кызмат адамдарына – төрт жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

546-5-статья. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 69, 75-77, 79, 88, 99, 104, 106-117, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 125-127, 132-134, 136, 144, 159, 161-169, 171-184, 193, 196, 383, 396-399, 410, 419, 419-1, 432-434, 440-451, 453, 454, 455-463, 467, 468, 468-1, 469, 471, 474, 475, 477, 479, 482, 488, 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:

- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкы мамлекеттик инспектор жана анын орун басарлары;

- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторлор.

546-5-статья. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 69, 75-77, 79, 88, 99, 104, 104-1 106-117, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 125-127, 132-134, 136, 144, 159, 161-169, 171-184, 193, 196, 383, 396-399, 410, 419, 419-1, 432-434, 440-451, 453, 454, 455-463, 467, 468, 468-1, 469, 471, 474, 475, 477, 479, 482, 488, 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:

- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкы мамлекеттик инспектор жана анын орун басарлары;

- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторлор.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

20-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.

5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылышында мамлекеттик бийлик органдарынын усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана көмөк көрсөтүүнүн башка формаларын;

3) отчеттуулукка карата талаптарды;

4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга мамлекет тарабынан контролдонушунун механизмин.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:

1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;

2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;

4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариаттык аракеттерди жасоо;

6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;

7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;

8) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;

9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;

11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;

12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;

13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;

15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;

17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;

17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.

8-1) келечекте бул жерлерди тийиштүү түрдөгү өзгөчө баалуу айыл жерлерине которуу менен (айдоо жерлери жана көп жылдык мөмө-жемиш бактары) асылдуулугу төмөн жерлерди айыл чарбалык өздөштүрүүгө берүү;

8-2) айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүү этаптарына мониторинг жүргүзүү;

9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;

11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;

12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;

13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;

15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;

17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;

17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) тиешелүү аймакта аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;

2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорун бекитет, аларды аткарууну уюштурат жана ошол программалардын аткарылышы жөнүндө жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына отчет берет;

3) республикалык бюджеттин каражаттарын жана стратегиялык багыттагы каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

4) тийиштүү аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тийиштүү аймактагы мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууну камсыз кылат;

6) кечиктирилгис социалдык-экономикалык, экологиялык жана башка милдеттерди чечүү үчүн колдо болгон ресурстарды тартууну уюштурат;

7) өзгөчө кырдаалдарды, табигый кырсыктарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат;

7-1) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

8) жарандардын укуктарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

8-1) тиешелүү аймакта балдардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

8-2) Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин уюштурат;

9) жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды башкарууну жана программалардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

10) аймактык шайлоо комиссияларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жардамдарды көрсөтөт;

10-1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн - бир түрдөн башкасына которот;

10-2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;

11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

10-3) асылдуулугу төмөн жерлер мурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген жана бекитилген өздөштүрүү долбоорунун негизинде айыл чарбалык жүргүзүүгө киргизилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде менчикке берет;

11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр

Чарба жерлеринин түрлөрү - конкреттүү максаттар үчүн системалуу пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери боюнча айырмаланган (айдоо аянты, кысыр аңыз, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер, чабындылар, жайыттар, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана башкалар) жерлер.

Айыл чарба жана (же) токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой чарба жерлерин берүүдө же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же чарба жерлеринин түрлөрүнө которууда төлөнүүчү сумма.

Кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбаган жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу.

Арыз ээси - жер участокторун которуу жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар.

Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн арналган жерлер.

Жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу берилген, өткөрүп берилген же мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөн жеке же юридикалык жак.

Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш азыктарын алуу үчүн арналган, жасалма тигилген бактар, бадалдар үчүн (токой аянтысыз) пайдаланылуучу айыл чарба жерлери.

Жерлердин категориясы - бир эле максаттык багытта пайдаланылуучу жана пайдаланууга арналган чарба жерлеринин түрлөрүнүн жыйындысы.

Жайыттар - жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган, чөп баскан, мал жаюу үчүн жайыт катары жана башка максаттарда пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин түрү.

Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - тамырларды жок кылуу жана кийин чөп чабындыга айлантуу жолу менен пайда болгон чөптүү өсүмдүктөр баскан айыл чарба жери.

Айдоо жерлери - көп жылдык өсүмдүктөрдү эгүүнү жана таза буулантууну кошо алганда, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн системалуу иштетилген жана пайдаланылган айыл чарба жери.

Жерлерди которуу (трансформациялоо) - жердин максаттык багытын же чарба жеринин түрүн өзгөртүүнүн натыйжасында жердин категориясын өзгөртүү.

Кыртыштык-мелиоративдик абал - айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланууга жарактуулук даражасына жараша айыл чарба жерлеринин абалы.

Чабынды - чөп чабуу үчүн системалуу колдонулган айыл чарба жери.

Түп-тамырынан жакшыртылган чабынды - чымды жок кылуу жана кийин чөп айдоо жолу менен чабынды катары пайдаланылуучу айыл чарба жери.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган.

Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участогунун ээси тарабынан даярдалуучу жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ. Техникалык-экономикалык негиздеменин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жер пайдалануучу алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер.

7-берене. Жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

Райондун мамлекеттик администрациясы жер участогу жайгашкан өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен:

1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;

2) калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

3) запастагы жерлерди башка категорияларга которот;

4) өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди, транспорт жана коргоо объекттерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерди кошпогондо, жерлердин башка категорияларына которот;

5) кыйла баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын жер участокторун жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.

7-берене. Жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

Райондун мамлекеттик администрациясы жер участогу жайгашкан өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен:

1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;

2) калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;

3) запастагы жерлерди башка категорияларга которот;

4) өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди, транспорт жана коргоо объекттерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерди кошпогондо, жерлердин башка категорияларына которот;

5) кыйла баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын жер участокторун жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;

6) айыл чарбалык өздөштүрүүгө берилген жана айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизилген асылдуулугу төмөн жерлерди ыйгарым укуктуу органдардын корутундусунун негизинде бекитилген өздөштүрүү долбооруна ылайык кыйла баалуу айыл чарба жерлердин категориясына которот.

Көрүүлөрдүн саны : 172