2017-жылдын 19-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

19-10-2017 12:47

2017-жылдын 18-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Рыспаев К.Ж.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шадиев А.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Баатырбеков А.Б., Исаева Д.Ш., Сулейманов Б.И., Сабиров М.Э., Артыков А., Орозова К.Б., Жамангулов А.Ж.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 19-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

3. “2015-жылдын 20-майындагы № 106 “Согуштук абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.12.15теги № 845 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.06.17деги № 342 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.08.17деги № 519 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.09.17деги № 629 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

7. “Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 557 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

8. “2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.09.17деги № 566 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 173