2017-жылдын 21-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

21-09-2017 15:53

2017-жылдын 20-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.08.17деги № 469 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2017-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.07.17деги № 436 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.07.17деги № 447 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.08.17деги № 472 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.08.17деги № 473 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.08.17деги № 474 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.08.17деги № 475 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 21-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

8. “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.02.17деги № 84 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Примов У.Б., Өмүрбекова А.С., Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Мамашова А.Т., Байбакпаев Э.Ж., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Иманалиев К.К., Узакбаев А.О., Жамалдинов З.И.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Ж., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Төлөнов Д.Э., Султанов А.М., Зулпукаров Т.З., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Артыкбаев О.М., Токторов А.С., Абжалиев А.Т., Жумабеков Д.А., Исаева Д.Ш., Бакиров М.И., Тулендыбаев П.Р., Исмаилова А.Ж., Туманбаева Р.М., Субанбеков Б.Ж., Нурбаев А.М.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.07.17деги № 425 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.09.17деги № 556 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин биргелешкен чечими - биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 292