Кыргызстан менен Түркияда иштеген жарандар пенсия курагына келгенде стаждарды пропорционалдуу эсептөө шарттарын ишке ашыруу максаты алдыга коюлууда. Учурда кыргызстандык жарандардын 14миңге жакыны легалдуу шартта Түркияда иштеп жатышат. Ал эми түрк жарандарынын Кыргызстанда иштеп жаткан бөлүгү 5,4 миң кишини түзөт. Ошондуктан, “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн буйругунун долбоорун талкуулаган "Парламент" радиосунун күндүн тартибинде" программасы ЖК депутаты Аида Касымалиева жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров чакырылды. Маектин жүрүшү менен бул шилтемеден таанышсаңыздар болот »»»