2017-жылдын 25-августу № 1838-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө

04-09-2017 14:20

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

курамы жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Исаков Сапар Джумакадырович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Джумакадыров Темир Курмангазиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Момуналиев Нурханбек Сакенович - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;

Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;

Исраилов Улан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;

Ахметов Уран Түлөндиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;

Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;

Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

Кудайбердиева Гүлмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;

Казаков Түгөлбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;

Исакунова Таалайкул Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;

Рыскулов Уланбек Дуулатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Абасканов Нурбек Эсенканович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

 

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

 

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы
№ 1055-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага                                                                                      Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 381