2017-жылдын 25-августу № 1836-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

04-09-2017 14:06

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Исаков Сапар Джумакадырович тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

 

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага                                                                                      Ч.А. Турсунбеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 401