"Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 25-августунан тартып коомдук талкууга коюлат

25-08-2017 19:49

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.Токторов, З.Жамалдинов, К.Нурматов, К.С.Бокоев, Т.Тиллаев, У.Примов, А.Салянова, Н.Никитенко, А.Самигуллина, А.Касымалиева, Т.Икрамов, Е.Строкова, Ж.Акаев, Р.Момбеков.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-16

Каттоо  № 6-17476/17      25.08.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана  толуктоолор киргизилсин:

1. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 56-1-берене менен толукталсын:

“56-1-берене. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу. Тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү

Кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ага эмгек келишими, кошумча акы төлөө үчүн башка же ошондой кесип (кызмат орду) боюнча кошумча иш менен аныкталган иш менен бирдей эле узактыгы аныкталган жумушчу күндүн (сменанын) ичинде ага кошумча тапшырмаларды аткаруу тапшырылышы мүмкүн.

Башка кесиби (кызмат орду) боюнча кызматкерге тапшырылуучу кошумча иш кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ушундай эле кесип (кызмат орду) боюнча кызматкерге тапшырылуучу кошумча иш тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кызматкер кошумча ишти аткара турган мөөнөттүн ичинде анын мазмуну жана көлөмү кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен иш берүүчү тарабынан да белгиленет.

Кызматчы кошумча ишти аткаруудан мөөнөтүнөн мурда баш тартууга ал эми иш берүүчү – бул жөнүндө экинчи тарапты эки жума мурда (14 календардык күн) жазуу формасында эскертүү менен ишти аткаруу жөнүндө тапшырманы мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарууга укуктуу.”;

2. 71-беренеде:

1-бөлүк “(продукциялар, кызмат көрсөтүүлөр)” деген сөздөрдөн кийин “, кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү менен” деген сөздөр менен толукталсын;

2-бөлүк “кесиптерди” деген сөздөрдөн кийин “(кызмат орундарын) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

3. 166-берененин 1-бөлүгү “кесиптердин” деген сөздөрдөн кийин “(кызмат орундарын) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

4. 167-беренеде:

берененин аталышындагы (“кызмат орундарын” айкалыштыруу) деген сөздөн кийин “, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“эмгек келишими менен шартталган өзүнүн негизги иши менен бирге бир эле иш берүүчүнүн негизги ишинен бошотулбай туруп башка же ошондой эле кесиби (кызмат орду) боюнча кошумча ишти аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандыгы, тейлөө зоналарын кеңейткендиги, иштин көлөмүн көбөйткөндүгү же убактылуу жок болгон кызматчынын ордунда милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.”; 2-бөлүк “(кызмат орундарын) айкалыштыруу” деген сөздөн кийин “, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

2-берене.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., №   ,   -ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

“Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө муниципалдык кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык милдеттери менен бирге эле жумушчу мезгилинин узактыгы белгиленген күндүн ичинде ошондой эле (кызмат орду) боюнча кошумча кызматтык милдеттерди кошумча акы үчүн аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.

Ошондой эле кызмат орду боюнча кошумча кызматтык милдеттерди аткаруу кызматтык милдеттердин көлөмүн кеңейтүү жана (же) көбөйтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Муниципалдык кызматчы кошумча кызматтык милдеттерди аткара турган мөөнөттүн ичинде алардын мазмуну жана көлөмү муниципалдык кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан белгиленет.

2. 31-беренеде:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Эмгек акыга кызматтык акы, кошумча төлөөлөр, ошондой эле ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда дагы кошумча акы төлөөлөр кирет.”;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:

“12. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматчыга кошумча кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөөлөр жүргүзүлөт, ага Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленгенден төмөн болбогон эмгек акы жана анын өлчөмү кирет.”.

3. 47-берене. Төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

“15) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга же ага жүктөлгөн андай кошумча кызматтык милдеттерди аткаруудан баш тартууга байланыштуу ага кошумча кызматтык милдеттерди жүктөөгө макулдук берүүдөн муниципалдык кызматчынын баш тартуусу.”.

3-берене.

“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жергиликтүү деңгээлде алардын керектөөлөрүн баалоого муктаж болгондорду табууну жүргүзөт, анын жыйынтыгы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүкчөлөрүнө өткөрүлүп берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү аймакта кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштырууда жана уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймакта көрсөтүлүүчү кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын керектөөлөрүн баалоонун жыйынтыктарын эске алат.”.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

“Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

Ушул Мыйзам социалдык тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана финансылык негиздерин, ошондой эле аларды аткаруунун, токтото туруунун жана аткарууну токтотуунун тартибин аныктайт.

2-берене. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү мыйзамдар

Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

3-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктар

1. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кепилденген социалдык төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

1) Социалдык-турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөр:

а) уктоочу башпаанадан орун берүү;

б) эмеректерди пайдаланууга берүү;

в) жууркан-төшөктөрдү берүү;

г) ысык тамак менен камсыздоо;

2) Социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр:

а) ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүү (дененин температурасын, артериалдык басымды ченөө);

б) дарылоо-ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу;

3) Социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр:

а) психологиялык жардам көрсөтүү;

4) Социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр:

а) өзүн-өзү тейлөө, турмуш-тиричилик жана коомдук жерлерде жүрүм-турум, өзүн-өзү контролдоо, пикир алышуу көндүмдөрүнө үйрөтүү;

5) Социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр:

а) инсандыгын тастыктаган документтерди жол-жоболоштурууга юридикалык жактан көмөктөшүү;

б) юридикалык жана башка консультацияларды берүү;

6) Социалдык-маданият кызмат көрсөтүүлөр:

а) маданий эс алууларды уюштуруу;

б) маданий-массалык иш-чараларды (экскурсияларды, театрларга барууларды, фильмдерди көрүү) өткөрүү.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып берүүгө укуктуу.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды камсыздаган күндөн тартып мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттар менен ишке ашырышат.

4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартиби

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды финансылык жана башка каражаттар менен өз алдынча камсыздаган күндөн тартып аларга берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.

5-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын материалдык, финансылык жана башка ресурстар менен камсыздоо

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бирге эле аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык же башка ресурстарды да карайт.

2. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зарыл болгон финансылык жактан камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер формасында жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга карата максаттуу трансферттердин жалпы көлөмүнүн эсеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен максаттуу трансферттердин көлөмүн эсептөө усулунун негизинде жүргүзүлөт.

4. Максаттуу трансферттерге муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөө, иш сапарларына чыгымдар, кесибин жогорулатууга байланыштуу чыгымдар жана мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон башка чыгымдар кирет.

5. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү  уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.

6. Чарба иштерин (жабдууларды, объектилерди ж.б.) жүзөгө ашыруу жаатында мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттар аларды макулдашуу комиссияларында каралгандан жана пайдаланууга жарактуулугу белгиленгенден кийин өткөрүп берүүгө жатат.

Макулдашуучу комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн ичинен артыкчылыктуу башталыштарда түзүлөт. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

8. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланууга тыюу салынат.

6-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укуктары жана милдеттери

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча актыларды аткаруу үчүн милдеттүү болгон социалдык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;

2) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген максаттуу багыттар боюнча пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте төлөтүп алууга;

3) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кетирилген бузууларды четтетүү боюнча жазма буйруктарды берүүгө;

4) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сурап алууга;

5) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчётторунун формаларын, отчётторду берүүнүн мөөнөттөрүн белгилөөгө.

2. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн арналган материалдарды, финансылык жана башка каражаттарды өз мезгилинде жана толук көлөмүндө өткөрүп берүүгө;

2) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;

3) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камсыздоого;

4) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жүктөлгөн муниципалдык кызматчылардын кесибин жогорулатуу максаттарында окууларды өткөрүүгө;

5) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну жана өткөрүлүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырууга.

7-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы үчүн каралган материалдык, финансылык жана башка каражаттардын өз мезгилинде жана толук көлөмүндө өткөрүлүп берилишин талап кылууга;

2) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка жардамдарды алууга;

3) ушул Мыйзам жана “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү токтотуу жөнүндө демилгелөөгө.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;

2) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүлүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды сарамжалдуу тескөөгө, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоого;

3) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүүлөрдү тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;

4) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;

5) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчётту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;

6) кесибин жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган өткөргөн окууларга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

7) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кетирилген бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазма буйруктарын аткарууга;

8) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүлүп берилген пайдаланылбай калган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайра кайтарып берүүгө.

3. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы берилген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана көлөмүн көбөйтүү үчүн муниципалдык менчикте болгон башка материалдык ресурстарды жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоого жана (же) пайдаланууга берүүгө укуктуу.

8-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн тартиби

Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жаатындагы милдеттерди аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызматчы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жаатындагы милдеттерди аткаруу кесипти (кызмат ордун) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү жана иштердин көлөмүн көбөйтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандыгы, тейлөө зонасын кеңейткендиги, иштин көлөмүн көбөйткөндүгү үчүн мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматчыга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошумча төлөөлөр жүргүзүлөт.

9-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматчы

1. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматчы “Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик социалдык буйрутманын төмөнкүдөй формаларын пайдалануу менен аталган мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат:

1) коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо;

2) социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү.

2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасы боюнча мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашыруу жолу менен мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча муниципалдык кызматчынын ыйгарым укуктары:

1) сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери менен баалоочу баракчаны иштеп чыгат;

2) коомдук-пайдалуу долбоорлорду каржылоого сынакты түзөт жана жарыялайт;

3) сынактын шарттарын түшүндүрүү боюнча кызыкдар адамдар үчүн маалыматтык чогулуштарды өткөрөт;

4) гранттык комиссиянын түзүлүшүн уюштурат;

5) коомдук-пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сынакка катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардын арыздарын жана документтерин кабыл алууну жүзөгө ашырат;

6) сынактын катышуучуларын каттоо журналына сынактын катышуучуларын каттайт;

7) “Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген критерийлерге ылайык келип түшкөн долбоордук сунуштардын жана сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоонун гранттык комиссия тарабынан каралышын уюштурат;

8) коомдук пайдалуу долбоорлор каржыланган жана алар алган упайлар менен бирге сынактын жеңүүчүсү болгон уюмдардын аталыштарын көрсөтүү менен мамлекеттик буйрутмачынын буйругун жана рейтингдик тизмесин чыгарган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик буйрутмачынын расмий сайтына жарыялайт, ал эми расмий сайт жок болгон учурда – бул жөнүндө маалыматтык тактага аталган маалыматты жайгаштырат;

9) сынактын катышуучусунун долбоордук сунушунун негизинде коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга техникалык тапшырмаларды даярдайт;

10) сынактын жеңүүчүлөрү менен бирге коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди даярдайт;

11) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди сынактын жеңүүчүлөрү менен түзүүнү уюштурат;

12) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимде айтылган мөөнөттөрдө гранттык каражаттардын коомдук пайдалуу долбоорлорунун аткаруучулар тарабынан чегерилишин уюштурат;

13) коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоону, мониторингин жана баалоону жүзөгө ашырат;

14) мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө маалыматты расмий сайтка же мыйзамдарда каралган учурларда, - атайын порталга жайгаштырат;

15) мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашырууга алынган бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.

3. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн формасы боюнча мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашыруу жолу менен мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча муниципалдык кызматчынын ыйгарым укуктары:

1) социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматтарды жарандарга көрсөтүү жөнүндө кулактандырууну, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын (кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу жарандардын категориялары; социалдык талондорду берүүнүн тартиби жана ордун алган жери) жана социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө текстти түзөт жана жарыялайт;

2) кесиптик талаптарды жарыялоодо жазылгандарга жооп берген мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашырууга катышууну каалаган социалдык буйрутма берүүчүлөрдөн арыздарды жана зарыл документтерди кабыл алат;

3) кызмат көрсөткөндөрдү квалификациялык тандоону жүргүзөт;

4) квалификациялуу тандоодон өткөн социалдык кызмат көрсөтүүчүлөр менен социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө келишимдердин түзүлүшүн уюштурат;

5) социалдык талондун номиналдык наркын аныктайт;

6) социалдык талондордун бланкаларын даярдоо боюнча чараларды көрөт;

7) социалдык талондордун, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү ала турган социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмелерин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга берүүнү уюштурат;

8) жоголгон социалдык талондорду калыбына келтирет;

9) ар бир календардык ай аяктагандан кийин социалдык кызматтарды көрсөткөндөрдөн пайдаланылган социалдык талондорду кабыл алат жана алардын банктык эсебине социалдык талондордун номиналдык наркына бирдей болгон суммалардын чегерилишин уюштурат;

10) берилген социалдык талондордун реестрин жүргүзөт;

11) берилген социалдык талондордун, санынын, социалдык талондордун номерлерин жана колдонуу мөөнөттөрүнүн эсебин жүргүзөт;

12) “Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыкмалар менен социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө келишимдин шарттарынын социалдык кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

13) социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөргө келишимдердин аткарылышынын мониторингин жүзөгө ашырат;

14) келишимдердин шарттарынын бузулгандыгы табылган учурда социалдык кызмат көрсөтүүчүлөргө карата социалдык кызмат көрсөтүү келишиминде каралган жоопкерчилик чараларын көрөт.

10-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын жана алардын аткарылышы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын, ошондой эле берилген ыйгарым укуктардын аткарылбагандыгы же ойдогудай эмес жүзөгө ашырылгандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

11-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын токтотуунун негизи жана тартиби

1. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) ушул Мыйзамды колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

2) ушул Мыйзамдын күчүн жоготту деп таанылгандыгы жөнүндө мыйзам күчүнө киргенде;

3) ушул Мыйзамды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.

2. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын мөөнөтүнөн мурда токтотууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы демилгелөөгө укуктуу.

3. Ушул Мыйзамдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат:

1) эгерде бул мамлекеттик ыйгарым укуктар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан натыйжалуураак аткарылышы мүмкүн болгондой калыптанган шарттарда;

2) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбаган жана ушул Мыйзамдын талаптары дайыма бузулган учурда;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, эгерде бул бузуулар көрсөтүлгөн мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышын татаалдаштырган шарттарды түзсө, мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер келип чыккан учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жазуу түрүндө билдирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн себептердин аныктыгын белгилөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасын бир айлык мөөнөттө карап, ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелейт.

5. Ушул Мыйзамдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну токтотуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча төмөнкү учурларда мүмкүн:

1) эгерде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн болбосо;

2) бир же эки айдын ичинде жана андан ары аткаруудан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартканда мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды берүү токтотулуп турганда;

3) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттар үч жана андан ашык айдын ичинде берилбегенде.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган негиздер келип чыккан учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштама киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн себептердин аныктыгын белгилөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамасын бир айлык мөөнөттө карап, ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелейт.

7. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы токтотулган учурда алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулган күндөн тартып аткарылууга жатат.

8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы токтотулган учурда аларды ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген, пайдаланылбаган материалдык, финансылык жана башка каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы токтотулган күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, же республикалык бюджетке же көрсөтүлгөн каражаттар алынган каржылоонун башка булагына бир айдын ичинде кайтарылып берилүүгө жатат.

12-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын токтото туруунун негизи жана тартиби

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар менен каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо токтотулуп турган учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын токтотуп турууга укуктуу, бул жөнүндө көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын аткарылышы токтотулуп турган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу формасында билдиришет.

2. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо жандандырылган учурдан тартып алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышы беш жумушчу күндүн ичинде жандандырылат.

3. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо токтотулуп турган учурда эки айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды андан ары аткаруудан баш тартууга укуктуу.

4. Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы токтотулуп турган учурда аларды аткаруу токтотулуп турган күндөн тартып мамлекеттик ыйгарым укуктар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга жатат.

13-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Мыйзам 20    -жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) 2018-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын эки сынактык районунда мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү сыноо үчүн он миллион сом өлчөмүндөгү чыгымдарды алдын ала карасын;

3) мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн жүргүзүлгөн сынагынын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бардык органдары тарабынан мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон максаттуу финансылык жана материалдык каражаттардын суммаларынын зарыл эсебин жүргүзсүн;

4) 2019-жылга жана кийинки жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо үчүн зарыл болгон чыгымдарды алдын ала карасын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

“Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата

Маалымкат-негиздеме

“Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин (мындан ары – Комитет) 2016-жылдын 10-октябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында калктын социалдык аярлуу катмары үчүн кызмат көрсөтүүлөр рыногун туруктуу өнүктүрүү жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, ага 2017-жылдын 1-сентябрына чейин мыйзам актыларына ылайыктуу келе турган сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүүнү жөнгө салган мыйзамдарды ишке ашыруу талдоосун жүргүзүү тапшырылган.

Кандай гана өлкө болбосун, анын ичинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү көп учурда адам капиталынын сапатына, ошондой эле тикелей социалдык өнүктүрүү кирген өндүрүштүк эмес чыгымдардын көлөмүнө көз каранды. Мамлекеттин социалдык саясаты жөлөкпулдар түрүндө тикелей жардам көрсөтүү гана эмес социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн берүүдө турат, бул учурдагы чыгымдарга гана эмес келечекте мамлекеттик бюджетке келтирилген экономикалык оорчулукка да жараша болот. Чындыгында, өзү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жөнүндө гана кам көрө алган мамлекет үчүн интернаттык мекемеде андай адамдарды өмүр бою багууга караганда андай иштер көп эсеге арзан турат. Мындай чечимдер бүгүнкү күндөгү мамлекетте кеңири колдонулууга тийиш. Бирок аларды ишке ашыруу үчүн керектөөлөрдү жана жарым стационардык мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү табуу тутуму зарыл болууга тийиш. Мындай тутум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу шаарларда гана эмес эң алыскы айылдарда да кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздагандай натыйжалуу иштеши керек.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагынын 70%да муктаж жарандар – турмуштук татаал кырдаалдагы балдар жана үй-бүлөлөр, майып балдар жана улгайган адамдар үчүн жарым стационардуу мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жок. Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү баалоого 100дөн 400 миң адамга чейин муктаж, бирок бул эң аз деңгээлде гана же болбосо стационардык эмес мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүккө 2 гана пайызы камтылган.

Жетишсиз мамлекеттик каржылоо. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, альтернативдүү интернаттык кызматтарды каржылоо мамбюджеттин социалдык коргоого жалпы чыгымдардын 0,1%нан эч качан ашкан эмес. Бул жетишсиз, андыктан аталган кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоону олуттуу көбөйтүү талап кылынат. Башкача айтканда, Кыргызстандагы социалдык коргоо ар кандай жөлөкпулдарды төлөө жана интернат (стационардык) мекемелерин тейлөө формасында гана иштеп жатат.

Мамлекеттик каражаттарды интернаттык мекемелерге берүү.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын көпчүлүк бөлүгү стационардык социалдык мекемелердин ишин каржылоого жана үйүндө тейлөө боюнча социалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө жумшалат. Ал эми жарым стационардык мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого каражат мамлекеттик социалдык буйрутманын алкактарында гана бөлүнөт.

Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү табуу тутумунун жоктугу. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж артыкчылыктуу топтор: татаал турмуштук кырдаалдарга туш болгон балдар жана үй-бүлөлөр, майып адамдар, улгайган жарандар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын социалдык кызматтарга карата муктаждыктары жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн максаттуу топтун так маалыматтары жок, анткени андай керектөөлөрдү эсепке алуу тутуму түзүлгөн эмес. Керектөөлөрдү табуу жана эсепке алуу милдети ЖӨБ органдарына формалдуу жүктөлгөн, ал ойдогудай мерчемде аткарылбайт. Биринчиден, ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкаркы иштерге карабастан аларга болгон керектөөлөрдү табууга кызыкдар эмес, экинчиден мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын андай иштерин каржылабайт.

Иштеп жаткан мамлекеттик жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрүнүн туруксуздугу. Жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 72 пайызы мамлекеттик эмес мекемелер тарабынан аткарылат. Алардын көпчүлүгү коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат, эл аралык демөөрчүлөрдүн долбоорлорунун эсебинен иштейт. Бул аларды туруксуздукка алып келип, уюштуруу иштери долбоор иштеп жаткан мезгилдин ичинде гана жүзөгө ашырылат. Долбоор аяктагандан кийин көптөгөн борборлор жабылып калат. Мында бирден бир мүмкүнчүлүк мамлекеттик каржылоо – мамлекеттик социалдык буйрутма болуп саналат, бирок буйрутмаларды бөлүштүрүү өркүндөтүлбөгөндүктөн көйгөй чечилбеген бойдон калган. Жарым стационардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо тутумунун туруксуздугу кызмат көрсөтүүлөр боюнча иштердин туруксуздугуна алып келет.

Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү четтетүү жана кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумунун туруктуулугун түзүү максатында жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыккан:

-“Мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун;

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун.

Аталган мыйзам долбоорлорунун маңызы төмөнкүдөй:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын муктаждыгын жана керектөөлөрүн табуу жана бул жөнүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик социалдык кызматтарды уюштуруу боюнча өз ишин жыл сайын пландаштырууда жана бюджеттөөдө эске ала турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү;

-кепилденген мамлекеттик социалдык жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын негизинде берүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн “Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырылышы.

Кепилденген мамлекеттик социалдык жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жаңы тутумуна өтүүдө этап боюнча: а) 2018-жылы республиканын эки районунда сыноолорду өткөрүү жана (б) өткөрүлгөн сыноолордун жыйынтыктары боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл финансылык жана материалдык каражаттардын суммаларынын эсептерин чыгаруу жана 2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү иштерин жүзөгө ашыруу сунушталган.

Алдын ала эксперттик баалоолор боюнча, мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү сыноонун наркы 2018-жылы 10 170 600 сомду түзөт. Эсеп төмөнкүдөй параметрлерге негизделген:

1) кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча каржылоонун зарыл көлөмүнүн эсеби:

Өкмөттүн 2013-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө”
№ 384 токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бир адисине эмгек акы төлөөнүн эсеби:

Кызмат орду

Кошумча түйшүк, айына

Кызматтык оклад сом/айына

Kкр

K

ФОТ, сом/айына Сом менен

Кыскача коэффициенти

чегерүү

Жетектөөчү адис

2

5000

1,32

1,1725

15477

2) сыноого алынган райондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын болжолдуу санынан улам мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну каржылоонун зарыл көлөмүнүн эсеби:

Кызмат орду

Аймактык бирдиктер

ФОТ, сом/айына

ФОТтун жалпы суммасы, (сом менен)

Шаарлар

Айыл өкмөттөрү

Шаарлар

Айыл өкмөттөрү

Бардыгы сом менен

Жетектөөчү адис

1

22

15477

15477

340 494

355 971

3) эмгек акы төлөөнүн калыптанган орточо тармактык чыгымдарынын негизинде (70% жана 30%) сыноого алынган аймактарда кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга чыгымдардын жалпы суммасы 508 532 сомду түзөт.

4) “Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык мамбуйрутманы уюштуруу наркы мамбуйрутманын негизги суммасынан 5%дан ашпоого тийиш, ошондой эле мамбуйрутма мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруунун негизги формасы болгондуктан сыноого алынган аймактарда мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга кеткен чыгымдарды жалпы суммасы 2018-жылы 10 170 600 сомду түзмөкчү.

5) Мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун зарыл көлөмүн уюштурууга негиз. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга кеткен чыгымдардын жалпы суммасы 2018-жылы 10 170 600 сомду, мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тикелей чыгымдары 2018-жылы 9 662 070 сомду түзмөкчү.

Мамлекеттик жарым стационардык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарынын жалпы суммасы 9 662 070, мамлекеттик жарым стационардык социалдык тикелей кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу негизги кызматкерлердин эмгек акы фонду социалдык кызматкерлер жана педагогдор үчүн – 5 797 242 сомду башкача айтканда аталган тармакка кетирилген чыгымдардын жалпы суммасы 60%ды түзөт.

Негизги кызматкерлердин эмгегине акы төлөө фонду 5 797 242 сомду түзөт, бул 22 айыл өкмөттөрүнө жана бир шаарга эсептелген, башкача айтканда бир аймактык бирдикке 252 054 сомдон бөлүнөт.

Соцфондго жана ФОМСко чегерүүлөрдү эске алганда эмгек акынын жылдык фонду бир негизги кызматкерге карата жылына 105 525 сомду түзөт (айына 8 793,75 сом=7 500х1,1725; “Өкмөттүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги “Калкты социалдык коргоо тутумунун кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” № 170 токтому).

Андыктан ар бир аймактык бирдикте эки негизги кызматкери бар жана 10 адамды тейлөөгө эсептелген жарым стационардык социалдык мекеме каралган (252 054 сом/105 525 сом=2 кызматкер).

Кепилденген мамлекеттик социалдык жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жаңы тутумун сыноолорду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.

“Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунун кылынган толуктоолор жана өзгөртүүлөр

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

1. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 56-1-берене менен толукталсын:

"56-1-берене. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу. Тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү.

Кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ага эмгек келишими, кошумча акы төлөө үчүн башка же ошондой кесип (кызмат орду) боюнча кошумча иш менен аныкталган иш менен бирдей эле узактыгы аныкталган жумушчу күндүн (сменанын) ичинде ага кошумча тапшырмаларды аткаруу тапшырылышы мүмкүн.

Башка кесиби (кызмат орду) боюнча кызматкерге тапшырылуучу кошумча иш кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ушундай эле кесип (кызмат орду) боюнча кызматкерге тапшырылуучу кошумча иш тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кызматкер кошумча ишти аткара турган мөөнөттүн ичинде анын мазмуну жана көлөмү кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен иш берүүчү тарабынан да белгиленет.

Кызматчы кошумча ишти аткаруудан мөөнөтүнөн мурда баш тартууга ал эми иш берүүчү – бул жөнүндө экинчи тарапты эки жума мурда (14 календардык күн) жазуу формасында эскертүү менен ишти аткаруу жөнүндө тапшырманы мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарууга укуктуу).";

7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 56-1-берене менен толукталсын:

71-статья. Эмгектин колдонуудагы шарттарын өзгөртүү

Технологиядагы, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруудагы, жумуштардын (продукциялар, кызмат көрсөтүүлөр) көлөмдөрүнүн кыскарышындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу себептер боюнча эмгек иш-милдеттерин (кесип, адистик, квалификация, кызмат) өзгөртүүсүз кызматкер иштөөнү улантканда, эмгектин колдонуудагы шарттарын өзгөртүүгө жол берилет.

Эмгектин колдонуудагы шарттарын (эмгекке акы төлөө тутуму жана өлчөмү, иш режими, кесиптерди айкалыштыруу, жеңилдиктер жана артыкчылыктар жана башкалар) өзгөртүү жөнүндө кызматкер кеминде 1 ай мурда жазуу жүзүндө билдирилиши керек. Эмгектин колдонуудагы шарттарын өзгөртүүдө эмгек келишимине тиешелүү өзгөртүү жана толуктоо киргизилет.

Кызматкер жаңы шарттарда иштөөгө макул болбогон учурда иш берүүчү ага уюмдагы кызматкердин квалификациясына жана ден соолугунун абалына ылайык башка ишти жазуу жүзүндө сунуш кылууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн иш жок болгондо, сунуш кылынган иштен кызматкер баш тартса, ошондой эле жаңы шарттарда иштөөдөн баш тарткан учурларда ушул Кодекстин 79-статьясынын 8-пунктуна ылайык эмгек келишими токтотулат.

Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдай кызматкерлердин жапырт иштен бошонушуна алып келиши мүмкүн болсо, иш берүүчү жумуш орундарын сактоо максатында уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүгүнүн макулдугу боюнча, ал жок учурларда кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган толук эмес жумуш убактысынын режимин эскертүү мөөнөтүн тактабастан 6 айга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу. Мында жумуш мезгилинин узактыгы жумуш убактысынын бир айлык ченеминин жарымынан аз, ал эми эмгекке акы төлөө тарифтик ставканын (айлык акынын) 1/2 аз болушу мүмкүн эмес.

Эгерде кызматкер жумуш убактысынын тиешелүү режимдеринин шарттарында иштөөдөн баш тартса, анда ушул Кодекстин 83-статьясынын 2-пунктуна ылайык кызматкерге тиешелүү кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү менен эмгек келишими бузулат.

71-статья. Эмгектин колдонуудагы шарттарын өзгөртүү

Технологиядагы, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруудагы, жумуштардын (продукциялар, кызмат көрсөтүүлөр), кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү менен көлөмдөрүнүн кыскарышындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу себептер боюнча эмгек иш-милдеттерин (кесип, адистик, квалификация, кызмат) өзгөртүүсүз кызматкер иштөөнү улантканда, эмгектин колдонуудагы шарттарын өзгөртүүгө жол берилет.

Эмгектин колдонуудагы шарттарын (эмгекке акы төлөө тутуму жана өлчөмү, иш режими, кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү, айкалыштыруу, жеңилдиктер жана артыкчылыктар жана башкалар) өзгөртүү жөнүндө кызматкер кеминде 1 ай мурда жазуу жүзүндө билдирилиши керек. Эмгектин колдонуудагы шарттарын өзгөртүүдө эмгек келишимине тиешелүү өзгөртүү жана толуктоо киргизилет.

Кызматкер жаңы шарттарда иштөөгө макул болбогон учурда иш берүүчү ага уюмдагы кызматкердин квалификациясына жана ден соолугунун абалына ылайык башка ишти жазуу жүзүндө сунуш кылууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн иш жок болгондо, сунуш кылынган иштен кызматкер баш тартса, ошондой эле жаңы шарттарда иштөөдөн баш тарткан учурларда ушул Кодекстин 79-статьясынын 8-пунктуна ылайык эмгек келишими токтотулат.

Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдай кызматкерлердин жапырт иштен бошонушуна алып келиши мүмкүн болсо, иш берүүчү жумуш орундарын сактоо максатында уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүгүнүн макулдугу боюнча, ал жок учурларда кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган толук эмес жумуш убактысынын режимин эскертүү мөөнөтүн тактабастан 6 айга чейинки мөөнөткө киргизүүгө укуктуу. Мында жумуш мезгилинин узактыгы жумуш убактысынын бир айлык ченеминин жарымынан аз, ал эми эмгекке акы төлөө тарифтик ставканын (айлык акынын) 1/2 аз болушу мүмкүн эмес.

Эгерде кызматкер жумуш убактысынын тиешелүү режимдеринин шарттарында иштөөдөн баш тартса, анда ушул Кодекстин 83-статьясынын 2-пунктуна ылайык кызматкерге тиешелүү кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү менен эмгек келишими бузулат.

71-беренеде:

1-бөлүк "(продукциялар, кызмат көрсөтүүлөр)” деген сөздөрдөн кийин ", кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү менен” деген сөздөр менен толукталсын;

2-бөлүк “кесиптерди” деген сөздөрдөн кийин “(кызмат орундарын) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

166-статья. Ченемден четтеген шарттагы башка учурларда аткарылган жумуштарга эмгек акы төлөө

Ченемден четтеген шарттагы башка учурларда жумуштарды аткарууда (ар түрдүү квалификациядагы жумуштарды аткарууда, кесиптерди айкалыштырууда, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынын чегинен сырткары иштегенде, тункүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштегенде, талаа шартында иштегенде, кыдырма жана кыймылдуу мүнөздөгү жана башка жумуштарда иштегенде) кызматкерге жамааттык келишимде, эмгек келишиминде каралган тийиштүү кошумча акылар төлөнөт. Кошумча акылардын өлчөмү ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден төмөн болушу мүмкүн эмес.

166-статья. Ченемден четтеген шарттагы башка учурларда аткарылган жумуштарга эмгек акы төлөө

Ченемден четтеген шарттагы башка учурларда жумуштарды аткарууда (ар түрдүү квалификациядагы жумуштарды аткарууда, кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү айкалыштырууда, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынын чегинен сырткары иштегенде, тункүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштегенде, талаа шартында иштегенде, кыдырма жана кыймылдуу мүнөздөгү жана башка жумуштарда иштегенде) кызматкерге жамааттык келишимде, эмгек келишиминде каралган тийиштүү кошумча акылар төлөнөт. Кошумча акылардын өлчөмү ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден төмөн болушу мүмкүн эмес.

166-берененин 1-бөлүгү “кесиптерди” деген сөздөрдөн кийин “(кызмат орундарын) айкалыштыруу, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

167-статья. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы

Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.

Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.

167-статья. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы

Эмгек келишими менен шартталган өзүнүн негизги иши менен бирге бир эле иш берүүчүнүн негизги ишинен бошотулбай туруп башка же ошондой эле кесиби (кызмат орду) боюнча кошумча ишти аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандыгы, тейлөө зоналарын кеңейткендиги, иштин көлөмүн көбөйткөндүгү же убактылуу жок болгон кызматчынын ордунда милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.

Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.

167-беренеде:

берененин аталышындагы (“кызмат орундарын” айкалыштыргандагы) деген сөздөн кийин “, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Эмгек келишими менен шартталган өзүнүн негизги иши менен бирге бир эле иш берүүчүнүн негизги ишинен бошотулбай туруп башка же ошондой эле кесиби (кызмат орду) боюнча кошумча ишти аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандыгы, тейлөө зоналарын кеңейткендиги, иштин көлөмүн көбөйткөндүгү же убактылуу жок болгон кызматчынын ордунда милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.”;

2-бөлүк “(кызмат орундарды) айкалыштырганы” деген сөздөн кийин “, тейлөө зоналарын кеңейтүү, иштин көлөмүн көбөйтүү” деген сөздөр менен толукталсын;

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

21-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын милдеттери

1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдеттерин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттик менен аткарууга;

2) мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого;

3) эмгек тартибин сактоого;

4) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;

5) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана объективдүү чечимдерди кабыл алууга;

6) жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө токтоосуз маалымдоого;

7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кесипкөй квалификациянын зарыл болгон деңгээлине ээ болууга;

8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга;

9) мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды, анын ичинде кызмат өтөөнү токтоткондон кийин да мыйзамда белгиленген тартиптеги мезгил ичинде сактоого;

10) кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;

11) мүлктү жана менчикти сарамжал күтүүнү жана сактоону камсыз кылууга;

12) өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга;

13) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды берүүгө.

2. Мыйзамдарга ылайык кызматчынын башка милдеттери болушу мүмкүн.

3. Жетекчинин мыйзамга каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.

4. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө муниципалдык кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык милдеттери менен бирге эле жумушчу мезгилинин узактыгы белгиленген күндүн ичинде ошондой эле (кызмат орду) боюнча кошумча кызматтык милдеттерди кошумча акы үчүн аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.

Ошондой эле кызмат орду боюнча кошумча кызматтык милдеттерди аткаруу кызматтык милдеттердин көлөмүн кеңейтүү жана (же) көбөйтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Муниципалдык кызматчы кошумча кызматтык милдеттерди аткара турган мөөнөттүн ичинде алардын мазмуну жана көлөмү муниципалдык кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан белгиленет.

21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

“Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө муниципалдык кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык милдеттери менен бирге эле жумушчу мезгилинин узактыгы белгиленген күндүн ичинде ошондой эле (кызмат орду) боюнча кошумча кызматтык милдеттерди кошумча акы үчүн аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.

Ошондой эле кызмат орду боюнча кошумча кызматтык милдеттерди аткаруу кызматтык милдеттердин көлөмүн кеңейтүү жана (же) көбөйтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Муниципалдык кызматчы кошумча кызматтык милдеттерди аткара турган мөөнөттүн ичинде алардын мазмуну жана көлөмү муниципалдык кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан белгиленет.”

31-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү

1. Кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү мыйзамдарга ылайык эмгекке акы төлөөнүн бирдиктүү тутумуна негизделет.

2. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардан иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет.

3. Эмгек акы өзүнө кызматтык маянаны жана үстөктөрдү камтыйт.

4. Кызматтык маянанын өлчөмү бирдиктүү минималдуу базалык ставканы колдонуунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча белгиленүүчү коэффициенттин негизинде эсептелет.

5. Кызматчыга класстык чени жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн мыйзамдарда башка үстөктөр белгилениши мүмкүн.

7. Кызматчыга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышкан уюмдардагы жарандардын иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.

9. Убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.

10. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынан материалдык жардам, анын ичинде турак-жай берүү түрүндө көрсөтүлөт.

11. Кызматчылардын эмгек акысы мыйзамдарда белгиленген тартипте индексациялоого жатат.

31-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү

1. Кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү мыйзамдарга ылайык эмгекке акы төлөөнүн бирдиктүү тутумуна негизделет.

2. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардан иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет.

3. Эмгек акыга кызматтык акы, кошумча төлөөлөр, ошондой эле ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда дагы кошумча акы төлөөлөр кирет.

4. Кызматтык маянанын өлчөмү бирдиктүү минималдуу базалык ставканы колдонуунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча белгиленүүчү коэффициенттин негизинде эсептелет.

5. Кызматчыга класстык чени жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн мыйзамдарда башка үстөктөр белгилениши мүмкүн.

7. Кызматчыга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышкан уюмдардагы жарандардын иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.

9. Убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.

10. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынан материалдык жардам, анын ичинде турак-жай берүү түрүндө көрсөтүлөт.

11. Кызматчылардын эмгек акысы мыйзамдарда белгиленген тартипте индексациялоого жатат.

12. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматчыга кошумча кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөөлөр жүргүзүлөт, ага Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленгенден төмөн болбогон эмгек акы жана анын өлчөмү кирет.

31-беренеде:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Эмгек акыга кызматтык акы, кошумча төлөөлөр, ошондой эле ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда дагы кошумча акы төлөөлөр кирет.”;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:

“12. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматчыга кошумча кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөөлөр жүргүзүлөт, ага Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленгенден төмөн болбогон эмгек акы жана анын өлчөмү кирет.”.

47-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу

1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:

1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайра уюшулганда;

2) ээлеген кызмат орду кыскартылганда;

3) төмөнкү негиздердин бири болгондо ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө:

а) ал анын тарабынын бири болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди жасабаганда;

б) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды копшогондо, жеке өзү ишкердик иш менен алектенгенде;

в) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштегенде;

г) Этика кодексинин талаптарын, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бир нече жолу жана одоно бузганда - этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча;

д) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербегенде же болбосо билип туруп так эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде;

е) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жаап-жашырганда;

ж) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;

4) кызматчыны мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызмат менен сыйышпаган кызмат ордуна шайлаганда же дайындаганда;

5) кызматчы ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде:

а) баалоонун натыйжалары менен бышыкталган квалификациясынын жетишсиздигинде;

б) сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн учурда;

б) кызматчы эмгек тартибин төмөнкүдөй одоно бузганда:

а) ишке келбей койгондо (жумушчу күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондо);

б) кызмат орду боюнча мүлктү уурдоо, жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бүлдүрүү жасаганда;

в) ишке алкоголдук, баңгизат же башка токсикалык мас абалында келгенде;

г) кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырларды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгарганда;

д) эгерде анда мурда жоюлбаган жана алынбаган тартиптик жаза бар болсо, кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече жолу аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;

е) мыйзамда же кызматтык нускамаларда түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, саясий партияларды, диний уюмдарды түзгөндө, катышканда же кандайдыр бир формада ишине көмөк көрсөткөндө;

ж) мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук болгон иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурганда же катышканда;

7) ушул Мыйзамдын 21 жана 22-беренелеринде каралган милдеттерди жана чектөөлөрдү сактабоо фактылары белгиленгенде;

8) кызматчы мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;

9) эгерде аткаруучу кызмат орундук милдеттер мамлекеттик сырга жол берүүнү талап кылса, мамлекеттик сырга жол берүүнү токтоткондо;

10) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротациялоо тартибинде которулуудан баш тартканда;

11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

12) мамлекеттик кызматта туруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген чектик курака жеткенде;

13) Бишкек же Ош шаарынын мэри "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аны бошотууга сунуштама бергенде;

14) Бишкек же Ош шаардык кеңеши "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишенбөөчүлүк көрсөткөндө.

2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзөт.

3. Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:

1) анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда;

2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.

4. Патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусуна байланыштуу кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.

5. Кызматчы ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча иштен бошотулганда, көрсөтүлгөн орган 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

6. Кызматчыны ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылганда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.

7. Эгерде кызматчынын макулдугу менен аны башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу же болбосо штаттык кызмат ордун кыскартуу негиздери боюнча иштен бошотууга жол берилет.

8. Кызматчыны убактылуу ишке жөндөмсүз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (органды кайра уюштуруунун же штатын кыскартуунун негизинде иштен бошотууну кошпогондо) аны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт.

9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка жерде жайгашкан ведомстволук караштуулуктагы же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда, бул түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларын бошотуу мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

15) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга же ага жүктөлгөн андай кошумча кызматтык милдеттерди аткаруудан баш тартууга байланыштуу ага кошумча кызматтык милдеттерди жүктөөгө макулдук берүүдөн муниципалдык кызматчынын баш тартуусу.

2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзөт.

3. Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:

1) анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда;

2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.

4. Патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусуна байланыштуу кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.

5. Кызматчы ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча иштен бошотулганда, көрсөтүлгөн орган 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

6. Кызматчыны ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылганда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.

7. Эгерде кызматчынын макулдугу менен аны башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу же болбосо штаттык кызмат ордун кыскартуу негиздери боюнча иштен бошотууга жол берилет.

8. Кызматчыны убактылуу ишке жөндөмсүз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (органды кайра уюштуруунун же штатын кыскартуунун негизинде иштен бошотууну кошпогондо) аны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт.

9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка жерде жайгашкан ведомстволук караштуулуктагы же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда, бул түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларын бошотуу мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

47-берене. Төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

“15) берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга же ага жүктөлгөн андай кошумча кызматтык милдеттерди аткаруудан баш тартууга байланыштуу ага кошумча кызматтык милдеттерди жүктөөгө макулдук берүүдөн муниципалдык кызматчынын баш тартуусу.”.

«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

11-статья. Социалдык кызматтардын негизги түрлөрү

Жарандар:

- социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарынан (мындан ары - стационардык уюмдар) социалдык жактан тейленүүгө;

- үйүндө социалдык жактан тейленүүгө;

- социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарынын күндүз боло турган бөлүмдөрүнүн (мындан ары - күндүз болуу бөлүмдөрү) шарттарында социалдык жактан тейленүүгө;

- убактылуу башпаана алууга;

- материалдык жардамга;

- консультациялык жардамга;

- социалдык реабилитацияга, анын ичинде девианттык жүрүш-туруштагы балдар, жумушсуздар, зомбулукка дуушар болгондор;

- социалдык патронажга;

- кайрымдуулук ишканаларынан жана мекемелеринен (хоспистен) социалдык жактан тейленүүгө;

- ата-эненин багуусунан ажыраган балдар социалдык жардамга;

- пенсия жана жөлөкпул менен камсыз болууга;

- ишкердик кылууда колдоо алууга (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана жалгыз бой улгайган жарандар);

- социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейленүүгө;

- ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга;

- социалдык-психологиялык жактан тейленүүгө;

- психологиялык-педагогикалык жактан тейленүүгө;

- социалдык-медициналык жактан тейленүүгө;

- ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка кызматтардан пайдаланууга укуктуу.

Калкка көрсөтүлүүчү кепилдикке алынган социалдык кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жергиликтүү деңгээлде алардын керектөөлөрүн баалоого муктаж болгондорду табууну жүргүзөт, анын жыйынтыгы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүкчөлөрүнө өткөрүлүп берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү аймакта кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштырууда жана уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймакта көрсөтүлүүчү кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын керектөөлөрүн баалоонун жыйынтыктарын эске алат.

11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жергиликтүү деңгээлде алардын керектөөлөрүн баалоого муктаж болгондорду табууну жүргүзөт, анын жыйынтыгы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүкчөлөрүнө өткөрүлүп берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү аймакта кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштырууда жана уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймакта көрсөтүлүүчү кепилденген мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын керектөөлөрүн баалоонун жыйынтыктарын эске алат.”.

Көрүүлөрдүн саны : 731