"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 26-июлунан тартып коомдук талкууга коюлат

26-07-2017 12:33

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Д.Бекешев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-35

Каттоо  № 6-16636/17      25.07.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене

Кыргыз  Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

13) нур терапиясынын жана радиохирургиясынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү жеке менчик медициналык мекемелердин.

2) 38-глава төмөнкүдөй мазмундагы 251-4–берене менен толукталсын:

«251-4-берене. Жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан нур терапиясы жана радиохирургиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

Жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан нур терапиясы жана радиохирургиясы боюнча берилген кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган кызмат көрсөтүүлөр деп саналат.».

2-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Заманбап медициналык инфратүзүмдүн жоктугу, бардык саламаттык сактоо тутумунун материалдык-техникалык мүчүлүштүктөрү жетиштүү кирешелери болбогон жана  ар кандай медициналык операцияларды жасоого жана дарылоого муктаж жарандарды өзүнүн өлкөсүндө керек болгон медициналык жардам алууга мүмкүн болбогон көрүнүштөргө алып келди. Көпчүлүк учурларда, эгерде операция же дарылоо Кыргызстанда мүмкүн болуп калса дагы, көптөгөн финансылык жактан камсыз болбогон жарандар үчүн наркы жогору болгондуктан аны жасоого мүмкүн эмес.

Татыктуу медициналык жардамды алуу үчүн төмөнкү финансылык мүмкүнчүлүктөрү болгон жарандар мамлекеттик органдарга жана кайрымдуулук фондуларына кайрылууга, коммерциялык уюмдардан жардам суроого муктаж болот.

Көптөгөн ири компаниялар жардамга муктаж болгон жарандардан жардам сураган каттарды такай алышат. Телекөрсөтүүлөрдө жана интернетте көп учурларда тигил же бул операция жасоо үчүн каражаттарды которуу жөнүндө өтүнүчтөр жарыяланууда.

Өзгөчө көӊүлдү онкологиялык ооруларды дарылоо көйгөйлөрү бурдурат. Мыйзамга ылайык калкка онкологиялык жардам акысыз көрсөтүүлүгө тийиш. Бирок пациенттер кебез жана шприц, наркы 1000 АКШ долларын түзгөн химия терапия үчүн препараттарды кошуп алганда, өздөрүнүн чөнтөгүнөн төлөп келишет. Көптөгөн дарылар алып келинбейт, анткени, беримдер үчүн экономикалык жактан бул пайдасыз.

Өлкөдө ракты дарылоого керектүү жабдуулар жок. Онкологиялык оорууга чалдыккан пациенттердин 80% нур терапиясын алууга муктаж. Нур терапиясы үчүн жабдууну МАГАТЭ жолу аркылуу алууга мүмкүнчүлүк жок. Ушул күнгө чейин радиологиялык жабдууларды берим кылууга керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн жөнгө салуучу орган түзүлгөн эмес.

ЖМК таратылган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылы Улуттук онкология борборунда 22 984 онкология жактан ооругандар эсепке алынган. 2016-жылы 5 миӊ кишинин ашыгына «залалдуу шишик» деген диагноз коюлган, анын ичинен 3,5 миӊ киши каза болгон. Республика боюнча болгону 92 врач-онколок бар. Нур терапиясы боюнча жабдуулар эскирген, аларды тейлөө үчүн каражаттардын жоктугунан жаӊы жабдуулар иштетиле элек.

Азыркы учурда Кыргызстанда онко ооруларды дарылоо мамлекеттик медициналык мекемелерде гана жүзөгө ашырылат. Бирок финансылык жана адам ресурстары жетишпегендиктен, жарандар кымбат баалуу жол-жоболорду өтүү менен пациенттер чет өлкөлүк клиникаларда дарыланууга муктаж. Мындай жагдайда бул көйгөйдү чечүүдө мамлекет гана эмес жалпысынан коомдун катышуусу да зарыл. Негизинен, бул көйгөйдү тутумдук чечүү үчүн мамлекет саламаттык сактоого бөлүнүүчү бюджетти көбөйтүүгө, мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелерин заманбап жабдуулар менен камсыз кылууга, медициналык кызматкерлердин дареметин жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырууга тийиш. Бирок аталган максаттарга жетүү үчүн узак убакыт талап кылынат.

Жаӊы жабдуулардын сатып алууга каражаттарды пайдасыз издөөнүн жана аларды компетентүү эмес колго берүүнүн ордуна, Өкмөткө нур терапиясынын жана радиохирургиясынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү жеке медициналык борборлорду иштетүүгө шарттарды түзүүсү максатка ылайыктуу болот. Тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдүн болгондугу пациенттердин транспортко, жашоого жана тамак-ашка кеткен каражаттарын Кыргызстанда майнаптуу дарыланууга бөлүштүрүп, сарамжалдап калууга мүмүкндүк берет.

Ушуга байланыштуу, бул Мыйзам долбоорунда нур терапиясынын  жана радиохирургиясынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүгө кошумча нарк салыгын салуудан бошотууну сунуш кылынат. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кийин медициналык мекемелерге нур терапиясынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төмөнкү баалырды аныктоого жол берет. Бул өз алды менен пациенттерге өлүмгө моюн сунуп калуунун ордуна, сапаттуу жана өз убагында дарыланууга жол берет.

Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген  ченемдерди камтыбайт, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык, корррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Тескеринче, жагымдуу  социалдык майнаптуулукка жетишүү, ошондой эле, Улуттук онкология борборунда медициналык персоналдын аракеттеринде кездешкен коррупциялык элементтердин жоюулушу күтүлүүдө.

Ошону менен бирге белгилеп кетүү зарыл,  Мыйзам долбооруна жөнгө салуунун тасир этүү талдоосун жүргүзүүгө мүмкүн эмес, анткени, аталган чөйрө мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт. Жогоруда белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда нур терапиясынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча жеке медицицналык мекемелердин иши жүргүзүлбөйт. Буга жараша, бюджетке аталган экономикалык иштин түрү боюнча кандайдыр бир түшүүлөр болгон эмес, ушуга байланыштуу жөнгө салуунун таасир этүү талдоосун жүргүзүүдө кандайдыр бир малыматтарга негиз кылууга эч кандай мүмкүнчүлүктөр жок.

Депутат                                                        Дастан Бекешев

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ

Колдонуудагы редакциясы

Сунушталуучу редакциясы

212-берене. Салыктан бошотуу

1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат:

1) кайрымдуулук уюмдардын;

2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

3) айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн;

4) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин;

5) айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин;

6) (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) кредиттик союздар;

8) айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

9) лизингдик компаниялар.

10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);

11) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин;

12) жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары.

2. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу пайда салыгы боюнча декларацияны берүү милдетинен бошотпойт.

12) жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары;

13) нур терапиясынын жана радиохирургиясынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү жеке менчик медициналык мекемелердин.

2. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу пайда салыгы боюнча декларацияны берүү милдетинен бошотпойт.

38-глава төмөнкүдөй мазмундагы 251-4–берене менен толукталсын:

251-4-берене. Жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан нур терапиясы жана радиохирургиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

Жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан нур терапиясы жана радиохирургиясы боюнча берилген кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган кызмат көрсөтүүлөр деп саналат.

Көрүүлөрдүн саны : 859