"Кластерлер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 5-июлунан тартып коомдук талкууга коюлат

05-07-2017 16:04

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.Жээнбеков, К.Керезбеков

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-93

Каттоо  № 6-15603/17      30.06.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

“КЛАСТЕРЛЕР ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМЫ

 

         Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кластерлерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана алардын катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун укуктук кепилдиктерин бекитүү үчүн кабыл алынып жатат.

1-берене. Жөнгө салуу предмети

         Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салат.

2-берене. Ушул мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

         Ушул Мыйзамды колдонуу максаттары үчүн төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:

кластерлерди өнүктүрүү боюнча (кластердик саясат) мамлекеттик саясат – кластерге кирген администрациялык-аймактык бирдиктердин, ишканалардын атаандаштык артыкчылыктарын түзүүнү жана ишке ашырууну камсыз кылуучу кластерлерди жана кластердик демилгелерди колдоонун мамлекеттик жана коомдук чаралары менен механизмдеринин жыйындысы;

кластердин инфраструктурасы – мамлекеттик жана муниципалдык менчиктетурган, кластердин өндүрүмүн өндүрүүдө жардамчы функцияны аткарган (жолдор, байланыш, коммуникациялар, инженердик түйүндөр, коомдук-маданий, туракжай-коммуналдык чарба, саламаттык сактоо, билим берүү багытындагы имараттар жана курулуштар; эс алуу жана бош убакытты өткөрүүгө байланышкан ишканалар жана уюмдар; чекене соода, коомдук тамактануу, тейлөө кызматы чөйрөсү, спорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери; калкты тейлөө боюнча жүргүнчү унаалары жана байланыш; укуктук жана финансы-насыялык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүчү мекемелердин тутуму)өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилер;

кластер – бул белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдиктин атаандаштык артыкчылыктарын биргелешип ишке ашыруу максатында бириккен юридикалык жана физикалык жактардын ар башка тармактардагы экономикалык ишмердүүлүгү;

атаандаштык артыкчылык - администрациялык-аймактык бирдиктин табигый-климаттык, минералдык-чийки зат, жер, суу, токой, эмгек жана башка ресурстарынын бар болушу, жаңычылдыктарды жана алдыңкы технологияларды колдонуунун негизиндеаларды пайдалануу кластердин продукциясынын керектөөчүлүк касиеттерин жакшыртат;

кластердин негизги өндүрүмү – ажыратылбас (которулбас), жаңыланма/түгөнгүс атаандаштык артыкчылыктардын негизинде өндүрүлгөн товар, анын ишке ашырылышы  менен эки жана андан ашык тармактардын өнүгүшү байланышкан;

кластердин өндүрүмү–кластердин негизги өндүрүмү менен катар, кластердин ассоциациясынын мүчөлөрү тарабынан өндүрүлүүчү товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр;

кластердин катышуучулары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кластер ассоциациясы;

кластер ассоциациясы – ушул мыйзамга ылайык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм катары ишмердүүлүк кылуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жана физикалык жактардын бирикмеси.

3-берене. Кластердин максаты жана милдеттери

  1. Кластердин максаты –атаандаштык артыкчылыктардын негизинде кластердин өндүрүмүн өндүрүү жана сатуу үчүн анын катышуучуларынын ресурстарын топтоо жана айкалыштыруу.
  2. Төмөндөгү маселелерди чечүү мененкластердин максатына жетүү камсыздалган:
  • Кластерди түзүүнүн бардык этаптарында жана ишмердүүлүгүндө администрациялык-аймактык бирдиктин атаандаштык артыкчылыктарын ишке ашырууда мамлекетти, юридикалык жана физикалык жактарды кооперациялоо;
  • Чарба субъекттеринин рынокто үлүш алуусуна жанакөбөйүүсүнө шарт түзүүчү мамлекеттик кластердик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү.

4-берене. Кластерди түзүү

  1. Кластерди идентификациялоо Өкмөт тарабынан бекитилүүчү,негизги  өндүрүмдү аныктоо, кластердик өнүгүүнүн методологиялык негиздерине ылайык атаандаштык артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жолу менен жүргүзүлөт.
  2. Кластердик демилге укугу Кыргыз еРРеспубликасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчиктин формаларына карабастан чарба субъекттерине таандык.
  3. Кластерди өнүктүрүү чараларынын жана механизмдеринин программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кластер долбоорун,жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөмыйзамдарга ылайык социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына интеграциялайт.

5-берене. Кластер ассоциациясынын ишмердүүлүгүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрү

  1. Кластердин негизги өндүрүмүн өндүрүүгө катышкан чарба субъекттери Кластер ассоциациясынын мүчөсү боло алышат.
  2. Кластер ассоциациясындагы ɵзүн-ɵзү жɵнгɵ салуу,  ɵндүрүш ишмердүүлүгүнүн стандарттары менен эрежелерин, бардык мүчɵлɵр үчүн аткарууга милдеттүү болгон, мамлекеттик стандарттардан тɵмɵн болбогон кластер өндүрүмүнүн сапатынын стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле мүчɵ болуп кирүүгɵ коюлуучу талаптарды киргизүү жолу аркылуу ишке ашырылат.
  3. Стандарттар менен эрежелер кластер мүчɵлɵрүнүн башка ишкердик же кесиптик ишмердүүлүк менен алектенген субъекттеринин, кластер ассоциациясынын жана анын мүчɵлɵрүнүнишкердик аброюна зыян келтирүүчү иш аракеттерине тыюу салышы керек.
  4. Кластер ассоциациясынын мүчɵлɵрүнүн жалпы жыйынынын чечими менен бекитилген устав же башка документ аркылуу, отчеттор формасында берилген маалыматтын негизинде ɵзүнүн мүчɵлɵрүнүн ишмердүүлүгүнө  анализ жүргүзөт.
  5. Ассоциациянын мүчɵлɵрү чечимдерди кабыл алууда кɵз карандысыз жана кластердин милдеттерине караштуу маселелерде гана жоопкерчилик алышат.
  6. Кластерде үчүнчү жактын катышуусу Кластер ассоциациясынын уставы  менен аныкталат.

6-берене Кластердин өндүрүмүнүн ɵздүк наркын аныктоо тартиби

  1. Кластердин катышуучулары кластердин инфраструктурасында пландаштырылган инвестициялардын сметалык баасын жана ошондой эле кластердин негизги өндүрүмүнүн сметалык баасында ɵзүнүн катышуу үлүшүн эсептейт. Кластер чыгарган өндүрүмдүн жалпы ɵздүк наркы илимий негизделген же техникалык-экономикалык эсеп ченемдери жана чыгым ченемдери менен бекитилген ченемдик ыкма аркылуу аныкталат.
  2. Бир убакытта эки же андан ашык инфраструктуранын объектилерин каржылоодо каржылоо үчүн тандоонун максаттуулугу, Өкмɵт тарабынан бекитилген кластердик ɵнүгүүнүн методологиялык негиздерине ылайык  техникалык-экономикалык эсептерди пайдалануу менен аныкталат.
  3. Кластер өндүрүмүнүн өздүк наркын калыптандыруу учурундагы чыгымдарды, алардын курамын жана түрлөрүн эсептөө экономикалык элементтер жана калькуляция беренелери боюнча жүргүзүлөт.
  4. Экономиканын башка тармактарында кластер өндүрүмүн сатуу жана ɵндүрүүдɵгү чыгымдардын курамы жана чыгымдардын курамынын ɵзгɵчɵлүктɵрү жɵнүндɵгү жобо Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан бекитилет.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кластерлердин кыйла кирешелүү тармактарында учурдагы кирешелерге караганда алдыдагы салык кирешелеринин эсептери ашкан ганашартта катышууга укуктуу.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджетке түшүп жаткан каражаттарды сактоо максатында, ɵзгɵчɵлүктɵрүн эсепке алуу менен ар башка тармактар боюнча убактылуу, суммасы жана мɵɵнɵтү боюнча эсептелген чыгымдардын курамын аныктоого укуктуу.  
  6. Кластер ассоциациясынын мүчɵлɵрү кластердин инфраструктурасынын объектилерин курууда жана оңдоп-түздөөдөсалык мыйзамына ылайык салыктык чыгарып салууга укуктуу.

 

7- берене.Ушул мыйзамдын күчүнɵ кириши тууралуу

  1. Мыйзам расмий басылып чыккан күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү ɵзүнүн чечимин ушул мыйзамга ылайык алып келсин.

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кластерлер жөнүндө”

Мыйзамынын долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ 

Кластер принциби боюнча экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыгы  аларды киргизүүнүн жеткиликтүү жыйынтыктары бар эл аралык тажрыйбага тете болгондугу өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан татыктуу бааланган.

Мына ушуга байланыштуу өз убагында  Кыргыз Республикасынын Президентинин 27.09. 2014-жылдагы № УП 194 Жарлыгы менен Туруктуу Өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясы (мындан ары - ТӨУС) кабыл алынган, анда анын бир тезиси катары кластер принциби боюнча өнүктүрүү каралган.

ТӨУСкаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан  2015-ж. 01.12. №810 Токтом кабыл алынган, анын негизинде «Ысык-Көл облусундагы тоо-лыжа кластери» пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы иштелип чыккан жана бекитилген.

Токтомго ылайык  Пландын 1-пунктун аткаруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия  Кыргыз Республикасынын ушул «Кластерлер жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыккан жана кабыл алуу үчүн кароого киргизип жатат.

 Мыйзам долбоору тармактардын (ишканалар) экономикалык элемент аркылуу экономикалык механизмдердерге негизделген  кластерлерди түзүүнүн жолдорун  жана аларды өнүктүрүүнү, ошондой эле өндүрүш алдында кластердин тигил же бул өндүрүмүнүн калькуляциясынын беренелерин сунуштайт.

Салт болуп калган мамиледе өндүрүмдүн бир түрүн өндүрүүчү аралаш тармактын өндүрүүчүлөрүнүн, атап айтканда,  чийки заттар менен камсыз кылуучулардын да, акыркы өндүрүүчүнүн да  кызыкчылыктарын эске албайт. Кластердин айырмасы ага катышкандардын өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн кластердин бир негизги өндүрүмү аркылуу бирдиктүү күчүнүн жөнгө салынгандыгында турат, атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жана экспорт үчүн келечекке кепилдик берет.

 Мыйзам долбоору чарба субъекттеринин кызыкчылыктарын гана бириктирбестен, региондордун кызыкчылыктарын да бириктирет. Мындан тышкары, мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик жана муниципалдык инфраструктуранын жоктугуна же аларды кармап турууга капиталдык салымдардын жетишсиздигине байланышкан тоскоолдуктарды жеңүүгө  мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбооруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны көтөрүүнү каржылоо кластердин катышуучуларынын өздөрүнө тиешелүү болуп саналат.

Кластердин бардык катышуучулары үчүн каржылоонун бардык түрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы бюджет жана салык мыйзамдарында аныкталган. Бирок инфраструктураны каржылоодогу салыктык чыгарып салуулар буга кирбейт, ошондуктан  белгиленген тартипте Салык кодексине оңдоолорду киргизүүнү талап кылат.

Кластерлерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө тиешеси бар кластер катышуучуларынын кызыкчылыктары  чарбалык ишин эсепке алуунун ченемдик методдорун колдонуу менен ченем жана ченемдиктердин негизинде калькуляциянын беренелери  жана сарптоолордун элементтери боюнча эске алынат. Демек, мыйзам долбоору кластер өндүрүмүнүн бирдигинин өздүк наркын түзүүдөгү кошумча нарктын толук эсеби боюнча бардык сарптоолордун экономикалык эсебин камтыйт.

Мыйзам долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкреттүү бир тармак же региондун экономикалык өсүшүнө эсептелген топтомдук мүнөздөгү  ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу.

Кластер тандалып алынган администрациялык-аймактык бирдикте адистештирүү менен негизги өндүрүмдү тандоону болжолдогону менен, анын ишинин натыйжасы республиканын бардык аймагына таркайт, бул мыйзам долбоору интеграциялык мүнөзгө ээ дегендик.

Колдонуудагы мыйзамдар  сарптоолордун курамын жөнгө салуунун практикасын  жылуулук-энергетикалык комплексте монополияга каршы саясат жана тариф саясатына карата колдонууну гана карайт,  мындайча айтканда өзүнчө алынган бир конкретүү чарбалык субъектиге же тармакка гана тиешелүү. Бул мыйзам долбоору болсо,  ушундай ченемдерди кластердин катышуучулары үчүн колдонууну карайт.

Ошентип,  мыйзам долбоорун кабыл алуу чарбалык иштен натыйжалуу жыйынтык алууда кластердин катышуучуларынын ар биринин укугун жана кызыкчылыгын коргоого кепилдик болуп саналат. Мындан сырткары, мамлекеттик стандарттар жана техникалык регламенттер тарабынан таанылган, илимий жактан негизделген эсептердин объективдүү жана ачык-айкындыгына алып келет; өзүн-өзү жөнгө салуу принцибинде өз ара макулдашкандык жана бириккендик кластердин ар бир катышуучусуна инвестициянын акталыш шартын жана мөөнөтүн аткарууга так жана ачык негиз түзөт.

Ошондой эле, конкретүү  администрациялык-аймактык бирдикте социалдык жана экономикалык өнүгүү боюнча жыйынтыктарга жетүүнүн этаптары түзүлүп, көрүнүктүү план ченемдүүлүк, ырааттуулук калыптанат.

Мыйзам долбоору пилоттук долбоор болгон Ысык-Көлдөгү тоо-лыжа кластерин жүзөгө ашыруу үчүн гана эмес, башка тармактык жана аймактык жерлерде (эт, пахта иштетүүчү, курулуш ж.б.) региондордогу экономикалык өсүштүн стратегиялык куралы катары мааниси зор.

Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жана ар кандай тармактардагы жол-транспорт инфраструктураларга, коммуналдык чарбаларга, энергетикалык инфраструктураларга кошумча шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык келет жана белгиленген  талаптарга ылайык  даярдалды.

 

Тиркеме 1.

Колдонуудагы мыйзамдар бардык чөйрөдөгү  өндүрүмдүн өздүк наркын түзүүдө ишкерлерге толук эркиндикти берет (ОЭК жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ишканалардан тышкары). Компаниялар салык органдарына чыгашаларды тастыктоо үчүн документтерин көрсөтүү жетиштүү. Аны  менен киреше  минималдашып, өздүк наркы баага теңделет.

Бирок, кластерлердин өнүгүшүндө өздүк нарктын өз ара көзөмөлү маанилүү, себеби бул кластердин кирешесине бүтүндөй таасир этет. Ага ылайык, кластердин шарттары кластердин өндүрүлүп жаткан өзөктүү өндүрүмүнө түздөн-түз тиешеси бар чыгашаларды гана өздүк наркка тийиштүү кылууну талап кылат. Мындай зарылдык илимий жактан негизделген ченемдерге жана техникалык регламенттердин ченемдерине ылайык технологиянын талаптары менен жөндөлөт.

“Кластерлер жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алуу кластердин катышуучуларына кирешенин түрлөрү, ченемдери, ага ылайык, деңгээлине эки тараптуу эсеп жана көзөмөлдү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бул подукцияны өндүрүүнүн кубаттуулугун жана  жумшалган каражаттардын чыгымынын акталышын эсептөө үчүн керек.

Демек, өндүрүлгөн өндүрүмдүн бир бирдигине кошулган наркынын бардык технологиялык чынжыры боюнча өндүрүмдүн өндүрүлүшүнүн керектүү көлөмдөрү жана кубаттуулугу, ошондой эле алардын наркы так жана даана аныкталат.

Мындан тышкары, жеринде бар инфраструктуранын жаңысын түзүү же  колдоодо олуттуу мааниге ээ. Эсептөөнүн прогрессивдүү ченемдик ыкмасы инвестициянын зарыл көлөмдөрүн аныктоого мүмкүндүк берет. Бир жолку салыктык чегерүүлөрдү пайдалануу менен ыкмаларды эсептөөнүн ыкчамдуулугунун негизинде инвесторлор инфраструктураны түзүүнү каржылай алышат да, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун же тийиштүү органдын балансына өткөрүлүп берилет. 

 

 

МИСАЛ.

Айына 1000 баш союу цехинин кубаттуулугуна ылайык, союшка ири мүйүздүү малды даярдоо үчүн 3000 баш жаш бодо сатып алуу керек. Малды бордоп семиртүү мезгили 250 күндү, ал эми ага жараша сенаж жана концентрацияланган тоютту керектөө ченеми суткасына 12 кг жана 4 кг түзөт (жергиликтүү тукум үчүн суткалык салмак 800 г). кластердин шарттарында бул параметрлердин негизинде тоют базасы, майдалагычтын кубаттуулугу, ошондой эле булгаары фабрикаларын сырье менен камсыздоо даражасы эсептелинет. «ОККО» тери заводунун кубаттуулугу айына 22-25 кг/даанадан же айына/т  110-125тен 5000 теринитүзөт. Демек, заводду тейлей турган 5 союу цехтерин белгилөөгө болот. Өз кезегинде терини ийлөө үчүн 10 Гкал энергия/т же айына 1100-1250 Гкал керектелет, ал дээрлик 1.2 МВт энергияга барабар.

6000 сомдук иштетилген теринин базар баасын билүү менен булгаары тармагы максималдуу натыйжа берерин аныктаса болот. Катмарга бөлүү үчүн барабандарды колдонуу менен, тери буюмдар фабрикасын (бут кийимдер же тери буюмдарын тигүү) курууга болот. Тигил же бул учурда тең тигил же бул фабриканын кубаттуулугун аныктоого болот.

Бут кийим фабрикасын куруу үчүн инвестор эң жок дегенде жумшалган чыгымдын акталыш мөөнөтү аяктаганга чейин 5 жыл аралыгында терилер  ошол фабрикага жеткирилерине кепилдик болорун билиши керек. Ал сыяктуу эле сүттү кайра иштетүү комплекси, жүндү алгачкы иштетүү, ийрүү жана текстиль тармактарында да  мындай ишеним болуш керек. Кластердик ыкмасыз бул нерселер пландуу экономикада гана болушу мүмкүн.

Базар шарттарында техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен байланыштуу тармактардын ишканалары тарабынан инвестицияларынын кайтарылышына кластердин катышуучуларынын ишенимин бекемдетүү маанилүү.  Мындан тышкары, бул учурда мамлекет тарабынан сенажды даярдоо, кызылчадан шекер өндүрүшүн (жом, дефекат, меласса), ошондой эле күнжара (пахта дандарын сыгып алуудан калган калдыктар) алуу үчүн жерлер белгиленет. Соңунда фабрикаларды куруу үчүн жердин бөлүнүшү, өндүрүштүк инфраструктура түзүү жана социалдык инфраструктура: мектеп, ЖОЖдордо окуу дисциплиналарын, кадрларды даярдоо, илимий-изилдөө мекемелерин ж.б. камсыздоо керек. Бүтүндөй чынжырлуу   ушул комплекс кластер болуп саналат.

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 1529