2017-жылдын 29-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

30-06-2017 08:28

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 28.03.17деги № 182 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Экономика чөйрөсүндөгү коррупция жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо менен байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Эмгек кодексине, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 13.03.17деги № 150 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Кодуранова А.С., Жеенчороев М.К., Конушбаев Т.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Кодуранова А.С., Жеенчороев М.К., Конушбаев Т.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 06.02.17деги № 74 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – Өкмөт, 27.03.17деги № 179 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Жарнак жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 05.08.16дагы № 433 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.05.16дагы № 277 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын (демилгечилер – депутаттар Примов У.Б., Өмүрбекова А.С., Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Мамашова А.Т., Байбакпаев Э.Ж., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Иманалиев К.К., Узакбаев А.О., Жамалдинов З.И.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө)” Мыйзамдын долбоору (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине) (демилгечилер – депутат Бекешев Д.Д. баштаган ЖКнын V чакырылышынын 39 депутаты) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

11. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.06.16дагы № 306 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 365 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.02.17деги № 84 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

14. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Примов У.Б, Матраимов И.И., Эгембердиев М.Б., Жамангулов А.Ж.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

15. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Осмонова А.Ш., Зулпукаров Т.З., Нурбаев А.М., Токтошев Э.Т., Жеенчороев М.К.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

16. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” “Мамлекеттик алым жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 478 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

17. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Өмүркулов И.Ш., Строкова Е.Г., Молдобекова Г.С., Самигуллина А.Э., Примов У.Б., Бекешев Д.Д., Карашев А.А., Артыкбаев О.М., Маннанов И.А., Нурбаев А.М., Исаков М.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

18. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Ж., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Төлөнов Д.Э., Султанов А.М., Зулпукаров Т.З., Субанбеков Б.Ж., Примов У.Б.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

19. “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – Өкмөт, 16.05.17деги № 292 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

20. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Тулендыбаев П.Р.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

21. Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1513-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 01.06.16дагы № 291 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – Мыйзадын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

22. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи - Өкмөт, 29.03.16дагы № 162 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

23. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) (демилгечилер – депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Жапаров А.Ү., Масалиев И.А., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Сурабалдиева Э.Ж., Токтошев Э.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

24. “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Нурматов К.С., Туманбаева Р.М., Узакбаев А.О., Артыкбаев О.М.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

25. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө баардык фракциялардын чечимдери бар)

 

26. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

27. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

28. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 24.11.16дагы № 619 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 1477