Көйгөйлүү маселелердин бири “кара тизмеге” кирген мигранттардын тагдыры. Бул жаатта Россиянын 12 мамлекеттик органы текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Ошол “кара тизмеге” илинип калган жарандарыбыз 2015-жылдын январь айына карата 180 миң кишини түзгөн болсо, эки жыл аралыгында алардын эсеби 106 миң болуп азайган.
Ошондой эле эмгек мигранттарынын айлык маяналары менен өз убагында эсептешпеген иш берүүчүлөр дагы бар. Бул боюнча топтолгон карыздардын эсеби 46 млн. рублга жеткен болсо, азыр анын 16 млн. рубли өндүрүлгөн. Жалпы миграция жаатындагы жагдайды талдап, "Парламент" радиосу бүгүн, 28-июнда саат 13:00 "Күндүн тартибинде" программасын обого алып чыкты. Уктурууга КР Өкмөтүнүн алдындагы миграциялык кызматтын өкүлдөрү чакырылды. Маектин жүрүшү менен бул шилтемеден таанышсаңыздар болот »»»