"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 21-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

21-06-2017 10:24

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты А.Карашев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-85-93

iliasovruslann@gmail.com

Каттоо  № 6-14328/17      20.06.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8,
323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 30-берененин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Социалдык билим берүү кредитинин механизмдери жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.»;

2. 30-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Жогорку кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайдан кийин кесиптик билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерди жеӊилдетилген кредиттөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан жогору эмес пайыздык коюм менен, негизги сумманы төлөөнү баштоо мөөнөтү окутуу бүткөрүлгөнгө чейин жылдырылып жүзөгө ашырылат.».

 

2-берене

Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

Билим берүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Бул мыйзам долбоорунда жогорку билим берүү жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү мекемелеринде окуп жаткандарды жеӊилдетилген билим берүүчүлүк кредиттөөнүн механизмдерин киргизүү максатында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүүлөрдүкиргизүү көздөлүүдө. Бул жаӊылыктын базалык принциби болуп студенттерге жеӊилдетилген билим берүүчүлүк кредиттерди алардын  негизги суммасын төлөө мөөнөтүн жогорку билим алгандан кийинки мезгилге жылдыруу менен алууга мүмкүнчүлүк берүү саналат.

Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы улам өсүп жатышынын фонунда өлкөдө жогорку билим берүүнү финансылоо проблемасы коомдогу улам актуалдуу болуп жаткан жана кеӊири талкуулана баштаган проблемага айланды. Кыргызстанда   жогорку билим берүүнүн наркы көптөгөн КМШ өлкөлөрүнө караганда төмөн болгону менен, кирешенин орточо деӊгээлинен алганда мамлекеттик жогорку окуу жайда да контрактык окутууну төлөө орточо оокаттуу үй-бүлө үчүн оор финансылык жүккө айланып кетиши мүмкүн.

Өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө мамлекет тарабынан субсидияланган жеӊилдетилген билим берүүчүлүк кредиттер жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалды иликтөөчү жана жогорку билим берүү чөйрөсүнфинансылоо жагында өкмөттүн саясатын калыптандыруучу комплекстүү мамлекеттик программалар бар. Билим берүүчүлүк кредиттердин жекече,мамлекеттик жана аралаш формаларынын жалпы принциби, эреже катары, түйүндүүбир нече мүнөздөмөлөрдөн турат:

       1. Билим берүүчүлүк кредит боюнча пайыздык коюм керектөөчүлүк кредиттөөдөгү коюмга караганда төмөн болот;

       2.  Жеӊилдетилген пайыздык коюм боюнча, жеӊилдетилген негизде кредиттерди берген банктар албай калган айырманымамлекет субсидиялайт;

       3. Кредиттин негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөө анын мөөнөтүн кийинкиге жылдырып, эреже катары, окутуу аяктагандан кийин жана бүтүрүүчү адам жумушка орношкондон кийин жүргүзүлөт;

       4. Белгилүү бир шарттарда кредиттин бөлүгүн мамлекет эсептен чыгарышы же кайра түзүшү мүмкүн.

Кыргызстанда банк чөйрөсүнүн активдүү өнүгүүсүнө карабастан билим берүүчүлүк кредиттер кеӊири жайыла элек. Өлкөдөгү банктардын көпчүлүгү университеттердеги жана институттардагы контракттык окутууну кредиттебейт. Кызмат көрсөтүүлөр портфелинде “билим берүүчүлүк кредиттер” деп мүнөздөлгөн кредиттер өз маӊызы боюнча пайыздык коюмдары жогору болгон жана төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылбай турган керектөөчүлүк кредиттер болуп саналат. Башка айтканда, Кыргызстанда банктан “билим берүүчүлүк кредит” алуу менен студенттер киреше булагы болбосо да кийинки айдан тартып эле пайыздар жана негизги сумма боюнча төлөөнү баштоого милдеттүү.

Жогорку билим берүүнүнжана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөнү финансылоонун мамлекеттик жана жекече системаларынын жок экендиги өлкөдө жогору окуу жайларда контракттык окутуунун кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөнүн өзүнчө көмүскө системаларынын калыптанышына алып келүүдө.  Өлкөнүн жарандары банктардан кадимки эле керектөөчүлүк кредиттерди жогору пайыз менен алат жана аларды туруктуу кирешесинин, эреже катары, эмгек акысынын эсебинен төлөй баштайт. Айылдыктар малын же айыл чарба өндүрүмдөрүн күзгө таяп сатат, ошентип зарыл акча суммасын табат. Бирок, көптөгөн айылдык үй-бүлөлөр үчүн мал жана айыл чарба өндүрүмдөрү кирешенин негизги булагы болуп саналат, ал эми контракттык окутууну төлөө үй-бүлө үчүн олуттуу экономикалык жүккө айланат.

Жогорку билим берүүнүн жетимдүү эместиги тышкы миграцияга да терс таасирин тийгизип жатат. Орто мектептердин миӊдеген бүтүрүүчүлөрү ар жыл сайын каражат иштеп табуу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүдө, ал эми чет өлкөлөрдө алар жогорку билими жок, эмгек акысы жана квалификациясы абдан төмөн жумушчу күчүнүн бир бөлүгү болуп калууда.

Жогоруда айтылган проблемалар жана жогорку билим берүүнүн кымбаттыгына жана жетимдүү эместигине байланышкан көптөгөн башка проблемалар жогорку окуу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөнү жеӊилдетилген финансылоонун чараларын иштеп чыгууга мамлекетке түрткү бериши керек.

Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруунун натыйжалары боюнча ийгиликке жетишкен абитруенттерди окутууга гранттарды берүү жогоруда айтылган проблемаларды бир аздап чече тургандыгын белгилөө зарыл, бирок мунун да олутуу мүчүлүштүктөрү жанасолгун жактары бар. Биринчиден, гранттык орундардын саны чектелүү, бул болсо муктаж студенттердин кеӊири чөйрөсүн камтууга мүмкүндүк бербейт. Экинчиден, республикалык бюджеттин эсебинен бериле турган билим берүүчүлүк грантты берүү студент жогорку окуу жайга окууга кабыл алынган учурдан тартып окууну бүтүргөнгө чейин бир жолку болуп эсептелет. Мындай системада түрткүлөөчү механизмдер жок, бул болсо билим берүүгө мамлекеттик грант алган студентте окууда жетишүүгө жана туруктуу негизде жогорку натыйжаларга ээ болууга иш жүзүндө эч кандай  финансылык түрткүлөө болбой калышына алып келет.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуунун натыйжасында жогорку билим берүү чөйрөсүндө жана аны финансылоодо төмөнкүдөй оӊ өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлөт:

         1. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жогорку билим берүүгө жетимдүүлүктү кеӊейтет жана жакшыртат:

  • Билим берүүчүлүк кредиттин негизги суммасын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну берүү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн финансылык стрессти жана береселик жүктү жеӊилдетет;
  • Мектептердин бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстандагы жетимдүү жогорку билим берүү менен камсыздоо бир кыйла жигердүү, ишке жарамдуу жана дараметинде таланттуу жумушчу күчүн өлкө ичинде сактоого жана тышкы миграциянын темпин кыскартууга мүмкүндүк берет;
  • Мамлекет өз жарандарына жогорку билим берүүгө жетимдүүлүктү берүү менен өлкөнүн адамдык дараметин бекемдейт жана өлкөнү натыйжалуу өнүктүрүүгө өбөлгөлөрдү түзөт;

2. Жеӊилдетилген кредиттерди алуучулар жогорку билимди же жогорку окуу жайдан кийинки билимди ала алат, ал эми алардын береселик жүгү жеӊилдетилет:

  • Калктын бир кыйла аялуу катмарлары базалык ар күндүк муктаждыктарын канааттандыруудан баш тартпастан жогорку билим ала алат;
  • Студенттердин кабылдоосунда жогорку билим алуунун мааниси жогорулайт, бул болсо аларга бир кыйла сапаттуу окууга жана билим алуу процессинде бир кыйла жоопкерчиликтүү мамиле жасоого түрткү берет;
  • Жогорку билим берүүгө жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүгө жеӊилдетилген кредиттерди берүү кредит алуучулар үчүн узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат, бул болсо келечекте аларга өз жашоо-турмушунун шарттарын орчундуу жакшыртууга жана байгерчилик деӊгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
  • нүккөн өлкөлөрдө жеӊилдетилген билим берүүчүлүк кредиттерин берүү жогорку билим берүү системасынын ажыралгыс бөлүгүнө айланган. Бул система студенттерге жеӊилдетилген негизде жогорку билим алууга мүмкүндүк берүү менен эле чектелбестен, түрткүлөөнүн бүтүндөй бир системасын түзөт. Бул системада жаштар жогорку билим жөнүндө диплом алууга эле умтулбастан, аӊ сезимдүү түрдө өз өлкөсүндөгү мыкты жогорку окуу жайларды тандайт, ушуну менен жогорку окуу жайлардын сапатына карата талаптарды жогорулатат. Айтылгандардын баары мультипликативдик (кошунду) натыйжага алып келет, мында суроо-талаптын жана сунуштоонун байланыштуулугунан улам, чоӊ атаандаштыктын болушуна жараша студенттердин деӊгээли да, жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн сапаты да жогорулайт. Акыр аягында, ушунун баары жогорку билим берүүнүн жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүнүн бүткүл системасынын олуттуу жакшырышына алып келет.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, укук коргоочулук, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирин талдоо талап кылынбайт, анткени ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин депутаты                                                 А. Карашев

 

 

 

Билимберүүжөнүндө” КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

 

Колдонуудагы редакция

Сунушталыпжаткан редакция

30-берене. Окуп жаткандарды социалдык жактан коргоо

Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте окуп жаткандарга окуу үчүн шарт түзөт, окуй турган жайлар, жабдуу, жатакана, жөлөкпул, материалдык жардам, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө жеңилдиктер, медициналык жактан тейлөө жана ден соолукту чыңдоо, окуу китептери менен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен студенттерге,  окуп жаткандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө стипендиялар төлөнөт) камсыз кылат.

Социалдык жактан көмөк көрсөтүү үчүн кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерине, окуп жаткандарга социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.

 

 

 

 

 

 

Социалдык билим берүү кредити жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Жогорку кесиптик билим берүү алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерге укуктуу.

Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы адистик жана даярдоонун багыттары боюнча (бакалавриат, магистратура) окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

"Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланат. "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.

Жетим балдарга жана ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөрү) көзөмөлдүгүнөн камкордугунан өксүп калган балдарга билим берүү, алардын жашы жетилгенге чейин мамлекеттик камсыз кылуу негизинде жүзөгө ашырылат.

Окуп жаткандарды окуу сабактарынан жана окуу процессинен алагды кылууга Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузууга күнөөлүү болгон (тике же кыйыр) адамдар окуп жаткандарга келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет.

 

30-берене. Окуп жаткандарды социалдык жактан коргоо

Мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте окуп жаткандарга окуу үчүн шарт түзөт, окуй турган жайлар, жабдуу, жатакана, жөлөкпул, материалдык жардам, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө жеңилдиктер, медициналык жактан тейлөө жана ден соолукту чыңдоо, окуу китептери менен (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен студенттерге, окуп жаткандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө стипендиялар төлөнөт) камсыз кылат.

Социалдык жактан көмөк көрсөтүү үчүн кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогоркубилим берүү уюмдарынын студенттерине, окуп жаткандарга социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.

Жогорку кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайдан кийин кесиптик билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерди жеӊилдетилген кредиттөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан жогору эмес пайыздык коюм менен, негизги сумманы төлөөнү баштоо мөөнөтү   окутуу бүткөрүлгөнгө чейин жылдырылып жүзөгө ашырылат.

Социалдык билим берүү кредитинин механизмдери жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Жогорку кесиптик билим берүү алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерге укуктуу.

Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы адистик жана даярдоонун багыттары боюнча (бакалавриат, магистратура) окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

"Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланат. "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.

Жетим балдарга жана ата-эне (мыйзамдуу өкүлдөрү) көзөмөлдүгүнөн камкордугунан өксүп калган балдарга билим берүү, алардын жашы жетилгенге чейин мамлекеттик камсыз кылуу негизинде жүзөгө ашырылат.

Окуп жаткандарды окуу сабактарынан жана окуу процессинен алагды кылууга Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузууга күнөөлүү болгон (тике же кыйыр) адамдар окуп жаткандарга келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет.

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 881