2017-жылдын 8-июну № 1677-VI «Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

09-06-2017 16:14

«Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 10-майындагы № 263 токтом) «Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага                                                                                    Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 483