2017-жылдын 8-июну № 1671-VI «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунэкинчи окууда кабыл алуу тууралуу

09-06-2017 16:00

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунэкинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.А. Турсунбеков, Д.Д. Бекешев, М.А. Аманкулов, У.Б. Примов, К.Ж. Рыспаев, А.Б. Баатырбеков, К.К. Керезбеков, М.К. Жеенчороев, Д.Б. Аттокуров, К.Ш. Баймуратов, А.М. Эргешов, С.М. Джураев, А.М. Нурбаев, А.А. Карашев, М.Э. Сабиров, Т.З. Зулпукаров жана  А.Т. Алтыбаева демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага                                                                                      Ч.А. Турсунбеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 518