2017-жылдын 8-июну № 1670-VI «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

09-06-2017 15:53

«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.А. Турсунбеков, Д.Д. Бекешев, М.А. Аманкулов, У.Б. Примов, К.Ж. Рыспаев, А.Б. Баатырбеков, К.К. Керезбеков, М.К. Жеенчороев, Д.Б. Аттокуров, К.Ш. Баймуратов, А.М. Эргешов, С.М. Джураев, А.М. Нурбаев, А.А. Карашев, М.Э. Сабиров, Т.З. Зулпукаров жана  А.Т. Алтыбаева демилгелеген «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага                                                                                    Ч.А. Турсунбеков

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 593