"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 15-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

15-06-2017 17:00

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.Назаров, А.Баатырбеков, К.Исаев, А.Турсунбаев, Д.Толонов, Д.Джумабеков, Н.Макеев, Н.Алимбеков, Т.Масабиров, С.Айдаров, К.Нурматов, А.Токторов, Т.Конушбаев, Д.Асылбек уулу, Ж.Калмаматов, А.Эргешов, У.Самаев,  И.Сарсеитов, А.Осмонова, М.Бакиров, А.Акматов, Р.Туманбаева, Б.Райымкулов, М.Эгембердиев, А.Арапбаев.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-91-37

Каттоо  № 6-13524/17      14.06.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

     1-берене.

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине  (Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2008 -ж, №8,  922-б) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 153-берененин:

а) 8-пункттун г) пунктчасындагы   “товардык-сервистик” деген сөздөр алып салынсын;

  1.  20-пункттагы “товардык-сервистик” деген сөздөр алып салынсын;

в)  төмөнкүдөй мазмундагы 51 жана 52 пункттар менен толукталсын:

“51) “Машина-трактордук станция”- айыл чарба өндүрүүчүсү жана айыл чарба кооперативдерин ишин   айыл чарба техникасын колдонуу менен аткаруучу, техникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын оңдоп түзөтүү боюнча кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле аларга запастык тетиктерди жеткирүүнү ишке ашыруучу уюм.

52) “Айыл чарба багытындагы соода- логистикалык борбор”:

 1) продуктуларды  экспорттоодон келип түшкөн каражат календардык жылдын аралыгындагы кызмат көрсөтүүнүн, иштин, товарды сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем эмес болгон шартта, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды      экспорттоо боюнча ишин жүзөгө ашыруучу;

2) пайдалануу укугунда  же  жеке менчик укугунда айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүгө, кайра иштетилген продуктуларды, ташуу,  сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоого арналган  жайлар жана курулмалар, өндүрүштүк, административдик,  кампалык жана башка имараттар жайгашкан жер участогунан турган (жер участокторунан) мүлктүк комплекске ээ болгон уюм”;

  1. 163-берененин 4-пунктунун 4)пунктчасындагы “айыл чарба товардык-сервистик” деген сөздөр алып салынсын;
  2. 176- берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

“6. Айыл чарба багытындагы айыл чарба кооперативинин жана соода-логистикалык борборлордуниш берүүчүлөрү ар биржалданма кызматкерденушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдуу эсептик кирешеден эсептелген жалданмакызматкердин эмгек акысынанкиреше салыгынын белгиленген суммасын кармайт жана төлөйт”;

  1.  

  а) 5-пункттагы  “товардык-сервистик” деген сөздөр алып салынсын;

 б) төмөнкү мазмундагы 13 жана 14 пункттар менен толукталсын:

“13)    машина-трактордук станциялар;

14)  айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор.”;

  1. 221-берененин 2-бөлүгүндөгү “лизингдик компаниялар” деген сөздөр “Мамлекеттик ипотекалык компаниялар” деген сөз менен толукталсын;
  2.  239-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “239-берене. Айыл чарба продукциясынын жана мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүү азыктарынын беримдери  жана экспорт

1. Айыл чарба өндүрүүчүлөргө өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын, ошондой эле анын кайра иштетилген азыктарынын беримдери жана экспорт КНСтен бошотулган беримдер  болуп эсептелет.

  1. Айыл чарба кооперативи айыл чарба кооперативине мүчө болуп эсептелген айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн алынган айыл чарба продуктулары жана аны кайра иштетүүдөн алынган продуктуларынын беримдери жана экспорт  КНСтен бошотулган беримдер  болуп эсептелет.
  2. Айыл чарба  кооперативи тарабынан ушул кооперативдин мүчөлөрү болгон айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн алынган айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.
  3. Айыл чарба  кооператив тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кооперативдин мүчөлөрүнө беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) беримдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме боюнча КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет.

6. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө,  айыл чарба кооперативдерине жана ата-мекендик сырьену кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына (өндүрүш үчүн пайдаланылуучу акцизделүүчү товарлардын тобунан башка) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун кызмат көрсөтүү, жумуштары, товарлардын жеткирүү КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет.

7. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун   айыл чарба продуктуларынын  кайра иштетүүдөн алынган продуктуларынын экспорту, КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет.

8. Машина -трактордук станциялардын айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн жана айыл чарба кооперативдеринин дарегине жеткирген төмөнкүдөй беримдер,  КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет:

  1) айыл чарба техникасын пайдалануу менен жасалган иштер;

2) техникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын оңдоп түзөтүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар;

3) айыл чарба техникасына запастык бөлүктөр.”;

  1.      259-беренедеги:

а)         3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган өз өндүрүштүк максаты үчүн негизги каражаттарды импорттоодо, КНС төлөөчү катары катталгандыгына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат, алар:

1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

2) айыл чарба кооперативдери, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн өз өндүрүштүк максаттары үчүн;

3) машина- трактордук станциялар;

4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор;

5) финансылык ижара келишими боюнча чарбакер субъекттер (лизинг).”;

б)  6-бөлүктөгү “200000 сом” деген сөз “эгерде ушул беренеде башка каралбаса” деген сөздөр менен толукталсын.

в)  төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

«8. Айыл чарба кооперативдери түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган товарды импорттоодо, ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган нарктык чектөөнү эсепке албастан,  импорттун КНС төлөмдөрүнөн бошотулат.”;

  1. 261-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо,  товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкасы менен берим болуп саналат:

  1. Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинирленген металлдарды;
  2. Айыл чарба багытындагы айыл чарба кооперативдери жана соода-логистикалык борборлордун, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба продуктулары жана аны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар.”;
  1. 281-1- берене төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:

“281-1-берене. Айрым субъекттерге КНСти кайтарып берүү өзгөчөлүктөрү

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеде белгиленген товардык позициялар боюнча тоют ташып келүүдө айыл чарба канаттууларын  өстүрүү боюнча ишин жүзөгө ашыруучу айыл чарба өндүрүүчүлөрү төлөгөн импортко болгон КНС, айыл чарба канаттууларын  өстүрүүгө сарпталган суммадан бюджеттен кайтарылып берилет же/жана орду толукталып берилет.

 2.   Ушул беренеде каралган КНСти кайтарып берүү же/жана ордун толуктап берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”;

  1. 300-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-жана 6-пункттар менен толукталсын:

«5) жер астындагы сууларды алуу боюнча суу менен камсыздоочу атайын уюмдар;

  6) калктуу пункттарды суу менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү жер астындагы сууларды алуу боюнча уюмдар.”;

  1. 315-берененин 1-бөлүгүндөгү  1, 2, 6,7 пунктчалар алып салынсын;
  2. 330-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен  толукталсын:

«7. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдеринин менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган негизги иш максатында пайдаланылуучу имараттардын, жайлардын жана курулмалардын салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.»;

  1. 339-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын: 

«23) менчик жана пайдалануу укугундагы айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативине таандык имараттар жана курулмалар-0.1.»;

  1. 353-беренедеги:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3.Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкердин эмгек акысынан жеке киреше салыгын төлөөнүн ордуна ыктыярдуу патент алууга тиешелүү иш чөйрөсүндө иштеген ар бир жалданма кызматкерге айына 7 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө ыктыярдуу патент алууга милдеттүү.”;

б) 4-бөлүктүн 1-пунктчасындагы “жылдык” деген сөз “катар келген акыркы календардык 12 айда” деген сөз менен алмаштырылсын.

в) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

“3) тигүү жана текстиль тармагындагы субъекттерди кошпогондо, товарларды импорттоону ишке ашыруучу жеке жактар.”;

2-берене

 Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                          

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 негиздеме-маалымкат

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу агрардык сектордогу субъекттерге салык салуунун көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. ЕАЭС менен иштөө шартында Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларынын ЕАЭБдин рыногуна кирүүсүнө айыл чарба секторунун майда товардык уюмдарга бөлүнүүсү кыйынчылык туудурууда. Майда чарбалар, эреже катары, айыл чарба продукцияларын сактоого, товардык ири партияларды топтоого, тиешелүү түрдө сорттоого, товарды калибрлөө жана таңгактоону камсыз кылууга, экспортко чыгаруучу продукцияны сертификаттоо жол-жоболорун аткаруу менен чыгымдарын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Негизги милдеттердин бири фермердик чарбалардын жана айыл чарба кооперативдерин ирилештирүү жана биригүүгө дем берүү болуп саналат, бул майда товардык чарбадан арылууга жол ачат. Мамлекеттик салык инспекциясынын маалыматы боюнча 138 товардык-сервистик кооператив иштейт, алар 2015-жылы 16.4 млн.сом салык төлөгөн, 2016-жылы төлөмдө 1,0 млн.сомго төмөндөп 15,4 млн.сомду түздү 2015-жылга салыштырмалуу 6,1 % төмөндөгөн.

Ошондой эле айыл чарба тармагынын аттандаштык жөндөмүн жогорулатуунун маанилүү факторлорунун бири учурда Машина-трактордук станциялар (МТС) көрсөтүп жаткан айыл чарба техникасын оңдоп түзөтүү жана техникалык тейлөөдөн өткөрүү боюнча сервистик  иштер жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кооперативдеринин ыкчам алуусу жана жеткиликтүүлүгү болуп эсептелет. Мамлекеттик салык инспекциясынын маалыматтары боюнча 11 МТС иштейт, 2016-жылы алар тарабынан 361.1 миң сом өлчөмүндөгү салык төлөнгөн.

 Бул олуттуу факторлор менен бирге республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн эл аралык, регионалдык жана топтоштурулган айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлорду (СЛБ)  түзүү зарыл, республика боюнча мындай борборлорду түзүү азырынча жетишсиз. Республикада СЛБны түзүү темпинин жетишсиздигинин себептеринин бири салыктык дем берүүнүн жоктугу. Мамлекеттик салык инспекциясынын маалыматы боюнча 5 СЛБ иштейт жана 201-жылдын жыйынтыгы боюнча 15,1 млн.сом салык төлөгөн, 2015-жылга салыштырмалуу 4,0 млн.сомго аз.

Жогоруда келтирилген маалыматтардын негизинде бул мыйзам долбоору менен төмөнкүлөргө багытталган өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

 1. ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана алардын айыл чарба кооперативдерине топтолуусуна дем берүүгө, тагыраагы:

 -Кодекстин 153-беренесинде “айыл чарба кооперативи” деген аныктама такталат жана Салык кодексинин бардык тексти боюнча бул аныктоону өзгөртүү менен байланышкан “товардык-сервистик” деген сөздү алып салуу аркылуу редакциялык түзөтүүлөр киргизилет, алар айыл чарба кооперативдеринин колдонуудагы Салык кодексинин алкагындагы Кодекстин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5 пунктундагы  пайда салыгына болгон жеңилдиктерин сактоого  мүмкүнчүлүк берүү, Кодекстин 239-беренесинин 1,2,3,4 бөлүктөрүндө айыл чарба продукцияларына болгон КНС боюнча ставкадан бошотуу, Кодекстин 259-беренесинин 3-бөлүгүндө негизги каражаттарды импорттоодогу КНС салыгы боюнча бошотуулар каралат.

 -Кодекстин 176-беренесинин  жаңы 6-бөлүк киргизилет. Ага ылайык айыл чарба кооперативинин жумуш берүүчүлөрүнө Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеден эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын кармоого укук берет.

-239-берене жаңы редакцияда берилип, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жашылча, жемиш жана мөмөлөрдү кайра иштетүү продуктыларын жана айыл чарба продуктуларынын беримдеринин гана КНС салыгынан бошотулган деп гана таанылбастан андан тышкары алардын экспорту да бошотулган, мындан тышкары аларга соода-логистикалык борборлордун жана машина-трактордук станциялардын беримдери да теңдештирилди.

-Кодекстин 259-беренесинин 6-бөлүгүнө толуктоо киргизилип жаңы 8-бөлүк киргизилүүдө ага ылайык кооперативдерге жеке өндүрүштүк максатта, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнө алынып келип жаткан жабдуулардын бардык түрүн импорттоодо КНС салыгынан бошотуу үчүн    каралат.

-261-берененин 1-бөлүгү жаңы редакцияда баяндалат, ага ылайык айыл чарба продукциясынын жана   айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан продуктуларды кайра иштетүүнү экспорттоодо айыл чарба кооперативдерине КНС салыгынан бошотуу статусу берилет. 

-330-беренеге 7-бөлүк жаңы киргизилет ага ылайык айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдеринин менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган негизги иш максатында пайдаланылуучу имараттардын, жайлардын жана курулмалардын салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;

-339-берененин 6-бөлүгүнө 23-пункт киргизилүүдө, анда, айыл чарба кооперативдерине тиешелүү имараттар жана курулмаларга  коммерциялык пайдалануу коэффициенти Кк коэффициенти- 0.1 өлчөмүндө белгиленген.

2. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана айыл чарба кооперативдеринин ишин аткаруучу жана аларды тейлөөчү машина-трактордук станцияларды өнүктүрүү жана колдоого, тагыраагы:

-   Кодекстин 212-беренесинин 1-бөлүгүнө 13-пункт киргизилүүдө анда машина трактордук станцияларды пайда салыгынан бошотуу каралат.

 -Кодекстин 239-берене 8-бөлүк менен толукталууда, ага ылайык Машина -трактордук станциялардын айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн жана айыл чарба кооперативдеринин дарегине жеткирилген айыл чарба техникасын пайдалануу менен жасалган иштер, техникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын оңдоп түзөтүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар, айыл чарба техникасына запастык бөлүктөр   КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет:

-Кодекстин 259-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизилүүдө анда машина трактордук станциялар өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн ишке ашыруучу негизги каражаттарды импорттоодо КНС салыгынан бошотулат.

3.   айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын  арттырууга  жана соода-логистикалык борборлорун (СЛБ) өнүктүрүүгө, тактап айтканда:

-  Кодекстин 176-беренесине жаңы 6 бөлүк киргизилүүдө, анда  айыл чарба багытындагы айыл чарба кооперативинин жана соода-логистикалык борборлордун  иш берүүчүлөрүнө ар бир   жалданма кызматкерден  ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдуу эсептик кирешеден эсептелген жалданма  кызматкердин эмгек акысынан   киреше салыгынын белгиленген суммасын кармоого укук берилет.

 -Кодекстин 212-беренесинин 1-бөлүгүнө 13-пункт киргизилүүдө анда айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор пайда салыгынан бошотулат;

 -Кодекстин 259-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизилет, ага ылайык айыл чарба багытындагы  соода-логистикалык борборлор өз өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттарды импоттоодо КНСтен бошотулат;

 -Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна толуктоо киргизилүүдө, анда айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун ишинде пайдаланылуучу 2-топтогу мүлктөрдү салык  салынуучу мүлктүк объекттен чыгарылып салынат.

 -Кодекстин 330-беренесине жаңы 7-бөлүк киргизилүүдө, анда айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор өзүнүн негизги ишинде пайдалануучу менчик же убактылуу пайдалануудагы имараттарга, жайларга жана курулмаларга мүлк салыгынын төлөөдө салыктын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салыктан бошотулат.

 -Кодекстин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө 23-пункт киргизилүүдө, анда айыл чарба  багытындагы соода-логистикалык борборлорго тиешелүү имараттар жана курулмаларга  коммерциялык пайдалануу коэффициенти Кк коэффициенти- 0.1 өлчөмүндө белгиленген.

 Мындан тышкары мыйзам долбоорунун алкагында кечиктирилгис мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды илгерилетүү жөнүндө чечим кабыл алынат, алар:  

 -Кодекстин 221-беренесинин 2-бөлүгүнө толуктоо киргизилет, ал толуктоо Мамлекеттик ипотекалык компанияны колдоого багытталып, ага ылайык  Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, резидент-банктар, лизингдик компаниялар сыяктуу эле  мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан алынган пайыздарга салык салынбайт.

 -281-1 –жаңы берене киргизилүүдө, анда Кыргыз Республикасынын өкмөтү бекиткен тизмеде белгиленген товардык позициялар боюнча тоютту ташып келүүдө, айыл чарба канаттууларын өстүрүү боюнча иштеген айыл чарба өндүрүүчүлөрү төлөгөн импортко болгон КНСтин ордун толтуруп берүү каралат.

-Кодекстин 300-беренеси 5-жана 6-бөлүк менен толукталат, анда калктуу пункттарды суу менен камсыз кылууда жер астындагы сууларды алуу боюнча уюмдар жана жер астындагы сууларды алуу боюнча суу менен камсыз кылуучу атайын уюмдар жер казына  салыгын төлөөдөн бошотуу каралууда.

-Кодекстин 315-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1,2,6 жана 7-бөлүктөрдү алып салуу сунуш кылынууда, салык төлөөчүлөргө адилет салык салуу принцибин сактоо максатында, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү максатында накталай эмес төлөмдөргө сатуудан алына турган салык алынбагандыктан айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн, айыл чарба кооперативдери үчүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана кардиохиррургиялык багыттагы медициналык мекемелерге кызмат көрсөтүүдө жана иштерди аткарууда, товарларды сатууда сатуудан алына турган салыктан бошотуу каралууда.

-Кодекстин 353-беренесинин 3-бөлүгүнө жаңы редакция киргизилүүдө ага ылайык, салык төлөөчүлөр  айлык акыдан киреше салыгын төлөө жана эсептөөнүн ордуна жалданма кызматкердин эмгек акысынан жеке киреше салыгын төлөөнүн ордуна ыктыярдуу патент алууга тиешелүү иш чөйрөсүндө иштеген ар бир жалданма кызматкерге айына 7 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө ыктыярдуу патент алуу мүмкүнчүлүгү  берилүүдө. Бул биринчиден субъекттерди ачык иштөөгө дем берип ак ниет ишкердик жүргүзүүгө жол ачып бюджеттин киреше бөлүгүн толуктайт.

-353-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктчасындагы “жылдык” деген сөз “катар келген календардык 12 айда” деген сөз менен алмаштырылат, анткени КНС боюнча салыктык мезгил болуп ай эсептелет жана салык төлөөчүгө КНС боюнча каттоо босогосун ашкан мезгилден баштап 12 календардык айды эсептөө жеңил болот.

-Кодекстин 353—беренесинин 4-бөлүгү 3-пункт менен толукталууда, анда товарларды импорттоону ишке ашыруучу жеке жактарга ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүгө чектөө киргизилет (тигүү жана текстиль тармагынан башкаларга). Бул башкарууну күчөтүп ыктыярдуу патент шартында иштөөчү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар импорттоочу  салык төлөөчүлөр тарабынан кара ниет атаандаштык көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат.

-Кодекстин 375-беренесинин 2-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилүүдө, ага ылайык ЭЭЗдин субъекти болуп эсептелбеген субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү КНС салыгы боюнча беримдер алынуучу ЭЭЗ субъектине  беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

Аталган механизмдерди колдонуу:

1) Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшүндөгү майда товардык көрүнүштү жеңүүгө таасирдүү чаралардын бири боло алат;

2) продукциялардын сатуу алдындагы зарыл болгон даярдыктарды жүргүзүүгө жана сактоо жана кайра иштетүүдөгү жоготууларды азайтууну камсыз кылат;

3) ЕАЭБ мыйзамдарына толук шайкеш келүүгө шарт түзөт, анын натыйжасында өнөктөштөр тарабынан тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын туура эмес колдонууда нааразылыктарды пайда кылбайт.

4) экспорттолуучу продуктуларга салык салуудан жана алымдардын баарынан бошотуу боюнча бардык  спектрлерди берет.

5)  айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кампа тилкатын күрөөгө коюу менен каржылоонун жаңы системасынын негизинде кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

 Бул чараларды колдонуу  бюджетке оң таасир тийгизет деп болжолдойбуз.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясы

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталуучу редакция

 153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

8) "Дивиденд" - салык төлөөчүнүн төмөнкүлөрдү кошо алганда пайдасынын бөлүгү:

а) өзүнө таандык акциялардан киреше түрүндө ошол адам алган уюмду жоюудагы нарктын өсүшү;

б) пайдага салыкты төлөгөндөн кийин жеке ишкердин карамагында калган пайда;

в) капиталдагы адамдын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;

г) айыл чарбалык товардык-сервистик кооперативдердин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр;

 20) "Айыл чарба товардык-сервистик кооперативи" - мүчөлөрүнүн кеминде 75 пайызы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн турган кирешесинин кеминде 75 пайызы календардык жылдын ичинде кооператив өндүргөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшөт.

51)     жок

52)     жок

153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

8) "Дивиденд" - салык төлөөчүнүн төмөнкүлөрдү кошо алганда пайдасынын бөлүгү:

а) өзүнө таандык акциялардан киреше түрүндө ошол адам алган уюмду жоюудагы нарктын өсүшү;

б) пайдага салыкты төлөгөндөн кийин жеке ишкердин карамагында калган пайда;

в) капиталдагы адамдын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;

г) айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр;

 20) "Айыл чарба  кооперативи" - мүчөлөрүнүн кеминде 75 пайызы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн турган кирешесинин кеминде 75 пайызы календардык жылдын ичинде кооператив өндүргөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшөт.

51) Машина-трактордук станция- айыл чарба өндүрүүчүсү жана айыл чарба кооперативдерин ишин   айыл чарба техникасын колдонуу менен аткаруучу, техникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын оңдоп түзөтүү боюнча кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле аларга запастык тетиктерди жеткирүүнү ишке ашыруучу уюм.

52) “Айыл чарба багытындагы соода- логистикалык борбор:

1) продукцияларды  экспорттоодон келип түшкөн каражат календардык жылдын аралыгындагы кызмат көрсөтүүнүн, иштин, товарды сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем эмес болгон шартта, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды      экспорттоо боюнча ишин жүзөгө ашыруучу;

2) пайдалануу укугунда  же  жеке менчик укугунда айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүгө, кайра иштетилген продуктуларды, ташуу,  сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоого арналган  жайлар жана курулмалар, өндүрүштүк, административдик,  кампалык жана башка имараттар жайгашкан жер участогунан турган (жер участокторунан) мүлктүк комплекске ээ болгон уюм”;

 163-берене. Салык базасы

4. Эмгек акыларын төмөнкүдөй формада алуучу кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше колдонулбайт:

4) турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, кондоминиумдардын, курулуш-турак-жай, гараждык айыл чарба товардык-сервистик  жана бак-чарбак кооперативдеринин кызматкерлеринин;

163-берене. Салык базасы

4. Эмгек акыларын төмөнкүдөй формада алуучу кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше колдонулбайт:

4) турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, кондоминиумдардын, курулуш-турак-жай, гараждык жана бак-чарбак кооперативдеринин кызматкерлеринин;

 176-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелери

 6-бөлүм жок.

6. Айыл чарба багытындагы айыл чарба кооперативинин жана соода-логистикалык борборлордун  иш берүүчүлөрү ар бир   жалданма кызматкерден  ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдуу эсептик кирешеден эсептелген жалданма  кызматкердин эмгек акысынан   киреше салыгынын белгиленген суммасын кармайт жана төлөйт.

                          212-берене. Салыктан бошотуу

1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат:

5) айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин

13. 14 пункттар жок.

              212-берене. Салыктан бошотуу

1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат:

5) айыл чарба кооперативдеринин

13)    машина-трактордук станциялар;

14)  айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор

 221-берене. Пайыздарга салынуучу салыктардын ставкалары жана мөөнөттөрү

1. Салык төлөөчүлөргө төлөнүүчү пайыздар Кыргыз Республикасындагы киреше булагында төлөнгөн суммадан 10 пайыздык ставка боюнча салык салынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн нормалары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, резидент-банктар, лизингдик компаниялар тарабынан алынган пайыздарга карата колдонулбайт

 221-берене. Пайыздарга салынуучу салыктардын ставкалары жана мөөнөттөрү

1. Салык төлөөчүлөргө төлөнүүчү пайыздар Кыргыз Республикасындагы киреше булагында төлөнгөн суммадан 10 пайыздык ставка боюнча салык салынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн нормалары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, резидент-банктар, лизингдик компаниялар, Мамлекеттик ипотекалык компаниялар тарабынан алынган пайыздарга карата колдонулбайт

 239-берене. Айыл чарба продукциясынын жана мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүү азыктарынын беримдери

1. Айыл чарба өндүрүүчүлөргө өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын, ошондой эле анын кайра иштетилген азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

2. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Айыл чарба товардык-сервистик кооператив тарабынан ушул кооперативдин мүчөлөрү болгон айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн алынган айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

4. Айыл чарба товардык-сервистик кооператив тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кооперативдин мүчөлөрүнө беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) берүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме боюнча КНС төлөөдөн бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.

6.

  239-берене. Айыл чарба продукциясынын жана мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүү азыктарынын беримдери  жана экспорт

1. Айыл чарба өндүрүүчүлөргө өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын, ошондой эле анын кайра иштетилген азыктарынын беримдери жана экспорт КНСтен бошотулган беримдер  болуп эсептелет.

  1. Айыл чарба кооперативи айыл чарба коопертивине мүчө болуп эсептелген айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн алынган айыл чарба продукциялары жана аны кайра иштетүүдөн алынган продуктуларынын беримдери жана экспорт  КНСтен бошотулган беримдер  болуп эсептелет.
  2. Айыл чарба  кооперативи тарабынан ушул кооперативдин мүчөлөрү болгон айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн алынган айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.
  3. Айыл чарба  кооператив тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кооперативдин мүчөлөрүнө беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) беримдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме боюнча КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет.

6. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө,  айыл чарба кооперативдерине жана ата-мекендик сырьену кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына (өндүрүш үчүн пайдаланылуучу акцизделүүчү товарлардын тобунан башка) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун кызмат көрсөтүү, жумуштары, товарлардын жеткирүү КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет.

7. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлордун   айыл чарба продукцияларынын  кайра иштетүүдөн алынган продуктуларынын экспорту, КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет.

8. Машина -трактордук станциялардын айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн жана айыл чарба кооперативдеринин дарегине жеткирилген төмөнкүдөй беримдер,  КНС төлөөдөн бошотулган беримдер болуп эсептелет:

1) айыл чарба техникасын пайдалануу менен жасалган иштер;

2) техникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын оңдоп түзөтүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар;

3) айыл чарба техникасына запастык бөлүктөр;

259-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406003100 негизги каражаттарына жайылтылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, айыл чарбалык товар өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив өзүнүн өндүрүштүк максаты үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттоочу жана/же чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттоочу негизги каражаттар ал чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат.

  1. Ушул берененин максаттары үчүн негизги каражат - бул ишкердик жүргүзүүдө пайдаланууга арналган актив, өзүнүн наркын бара-бара аны менен түзүлүүчү товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрөт, аны

259-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу  

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406003100 негизги каражаттарына жайылтылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган өз өндүрүштүк максаты үчүн негизги каражаттарды импорттоодо, КНС төлөөчү катары катталгандыгына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат, алар:

1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

2) айыл чарба кооперативдери, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн өз өндүрүштүк максаттары үчүн;

3) машина- трактордук станциялар;

4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор;

5) финансылык ижара келишими боюнча чарбакер субъекттер (лизинг)

 6. Ушул берененин максаттары үчүн негизги каражат - бул ишкердик жүргүзүүдө пайдаланууга арналган актив, өзүнүн наркын бара-бара аны менен түзүлүүчү товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрөт, аны пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашык болот жана бажылык наркы 200000 сомдон кем эмести түзөт, эгерде ушул беренеде башка каралбаса.

8.  Айыл чарба кооперативдери түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган товарды импорттоодо, ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган нарктык чектөөнү эсепке албастан,  импорттун КНС төлөмдөрүнөн бошотулат

 пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашык болот жана бажылык наркы 200000 сомдон кем эмести түзөт.

8. жок.

261-берене.  Товарларды экспорттоо

  1. Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинирленген металлдарды экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкасы менен берим болуп саналат.

2. Евразиялык экономикалык бирликтин мүчө-мамлекеттерине товарларды экспорттоодо, ошондой эле иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНСти төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык КНС боюнча салык отчету менен бир убакта документти салык органына берүүгө милдеттүү

             261-берене.   Товарларды экспорттоо

  1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо,  товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкасы менен берим болуп саналат:
  1. Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинирленген металлдарды;
  2. Айыл чарба багытындагы айыл чарба кооперативдери жана соода-логистикалык борборлордун, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба продукциялары жана аны кайра иштетүүдөн алынган продукциялар.

2. Евразиялык экономикалык бирликтин мүчө-мамлекеттерине товарларды экспорттоодо, ошондой эле иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНСти төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык КНС боюнча салык отчету менен бир убакта документти салык органына берүүгө милдеттүү

Колдонуудагы Салык кодексинде 281-1 беренеси жок.

 281-1-берене. Айрым субъекттерге КНСти кайтарып берүү өзгөчөлүктөрү

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеде белгиленген товардык позициялар боюнча тоют ташып келүүдө айыл чарба канаттууларын  өстүрүү боюнча ишин жүзөгө ашыруучу айыл чарба өндүрүүчүлөрү төлөгөн импортко болгон КНС, айыл чарба канаттууларын  өстүрүүгө сарпталган суммадан бюджеттен кайтарылып берилет же/жана орду толукталып берилет.

 2.   Ушул беренеде каралган КНСти кайтарып берүү же/жана ордун толуктап берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

300-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн бошотуу

Жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

 4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү башка иштерди аткаруучу субъект.

.

5)   жок

6)   жок

5) жер астындагы сууларды алуу боюнча суу менен камсыздоочу атайын уюмдар;

  6) калктуу пункттарды суу менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү жер астындагы сууларды алуу боюнча уюмдар.

315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат:

1) айыл чарбалык өндүрүшчү;

2) айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив;

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар;

4) кайрымдуулук уюм;

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары);

7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелери.

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат:

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн.

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.

 315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат:

1) күчүн жоготту деп таанылсын;

2) күчүн жоготту деп таанылсын;

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар;

4) кайрымдуулук уюм;

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6)  күчүн жоготту деп таанылсын;

7) күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат:

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн.

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.

330-берене. Салык боюнча жеңилдиктер

7-бөлүк жок

 330-берене. Салык боюнча жеңилдиктер

  1. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдеринин менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган негизги иш максатында пайдаланылуучу имараттардын, жайлардын жана курулмалардын салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.

339-берене. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары

6. Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө таандык жер участоктору үчүн Кк коэффициенти төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет.

23) пункт жок

23) менчик жана пайдалануу укугундагы айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативине таандык имараттар жана курулмалар-0.1.

 353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

3. Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан ар бир жалданма кызматкердин жеке киреше салыгын ушул Кодекстин 163-беренесине  ылайык аныкталчу минимум эсептик кирешеге жараша кармап калышат жана төлөшөт.

4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн:

1) КНСке салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын жана/же жылдык кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкандардын;

2) уюмдардын укуктары жок.

3)  жок

5. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда, салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн белгиленген жалпы тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү белгиленген жалпы тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат

353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары.

3.Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкердин эмгек акысынан жеке киреше салыгын төлөөнүн ордуна ыктыярдуу патент алууга тиешелүү иш чөйрөсүндө иштеген ар бир жалданма кызматкерге айына 7 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө ыктыярдуу патент алууга милдеттүү.

4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн:

1) КНСке салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын жана/же  кирешесинин көлөмү, катар  келген акыркы календарлык 12 айда  КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкандардын;

2) уюмдардын;

3) тигүү жана текстиль тармагындагы субъекттерди кошпогондо, товарларды импорттоону ишке ашыруучу жеке жактар.

5. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда, салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн белгиленген жалпы тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү белгиленген жалпы тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат

Көрүүлөрдүн саны : 1457