2017-жылдын 14-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

14-06-2017 16:31

 

1. “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбаев А.А., Өмүркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Бабанов Ө.Т., Керезбеков К.К., Карашев А.А., Жеенчороев М.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) “Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Европа комиссиясынын инвестициялык гранты боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.17деги № 254 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.05.17деги № 263 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.17деги № 255 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Абдылдаев М.Ю., Алимбеков Н.К., Баатырбеков А.Б., Жеенчороев М.К., Масалиев И.А., Өмүркулов И.Ш., Сабиров М.Э., Шыкмаматов А.Н., Кодуранова А.С.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Абдылдаев М.Ю., Алимбеков Н.К., Баатырбеков А.Б., Жеенчороев М.К., Масалиев И.А., Өмүркулов И.Ш., Сабиров М.Э., Шыкмаматов А.Н., Кодуранова А.С.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Орозова К.Б., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Примов У.Б., Токторов А.С., Самигуллина А.Э., Артыкбаев О.М., Осмонова А.Ш., Мусабекова Ж.А., Алтыбаева А.Т., Жээнбеков А.Ш., Касымалиева А.К.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.03.17деги № 182 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.05.17деги № 261 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Артыкбаев О.М., Токторов А.С., Абжалиев А.Т., Жумабеков Д.А., Исаева Д.Ш., Бакиров М.И., Тулендыбаев П.Р., Исмаилова А.Ж., Туманбаева Р.М., Субанбеков Б.Ж., Нурбаев А.М.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

12. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Рыспаев К.Ж.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

13. “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун режимине кайтаруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 16.02.17деги № 105 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

14. “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун режимине кайтаруу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 586