"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 13-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

13-06-2017 18:04

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Д.Бекешев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-35

Каттоо  № 6-13075/17      09.06.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык

иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2014-жылдын 22-июлу, № 57) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мыйзамдын аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы” деген сөздөр “Адвокатура” деген сөз менен алмаштырылсын;

2) 1-беренедеги:

берененин аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы” деген сөздөр “Адвокатура” деген сөз менен алмаштырылсын;

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын (мындан ары – Адвокатура) деген сөздөр “Адвокатура” деген сөз менен алмаштырылсын.

3) 2-берененин 1-бөлүгүндөгү “милдеттүү” деген сөз “ыктыярдуу” деген сөз менен алмаштырылсын;

4) 19-беренеде:

2-бөлүктүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

5-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 21-берененин 6-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатурага лицензия берүү жөнүндө он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт” жана “кабарлоону алган күндөн тартып” деген сөздөр алып салынсын;

6) 22-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу

1. Адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;

2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;

3) адвокаттын арызы боюнча;

4) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 14-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын адвокаттык иш менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу мезгилине лицензия алган арызы боюнча;

5) адвокат тарабынан кесиптик Этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;

6) Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө мүчөлүк төгүмдөрдү төлөбөгөн учурда.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.

Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.

7) төмөндөгүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:

“22-1-берене. Лицензиядан ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу

Адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.”.

8) 26-берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

9) 28-берененин 2-бөлүгүндөгү “;   адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензиядан мурда ажыратылганда” деген сөздөр алып салынсын.

10) 31-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык

иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарындагы кайталоолорду, карама-каршылыктарды жана мүчүлүштөрдү четтетүү, тактоо киргизүү максатында иштелип чыккан. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамдардын нормаларынын бирин-бири кайталоосунун четтетүүгө жана бир жактуу эмес чечмелөөнү болтурбоого, мүчүлүштөрдү жоюуга мүмкүнчүлүк берет жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аларды туура баяндоо боюнча концептуалдык мамиле жасоону камсыз кылат. 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар бир адамдын тынч чогулушка эркин катышуусун жана ассоциацияларды түзүү укугун жарыялаган (20-берене). 1966-жылдагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 22-беренесинде ар бир адам башкалар менен биригүү, профсоюздарды түзүү, өздөрүнүн укуктарын коргоо үчүн ушундай уюмдарга кирүү укуктарын кошкондо биригүү эркиндигине ээ экендиги белгиленген.

Эл аралык укуктун нормаларын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясы өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин оюн билдирүүнүн жана кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде жарандарга саясий партияларды, кесиптик бирликтерди жана башка коомдук бирикмелерди түзүүгө укук берген (4-берененин 2-бөлүгү).

Ал эми “Кыргыз Республикасынын “Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы нормасы адвокаттарды Адвокатурага кирүүгө муктаждайт, Конституциянын 35-беренесинде бекемделген коомдук бирикмелерди түзүү же ыктыярдуу жана эркин оюн билдирүүнүн негизинде аларга кирүү укугун бузат, бул адвокаттардын жеке оюна каршы келип адвокатурага мүчө болууга муктаждайт.

Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Мыйзамдын жоболору адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга түздөн-түз байланышкан көптөгөн маселелерди тийиштүү деңгээлде жол-жоболоштурган эмес жана укуктук мүчүлүштөрү бар.

Маселен, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” колдонуудагы мыйзамда адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратуунун тартиби “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы жоболоруна карама-каршы келип турат, ошондуктан ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык мыйзамда көрсөтүлгөн иш түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзам менен жана ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесине ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылып аталышын көрсөтүү, мындай өзгөртүүнү киргизүү же юридикалык жактын документтеринин реквизитине же жарнактык материалдарына мамлекеттик символиканын элементтерин киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы” деген коомдук бирикменин аталышында Кыргыз Республикасынын аталышын киргизүүнүн тартиби каралган эмес, ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл деп эсептейм, анткени ушул Мыйзамдын бүткүл тексти “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган ченемдик укуктук актылардын иерархиясы боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесине карама-каршы келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу бир катар мыйзамдык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга алып келет.

Кабыл алынуучу мыйзамда терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер каралган эмес.

Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган, талкуулоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер жок.

Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы нормаларына өткөрүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча сунуш кылынган долбоор колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы аныкталды, ошондой эле долбоор регулятивдүү таасир этүүнү талдоого жатпайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен жана ишкерлер тараптан кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

Депутат                                                                    Дастан Бекешев

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

“Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын (мындан ары - Адвокатура) жана адвокаттык ишти жөнгө салуунун укуктук негизи болуп саналат.

1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Адвокатураны (мындан ары - Адвокатура) жана адвокаттык ишти жөнгө салуунун укуктук негизи болуп саналат.

2-берене. Адвокатура

1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти  өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.

2-берене. Адвокатура

1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын ыктыярдуу түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти  өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.

19-берене. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу

1. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия (мындан ары - лицензия) алууга жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысы бар, квалификациялык сынактан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны укуктуу.

2. Лицензияны төмөнкү жаран ала албайт:

1) Аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектелген деп табылган;

2) жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;

3) тартиптик жосунун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде;

4) мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыраган;

5) жүрүм-турумунун кынтыксыз эместигине байланыштуу судьянын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде.

3. Лицензия алуу үчүн зарыл болгон юридикалык адистик боюнча иш стажысына төмөнкү иштер киргизилет:

1) судья катарында;

2) мамлекеттик органдардагы, анын ичинде колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганга чейин болгон жогорку юридикалык билимди талап кылган мамлекеттик кызматтардагы;

3) жогорку юридикалык билимди талап кылган муниципалдык кызматтардагы;

4) уюмдардын юридикалык кызматтарында жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтардагы;

5) илимий-изилдөө мекемелериндеги жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтардагы;

6) орто кесиптик, жогорку кесиптик жана кесиптик билим берүүнүн жогорку окуу жайларынан кийинки мекемелерде юридикалык сабактарды окутуучу катарында;

7) адвокаттын жардамчысы катарында;

8) нотариус катарында.

4. Беш жылдык иш стажысы бар төмөнкү адамдарга квалификациялык сынак бердирбестен лицензия берилет:

1 ) укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө;

2) судья катары;

3) Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында;

4) Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн жана өз ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде лицензия алган адамдар лицензия алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде өз ишинин мезгилине карата лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга тийиш.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацы менен каралган талаптар аткарылбаган учурда лицензия жокко чыгарылат.

Күчүн жоготту деп таанылсын

21-берене. Квалификациялык сынак

1. Квалификациялык сынак Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында жети адамдан түзүлгөн квалификациялык комиссия (мындан ары - квалификациялык комиссия) тарабынан кабыл алынат.

2. Квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:

1) адвокаттык иште беш жылдан кем эмес стажысы бар адвокаттардын ичинен Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталуучу Адвокатурадан төрт өкүл;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен үч өкүл.

2. Квалификациялык сынакты өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

4. Тесттин жалпы суроолорунун 70 пайызынан көбүнө туура жооп берген адам квалификациялык сынак берди деп эсептелет.

Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамга аны кайрадан тапшырууга алты айдан эрте эмес киргизилет.

5. Квалификациялык комиссия тарабынан сынактын натыйжалары боюнча протокол формасында жол-жоболонгон чечим кабыл алынат.

Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сынактын натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынат, ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде лицензия берилет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатурага лицензия берүү жөнүндө он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт. Адвокатура кабарлоону алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде адвокаттын Адвокатурага мүчө болуп киргендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт.

21-берене. Квалификациялык сынак

1. Квалификациялык сынак Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында жети адамдан түзүлгөн квалификациялык комиссия (мындан ары - квалификациялык комиссия) тарабынан кабыл алынат.

2. Квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:

1) адвокаттык иште беш жылдан кем эмес стажысы бар адвокаттардын ичинен Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталуучу Адвокатурадан төрт өкүл;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен үч өкүл.

2. Квалификациялык сынакты өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

4. Тесттин жалпы суроолорунун 70 пайызынан көбүнө туура жооп берген адам квалификациялык сынак берди деп эсептелет.

Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамга аны кайрадан тапшырууга алты айдан эрте эмес киргизилет.

5. Квалификациялык комиссия тарабынан сынактын натыйжалары боюнча протокол формасында жол-жоболонгон чечим кабыл алынат.

Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сынактын натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынат, ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

21-берененин 6-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатурага лицензия берүү жөнүндө он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт” жана “кабарлоону алган күндөн тартып” деген сөздөр алып салынсын;

6. Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде лицензия берилет. Адвокатура беш жумушчу күндүн ичинде адвокаттын Адвокатурага мүчө болуп киргендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт.

22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу

1. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;

2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;

3) адвокаттын арызы боюнча;

4) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын адвокаттын иши менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу мезгилине лицензия алган арызы боюнча;

5) адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;

6) мүчөлүк төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн учурда.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.

Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.

4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) адвокатка карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирет;

2) Кесиптик этика кодексинин ченемдери кайталанып бузулган;

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун токтото туруу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын же болбосо Адвокатуранын уставынын ченемдерине ылайык квалификациясын жогорулатпаган;

4) адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдери бузулган.

5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда;

2) адвокат каза болгондо же аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

3) адвокат белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда;

4) адвокаттын жазуу жүзүндө берилген жеке арызы боюнча;

5) бир айдын ичинде жүйөсүз себептер боюнча лицензия албаган учурда;

6) адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.

6. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими ал кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

“22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу

1. Адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;

2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;

3) адвокаттын арызы боюнча;

4) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 14-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын адвокаттык иш менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу мезгилине лицензия алган арызы боюнча;

5) адвокат тарабынан кесиптик Этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;

6) Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө мүчөлүк төгүмдөрдү төлөбөгөн учурда.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.

Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.

_________________________________________________________

“22-1-берене. Лицензиядан ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу

Адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.”.

__________________________________________________________

26-берене. Адвокаттын милдеттери

1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого;

2) лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирүүгө;

3) Адвокатура тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;

4) ишеним артуучулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, корголуучунунун сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзам менен каралган баардык каражаттарды жана ыкмаларды пайдаланууга;

5) юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарбоого;

6) өзүнүн билимин үч жылда бир жолудан кем эмес  өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга.

2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Адвокатуранын уставында каралган жоопкерчиликти тартат.

26-берене. Адвокаттын милдеттери

1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого;

2) күчүн жоготту деп таанылсын;

3) күчүн жоготту деп таанылсын;

4) ишеним артуучулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, корголуучунунун сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзам менен каралган баардык каражаттарды жана ыкмаларды пайдаланууга;

5) юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарбоого;

6) күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Адвокатуранын уставында каралган жоопкерчиликти тартат.

28-берене. Адвокаттын жардамчысы

1. Юридикалык жардам көрсөтүүдө көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана жогорку юридикалык билими бар адамдардын ичинен жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчылары адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган, жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; тартиптик жосун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адамдар бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде; адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензиядан мурда ажыратылгандар адвокаттын жардамчысы болушу мүмкүн эмес.

3. Адвокаттын жардамчысы адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча алгачкы териштирүү жана тергөө органдарында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга, көчүрүп алууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык болгон аракеттерди кошпогондо, адвокаттын өндүрүшүндө болгон иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.

4. Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы тарабынан аткарылуучу иштин көлөмү, эмгегине акы төлөө жана анын ишине таандык болгон башка маселелер адвокат же адвокаттык уюм менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлө турган келишим менен аныкталат.

Адвокаттын жардамчысына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматтарынын купуялыгын сактоо милдети жайылтылат.

28-берене. Адвокаттын жардамчысы

1. Юридикалык жардам көрсөтүүдө көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана жогорку юридикалык билими бар адамдардын ичинен жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчылары адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган, жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; тартиптик жосун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адамдар бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде адвокаттын жардамчысы болушу мүмкүн эмес.

3. Адвокаттын жардамчысы адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча алгачкы териштирүү жана тергөө органдарында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга, көчүрүп алууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык болгон аракеттерди кошпогондо, адвокаттын өндүрүшүндө болгон иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.

4. Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы тарабынан аткарылуучу иштин көлөмү, эмгегине акы төлөө жана анын ишине таандык болгон башка маселелер адвокат же адвокаттык уюм менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлө турган келишим менен аныкталат.

Адвокаттын жардамчысына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматтарынын купуялыгын сактоо милдети жайылтылат.

31-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө  кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин каржылоого,  уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинде Адвокатуранын уставы бекитилет, Адвокатуранын башкаруу органдары түзүлөт, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелер чечилет.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинин катышуучуларынын санын аныктасын.

3. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин съездге катышкан жашы боюнча улуу адвокат ачат. Жыйналышты алып баруу үчүн президиум шайланат.

Адвокаттардын уюштуруу съездинин чечимдери чогулушка катышкан адвокаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын - аймактык адвокатураларын жана Адвокаттардын окуу борборун тиешелүү башпааналарга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.

31-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер

Күчүн жоготту деп таанылсын

Көрүүлөрдүн саны : 982