2017-жылдын 25-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

25-05-2017 14:31

2017-жылдын 17-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоору:

 

1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бокоев К.С.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 18-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

2. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шадиев А.А., Примов У.Б.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Салык кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 03.03.17деги № 134 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаттары жана Өкмөт, 28.11.13төгү № 646 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.06.16дагы № 306 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 365 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Примов У.Б., Рыспаев К.Ж., Баатырбеков А.Б., Керезбеков К.К., Жеенчороев М.К., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Эргешов А.М., Джураев С.М., Нурбаев А.М., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Сабиров М.Э., Зулпукаров Т.З., Алтыбаева А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

8. “Электрондук кол тамга жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Примов У.Б., Рыспаев К.Ж., Баатырбеков А.Б., Керезбеков К.К., Жеенчороев М.К., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Эргешов А.М., Джураев С.М., Нурбаев А.М., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Сабиров М.Э., Зулпукаров Т.З., Алтыбаева А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

9. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Примов У.Б., Рыспаев К.Ж., Баатырбеков А.Б., Керезбеков К.К., Жеенчороев М.К., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Эргешов А.М., Джураев С.М., Нурбаев А.М., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Сабиров М.Э., Зулпукаров Т.З., Алтыбаева А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

10. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Бекешев Д.Д., Аманкулов М.А., Примов У.Б., Рыспаев К.Ж., Баатырбеков А.Б., Керезбеков К.К., Жеенчороев М.К., Аттокуров Д.Б., Баймуратов К.Ш., Эргешов А.М., Джураев С.М., Нурбаев А.М., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Сабиров М.Э., Зулпукаров Т.З., Алтыбаева А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2017-жылдын 24-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

11. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.12.16дагы № 670 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

12. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.02.17деги № 57 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

13. “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.07.16дагы № 394 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

14. “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.02.17деги № 105 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 25-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

15. “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.02.17деги № 124 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

16. “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Бабанов Ө.Т., Карашев А.А., Баатырбеков А.Б., Жеенчороев М.К., Керезбеков К.К.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

17. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.03.17деги № 192 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

18. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.04.17деги № 200 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

19. “Абу-Даби шаарында 2017-жылдын 17-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.04.17деги № 241 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

20. “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.04.17деги № 201 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

21. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1527-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Нышанов С.К., Жунус уулу Алтынбек, Баатырбеков А.Б., Кадыркулов И.А., Жапаров А.Υ., Арапбаев А.А., Алимбеков Н.К., Акматов А.Ж., Жумабеков Д.А., Жылкыбаев У.К., Өмүрбекова А.С., Джураев С.М., Баяхунов Н.Б., Матраимов И.И., Турсунбаев А.А., Масабиров Т.А., Айдаров С.А., Баймуратов К.Ш., Тиллаев Т.Г., Чудинов И.В., Сурабалдиева Э.Ж., Эгембердиев М.Б., Сыдыков Б.Υ., Аттокуров Д.Б., Бакиров М.И., Макеев Н.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)

 

22. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечилер – Өкмөт, 12.04.17деги № 215 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 1020