2017-жылдын 10-майы № 1576-VI «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

16-05-2017 15:55

2017-жылдын 10-майы № 1576-VI

«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 27-февралындагы № 124 токтом) «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 28