2017-жылдын 10-майы № 1569-VI «Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

16-05-2017 14:59

2017-жылдын 10-майы № 1569-VI

«Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 4-апрелиндеги № 200 токтом) «Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жөнөтсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 26