2017-жылдын 17-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

17-05-2017 16:44

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Самигуллина А.Э., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.07.16дагы № 394 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.01.17деги № 18 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.01.17деги № 2 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Бабанов Ө.Т., Карашев А.А., Баатырбеков А.Б., Жеенчороев М.К., Керезбеков К.К.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 27-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.03.17деги № 192 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын

 

7. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү. 3-фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.04.17деги № 200 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Алтыбаева А.Т., Жеенчороев М.К., Кыдыралиев У.Т., Жумабеков Д.А., Исакунова Т.Б., Бакиров М.И., Жунус уулу Алтынбек, Акматов А.Ж., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турсунбаев А.А., Өмүркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Бабанов Ө.Т., Керезбеков К.К., Карашев А.А., Жеенчороев М.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 1316