“ Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 17-майынан тартып коомдук талкууга коюлат

17-05-2017 12:48

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты К.Бокоев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-89-05

Каттоо  № 6-10849/17      16.05.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

                                                                                                       Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

         «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.,N 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин:

10-берененин 11-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталында катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо берки жубайынан нотариалдык жактанырасталган макулдук алуу керек».

2-берене

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                 

 

 

 

 

«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Мыйзам долбоору мыйзамдарды жакшыртуу максатында демилгеленип чыкты, бул «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тактоолорду жана өзгөртүү киргизүүнү талап кылат.

Учурдагы укук колдонуу тажрыйбасындагы көйгөйлөрдүн бири – жубайлардын укуктарынын бузулушу. Аны алардын бирөөсүн жалпы мүлктөгү үлүшүнөн ажыратуу мисалында карап көрөлү. Анын катышуусу болуп саналган уюмдун уставдык капиталында өз үлүшүн сатууну каалаган жубай берки жубайынан нотарилдык жактан ырасталган макулдук алышы керек.

Баарыбыз билгендей, никеде турган учурда табылган мүлк алардын биргелешкен менчиги болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Үй бүлө кодексинин 35-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүнү белгилейт:

«Жубайлардын жалпы мүлкү катары, ошондой эле жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат.».

Кыргыз Респубикасынын Үй бүлө кодексинин 36-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык: «Жубайлардын бири нотариалдык жактан ырастоону жана (же) мыйзамда белгиленген тартипте каттоону талап кылган кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүм жасаш үчүн анын бүтүм жасоого жана каттоого катышуусун кошпогондо жубайынын нотариалдык жактан ырасталган макулдугун алышы керек».

«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде (андан ары текст боюнча - Мыйзам) Юридикалык жак чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун, коомдук фонддордун, мекемелердин жана топтоочу пенсиялык фонддордун уставдык капиталында катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндө мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосун өтүүгө милдеттүү.

Карала турган Мыйзамда жубайлардын макулдугун алуусу жөнүндө эске салуулар да жок. Ушул ченемге жана түзүлгөн тажрыйбага ылайык, юстиция органдары берки жубайынын макулдугун бар экендигин сурабайт. Ошентип, жубайынын укугу бузулуп жатат, ал никеде саты палунган үлүштөн аны ээликтен ажыраткандыгы жөнүндө билбеши да мүмкүн.

Көрсөтүлгөн бүтүмдү жасоого нотариалдык жактан ырасталган макулдук бербеген жубай ал билген күндөн же бул бүтүм жасалгандыгы жөнүндө билиши керек болгон күндөн тартып 3 жылдын ичинде бүтүмдү сот тартибинде жараксыз деп таанууну талап кылууга укуктуу. Мындай бүтүмсот тарабынан анын талабы боюнча гана берки жубайынын макулдугу жок болгон мотиви боюнча жана эгер берки тарап  бул бүтүмдү жасоого жубайы макулдук берберин билген  же атайы билиши керек болгон учурлар далилденсе жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

Жубайы берки жубайы бүтүмдү жасоого макулдук бербесин атайын билгендигин негизги далили болуп чогуу тапкан мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө сотко доо арыз берилиши мүмкүн. Мисалы, аялы  февралдын башында мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө арыз берген болсо, февралдын ортосунда анын күйөөсү уюмдагы үлүштү башка бирөөгө саткандыгын билет. Ал үлүш эми башка адамга таандык. ооба, мындай учурда сот бул доо арызды канааттандырышы мүмкүн, бирок буга канча убакыт, күч жана каражат кетет.

Бул долбоор менен «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы боштук жокко чыгарылат.

Мыйзам долбоор «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесне ылайык коомду талкуулоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.

Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынны мыйзамдарына ылайы келет, анын таасири эгер кабыл алынып калса Кыргыз Респбликасынын республикалык бюджетинен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт, социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык  кесепеттерине  алып келбейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга жатпайт жана анын жөнгө салуу таасирин талдоо талап кылынбайт.

 

Депутат                                                                               Кенжебек Бокоев

 

                                                                          

 

 

«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА

 

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

10-берене. Каттоонун өзгөчөлүктөрү

1. Финансы-кредиттик мекемелерди, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Улуттук банктын же анын аймактык бөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

2. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу мыйзамдарда аныкталган учурларда талап кылынат.

3. (КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган, филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

5. Филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча түрдө тапшырат.

Кыргыз Республикасы катышуучу болгон тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт.

Өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган көчүрмөнү же башка документти тапшыруу мөөнөтү аталган документтерди берген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.

6. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыгып жаткан жеке жак (коомдук бирикмелердин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктеринин, диний уюмдардын, саясий партиялардын, профсоюздук уюмдардын түзүүчүлөрүн кошпогондо) каттоочу органга паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

7. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси болгон жеке жак каттоочу органга паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

8. Кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында өз ишин токтотуп жаткан юридикалык жак каттоочу органга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү, мөөрдү жана (же) штампты тапшырганы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын берүүгө тийиш. Мөөр жана (же) штамп болбогон учурда, каттоочу органга алардын жок экени жөнүндө кайра түзүлүп (жоюлуп) жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат.

Фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодо юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алаар алдында мурунку фирмалык аталышы менен мөөрлөрдү жана (же) штамптарды тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын каттоочу органга тапшырууга милдеттүү.

9. Юридикалык жакты кайра түзүүдө каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүү балансы тапшырылат, анда кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карыздарларына карата болгон бардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүчүлүгү тууралу жоболор камтылууга тийиш.

10. Кайра уюштурууга байланыштуу кредиторлор болгон учурда юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн документтерди тапшырганга чейин эки ай мурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан талаптарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү. Каттоочу орган арыз ээсинен кабарламаны алганда аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү. Кредиторлор тарабынан талаптарды коюунун мөөнөтү каттоочу органдын расмий сайтында маалымат жарыяланган күндөн тартып 2 айдан кем болушу мүмкүн эмес.

Кредиторлор болбогон учурда анын жетекчисинин колтамгасы менен алардын жоктугу тууралуу кайра уюштурулуучу юридикалык жактын кепилдик каты каттоочу органга берилет. Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.

11. Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайышына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо чарбалык шериктештик жана коом, кооператив бардык кредиторлорго бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганын ырастаган документтерди тапшырат. Кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырууга милдеттүү.

12. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат.

13. Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетти токтотууну каттоодо, финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу органдын расмий сайтында 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон кабарлама каттоочу органга тапшырылат.

Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетин токтотууну каттоодо, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү, мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу органдын расмий сайтында 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон кабарлама каттоочу органга тапшырылат.

Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.

14. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15. Юридикалык жактардын бирикмесин (ассоциация, союз) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) анын уюштуруучуларынын бардык өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада каттоо арызына тиркелет. Мында юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же нотариалдык күбөлөндүрүлөт.

Саясий партияны мамлекеттик каттоодо саясий партиянын бекитилген программасы каттоо арызына тиркелет.

Диний уюмду мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) диний уюмдун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү каттоо арызына тиркелет.

Турак жай менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү реквизиттерин көрсөтүү менен тиркелет.

16. Мамлекеттик кайра каттоо же болбосо ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.

 

10-берене. Каттоонунөзгөчөлүктөрү

1. Финансы-кредиттикмекемелерди, алардынфилиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттиккаттоодо (кайра каттоодо) Улуттукбанктын же анын аймактык бөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

2. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу мыйзамдарда аныкталган учурларда талап кылынат.

3. (КР 2015-жылдын 12-майындагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган, филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөкү бөлүктүн көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

5. Филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча түрдө тапшырат.

Кыргыз Республикасы катышуучу болгон тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт.

Өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган көчүрмөнү же башка документти тапшыруу мөөнөтү аталган документтерди берген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.

6. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыгып жаткан жеке жак (коомдук бирикмелердин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктеринин, диний уюмдардын, саясий партиялардын, профсоюздук уюмдардын түзүүчүлөрүн кошпогондо) каттоочу органга паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

7. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси болгон жеке жак каттоочу органга паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

8. Кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында өз ишин токтотуп жаткан юридикалык жак каттоочу органга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү, мөөрдү жана (же) штампты тапшырганы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын берүүгө тийиш. Мөөр жана (же) штамп болбогон учурда, каттоочу органга алардын жок экени жөнүндө кайра түзүлүп (жоюлуп) жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат.

Фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодо юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алаар алдында мурунку фирмалык аталышы менен мөөрлөрдү жана (же) штамптарды тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын каттоочу органга тапшырууга милдеттүү.

9. Юридикалык жакты кайра түзүүдө каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүү балансы тапшырылат, анда кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карыздарларына карата болгон бардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүчүлүгү тууралу жоболор камтылууга тийиш.

10. Кайра уюштурууга байланыштуу кредиторлор болгон учурда юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн документтерди тапшырганга чейин эки ай мурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан талаптарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү. Каттоочу орган арыз ээсинен кабарламаны алганда аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү. Кредиторлор тарабынан талаптарды коюунун мөөнөтү каттоочу органдын расмий сайтында маалымат жарыяланган күндөн тартып 2 айдан кем болушу мүмкүн эмес.

Кредиторлор болбогон учурда анын жетекчисинин колтамгасы менен алардын жоктугу тууралуу кайра уюштурулуучу юридикалык жактын кепилдик каты каттоочу органга берилет. Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.

11. Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайышына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо чарбалык шериктештик жана коом, кооператив бардык кредиторлорго бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганын ырастаган документтерди тапшырат. Кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырууга милдеттүү.

Чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталында катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо берки жубайынан нотариалдык жактан ырасталган макулдук алуу керек.

 

12. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат.

13. Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетти токтотууну каттоодо, финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу органдын расмий сайтында 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон кабарлама каттоочу органга тапшырылат.

Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетин токтотууну каттоодо, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү, мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу органдын расмий сайтында 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон кабарлама каттоочу органга тапшырылат.

Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.

14. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15. Юридикалык жактардын бирикмесин (ассоциация, союз) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) анын уюштуруучуларынын бардык өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада каттоо арызына тиркелет. Мында юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же нотариалдык күбөлөндүрүлөт.

Саясий партияны мамлекеттик каттоодо саясий партиянын бекитилген программасы каттоо арызына тиркелет.

Диний уюмду мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) диний уюмдун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү каттоо арызына тиркелет.

Турак жай менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү реквизиттерин көрсөтүү менен тиркелет.

16. Мамлекеттик кайра каттоо же болбосо ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.

     

 



Көрүүлөрдүн саны : 1209