“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 16-майынан тартып коомдук талкууга коюлат

16-05-2017 13:16

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А. Арапбаев, Н. Алимбеков, М. Аманкулов, А. Шадиев, А. Жапаров, А. Нурбаев, Б. Сыдыков, Т. Шайназаров, А. Шыкмаматов, И. Пирматов, Т. Конушбаев, К. Нурматов, Д. Бекешев, С. Айдаров, Р. Казакбаев, И. Матраимов, Т. Масабиров, Ж. Калмаматов, С. Джураев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-85-01

Эл. дареги: ayupof23@gmail.com

Каттоо  № 6-10725/17      15.05.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 38-беренедеги үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 39-беренеде:

- 2-бөлүктөгү “Кыргызстан Республикасы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

“4. Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда этап боюнча долбоорлорго жана курууга жол берилет. Этап боюнча долбоорлоо жана куруу иштери жүргүзүлгөн курулуштун ар бир объектиси боюнча, белгиленген тартипте айрым объектилерди курууга этап боюнча иштеп чыгуулардын, долбоорлоо – сметалык документтерди макулдашуунун жана экспертиза жүргүзүүнүн жеке планы бекитилет.

Этап боюнча долбоорлоонун жана куруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.

3) 41-беренеде:

- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын:

- бешинчи абзацтагы “курууга уруксат берилген” деген сөздөр алынып салынсын;

- төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин этап боюнча долбоорлоодо жана курууда пайдаланууга берүү капиталдык курулуштун ар бир объектиси боюнча өзүнчө ишке ашырылат.”.

 

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 24-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 236-2-берене менен толукталсын:

“236-2-берене. Эксперттик иштерди ылайыксыз аткаргандыгы

1. Байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген эксперттик иштерди ылайыксыз аткарса, -

белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү иш жүргүзүү менен алектенүү эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Байкабастыктан эки же андан көп адамдардын өлүмүнө алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар, -

белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.”.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 455-беренеде:

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн (бузуу демонтаждоо) менен жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга – эки жүзөлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

- төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн (бузуу демонтаждоо) менен жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга – төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

2) 463-беренеде:

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана келтирилген бузууларды күнөөлүү жактардын эсебинен четтетүү менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга –эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

- төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууларды четтетүүменен жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.

3) 466-беренеде:

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“табылган бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө кызмат адамдарына – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

- төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына – эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотууга, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн алты жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.

4) 468-1-беренеде:

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

- төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.

5) 474-беренеде:

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууларды четтетүү менен жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

- төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууларды четтетүү менен жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

6) 482-беренеде:

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууларды четтетүү менен кызмат адамдарына – эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”;

- төртүнчү абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“жол берилген бузууларды четтетүү менен кызмат адамдарына – ээлеген кызмат ордунан кызмат адамдарын четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

Негиздеме-маалымкат

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ушул мыйзам долбоору шаар куруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны жөнөкөйлөштүрүү максатында даярдалган.

Бүгүнкү күндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарында кошо долбоорлоо жана куруу жөнүндө норма камтылган эмес.

“Кыргыз Республикасынын аймагында объектилерди, имараттарды жана курулмаларды кошо долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июнундагы № 362 токтому жана “Кыргыз Республикасынын аймагында объектилерди кошо долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө жана Бишкек шаарынын кварталдарын куруунун долбоорун иштеп чыгуунун курамы, тартиби жана аны бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 токтому менен четке кагылган. Бул токтомдор кошо долбоорлоого жана курууга уруксат алуу үчүн мыйзамдык негиздердин жоктугунан улам четке кагылган.

Мындай учурда бул чөйрөдөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуунун жоктугунан улам төмөндөгүдөй кыйынчылыктар түзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин расмий позициясына ылайык, ал ТЭС, ТЭЦ, ГЭС комплекстерин, түтүн чыгуучу трубаларды, мунараларды, көпүрөлөрдү, тоннелдерди, жер алдындагы жана жер үстүндөгү өтмөлөрдү, магистралдык түтүк өткөрүүлөрүн жана газ өткөрүүлөрүн, эл аралык аэропортторду, темир жол вокзалдарын, магистралдык темир жолдорду курууда долбоордук документтерди макулдашуу көйгөйүнө туш болууда.

Объектилерди долбоорлоодо анын ылайык келүүсүнө баа берүү үчүн мамлекеттик экспертизага берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2008-жылдагы № 252 токтому менен бекитилген кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башкача өзгөртүүгө уруксат берүүчү документтерди берүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасында бүткөрүлгөн курулуш объектилерин пайдаланууга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык тапшырыкчы долбоорду толук бойдон берет. Кыйла чоң мүнөздөгү объектилерге байланыштуу экспертизаны өткөрүүнүн убактысы кыйла узарат, анткени долбоор бир бүтүн комплексти түзгөн бир нече курулуштардан турат.

Мындай комплекстерди бөлүп, аларды этап боюнча экспертизага берүү ишкерлердин муктаждыгын канааттандырып, убактысын кыскартар эле жана өзүнүн объектисин мөөнөтүнөн мурда ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк бермек.

Жогоруда аталган имараттардын жана курулмалардын комплекстерин этап боюнча долбоорлоону жана курууну киргизүү ГААСЖКХда белгиленген көйгөйлөрдү чечмек.

Бүгүнкү күндө мындай нормалардын жоктугунан улам Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет (мындан ары – Мамкомитет) тарабынан көрсөтүлгөн объектилерге бөгөт коюлуп жаткандыгын белгилөө зарыл.

Анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында объектилерди кошо долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо күчүн жоготкондугуна байланыштуу объектилерди курууга уруксат берүүчү документтерди алуу бир топ убакыттарды талап кылууда жана өкмөттөр ортосундагы макулдашуулардын алкагындагы долбоорлордун аякташын узартып жатат, ушунун кесепетинен тийиштүү объектилер белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилбей жатат.

“Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын модернизациялоо”, “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линияларын куруу” жана “Кемин” 500 кВ подстанциясын куруу жана “Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо” долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн реконструкциянын мөөнөттөрүнүн чектелгендигине байланыштуу подрядчиктерге мындай объектилерди этап боюнча долбоорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгү зарыл болуп турат. Комитеттин маалыматы боюнча бул долбоорлор жүзөгө ашырылууда жана бүткөрүү стадиясында турат. Ар бир инвестициялык долбоор каржылоо шарттарын жана финансы институттарынын жол-жоболорунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен өзүнчө индивидуалдуу өзгөчөлүккө ээ.

Азыркы учурда төмөндөгү инвестициялык долбоорлорду этап боюнча долбоорлоо жана куруу ыкмасы менен ишке ашыруу болжолдонуп жатат:

Бишкек шаары боюнча:

- Технополисти түзүү долбоору (“БМЗ” ААК ишканасынын базасында) жана Чүй областында (Военно-Антоновка айыл округунда), ал жерде өндүрүш кубаттуулуктарын куруу жана аларды текстилдик тигүү тармагынын ишканаларына берүү, ошондой эле кошумча жаңы жумушчу орундарын түзүү болжолдонууда.

Ысык-Көл областы боюнча:

- “Тамга-Каракол” 220 кВ электр берүү линиясын куруу.

Нарын областы боюнча:- Кара-Кече ТЭЦин куруу.

Жалал-Абад областы боюнча:- “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын пайдаланууга киргизүү” долбоорунун алкагында ГЭС куруу;

- Таш-Көмүр шаарындагы кыргыз ферросп эритүү заводунун курулушу (“Авиньэн”), заводдун биринчи этабын ишке киргизүү инвестициялык макулдашууга кол коюлган датадан баштап 8 айдын ичинде ишке ашырылат (болжол менен 2017-жылдын аягы).

- 2017-2018-жылдарда Ширальджин (“Глобал Ширальджин Майнинг”, кен чыккан жерин изилдөө үчүн инфратүзүм объектилерин куруу.

2017-2018-жылдарда Жерүй (“Альянс Алтын” ЖЧК) кен чыккан жерин иштетүү үчүн инфратүзүмдөрдүн объектилерин куруу;

- 2017-2018-жылдарда Терек, Тереккан, Перевальное кен чыккан жерин иштетүү үчүн инфратүзүм объектилерин куруу.

Баткен областы боюнча:

- Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынын аймактарынан өтүүчү “САSА-1000” долбоорунун алкагында “Датка-Ходжент” 500 кВ электр берүү линиясын куруу.

2017-2018-жылдарда “Газпром Кыргызстан” ЖЧК, ошондой эле Бишкек шаары сыяктуу эле республиканын башка региондорунда (Жалал-Абад, Ош, Баткен) да 7-8 объектилерди кошо долбоорлоону пландаштырууда алар мамкомитетке “Газпром Кыргызстан” ЖЧК директорлор кеңешинде талкууланып макулдашылгандан кийин берилет.

Ошондой эле ГКПЭНнин маалыматтары боюнча, азыркы учурда кошо долбоорлоо жана куруу ыкмасы менен төмөндөгү инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылууда:

Жалал-Абад областы боюнча:

- Таш-Көмүр шаарындагы металлургиялык кремнийди өндүрүү боюнча заводдун (“Кварц” ЖЧК) курулушу, ал 2015-жылдын сентябрында башталган;

- 2017-жылы Куру-Тегерек (“Кичи-Чаарат” ЖЧК) кен чыккан жерин иштетүү үчүн инфратүзүм объектилерин куруу.

2015-2016-жылдарда кошо долбоорлоо ыкмасы менен “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын 6 объектиси курулгандыгын эске алуу зарыл, алар төмөндөгүлөр:

1. Бишкек шаарында Горький көчөсү, 22 дарегиндеги “Газпром Кыргызстан” ЖЧК административдик имаратын реконструкциялоо;

2. Кант шаарындагы Маликов көчөсүндөгү “Газпром Кыргызстан” ЖЧК “Чүй газ” филиалынын өндүрүштүк участогун куруу;

3. Ленинское айылындагы Алма-Ата көчөсү, 248 дарегиндеги “Чүй газ” филиалынын өндүрүш участогун реконструкциялоо;

4. Ош шаарындагы Ленин көчөсү, 146 дарегиндеги “Газпром Кыргызстан” ЖЧК Ошгаз филиалынын өндүрүш аянтын реконструкциялоо;

5. “Керемет” экинчи этабы “Газпром Кыргызстан” ЖЧК “Бишкек газ” жоопкерчилик филиалынын зонасында 22 калктуу пункттар боюнча бөлүштүрүү түйүнүнүн курулушу, Бишкек шаары, Биринчи Май району;

6. “Касым” экинчи этабы “Газпром Кыргызстан” ЖЧК “Бишкек газ” жоопкерчилик филиалынын зонасында 22 калктуу пункттар боюнча бөлүштүрүү түйүнүнүн курулушу, Бишкек шаары, Биринчи Май району.

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуш кылынган мыйзамдын долбоору аталган милдеттерди чечет жана курулуштардын долбоорлорун аяктоо жана ишке киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат (өндүрүш курулмаларынын объектилери, алардын имараттарынын жана курулмаларынын комплекстери).

Долбоордо ошондой эле шаар куруу комплекстери имараттардын жана курулмалардын комплекстерин этап боюнча долбоорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгү каралган. Шаар куруунун азыркы көйгөйлөрү калктуу конуштарды (айылдарды, шаарчаларды, шаарларды), алардын кварталдарын же райондорун комплекстүү пландаштыруу кыйла алгылыктуу болуп санала тургандыгын даана көрсөтүүдө. Ушуга байланыштуу этап боюнча долбоорлор жана куруу шаар куруу комплекстерин жана имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууга документтерди жана ишти баштоо процессин тездетүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эксперттин коштоосу боюнча долбоорлоо документтерине экспертиза жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыгууга жана кабыл алууга шарт түзөт, ал тартипте объектилерди этап боюнча долбоорлоонун жана куруунун жол-жоболору так жөнгө салынат жана долбоорлоо (долбоорлоо-сметалык) документтерин этап боюнча иштеп чыгуунун жана макулдашуунун индивидуалдуу планын иштеп чыгуунун долбоорун жөнгө салат.

Мында долбоордук документтерди этап боюнча иштеп чыгууга жана имараттарды жана курулмаларды, алардын комплекстерин этап боюнча курууга ылайык эксперттик коштоо режими, экспертиза жүргүзүүнүн тартиби этап боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленет.

Эксперттик коштоону жүргүзүүнүн тартиби долбоорлоонун ар бир этабы боюнча долбоорлорду жалпысынан иштеп чыгуунун аякташы менен бирдиктүү эксперттик корутундуну жол-жоболоштуруу жана берүү боюнча локалдуу (аралыктагы) эксперттик корутундуларды түзүү жана этап боюнча берүү дегенди билдирет.

Этап боюнча долбоорлоону жана курууну киргизүү менен эксперттик уюмдардын жана долбоордун айрым эксперттеринин жоопкерчилиги жогорулайт, анткени бул адамдар курулуштун ар бир этабына эксперттик баа беришет. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске эксперттердин жана курулуш тармагынын адистеринин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатат. Ошондой эле долбоорлоо жана/же долбоорлоо-сметалык документтерди ишке ашырган адамдар (долбоордун эксперттери) үчүн жазык жоопкерчилигин киргизүү сунуш кылынууда, анткени бүгүнкү күндө жазык жоопкерчилиги каралган эмес.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында долбоордук (долбоордук-сметалык) документтерге экспертиза жүргүзгөн адамдардын жазык жоопкерчилиги каралган эмес. Ал эми эксперт курулуш объектилерине карата колдонулуучу жана пайдалануучу талаптар үчүн милдеттүүлүктү белгилеген техникалык регламентке иштелип чыккан долбоордук документтердин ылайык келишин текшерет. Кайсы долбоордун андан ары курула тургандыгы, ал эми кайсы долбоор имараттардын жана курулмалардын, курулуш конструкцияларынын бекем, ишенимдүү болуу жана бышык болуу боюнча талаптарына ылайык келбегенде кайрадан иштеп чыгууга муктаж экендигин белгилөө эксперттин кесипкөйлүгүнө жараша болот. Буга кошумча, эксперттин оң корутундусу курулуштун башталышы үчүн негиз катары кызмат кылган шартта, ошол адамдардын жоопкерчилиги жогорулайт. “Эксперттик иштер ылайыксыз аткарылган” деген курамдагы кылмыш новатордук кадам болуп саналбайт, эксперттерге жазык жоопкерчилиги Казакстан, Грузия, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө колдонулуп келет, ошондой эле көпчүлүк өлкөлөрдө тийиштүү функцияларды жана милдеттерди, анын ичинде архитектура-курулуш көзөмөлүнө экспертиза, курулуш иштерин жүргүзүүдө адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралганда күнөөлөрү белгиленген учурда жазык жоопкерчилиги принциби колдонулат.

Мыйзам долбоору менен ошондой эле “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинде долбоорлоонун нормаларына чектөөгө мүмкүндүк берген жоболорду алып салуу сунуш кылынууда, мындай нормаларды алып салуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

- долбоорлоо нормаларынан четтөөгө уруксат берүү боюнча ГААСЖКХда жана аймактык архитектура жана курулуш органдарында практика жок болгондугунан улам, ошондой эле мындай уруксат берүү “Кыргыз Республикасында лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жок болгондугунан улам мындай уруксат берүүнү мыйзамдан алып салуу сунуш кылынат.

- буга кошумча, мындай уруксат берүүгө мүмкүнчүлүк берген өзгөчө учурлар деп аталган жагдайлар жол-жоболоштурулган эмес. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертиза өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык пайдаланылган терминология (“өзгөчө учурларда”) коррупциялык факторлордун бар экендиги тууралуу айгинелейт.

- мындай жобо өзгөчө учурларга – имараттардын, курулмалардын сейсмикалык жактан бекемдигин төмөндөтүүгө алып келген, курулуш конструкцияларынын, санитардык нормаларынын бузулушуна жол берген долбоорлоонун нормаларынан четтөө кирет. Бул мыйзамда ички карама-каршылыктардын бар экендигин айгинелеп турат, атап айтканда 38-берененин нормалары менен шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы колдонулуп жаткан нормалардын жана эрежелердин талаптарын бузууга жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан курулуш жана инженер-техникалык түйүндөргө кошуу чөйрөсүндө уруксат берүү системасын оптималдаштыруу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун жыйыны, ошондой эле бизнестин жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен кошумча кеңешме өткөрүлгөн, анда сунуш кылынган саясатты ишке киргизүүнүн пайдасы жана мүмкүн болгон тобокелчилиги талкууланган. Кошо долбоорлоону жана курууну ишке киргизүүнүн мурдагы тажрыйбасын талдоону жана бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин максималдуу түрдө эске алуу менен сунуш кылынып жаткан кошо долбоорлоону жана курууну ишке киргизүү долбоорлоо жана курулуш маселелерин жөнгө салуунун оптималдуу варианты болуп саналат.

Ушул мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө сала тургандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 19-беренесине ылайык ушул мыйзам долбоору регулятивдүү таасир этүүнү талдоого жатат.

Мыйзам долбооруна регулятивдүү таасир этүүнү талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген ишкердик ишае ченемдик укуктук актылардын регулятивдүү таасир этүүсүн талдоонун методикасына ылайык мыйзам долбооруна регулятивдүү таасир этүүгө талдоо жүргүзүлгөн.

Ушул долбоор социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Коомдук талкуулоонун жүрүшүндө мыйзам долбооруна сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

 

Депутаттар                                                                 А. Арапбаев

                                                                                     Н. Алимбеков

                                                                                     М. Аманкулов

                                                                                     А. Шадиев

                                                                                     А. Жапаров

                                                                                     А. Нурбаев

                                                                                     Б. Сыдыков

                                                                                     Т. Шайназаров

                                                                                     А. Шыкмаматов

                                                                                     И. Пирматов

                                                                                     Т. Конушбаев

                                                                                     К. Нурматов

                                                                                     Д. Бекешев

                                                                                     С. Айдаров

                                                                                     Р. Казакбаев

                                                                                     И. Матраимов

                                                                                     Т. Масабиров

                                                                                     Ж. Калмаматов

                                                                                     С. Джураев

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

 

Колдонуудагы редакциясы

Сунуш кылынган редакциясы

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

38-статья. Шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы нормалар жана эрежелер

1. Шаар куруудагы, архитектурадагы, курулуштагы нормалар жана эрежелер пландаштыруу, архитектуралык, курулуш, экологиялык, санитардык-саламаттыкты чыңдоочу жана башка талаптарды белгилейт жана регламенттештирет.

2. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы колдонуудагы ченемдер менен эрежелердин талаптарын бузууга жол берилбейт.

Өзгөчө учурларда архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын уруксаты менен долбоорлоо ченемдеринен негизделген четтөөгө жол берилет.

Өзгөчө учурларга имараттын, курулуштун жер титирөөгө бекемдүүлүгүн азайтууга, курулуш конструкцияларына жарака кетирүүгө жана санитардык ченемдерди бузууга жөндөмдүү болгон долбоорлоо ченемдеринен четтөө кирет.

3. Нормаларды жана эрежелерди сактоо шаар куруу жана архитектура процессинин жана ишинин бардык субъектилери үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. Нормалар жана эрежелер бузулганда штраф төлөтүү же жоопкерчиликтин башка түрү колдонулат.

38-статья. Шаар куруудагы, архитектурадагы жана курулуштагы нормалар жана эрежелер

1. Шаар куруудагы, архитектурадагы, курулуштагы нормалар жана эрежелер пландаштыруу, архитектуралык, курулуш, экологиялык, санитардык-саламаттыкты чыңдоочу жана башка талаптарды белгилейт жана регламенттештирет.

2. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы колдонуудагы ченемдер менен эрежелердин талаптарын бузууга жол берилбейт.

Күчүн жоготту деп таанылсын

39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби

1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат.

2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер участокторуна курулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипти бузуу менен объекттерди курууга жол берилбейт.

39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби

1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат.

2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер участокторуна курулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипти бузуу менен объекттерди курууга жол берилбейт.

4. Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда этап боюнча долбоорлорго жана курууга жол берилет. Этап боюнча долбоорлоо жана куруу иштери жүргүзүлгөн курулуштун ар бир объектиси боюнча, белгиленген тартипте айрым объектилерди курууга этап боюнча иштеп чыгуулардын, долбоорлоо – сметалык документтерди макулдашуунун жана экспертиза жүргүзүүнүн жеке планы бекитилет.

Этап боюнча долбоорлоонун жана куруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.

41-статья. Курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн ылайыктуулугун баалоо

Курулган объект, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин башка нормативдик укуктук актыларга жана долбоордук документтерге ылайыктуулугу баалануусу тийиш.

Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Курууга уруксат архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жеке турак үйлөрдөн тышкары, курулуп бүткөн объекттерди эксплуатациялоого киргизүүнүн ылайыктыгына баа берүү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган айрым объекттерди пайдаланууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Бул учурда объекттин менчик ээси объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга кабарландыруу жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде курулуш иштери келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет.

Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.

41-статья. Курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга киргизүүнүн ылайыктуулугун баалоо

Курулган объект, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин башка нормативдик укуктук актыларга жана долбоордук документтерге ылайыктуулугу баалануусу тийиш.

Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Күчүн жоготту деп таанылсын(айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мурдагы Мыйзам долбоорунан)

Жеке турак үйлөрдөн тышкары, курулуп бүткөн объекттерди эксплуатациялоого киргизүүнүн ылайыктыгына баа берүү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган айрым объекттерди пайдаланууга берүү менчик ээси тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Бул учурда объекттин менчик ээси объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө курууга уруксат бергеныйгарым укуктуу органга кабарландыруу жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде курулуш иштери келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет.

Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.

Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин этап боюнча долбоорлоодо жана курууда пайдаланууга берүү капиталдык курулуштун ар бир объектиси боюнча өзүнчө ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси

 

236-2-берене. Эксперттик иштерди ылайыксыз аткаргандыгы

1. Байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген эксперттик иштерди ылайыксыз аткарса, -

белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү иш жүргүзүү менен алектенүү эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Байкабастыктан эки же андан көп адамдардын өлүмүнө алып келген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар, -

белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

 

455-статья. Имараттардын жана курулуш жайлардын сейсмикалык байымдуулугун төмөндөтүүгө алып келүүчү сапатсыз курулуш материалдарын жана конструкцияларды пайдалануу менен объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү

Имараттардын жана курулуш жайлардын сейсмикалык байымдуулугун төмөндөтүүгө алып келүүчү сапатсыз курулуш материалдарын жана конструкцияларды пайдалануу менен объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү -

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

455-статья. Имараттардын жана курулуш жайлардын сейсмикалык байымдуулугун төмөндөтүүгө алып келүүчү сапатсыз курулуш материалдарын жана конструкцияларды пайдалануу менен объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү

Имараттардын жана курулуш жайлардын сейсмикалык байымдуулугун төмөндөтүүгө алып келүүчү сапатсыз курулуш материалдарын жана конструкцияларды пайдалануу менен объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү -

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга –эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга - төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

463-статья. Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, туруктуулугунун, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо

Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо -

объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана кетирилген бузууларды күнөөлүү жактардын эсебинен четтетүү менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жол берилген бузууларды четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууменен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

463-статья. Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, туруктуулугунун, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо

Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо -

объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана кетирилген бузууларды күнөөлүү жактардын эсебинен четтетүү менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга –эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жол берилген бузууларды четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууменен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга –төрт жүз  өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

466-статья. Объекттердин курулушуна автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу

Автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын  бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган жумуштардын шайкештигин тастыктоо, -

табылган бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

466-статья. Объекттердин курулушуна автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу

Автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын  бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган жумуштардын шайкештигин тастыктоо, -

табылган бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн алты жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

468-1-статья. Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузуу

Долбоорлоо уюму же долбоорлоочу долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузса -

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жол берилген бузууну четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

468-1-статья. Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузуу

Долбоорлоо уюму же долбоорлоочу долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузса -

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз  өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

474-статья. Куруу процессинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу

Сапатсыз курулуш продукцияларын чыгарууга алып келген курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу, -

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жол берилген бузууну четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

474-статья. Куруу процессинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу

Сапатсыз курулуш продукцияларын чыгарууга алып келген курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу, -

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

482-статья. Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу

Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, -

кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - лицензиядан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, -

кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - лицензиядан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

482-статья. Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу

Курулуш иштеринин өндүрүшүнө лицензияларды берүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, -

кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз  өлчөмүндө, юридикалык жактарга - лицензиядан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз  өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, -

кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн төрт жүз  өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.



Көрүүлөрдүн саны : 1117