2017-жылдын 4-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

04-05-2017 17:10

2017-жылдын 3-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Исмаилова А.Ж., Асылбаева Г.К., Бакчиев Ж.А., Иманалиев К.К., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Туманбаева Р.М.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 11.01.17деги № 16 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шадиев А.А., Примов У.Б.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.03.17деги № 182 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – депутат Жапаров А.Ү.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

6. “Ветеринардык көзөмөлдөө тутумун реформалоо жана ЕАЭБга кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевдин кайрылуусу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 4-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

7. “Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Самигуллина А.Э., Матраимов И.И., Казакбаев Р.А., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Жамангулов А.Ж.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.07.16дагы № 407 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 1038