“Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 4-майынан тартып коомдук талкууга коюлат

04-05-2017 15:25

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.С. Кодуранова, А.А. Шадиев, Т.Г. Тиллаев, М.Э. Сабиров, К.К. Керезбеков, А.У. Жапаров, А.С. Токторов, Г.К. Асылбаева

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-93

Каттоо  № 6-8938/17      20.04.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

Доолбор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын (мындан ары – Тартип комиссиясы) статусун, аны түзүү тартибин, ишин уюштурууну жана ишмердигин жана судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун тартибин аныктайт.

 

2-берене. Тартип комиссиясынын статусу жана ишинин укуктук негизи

1. Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн көз каранды эмес коллегиялуу орган болуп саналат.

2. Тартип комиссиясынын укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саналат.  

 

3-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктары

1. Тартип комиссиясы:

1) судьялардын тартип жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карайт;

2) судьяларга тартип бузган жоруктарды жасагандыгы үчүн тартипке чакырган чара көрөт;

3) судьяларды сот тартибинде коюлуучу кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;

4) судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, аны кызматынан убактылуу бошотууга макулдук берет;

5) кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш киргизет, ошондой эле, эгерде кынтыксыздык талаптарын бузушкан болсо, жергиликтүү соттун судьялары боюнча да сунуш берет;

6) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Өз ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Тартип комиссиясы иш регламентин иштеп чыгат жана бекитет.

 

2-глава. Тартип комиссиясынын ишин түзүү жана уюштуруунун тартиби

 

4-берене. Тартип комиссиясын түзүү жана анын курамы

1. Тартип комиссиясы 9 мүчөдөн турат жана Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары – Судьялар кеңеши) тарабынан, тиешелүүлүгүнө жараша, комиссия курамынын үчтөн бири түзүлөт.

Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен Тартип комиссиясынын 3төн мүчөсүн сунушташат.

2. Тартип комиссиясы анын курамынын үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.

3. Тартип комиссиясынын курамына Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, адвокаттар, Судьялар кеңешинин жана  Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрү кире алышпайт.

 

5-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерге коюлуучу талаптар

1. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин юридикалык жогорку билими, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана кынтыксыз аброю болууга тийиш. Судьялык коомдоштуктан сунушталган талапкерлердин судья кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажысы болууга тийиш.

 

2. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүдөй адамдар талапкер боло алышпайт:

1) соттолгондор, анын ичинде соттуулугу жоюлган же алып салынгандар;

2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда судья кызматынан бошотулгандар;

3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын булгагандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар же адвокаттык иш менен алектенүү укугунун лицензиясынан ажыратылгандар;

4) кылмыш жасагандыгы боюнча шектелгендер же айыпталгандар, же болбосо реабилитацияланбай турган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо токтотулгандар;

5) саясий партиялардын мүчөсү болуп саналгандар;

6) чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жоктор.

 

6-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Тартип комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү комиссиянын биринчи жыйынынан тартып 3 жылды түзөт.

2. Тартип комиссиясынын мүчөсү анын курамынан чыккан учурда, жаңы мүчө Судьялар кеңешине тиешелүү орган тарабынан ыйгарым укуктардын калган мөөнөтүнө бир айдан кеч эмес мөөнөттө, гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен сунушталууга тийиш.

3. Бир эле адам Тартип комиссиясына катары менен экиден ашык мөөнөткө мүчө боло албайт.

4. Тартип комиссиясынын курамын түзгөн органдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган же токтогон, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөргөн учурда, Тартип комиссиясынын мүчөлөрү мөөнөтү аяктаганча өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта беришет.

5. Тартип комиссиясынын жаңы курамын түзүү аракеттеги курамдын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин үч ай калганда башталат.

 

7-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер

1. Тартип комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотушат:

1) арыз бергенде;

2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;

4) соттун реабилитацияланбай турган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону токтотуу жөнүндө айыптоочу өкүмү же болбосо токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө сот чечими күчүнө киргенде;

6)  каза болгондо же анын өлгөндүгүн таануу жөнүндө сот чечими күчүнө киргенде;

7) анын дайынсыз жоктугун таануу жөнүндө сот чечими күчүнө киргенде;

8) Тартип комиссиясынын жыйындарын бир жылдын ичинде үч же андан көп ирет жүйөсүз себептер менен калтырганда;

9) Тартип материалы боюнча жашыруун маалыматты ачыктаганда;

10) аныкталбаган маалыматты берген фактылардын бети ачылганда.

2. Судья менен мамлекеттик кызматкер болуп саналышкан Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтотулган жана мамлекеттик кызматкер кызматынан бошотулган учурларда да мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Тартип комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

 

8-берене. Тартип комиссиясынын биринчи жыйыны

1. Тартип комиссиясынын биринчи жыйынын чакыруу Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт.

2. Чакыруу Тартип комиссиясынын үчтөн экиден кем эмес курамы түзүлгөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында Тартип комиссиясынын биринчи жыйыны өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү уюштурууну Президент жүзөгө ашырат.

3. Тартип комиссиясынын биринчи жыйынында:

1) Судьялар кеңешинин төрагасы Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн тааныштырат;

2) Тартип комиссиясынын төрагасы, төрагасынын орун басары бир жылга, Тартип комиссиясынын укуктуу курамынын көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу шайланат.

 

 

9-берене. Тартип комиссиясынын төрагасынын жана төрага орун басарынын ыйгарым укуктары

1. Тартип комиссиясынын төрагасы:

1) Тартип комиссиясынын ишин уюштурат;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде туруп Тартип комиссиясынын атынан чыгат;

3) жыйындарды чакырат, Тартип комиссиясынын жыйындарынын кароосуна чыгарылуучу маселелерди аныктайт;

4) Тартип комиссиясынын жыйындарына төрагалык кылат;

5) Тартип комиссиясынын ишинин жыйынтыктарын жалпылоону уюштурат жана анын ишин жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;

6) Президентке, Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп жаткандыгы тууралуу маалымат берет;

7) Жергиликтүү соттордун ишин камсыздоочу, Жогорку сотко караштуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жетекчисине  Тартип комиссиясынын ишмердигин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыздоочу бөлүкчөнүн иши тууралуу маалымат берет.

2. Тартип комиссиясынын төрагасы жок мезгилдерде, анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.

 

10-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары

1. Тартип комиссиясынын мүчөсү:

1) Тартип комиссиясынын жыйындарына катышат;

2) даттанууларды жана сунуштамаларды алдын ала карайт;

3) Тартип комиссиясынын кароосуна коюлган материалдар менен таанышат;

4) кызматтык териштирүү жүргүзөт, материалдарды изилдейт жана текшерет;

5) каралып жаткан маселе боюнча жүйөлөштүрүлгөн жана негизделген сунуштарды келтирет;

6) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн тышкары учурларда чечимдерди кабыл алууга добуш берүү жолу менен катышат;

7) Тартип комиссиясынын чечимдерине кол коет;

8) ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Тартип комиссиясынын мүчөсү милдеттүү:

1) Тартип комиссиясынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү  болууга;

2) тартип материалында камтылган купуя маалыматты ачыктабоого;

3) эгерде ал тууралуу чечим кабыл алынып жаткан адам жакын тууганы болуп саналса, Тартип комиссиясынын жыйынынын күн тартибине киргизилген маселени кароодон баш тартууга.

 

11-берене. Тартип комиссиясынын катчысы

1. Тартип комиссиясынын катчысынын иш милдеттери Тартип комиссиясынын секретариатынын кызматкерлери тарабынан аткарылат.

2. Тартип комиссиясынын катчысы:

1) Тартип комиссиясынын иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;

2) Тартип комиссиясынын жыйынын даярдоону камсыздайт;

3) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө,даттануу же сунуштама берип кайрылган адамга жана судьяга Тартип комиссиясынын жыйыны өтүүчү дата, убактысы жана орду тууралуу билдирет;

4) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө Тартип комиссиясынын кезектеги жыйынынын күн тартибин жеткирет;

5) Тартип комиссиясынын жыйынынын протоколун жүргүзөт;

6) кызыкдар адамдарга чечимдердин көчүрмөлөрүн жөнөтөт;

7) Тартип комиссиясынын төрагасынын буйругу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

3-глава. Тартип комиссиясында тартип материалдарын кароонун тартиби

 

12-берене. Тартип комиссиясына кайрылуучу субъекттер

1. Судьянын аракетине же аракетсиздигине карата даттануулары жана сунуштамалары (мындан ары – кайрылуу) менен Тартип комиссиясына кайрыла алышат:

1) жеке жана юридикалык жактар;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары;

3) Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары.

2. Тартип комиссиясына судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, сот тартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликке – тиешелүү мамлекеттик органдар кайрылышат.

 

13-берене. Кайрылуунун формасына жана мазмунуна коюлуучу жалпы талаптар

1. Кайрылуу Тартип комиссиясына кат жүзүндө же электрондук почта аркылуу берилет.

2. Жарандардын, юридикалык жактардын кайрылуусу Тартип комиссиясына даттануу түрүндө берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кайрылуусу сунуштама түрүндө таризделет.

3. Кайрылуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) кайрылуунун авторунун аты-жөнү, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталыштары жана алардын кызмат адамдарынын аты-жөндөрү, алардын даректери, болсо – телефон номерлери;

2) үстүнөн кайрылуу түшкөн судьянын аты-жөнү;

3) кайрылууда баяндалган аракеттердин болгон датасы жана орду;

4) тартип бузулган жагдайдын (сот тартибинде белгиленүүчү кылмыштын, административдик укук бузуунун)кыскача баяндоосу;

5) судья тарабынан тартип бузуу (сот тартибинде белгиленүүчү кылмыштын, административдик укук бузуунун) жасалгандыгын күбөлөндүрүүчү далилдер;

6) кайрылуунун датасы жана автордун колу.

4. Электрондук почта аркылуу берилген кайрылуу ошондой эле автордун электрондук санариптик колун камтууга тийиш.

 

14-берене. Кайрылууну кайтарып берүү

1. Тартип комиссиясы кайрылууну төмөнкү учурларда кайтарып берет же эгерде:

1) кайрылуу ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган талаптарга жооп бербесе;

2) кайрылуусун артка кайтарып алса;

3) кайрылууда сот актысы даттанылса;

4) анда камтылган талаптар Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбесе;

5) кайрылуу даттанылып жаткан судьянын аракети (аракетсиздиги) аркылуу мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары козголбогон адам, орган тарабынан берилсе;

6) мурда каралса жана ал жаңы далилдерди камтыбаса.

2. Кайрылуу анын ээсине жүйөлөштүрүлгөн кат менен кайтарылып берилет.

3. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүндөгү 1-жана 2-пункттарда каралган негиздер боюнча кайтарып берүү - анын кемчиликтерин жойгондон кийин кайтадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

4. Кайрылуу ушул берененин 1-бөлүгүндөгү 3-6-пункттарда каралган негиздер боюнча кайтарылып берилгенде кайтадан кайтарылган учурда, бул кайрылуу каралбайт.

 

15-берене. Кайрылууну каттоо

1. Судьянын үстүнөн кайрылуу Тартип комиссиясынынкатчылыгына тапшырылат. Кайрылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен катталат жана Тартип комиссиясынын төрагасына берилет.

2. Тартип комиссиясынын төрагасы текшерүү жүргүзүү үчүн кайрылууну комиссия мүчөлөрүнүн бирине тапшырат.

 

16-берене. Кызматтык териштирүү

1. Кайрылууну кайтарып берүү үчүн негиз жок болгон учурда, Тартип комиссиясынын мүчөсү төраганын тапшыруусу боюнча материал ага келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен кызматтык териштирүү жүргүзөт. Бул мөөнөт өзүнө кайрылуу багытталган судьянын жүйөлүү себептер боюнча жок болгон мезгилин камтыбайт.

2. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясынын мүчөсү тартип бузуунун болгондугу же болбогондугу жөнүндө маалымдамасын Тартип комиссиясынын кароосуна коет.

3. Кызматтык териштирүү өзүнө камтыйт:

- судьяны сурамжылоону жана түшүндүрүүлөрдү талап этүүнү жана кайрылуу үстүнөн берилген судьянын башка далилдерин;

- эгерде кайрылуу судьянын даректүү ишти кароодо жол берилген аракетине же аракетсиздигине карата берилсе,судья карап жаткан материалды изилдөөнү;

- кайрылуу жасоо үчүн негиз болгон себептер жана жагдайлар тууралуу толук маалыматты чогултуу боюнча кандай болбосун аракеттерди.

4. Кызматтык териштирүүнүнжүрүшүндө Тартип комиссиясынын мүчөсү укуктуу:

1) тиешелүү документтердин көчүрмөсүн, анын ичинде сот иштеринен суратып алууга;

2) үстүнөн кайрылуу түшкөн судья иштеген соттун төрагасынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан  башка зарыл маалыматтарды суратып алууга;

3) зарыл болгон учурда, кайрылуу жасаган адамдан жазуу жүзүндө жана оозеки түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле кайрылууда келтирилген жагдайларга байланыштуу башка кошумча далилдерди талап кылууга, күбөлөрдөн сурап билүүгө.

 

17-берене. Тартип жоопкерчилигине тартуу мөөнөттөрү

Судья кызматтык териштирүү жүргөн,  Тартип комиссиясы кайрылууну караган же судьянын кечиримдүү себептер боюнча ишке келбеген убактысын эсептебегенде, кайрылуу катталган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен, бирок ал жасалган күндөн тартып 3 жылдан кеч эмес мөөнөттө тартип жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

 

18-берене. Тартип комиссиясынын жыйынында кайрылууну кароонун тартиби

1. Кайрылуу Тартип комиссиясы тарабынан кызматтык териштирүү аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен каралат. Бул мөөнөт үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жүйөлүү себептер боюнча жок болгон мезгилди өзүнө камтыбайт.

2. Тартип комиссиясынын жыйыны, үстүнөн кайрылуу түшкөн судья ишти жабык жыйында кароо өтүнүчүн жасагандан тышкары учурларда, ачык өткөрүлөт.

3. Кайрылууну кароо кызматтык териштирүү жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн маалыматы менен таанышуудан башталат.

4. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйынында катышууга укугу бар.

 

5. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам жыйын өтүүчү күн жана анын орду тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөлүү себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.

6. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам иштин материалы менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч жасоого укуктуу. Тартип комиссиясыбашка адамдарды да угууга, документтер жана башка материалдар менен таанышууга укуктуу.

7. Судьянын аракетинен кылмыш белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясытартипке чакыруу материалдарын Башкы прокурорго өткөрүп берет.

 

19-берене. Тартип комиссиясынын жыйынынын протоколу

1. Тартип комиссиясынын жыйынында жыйындын протоколу жүргүзүлөт. Протоколдо Тартип комиссиясынын курамы, жыйындын датасы, кайрылууну кароого катышкан адамдардын келгендиги тууралуу маалымат, өтүнүчтөр жана алардын каралышынын жыйынтыктары, жыйынга катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү, кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Тартип комиссиясынын жыйынынын протоколуна комиссиянын төрагасы менен катчысы кол коюшат.

3. Тартип комиссиясынын жыйынынын протоколу тартипке чакыруу материалына кошуп тиркелет.

 

20-берене. Тартип комиссиясынын кайрылуусу боюнча чечим кабыл алуу

1. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы тарабынан чечим кабыл алынат.

2. Тартип комиссиясынын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда, чечим үстүнөн кайрылуу түшкөн судьянын пайдасына кабыл алынат.

Кызматтык териштирүү жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү чечим кабыл алууга катышууга укуксуз.

3. Тартип комиссиясынын чечими кеңешүүчү бөлмөдө кабыл алынат.

Тартип комиссиясынын төрагасы, ал жокто орун басары Тартип комиссиясынын чечиминин корутунду бөлүгүн угузат, ал эми Тартип комиссиясы чечимдин корутунду бөлүгү жарыялангандан тартып 5 күндүн ичинде жүйөлөштүрүлгөн чечим даярдайт.

Тартип комиссиясынын кабыл алынган чечим боюнча өзгөчө пикири бар мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүп, жазуу жүзүндө баяндама бере алат.

4. Чечимдергетөрагалык кылуучу жана Тартип комиссиясынын кайрылууну кароого катышкан мүчөлөрү кол коюшат.

5. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу маалымат Тартип комиссиясынын веб-сайтына (веб-баракчага) жарыяланат.

 

21-берене. Судьяны кызматтан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү жөнүндө чечим

Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Тартип комиссиясы кийин сунушту Жогорку Кеңешке, жергиликтүү соттун судьясын – Президентке киргизүү үчүн, аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу сунуш киргизет.

 

22-берене. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуудан баш тартуу

Тартип комиссиясы кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча судьяны тартип жоопкерчилигине тартуудан төмөнкү учурларда баш тартат:

1) судьяны ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган тартип жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде;

2) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз жок болгондо.

 

23-берене. Тартип комиссиясынын чечиминин мазмуну

Тартип комиссиясынын чечиминде көрсөтүлөт:

1) Тартип комиссиясынын курамы;

2) кайрылуу каралган дата;

3) тартип жоопкерчилигине тартылган судьянын аты-жөнүжана кызматы;

4) кайрылуунун жана судьянын түшүндүрмөсүнүн мазмуну;

5) кызматтык териштирүүдө аныкталган иштин жагдайлары;

6) кабыл алынган чечимдин негиздери;

7) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө кайрылууну канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тыянак;

8) тартип жоопкерчилигине тартылган учурда, судьяга көрүлгөн тартиптик жаза-чарасынын түрү;

9) судьяны кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле судьяны кызматынан убактылуу четтетүүгө  макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу тыянак;

10) даттануунун тартиби, эгерде ал даттанууга жатса.

 

24-берене. Тартип комиссиясынын чечимине даттануунун тартиби

Тартип комиссиясынын кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жаза-чарасын көрүү жөнүндө чечими, судьяны жоопкерчиликке тартуу тартиби бузулган учурларда, Административдик-процессуалдык кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөтттөрдө даттанылышы мүмкүн.

 

25-берене. Тартип комиссиясынын актысын аткаруу

1. Тартип комиссиясынын чечими ал угузулгандан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Тартип комиссиясынын чечиминин көчүрмөсү ал кабыл алынгандан кийин беш күндүн аралыгында Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттарына же болбосо ыйгарым укуктуу органга судьянын жеке ишине тиркөө үчүн жана ага карата чечим кабыл алынган судьянын өзүнө жөнөтүлөт.

3. Кайрылуу берген адамга кабыл алынган чечим тууралуубилдирилет. Анын арызы боюнча ага чечимдин көчүрмөсү берилет.

4. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш Президентке Тартип комиссиясынын чечиминедаттануу мөөнөтү аяктагандан кийин жөнөтүлөт. Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылган учурда, сунуш сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жөнөтүлөт.

5. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим ал кабыл алынгандан тартып 5 күндөн кечиктирбестен Башкы прокурорго жөнөтүлөт.

6. Судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана судьяны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу чечим, ал кабыл алынгандан тартып 5 күндөн кечиктирбестен Президентке жөнөтүлөт.

7. Судьяны административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сот тартибинде жүктөлгөн чечим,  ал кабыл алынгандан тартып 5 күндөн кечиктирбестен тиешелүү мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

 

26-берене. Тартипке чакыруу жаза-чарасын алып таштоо тартиби

1. Эскертүү, эскертүүчү сын-пикирлер же сөгүш Тартип комиссиясынын судьясынан судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок тартипке чакыруу жаза-чарасынын мөөнөтүнүн жарымынан эрте эмес мөөнөттө алып салынышы мүмкүн.

2. Тартип комиссиясына тартипке чакыруу жаза-чарасын алып таштоо тууралуу сунушу менен тартип жаза-чарасы бар судья же ал иштеген соттун төрагасы кайрыла алышат.

3. Тартип комиссиясынын тартип жаза-чарасын алып таштоо тууралуу чечими Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттарына же болбосо ыйгарым укуктуу органга судьянын жеке ишине тиркөө жана судья үчүн жөнөтүлөт.

 

27-берене. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруу жана камсыздоо

1. Тартип комиссиясынын катчылыгынын иш милдеттери ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүкчөсүнө жүктөлөт.

2. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турушкан мүчөлөрү өз иштерин коомдук башталышта жүргүзүшөт жана алардын эмгек акысы негизги иш ордунда сакталат. Тартип комиссиясында иштеген убакта мамлекеттик кызматтарда турушкан мүчөлөр өз кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулушат.

3. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызматтарда турушпаган мүчөлөрүнө ай сайын эмгек акы төлөнүп берилет. Эмгек акы төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө жүргүзүлөт.

4. Тартип комиссиясынын региондордон келишкен мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте иш сапарынын чыгымдары төлөнүп берилет.

5. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруу, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыздоо республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат.

Тартип комиссиясын материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыздоону жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын каражаттарын тарта алышат.

 

4-глава. Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор

 

28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Президент, Жогорку Кеңеш жана Соттор кеңеши бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүндөгү талаптарды эске алуу менен Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзүп чыксын.

3. Соттор кеңеши:

1) Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн экиси түзүлгөндөн кийинки 10 күндүк мөөнөттө бринчи жыйынды уюштурсун;

2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы күчүнө киргенге чейин келип түшкөн даттанууларды жана сунуштамаларды алар келип түшкөн учурда иштеп жаткан ченемдерге ылайык кароону камсыздасын.

4. Тартип комиссиясы:

1) биринчи жыйындан тартып бир айлык мөөнөттө иш регламентин иштеп чыксын жана бекитсин;

2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы күчүнө киргенден кийинкелип түшкөн даттанууларды жана сунуштамаларды ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнчажана мөөнөттөрдө кароону камсыздасын.

5. Ыйгарым укуктуу орган Тартип комиссиясынын ишин камсыз кылсын.

6. Кыргыз Республкасынын Президенти өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

7. Өкмөт 3 айдын ичинде ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ– НЕГИЗДЕМЕ

 

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 28-декабрындагы№218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы менен өзгөртүлгөнКыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында жана КР Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"Жарлыгына ылайык иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору конституциялык орган катары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишин жөнгө салат жана 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы конституциялык ченемдерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңешинде каралып, жактырылган.

Конституциянын 95-беренесинде жергиликтүү соттордун судьяларынын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жана ротацияларды жүргүзүү маселелери менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы (мындан ары - Комиссия) алектене тургандыгы белгиленет.

Ошондой эле аталган беренеде Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы саны, Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата талаптар жана анын ишин уюштуруу боюнча башка маселелер мыйзам менен аныктала тургандыгы белгиленген.

Бул ченемди жүзөгө ашыруу максатында ушул мыйзам долбоору иштелип чыгып, анда төмөнкүлөр сунушталды:

1) Комиссияны түзүүнүн жана анын курамын аныктоонун тартибин алдын ала караштыруу;

2) Комиссиянын негизги ыйгарым укуктарын жана аларды ишке ашыруунун жолдорун аныктоо;

3) Комиссиянын иш тартибин алдын ала караштыруу: биринчи жыйынды өткөрүү, төраганы, төраганын орун басарын шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын аныктоо;

4) Комиссияга кайрылуу укугуна ээ субъекттерди жана кайрылууну кароо жана ал тууралуу чечим кабыл алуу боюнча андан аркы иш-чараларды аныктоо;

5) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу мөөнөттөрү, Комиссиянын чечимдерин аткаруу жана даттануу жана судьянын жаза-чарасын алып таштоо менен байланышкан маселелерди көрсөтүү;

6) Комиссиянын иши менен байланышкан башка уюштуруу маселелерин алдын ала караштыруу.

Улуттук жана эл аралык мыйзам ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарынан улам, мыйзам долбоору аракеттеги укуктук актыларга жана эл аралык мыйзам актыларына карама-каршы келбей тургандыгын белгилейбиз.

Мыйзам долбоору жарандардын, анын ичинде судьялардын укуктары менен кызыкчылыктарын козгоп жаткандыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, долбоор боюнча коомдук талкуу жүргүзүү талап кылынат. 

Мыйзам долбоору ишкердик иштерди жөнгө салууга багытталбагандыктан, анын жөнгө салуучу таасирлерине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.

Ошол эле учурда мыйзам добоорун кабыл алуу укуктук, укук коргоочулук, экономикалык, социалдык, коррупциялык, гендердик жана экологиялык кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилейбиз.

Мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кыла тургандыгын белгилей кетүү керек. Анткени Комиссиянын мамлекеттик кызматтарды ээлебеген мүчөлөрүнө ай сайын эмгек акы төлөө, ал эми региондордон келүүчүлөргө иш сапарынын чыгымдарын төлөө, жалпысынан, Комиссиянын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыздоо республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо болжонууда. Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Өкмөткө сунушталып жаткан Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берүүнү кароо сунушталат. 

 

Депутаттар                                                         А.С. Кодуранова

                                                                           А.А. Шадиев

                                                                           Т.Г. Тиллаев

                                                                           М.Э. Сабиров

                                                                           К.К. Керезбеков

                                                                           А.У. Жапаров

                                                                           А.С. Токторов

                                                                           Г.К. Асылбаева

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 1377