“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 4-майынан тартып коомдук талкууга коюлат

04-05-2017 15:07

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.С. Кодуранова, А.А. Шадиев, Т.Г. Тиллаев, М.Э. Сабиров, К.К. Керезбеков, А.У. Жапаров, А.С. Токторов, Г.К. Асылбаева

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-93

Каттоо  № 6-8938/17      20.04.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2008-ж., №6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-1-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

2-пунктундагы «, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын» деген сөздөр алып салынсын;

6-пунктундагы «, тиешелүү сотто белгиленген» деген сөздөр алып салынсын»;

б) 2-бөлүктө:

1-пунктундагы «ишенимдүү адамы же» деген сөздөр алып салынсын»;

4-пунктундагы «алынган белектерди пайдаланууга» деген сөздөр «келген белектерди пайдаланууга»деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пунктундагы «башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын» деген сөздөр алып салынсын»;

9-пунктунда:

экинчи абзац «илимий» деген сөздөн кийин «, эксперттик» деген сөз менен толукталсын»;

үчүнчү абзац «(мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши)» деген сөздөрдөн кийин «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын» деген сөздөр менен толукталсын.»;

2) 5-2-берененин 1-бөлүгүндө:

үчүнчү абзацындагы «жана Судьяларды тандоо кеңешине» деген сөздөр«Судьяларды тандоо кеңешине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы боюнча талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай болбосун айыптоолорду төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;»;

3) 5-4-беренеде:

а) берененин аталышындагы “Жергиликтүү соттордун судьяларынын” деген сөздөр “Судьялардын” деген сөз менен алмаштырылсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Судьялардын кызматына талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызматына талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окуудан өтүүгө тийиш жана бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуунун аягында квалификациялык экзамен өткөрүлөт.”;  

в) 2-бөлүктө “«Жергиликтүү соттордун» деген сөздөр алып салынсын.

4) 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Кынтыксыздык талаптарын бузуу деп судьянын бийик наамы менен айкалышпаган, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жоругун (жоруктарды) олуттуу же болбосо системалуу жасоо түшүнүлөт.»;

5)12-берененин 1-бөлүгүндөгү “таасир кылууга» деген сөздөр «судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

6)14-берененин 2-бөлүгүндөгү «Судья» деген сөздөн кийин «анын ичинде өз ыйгарым укуктарын токтоткондон жана ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин,» деген сөздөр менен толукталсын;

7) 17-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү «күндүзгү же сырттан окуунун» деген сөздөр алып салынып, «талапкерлердин» деген сөздөн кийин «окуусунун» деген сөз менен толукталсын;

8) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

9) 23-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 4-пунктундагы «жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген» деген сөздөр алып салынсын»;

б) 2-6-бөлүктөрдөгү «Судьяларды тандоо кеңеши» деген сөздөр жөндөмөлөрдүн тиешелүү түрлөрүндө «Судьялар кеңеши» деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

10) 5-главанын аталышындагы «Судьялардын» деген сөз «Судьяларды» деген сөз менен алмыштырылсын жана «ыйгарым укуктарын токтото туруу» деген сөздөр алып салынсын».

11) 25-беренеде:

а) берененин аталышындагы «кызматынан» деген сөздөн кийин «убактылуу четтетүү» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызматынан убактылуу бошотулат (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет)»;

в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке киргизет, ал эми жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту – Президенттин кароосуна жөнөтөт.»;

г) 3-бөлүктө «четтетүү» деген сөздөр «убактылуу четтетүү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) 4-бөлүктө «четтетилген» деген сөз «убактылуу четтетилген» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «четтетүү жөнүндө» деген сөздөр «убактылуу четтетүү жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12) 26-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

13) 27-беренеде:

а) 1-бөлүктүн экинчи-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүгү менен толукталсын:

«1-1. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;

2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;

3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын бүтүмү менен ырасталганда;

4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болу шайланганда;

5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;

6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

7) эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) ал өлгөндө;

9) аны өлдү деп жарыялап, соттун бул тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10) аны дайынсыз жок деп таанып, соттун бул тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;

12)  ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

13) ага карата соттун реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

14) судьяны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартипке чакыруу жаза чарасы колдонулганда;

15) судьянын кызматы менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;

16) саясий партияларга мүчөлүккө киргенде, ал кайсы бир саясий партияга колдоо көрсөтүп сүйлөгөндө;

17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;

18) Жогорку Кеңештин шайлоолоруна катышуучу саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.»;

в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, 1-, жана 1-1-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып - Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган негиздер боюнча – Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызматынан бошотуу жолу менен токтотулат.

Ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 9-, 10-, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары – Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары – Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат”;  

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч күндүн аралыгында артка кайтарып алынышы мүмкүн.».

14) 27-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“27-1-берене. Судьянын отставкасы

1. Судьянынкызматордунанкетишисудьянынотставкасыдептаанылат.

2. Ар бир судья жашкурагынакарабастанөзкаалоосубоюнчаотставкагаукугу бар. Эгерде судья катары анынжүрүш-турушукынтыксызболупсаналсажанааныныйгарымукуктарыушулконституциялыкМыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө, 1-1-бөлүгүнүн 1-, 3-, 5-, 11-, 17-, 18-пункттарындакаралганнегиздербоюнчатоктотулганболсо, судья отставкагакеттидепэсептелет.

3. ОтставкадагысудьяларгаотставкадагысудьянынкүбөлүгүСудьяларкеңешитарабынанбелгиленгентартиптеберилет.

4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса, отставкадагы судья да отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери сакталып калат.

5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аныжаманаттыкылуучукадамдаргабарганга, ошоларкылуу сот бийлигининбеделинтөмөндөтүүгөжолбергенгечейинотставкададепэсептелет.

Судья Кыргыз Республикасынынжарандыгынтоктоткон же аныжаманаттыкылуучукадамдаргабарган, ошоларкылуу сот бийлигининбеделинтөмөндөтүүгөжолбергенучурда, судьянынотставкадаболуусунтоктотуунунтартибижанашарттарыСудьяларкеңешитарабынанбекитилет.

15) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги

1. Судья тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

2. Тартип жоругу деп судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:

1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;

2) судьянын Абийир кодекси одоно бузулганда;

3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыктаганда;

4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырып жатканда болгон кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;

5) өз мүлкүнүн, кирешелери менен чыгашаларынын декларациясын тапшырбай же өз убагында бербей, ошол эле учурда ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;

6) эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузуу сот ишиндеги тескери кесепеттерге алып келгенде;

7) ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинин 2-жана 3-бөлүктөрүндө каралган, судьядан суралуучу башка талаптарды одоно бузганда.

3. Судьянын жаңылыштыгы, ошондой эле сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү, эгерде ушуну менен мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, судья тартип жоопкерчилигине тартылбайт.

Эскертүү. Судьянын жаңылыштыгы катары материалдык жана процесстик укук ченемдерин туура эмес түшүндүрмөлөөгө жана колдонууга алып келген, судьянын айыптуу аракеттери менен байланышпаган жосун таанылат.

4. Судьяны тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй жаза чараларынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:

1) алдын ала эскертүү;

2) эскертүүчү сын-пикир айтуу;

3) сөгүш берүү;

4)  судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

Ар бир тартип бузган жорук үчүн жасалган жоруктун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, ошондой эле судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын  эске алуу менен бир гана жаза чарасы көрүлөт.

Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жаза чарасы күчүндө турган мөөнөттүн аралыгында, тиешелүү жаза чарасы көрүлгөндөн кийин тартип бузган жаңы жорукка барбаса, судья жаза жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет. 

5. Судьяга эскертүү анын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүүчү сын-пикир жана сөгүш – судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.

Эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүүчү сын-пикирдики – тогуз ай, сөгүштүкү – он эки ай мөөнөттү түзөт.

Алдын ала эскертүү, эскертүүчү сын-пикир же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жаза чарасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

6. Судьяны тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьяга өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартипке чакыруунун эң катуу жаза чарасы катары колдонулат. 

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызматынан Президенттин сунушу боюнча, Жогорку Кеңеш тарабынан, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары – Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

7. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяга тартипке чакыруу жаза чарасынын башка түрүн колдонуу чечимдери даттанылбайт.

Жогорку Кеңештин, Президенттин Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимдери даттанылбайт.

8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө мыйзам менен аныкталат.»;

16) 29-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

17) 30-беренеде:

а) 1-бөлүктөгү «маселе боюнча» деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-бөлүктө:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен, Башкы прокуратуранын сунуштамасы боюнча жол берилет.»;

экинчи абзацтагы «Судьялар кеңешине» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Судьяга сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.»;

г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо,  Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.»;

е) 7-бөлүктөгү «Судьялар кеңеши» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын», ал эми «кабыл алынган учурда» деген сөздөрдөн кийин «ошол эле негиздер боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

ж) 8-9-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде аныкталган тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде жүктөлүүчү жазык же администрацилык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдери даттанылбайт.»;

18) 33-беренеде:

а) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «4», «1» деген цифралар «9», жана «1-1»  деген цифралар менен алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык иш стажысы 20 жана андан көп жылды түзсө; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, ошондой эле, судьялык иш стажысы 15 жана андан көп жылды түзсө, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу, судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн, акыркы кызматы боюнча төлөнгөн орточо эмгек акынын эсебинде бир жолку жөлөкпул төлөнөт.».

2-берене

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 14-пункттун колдонулушу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин келип чыккан мамилелерге, ошондой эле 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктары токтотулган судьяларга таркатылат. 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна карата

Маалымкат-негиздеме

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын  Мыйзамы менен өзгөртүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында жана КР Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору конституциялык орган катары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишин жөнгө салат жана 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы конституциялык ченемдерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңешинде каралып, жактырылган.

Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу функциялары Судьялар кеңешинен алынып, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы сыяктуу жаңы органдын киргизилип жаткандыгына байланыштуу, анын статусу, уюмду түзүү тартиби, уюштуруучулук жана ишмердик маселелери өз алдынча мыйзам менен аныкталат, ушул мыйзам долбоору менен судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун негиздерин аныктоо сунушталды, тактап айтканда:

  1. Тартип бузган жорукту аныктоо такталды;
  2. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга түрткү болгон тартип бузган жоруктардын конкреттүү түрлөрү аныкталды;
  3. Тартипке чакыруу жаза чарасынын түрлөрү кеңейтилип, аларга аныктамалар берилди жана аларды колдонуу мөөнөттөрү дифференциацияланды.

Ошондой эле бул мыйзам долбоорунда судьянын кынтыксыз жүрүш-турушу менен байланышкан бир катар беренелерди жакшыртуу сунушталууда. Конституциянын жаңы жоболоруна ылайык, эми судьяларды ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн судьянын жүрүш-турушунун кынтыксыздыгына шек келтирүү сыяктуу бир гана негиз каралгандыктан, башкача айтканда, ал судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу менен байланышкан болсо, 26-берене менен күчүн жоготкондугу таанылат. Ал эми 26-беренеде каралган судьяны бошотууга негиздер 27-беренеге судьянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз катары которулду. 29-беренедеги «Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби» да бул мыйзам долбоорунда күчүн жоготту деп таанылды, ал эми анын жоболору Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө жаңы мыйзамга которулду.     

Мыйзам долбоорунда Жогорку соттун судьялары жана жергиликтүү соттордун судьялары үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жоопкерчиликке тартуу тартиби бузулган учурда судьяны мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечимине даттануу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ушуну менен бирге, мыйзам долбоору Жергиликтүү соттун судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө, Президент кабыл алуучу чечим, жана Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңеш кабыл алуучу чечим даттанылбай тургандыгын белгилеген ченемди конкреттештирет.  Бул ченем судьялардын атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жактарга кире тургандыгын, аларды бошотуу чечими Конституциянын негизинде жана ага ылайык атайын аныкталган тартипте кабыл алынарын белгилеп турат.

Мыйзам долбоору аркылуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 5-мартындагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү тууралуу иш боюнча чечими эске алынган.  

Сунуш кылынган өзгөртүүлөр Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы эмес жана эл аралык стандарттарга туура келет. Ошону менен бирге, мыйзам долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук гендердик экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбестигин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбей тургандыгын белгилейбиз.

Ошол эле учурда бул мыйзам долбоору ишкердик боюнча маселелерди козгобой тургандыгын жана жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси) талап кылынбастыгын белгилей кетүү зарыл.

Депутаттар                                                         А.С. Кодуранова

                                                                           А.А. Шадиев

                                                                           Т.Г. Тиллаев

                                                                           М.Э. Сабиров

                                                                           К.К. Керезбеков

                                                                           А.У. Жапаров

                                                                           А.С. Токторов

                                                                           Г.К. Асылбаева

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Мыйзамдын долбоору

Сунушталган редакция

5-1-берене. Статусуна ылайык судьяга коюлуучу талаптар

1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын актоого;

2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден качууга;

3) сот адилеттигин орундоо боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;

4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;

6) тиешелүү сотто белгиленген эмгек тартибинин эрежесин сактоого.

2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:

1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;

2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;

3) судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышпаган максаттарда, мыйзамда жетимдүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды жарыя кылууга же пайдаланууга;

4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары таанылат да, судья тарабынан мыйзамдарда каралгандан тышкаркы учурларда соттун актысы боюнча өзү судьялык кызматты ээлеген сотко өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;

5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын, башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү сотторунун эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга кызматтык иш сапарларга чыгууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же көзөмөлдүк кылуучу кеңештеринин органдарынын курамына кирүүгө;

8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;

9) ишкердикти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин, төмөнкүлөрдөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:

- судьялык милдеттерин аткарууда жолтоо болбогондой деңгээлде окутуучулук, илимий жана чыгармачылык иштерден;

- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши) иштерине катышуудан.

3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.

1) 5-1-берене:

а) 1-бөлүктө:

2-пунктундагы «, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын» деген сөздөр алып салынсын;

6-пунктундагы «, тиешелүү сотто белгиленген» деген сөздөр алып салынсын»;

б) 2-бөлүктө:

1-пунктундагы «ишенимдүү адамы же» деген сөздөр алып салынсын»;

4-пунктундагы «алынган белектерди пайдаланууга» деген сөздөр «келген белектерди пайдаланууга»деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пунктундагы «башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын» деген сөздөр алып салынсын»;

9-пунктунда:

экинчи абзац «илимий» деген сөздөн кийин «, эксперттик» деген сөз менен толукталсын»;

үчүнчү абзац «(мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши)» деген сөздөрдөн кийин «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын» деген сөздөр менен толукталсын.»;

5-1-берене. Статусуна ылайык судьяга коюлуучу талаптар

1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын актоого;

2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден качууга;

3) сот адилеттигин орундоо боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;

4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;

6) эмгек тартибинин эрежесин сактоого.

2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:

1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) өкүлү болууга;

2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;

3) судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышпаган максаттарда, мыйзамда жетимдүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды жарыя кылууга же пайдаланууга;

4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу келген белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары таанылат да, судья тарабынан мыйзамдарда каралгандан тышкаркы учурларда соттун актысы боюнча өзү судьялык кызматты ээлеген сотко өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;

5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын, ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү сотторунун эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга кызматтык иш сапарларга чыгууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же көзөмөлдүк кылуучу кеңештеринин органдарынын курамына кирүүгө;

8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;

9) ишкердикти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин, төмөнкүлөрдөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:

- судьялык милдеттерин аткарууда жолтоо болбогондой деңгээлде окутуучулук, илимий, экспертик жана чыгармачылык иштерден;

- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши), Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын иштерине катышуудан.

3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.

5-2-берене. Судьянын негизги укуктары

1. Судья ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда, анын негизинде кабыл алынган башка мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөргө укуктуу:

башка сотко которулууга (ротацияланууга);

соттун төрагалыгына же соттун төрагасынын орун басарлыгына, ошондой эле судьялык өз алдынча башкаруу органдарына жана Судьяларды тандоо кеңешине шайланууга;

өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;

отставкага чыгууга;

ушул конституциялык Мыйзамдын 6-беренесинин жоболорун бузуп, өзүнө карата кандай гана болбосун негизсиз коюлган айыптоолорду төгүндөөнү же негизсиздигин таанууну талап кылууга;

анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мамлекет жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүнө;

ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кепилдиктердин камсыз кылынышына.

2. Эгерде бул укуктарды ишке ашыруу судьянын бийик статусуна карама-каршы келбесе, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөндөр судья болуп эсептелген жарандын Кыргыз Республикасынын жарандарына Конституцияда берилген башка укуктарын чектебейт.

5-2-берене

1-бөлүгүндө:

үчүнчү абзацындагы «жана Судьяларды тандоо кеңешине» деген сөздөр«Судьяларды тандоо кеңешине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы боюнча талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай болбосун айыптоолорду төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;»;

5-2-берене. Судьянын негизги укуктары

1. Судья ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда, анын негизинде кабыл алынган башка мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөргө укуктуу:

башка сотко которулууга (ротацияланууга);

соттун төрагалыгына же соттун төрагасынын орун басарлыгына, ошондой эле судьялык өз алдынча башкаруу органдарына Судьяларды тандоо кеңешине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына шайланууга;

төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

отставкага чыгууга;

судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы боюнча талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай болбосун айыптоолорду төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;

анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мамлекет жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүнө;

ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кепилдиктердин камсыз кылынышына.

2. Эгерде бул укуктарды ишке ашыруу судьянын бийик статусуна карама-каршы келбесе, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөндөр судья болуп эсептелген жарандын Кыргыз Республикасынын жарандарына Конституцияда берилген башка укуктарын чектебейт.

5-4-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу

1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектеби тарабынан жүзөгө ашырылат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү күндүзгү окуудан өтүүгө тийиш, аны аяктагандан кийин квалификациялык экзамен өткөрүлөт.

2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

5-4-берене:

а) берененин аталышындагы “Жергиликтүү соттордун судьяларынын” деген сөздөр “Судьялардын” деген сөз менен алмаштырылсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Судьялардын кызматына талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызматына талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окуудан өтүүгө тийиш жана бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуунун аягында квалификациялык экзамен өткөрүлөт.”;  

в) 2-бөлүктө “«Жергиликтүү соттордун» деген сөздөр алып салынсын.

5-4-берене. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу

1. Судьялардын кызматына талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызматына талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окуудан өтүүгө тийиш жана бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуунун аягында квалификациялык экзамен өткөрүлөт.

2. Судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

6-берене. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы

1. Судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.

2. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы деп, бул судьяга карата ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинде каралган милдеттердин Судьялар кеңеши тарабынан тастыкталган же таанылган бузуу фактыларынын жоктугу түшүнүлөт.

6-берене

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Кынтыксыздык талаптарын бузуу деп судьянын бийик наамы менен айкалышпаган, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жоругун (жоруктарды) олуттуу же болбосо системалуу жасоо түшүнүлөт.»;

6-берене. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы

1. Судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.

2. Кынтыксыздык талаптарын бузуу деп судьянын бийик наамы менен айкалышпаган, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жоругун (жоруктарды) олуттуу же болбосо системалуу жасоо түшүнүлөт.

12-берене. Судьянын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир кылууга күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

3. Процесстик мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен бөлөк учурларда судья каралган же анын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү жасоого, таанышуу үчүн ишти кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес.

12-берене

1-бөлүгүндөгү “таасир кылууга» деген сөздөр «судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

12-берене. Судьянын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик

1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралган учурлардан тышкары судьядан конкреттүү сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

3. Процесстик мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен бөлөк учурларда судья каралган же анын өндүрүшүндө турган иштердин маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөлөрдү жасоого, таанышуу үчүн ишти кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес.

14-берене. Судьянын кол тийбестиги

1. Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес. Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.

2. Судья ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.

3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.

14-берене

2-бөлүгүндөгү «Судья» деген сөздөн кийин «анын ичинде өз ыйгарым укуктарын токтоткондон жана ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин,» деген сөздөр менен толукталсын;

14-берене. Судьянын кол тийбестиги

1. Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес. Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.

2. Судья анын ичинде өз ыйгарым укуктарын токтоткондон жана ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин, ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.

3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.

17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар

1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.

2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стаждары бар адамдарга, ошол эле убакта алардын конкурска катышууга арыз бергендиги менен судьялык кызматтан бошотулган же судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу он жылдан ашса, анда төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгиленет: квалификациялык экзаменди (мындан ары - экзамен) берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу. Экзамен талапкерлердин күндүзгү же сырттан окуунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат. Сертификат үч жыл бою жарактуу. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.

17-берене

2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү «күндүзгү же сырттан окуунун» деген сөздөр алып салынып, «талапкерлердин» деген сөздөн кийин «окуусунун» деген сөз менен толукталсын;

17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар

1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.

2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стаждары бар адамдарга, ошол эле убакта алардын конкурска катышууга арыз бергендиги менен судьялык кызматтан бошотулган же судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу он жылдан ашса, анда төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгиленет: квалификациялык экзаменди (мындан ары - экзамен) берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу. Экзамен талапкерлердин окуусунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат. Сертификат үч жыл бою жарактуу. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.

19-берене. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөө үчүн конкурска документтерди берүү тартиби

1. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан же болбосо почта аркылуу берилет.

Судьяларды тандоо кеңешинин атына даректелген жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна талапкердин арызы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

1) талапкердин жарандыгын жана жашын күбөлөндүрүүчү паспортунун көчүрмөсү;

2) "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими жөнүндө дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, талапкерде юридикалык кесиби боюнча иш стажы бар экенин ырастаган башка документтери;

4) конкурска катышаар алдындагы бир жыл ичинде берилген ден соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган талапкерге коюлуучу кошумча талаптардын болушун ырастоочу документ.

Арызга талапкердин ким экендигин мүнөздөөчү башка документтер (пикирлер, сунуштар) тиркелиши мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын учурдагы судьялары арыз берүү жолу менен жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу.

Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын документтери Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары тарабынан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын документтери Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын учурдагы судьяларынын документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) судьянын өздүк ишин;

2) караган иштеринин санын жана сапатын чагылдыруучу судьялык кызмат ордунда иштеген мезгилиндеги маалыматтарды;

3) сыйлыктары, кубаттоолору жана жазалары жөнүндөгү маалыматтарды;

4) судьяларга карата чыгарылган жекече аныктамаларды.

19-берене

3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын

4) күчүн жоготту деп таанылсын

23-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун (ротациялоонун) негиздери жана тартиби

1. Жергиликтүү соттун судьялары бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:

1) өз каалоосу боюнча;

2) сот кайра уюшулган, түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;

3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында;

4) башка жергиликтүү соттун бош судьялык кызмат ордуна конкурстук жол менен тандап алууга жергиликтүү соттун судьясы катышкан жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген учурда.

2. Судьяларды которуу (ротациялоо) судьялардан арыздар түшкөнүнө жараша Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча жүзөгө ашырылат. Судьялардын арыздары Судьяларды тандоо кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу органга берилет.

Судьяларды тандоо кеңеши которуу (ротациялоо) жөнүндөгү судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьянын бирдиктүү макулдугу болгондо гана которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет.

Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып беш жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.

3. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, анын судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен түзүмү өзгөрүлгөн учурда штаттык кызмат орундары берилген сотко которулушуна (ротация болушуна) байланыштуу жоюлган соттордун же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттордун судьяларынын пикири угулат. Судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

4. Которуу (ротациялоо) маселелерин Судьяларды тандоо кеңеши судьялардан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлардан судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында кийинкиге калтырбастан карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.

5. Жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо) анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карай жүзөгө ашырылат.

6. Судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Чечим Президентке келген күндөн тартып он күн ичинде Жарлыкка кол коюлат.

23-берене:

а) 1-бөлүктүн 4-пунктундагы «жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген» деген сөздөр алып салынсын»;

б) 2-6-бөлүктөрдөгү «Судьяларды тандоо кеңеши» деген сөздөр жөндөмөлөрдүн тиешелүү түрлөрүндө «Судьялар кеңеши» деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

23-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун (ротациялоонун) негиздери жана тартиби

1. Жергиликтүү соттун судьялары бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:

1) өз каалоосу боюнча;

2) сот кайра уюшулган, түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;

3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында;

4) башка жергиликтүү соттун бош судьялык кызмат ордуна конкурстук жол менен тандап алууга жергиликтүү соттун судьясы катышкан учурда.

2. Судьяларды которуу (ротациялоо) судьялардан арыздар түшкөнүнө жараша Судьялар кеңеши тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча жүзөгө ашырылат. Судьялардын арыздары Судьялар  кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу органга берилет.

Судьялар кеңеши которуу (ротациялоо) жөнүндөгү судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьянын бирдиктүү макулдугу болгондо гана которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет.

Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып беш жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.

3. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, анын судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен түзүмү өзгөрүлгөн учурда штаттык кызмат орундары берилген сотко которулушуна (ротация болушуна) байланыштуу жоюлган соттордун же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттордун судьяларынын пикири угулат. Судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча Судьялар кеңешинин чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

4. Которуу (ротациялоо) маселелерин Судьялар кеңеши судьялардан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлардан судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында кийинкиге калтырбастан карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) боюнча Судьялар кеңешинин чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.

5. Жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо) анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карай жүзөгө ашырылат.

6. Судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Чечим Президентке келген күндөн тартып он күн ичинде Жарлыкка кол коюлат.

5-глава Судьялардын ыйгарым укуктарын токтото туруу, кызматтан четтетүү жана ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

5-главанын аталышындагы «Судьялардын» деген сөз «Судьяларды» деген сөз менен алмыштырылсын жана «ыйгарым укуктарын токтото туруу» деген сөздөр алып салынсын».

5-глава Судьяларды кызматтан четтетүү жана ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

25-берене. Судьяны кызматынан четтетүү

1. Судьялар кеңеши тарабынан жазык жоопкерчилигине (айыпталуучу катары тартуу) же сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берилген учурда судья кызмат ордунан четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).

2. Жогорку Кеңеш Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын айыпталуучу катары тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна (мындан ары - Башкы прокурор) макулдук берилген учурда кызмат ордунан четтете алат.

Президент Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, айыпталуучу катарында жоопко тартууга Башкы прокурорго макулдук берилген учурда жергиликтүү соттун судьясын кызмат ордунан четтете алат.

3. Судьяны кызмат ордунан четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.

4. Кызматынан четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга түрткү болгон жагдайлар жоюлса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).

25-берене:

а) берененин аталышындагы «кызматынан» деген сөздөн кийин «убактылуу четтетүү» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызматынан убактылуу бошотулат (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет)»;

в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке киргизет, ал эми жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту – Президенттин кароосуна жөнөтөт.»;

г) 3-бөлүктө «четтетүү» деген сөздөр «убактылуу четтетүү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) 4-бөлүктө «четтетилген» деген сөз «убактылуу четтетилген» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «четтетүү жөнүндө» деген сөздөр «убактылуу четтетүү жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

25-берене. Судьяны кызматынан убактылуу четтетүү четтетүү

1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызматынан убактылуу бошотулат (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматынан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке киргизет, ал эми жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту – Президенттин кароосуна жөнөтөт.

3. Судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.

4. Кызматынан убактылуу четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга түрткү болгон жагдайлар жоюлса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).

26-берене. Судьяны кызматтан бошотуунун негиздери жана тартиби

1. (КР 2010-жылдын 19-январындагы N 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Судья кызмат ордунан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулат:

1) кызмат ордунан өзүнүн каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жарамсыз болгондо;

3) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү сотко судья болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;

4) сот адилеттигин ишке ашырууга байланышпаган башка ишке өткөндө;

5) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка сотко которуудан баш тартканда;

6) ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) Судьялар кеңешинин чечими менен ырасталган жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы жана судьянын бийик наамына коошпогон тартиптик жорук жасаганда;

9) судьянын кызматына келишпеген иш менен алектенгенде;

10) судьялар саясий партияларга мүчө болсо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкса;

11) эгерде судья:

- Президенттикке талапкер катары катталса;

- Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу саясий партиянын катталган тизмесине киргизилсе;

- жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталса.

3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен бошотулат.

4. Жергиликтүү соттун судьясы Судьялардын кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулат.

5. Судьянын өзүнүн каалоосу боюнча кызматтан бошотууну сураган жазуу жүзүндөгү арызы арыз берген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кайра суратылып алынышы мүмкүн.

6. Кыргыз Республикасынын судьясын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун деген чечим даттанылууга жатпайт

26-берене күчүн жоготту деп таанылсын

26-берене күчүн жоготту деп таанылсын

27-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

1. Судьянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө, курагынын чегине жеткендигине байланыштуу токтотулат.

Көңүл буруңуздар!

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын (ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө) колдонулушу токтотулду

Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

2) эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) ал өлгөндө;

4) анын өлдү деп жарыяланышы, соттун бул чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) аны дайынсыз жок деп таануу, соттун бул чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши.

2. Судьянын ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан токтотулат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4- жана 5-пункттарында каралган соттун чечимдери алып салынган учурда жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан калыбына келтирилет.

27-берене:

а) 1-бөлүктүн экинчи-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүгү менен толукталсын:

«1-1. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;

2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;

3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын бүтүмү менен ырасталганда;

4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болу шайланганда;

5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;

6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

7) эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) ал өлгөндө;

9) аны өлдү деп жарыялап, соттун бул тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10) аны дайынсыз жок деп таанып, соттун бул тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;

12)  ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

13) ага карата соттун реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

14) судьяны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартипке чакыруу жаза чарасы колдонулганда;

15) судьянын кызматы менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;

16) саясий партияларга мүчөлүккө киргенде, ал кайсы бир саясий партияга колдоо көрсөтүп сүйлөгөндө;

17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;

18) Жогорку Кеңештин шайлоолоруна катышуучу саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.»;

в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, 1-, жана 1-1-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып - Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган негиздер боюнча – Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызматынан бошотуу жолу менен токтотулат.

Ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 9-, 10-, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары – Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары – Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат”;  

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч күндүн аралыгында артка кайтарып алынышы мүмкүн.».

27-берене. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун негиздери жана тартиби

1. Судьянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн бүтүшүнө, курагынын чегине жеткендигине байланыштуу токтотулат.

Көңүл буруңуздар!

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын (ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө) колдонулушу токтотулду

1-1. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;

2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;

3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын бүтүмү менен ырасталганда;

4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болу шайланганда;

5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;

6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

7) эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) ал өлгөндө;

9) аны өлдү деп жарыялап, соттун бул тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10) аны дайынсыз жок деп таанып, соттун бул тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;

12)  ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

13) ага карата соттун реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

14) судьяны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартипке чакыруу жаза чарасы колдонулганда;

15) судьянын кызматы менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;

16) саясий партияларга мүчөлүккө киргенде, ал кайсы бир саясий партияга колдоо көрсөтүп сүйлөгөндө;

17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;

18) Жогорку Кеңештин шайлоолоруна катышуучу саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.

2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, 1-, жана 1-1-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып - Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган негиздер боюнча – Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызматынан бошотуу жолу менен токтотулат.

Ушул берененин 1-1-бөлүгүнүн 9-, 10-, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары – Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары – Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат.

3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч күндүн аралыгында артка кайтарып алынышы мүмкүн.

27-1-берене. Судьянын отставкасы

1. Судьянын кызмат ордунан кетиши же анын бошонушу судьянын отставкасы деп таанылат.

2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүш-турушу кынтыксыз болуп саналса жана ал ушул конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 11-пункттарында каралган негиздер боюнча бошотулса, же анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулса, судья отставкага кеткен же бошонгон деп эсептелет.

3. Отставкадагы судьяларга отставкадагы судьянын күбөлүгү Президент тарабынан белгиленген тартипте берилет.

4. Отставкадагы судьяда отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал тарабынан айтылган пикир жана эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп соттук адилетсиз актыны чыгарууда судьянын күнөөлүү экени белгиленбесе, сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери сакталып калат.

5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана өзүн жаманатты кылуучу жоруктарга жана ошону менен сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бергенге чейин отставкада деп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же өзүн жаманатты кылуучу жоруктарга жана ошону менен сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда судьянын отставкада болушун токтотуунун тартиби жана шарты Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Президент тарабынан бекитилет.

27-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“27-1-берене. Судьянын отставкасы

1. Судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат.

2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүш-турушу кынтыксыз болуп саналса жана анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө, 1-1-бөлүгүнүн 1-, 3-, 5-, 11-, 17-, 18-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулган болсо, судья отставкага кетти деп эсептелет.

3. Отставкадагы судьяларга отставкадагы судьянын күбөлүгү Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген тартипте берилет.

4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса, отставкадагы судьяда отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери сакталып калат.

5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аны жаманатты кылуучу кадамдарга барганга, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бергенге  чейин отставкада деп эсептелет.

Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткон же аны жаманатты кылуучу кадамдарга барган, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда, судьянын отставкада болуусун токтотуунун тартиби жана шарттары Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.

28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги

1. Судья тартиптик жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

Тартип жосуну деп, ушул конституциялык Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген кынтыксыз жүрүм-турумдун талаптарына шайкеш келбеген иш-аракет же аракетсиздик, ошондой эле судьянын кызмат ордуна коошпос иш менен алектениши таанылат.

Судья, кызматтык текшерүүнүн мезгили же жүйөлүү себеп боюнча иште болбогондугу эсепке алынбастан, жосун билинген күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен, бирок жасалган күндөн үч жылдан кеч эмес учурда тартип жазасына тартылышы мүмкүн.

2. Судьяны тартип жосунун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкү тартиптик жаза чараларынын бирин колдонууга алып келет:

1) эскертүү, сөгүш түрүндөгү тартип жазасы;

2) судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

Судьялар кеңеши жасалган тартиптик жоруктун анча маанилүү эмес экендигин эске алып, эскертүү менен чектеле алат.

3. Эскертүү же сөгүш ал колдонулгандан алты ай кийин Судьялар кеңеши тарабынан алып салынышы мүмкүн. Эскертүүнү же сөгүштү алып салуу тартиби Судьялар кеңеши бекиткен Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы жөнүндө Жобо (мындан ары - Тартип комиссиясы жөнүндө жобо) менен аныкталат.

4. (КР 2010-жылдын 19-январындагы N 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Судьяларга эскертүү жана сөгүш Тартиптик комиссия жөнүндө жобого ылайык Судьялар кеңеши тарабынан колдонулат.

Тартиптик жорук жасагандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму жөнүндө талаптарды орой бузгандыгы үчүн тартиптик таасир этүүнүн катуу чарасы катары колдонулат.

Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча кабыл алынат.

Жергиликтүү соттун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Президент тарабынан судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алынат.

6. Судьялар кеңеши судьялардын иш-аракетине карата даттанууларды же сунуштамаларды кароодо эскертүү берүү менен чектелүүгө укуктуу.

28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги

1. Судья тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

2. Тартип жоругу деп судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:

1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;

2) судьянын Абийир кодекси одоно бузулганда;

3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыктаганда;

4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырып жатканда болгон кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;

5) өз мүлкүнүн, кирешелери менен чыгашаларынын декларациясын тапшырбай же өз убагында бербей, ошол эле учурда ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;  

6) эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузуу сот ишиндеги тескери кесепеттерге алып келгенде;

7) ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинин 2-жана 3-бөлүктөрүндө каралган, судьядан суралуучу башка талаптарды одоно бузганда.

3. Судьянын жаңылыштыгы, ошондой эле сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү, эгерде ушуну менен мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, судья тартип жоопкерчилигине тартылбайт.

Эскертүү. Судьянын жаңылыштыгы катары материалдык жана процесстик укук ченемдерин туура эмес түшүндүрмөлөөгө жана колдонууга алып келген, судьянын айыптуу аракеттери менен байланышпаган жосун таанылат.

4. Судьяны тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй жаза чараларынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:

1) алдын ала эскертүү;

2) эскертүүчү сын-пикир айтуу;

3) сөгүш берүү;

4)  судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

Ар бир тартип бузган жорук үчүн жасалган жоруктун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, ошондой эле судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын  эске алуу менен бир гана жаза чарасы көрүлөт.

Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жаза чарасы күчүндө турган мөөнөттүн аралыгында, тиешелүү жаза чарасы көрүлгөндөн кийин тартип бузган жаңы жорукка барбаса, судья жаза жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет. 

5. Судьяга эскертүү анын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүүчү сын-пикир жана сөгүш – судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.

Эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүүчү сын-пикирдики – тогуз ай, сөгүштүкү – он эки ай мөөнөттү түзөт.

Алдын ала эскертүү, эскертүүчү сын-пикир же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жаза чарасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

6. Судьяны тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьяга өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартипке чакыруунун эң катуу жаза чарасы катары колдонулат. 

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызматынан Президенттин сунушу боюнча, Жогорку Кеңеш тарабынан, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары – Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

7. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяга тартипке чакыруу жаза чарасынын башка түрүн колдонуу чечимдери даттанылбайт.

Жогорку Кеңештин, Президенттин Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимдери даттанылбайт.

8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө мыйзам менен аныкталат.»;

28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги

1. Судья тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.

2. Тартип жоругу деп судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:

1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;

2) судьянын Абийир кодекси одоно бузулганда;

3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыктаганда;

4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырып жатканда болгон кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;

5) өз мүлкүнүн, кирешелери менен чыгашаларынын декларациясын тапшырбай же өз убагында бербей, ошол эле учурда ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;  

6) эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузуу сот ишиндеги тескери кесепеттерге алып келгенде;

7) ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинин 2-жана 3-бөлүктөрүндө каралган, судьядан суралуучу башка талаптарды одоно бузганда.

3. Судьянын жаңылыштыгы, ошондой эле сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү, эгерде ушуну менен мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, судья тартип жоопкерчилигине тартылбайт.

Эскертүү. Судьянын жаңылыштыгы катары материалдык жана процесстик укук ченемдерин туура эмес түшүндүрмөлөөгө жана колдонууга алып келген, судьянын айыптуу аракеттери менен байланышпаган жосун таанылат.

4. Судьяны тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй жаза чараларынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:

1) алдын ала эскертүү;

2) эскертүүчү сын-пикир айтуу;

3) сөгүш берүү;

4)  судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

Ар бир тартип бузган жорук үчүн жасалган жоруктун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, ошондой эле судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын  эске алуу менен бир гана жаза чарасы көрүлөт.

Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жаза чарасы күчүндө турган мөөнөттүн аралыгында, тиешелүү жаза чарасы көрүлгөндөн кийин тартип бузган жаңы жорукка барбаса, судья жаза жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет. 

5. Судьяга эскертүү анын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүүчү сын-пикир жана сөгүш – судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.

Эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүүчү сын-пикирдики – тогуз ай, сөгүштүкү – он эки ай мөөнөттү түзөт.

Алдын ала эскертүү, эскертүүчү сын-пикир же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жаза чарасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

6. Судьяны тартип бузган жорук жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьяга өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартипке чакыруунун эң катуу жаза чарасы катары колдонулат. 

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызматынан Президенттин сунушу боюнча, Жогорку Кеңеш тарабынан, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары – Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

7. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяга тартипке чакыруу жаза чарасынын башка түрүн колдонуу чечимдери даттанылбайт.

Жогорку Кеңештин, Президенттин Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимдери даттанылбайт.

8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө мыйзам менен аныкталат.»;

29-берене. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби

1. Судья төмөнкүдөй учурларда козголгон кароонун натыйжасы боюнча тартип жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн:

- жеке жана юридикалык жактардын даттануусу боюнча;

- судьяны тартип жосунун жасады деп күнөөлөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын тийиштүү сотторунун төрагаларынын сунушу боюнча;

- төмөн турган инстанциядагы соттордун судьясына карата жогору турган соттор чыгарган жеке аныктамалар боюнча.

2. Судьяга карата келип түшкөн даттануулар, сунуштамалар жана жеке аныктамалар боюнча Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы тартип өндүрүшүн козгоого укуктуу. Козголгон тартип өндүрүшү боюнча эки айлык мөөнөттө тартип комиссиясы жөнүндө жобого ылайык кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Тартип өндүрүшүн козгоодон баш тартуу Судьялар кеңешине даттанылышы мүмкүн. Даттануунун тартиби жана мөөнөтү тартип комиссиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.

Кызматтык териштирүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- даттанылган судьяны сурамжылоону жана түшүндүрмөлөрдү же башка далилдерди талап кылууну, даттануу берген адамды сурамжылоону жана кошумча түшүндүрмөлөрдү жана далилдерди талап кылууну, күбөлөрдү сурамжылоону, эгерде даттануу ачык-айкын ишти кароодо судья жол берген иш-аракет тууралу болсо, судья тарабынан каралган конкреттүү иштин материалдарын изилдөөнү;

- даттануу берүүгө негиз болгон себептер жана жагдайлар жөнүндө толук маалыматтарды чогултуу боюнча ар кандай башка аракеттерди.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Тартип комиссиясы жөнүндө жобонун талаптарына ылайык маалымкат жазылат.

3. Өзүнө карата тартип өндүрүшү козголгон судья күн мурунтан өндүрүштүн материалдары менен тааныштырылууга тийиш.

Материалдар менен таанышуудан баш тартуу, андан ары тартип өндүрүшүн жүргүзүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Тартип өндүрүшүнүн чегинде түзгөн маалым-катты кароонун натыйжасы боюнча Судьялар кеңеши ушул конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинде каралган чечимдердин бирин, же судьянын аракеттеринде тартип жосуну жоктугуна байланыштуу тартип өндүрүшүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Судьянын аракеттеринде кылмыштын белгилери табылган учурда Судьялар кеңеши тартип өндүрүшүнүн материалдарын Башкы прокурорго өткөрүп берет.

5. Эгерде судьянын аракеттерине даттанууда көрсөтүлгөндөр судьянын кынтыксыз жүрүм-туруму жана жогорку наамы менен шайкеш келбесе, соттук ишти кароодо ал ага жол берсе жана сот актысы иш боюнча кабыл алынбаса, анда иш башка судьяга өткөрүлүп берилет, ал эми козголгон тартип өндүрүшү ушул берененин эрежелери боюнча каралууга тийиш.

29-берене күчүн жоготту деп таанылсын

29-берене күчүн жоготту деп таанылсын

30-берене. Судьяга карата жазык ишин козгоо, судьяны жазык жоопкерчилигине, сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби

1. Судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө маселе боюнча чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) кабыл алат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы Чечимин караңыз

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартуу (айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгаруу) жөнүндө чечимди Судьялар кеңешинин макулдугу менен Башкы прокурор кабыл алат.

Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Судьялар кеңешине тийиштүү сунушту киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары, судья айыпталып жаткан жазык мыйзамынын беренеси, жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт.

3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун судьяларын сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат.

4. Жазык ишин же администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын же укук бузуунун курамынын квалификацияланышы өзгөргөн учурда ал судьянын абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн болсо, судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга ушул беренеде белгиленген тартипте жол берилет.

5. Судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш Судьялар кеңеши тарабынан каралат жана сунуш киргизилген күндөн баштап он күндөн кечиктирбестен чечим чыгарылат.

6. Судьялар кеңеши судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу судья соттук ыйгарым укуктарды жүргүзүүдө ээлеген позиция аркылуу шартталгандыгын аныктаса, судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн баш тартат.

7. Судьялар кеңеши тарабынан андай макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда судьяны жазык же сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө кайталап сунуш киргизүүгө жол берилбейт.

30-беренеде:

а) 1-бөлүктөгү «маселе боюнча» деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-бөлүктө:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен, Башкы прокуратуранын сунуштамасы боюнча жол берилет.»;

экинчи абзацтагы «Судьялар кеңешине» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Судьяга сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.»;

г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо,  Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.»;

е) 7-бөлүктөгү «Судьялар кеңеши» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын», ал эми «кабыл алынган учурда» деген сөздөрдөн кийин «ошол эле негиздер боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

ж) 8-9-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде аныкталган тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде жүктөлүүчү жазык же администрацилык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдери даттанылбайт.»

30-берене. Судьяга карата жазык ишин козгоо, судьяны жазык жоопкерчилигине, сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби

1. Судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) кабыл алат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы Чечимин караңыз

2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен, Башкы прокуратуранын сунуштамасы боюнча жол берилет.

Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына тийиштүү сунушту киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары, судья айыпталып жаткан жазык мыйзамынын беренеси, жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт.

3. Судьяга сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.

4. Жазык ишин же администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын же укук бузуунун курамынын квалификацияланышы өзгөргөн учурда ал судьянын абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн болсо, судьяны жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга ушул беренеде белгиленген тартипте жол берилет.

5. күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо,  Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.

7. Судьялар кеңеши караштуу Тартип комиссиясы тарабынан андай макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ошол эле негиздер боюнча судьяны жазык же сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө кайталап сунуш киргизүүгө жол берилбейт.

8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде аныкталган тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде жүктөлүүчү жазык же администрацилык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдери даттанылбайт.

33-берене. Судьяны жана анын үйбүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо чаралары

1. Судья мамлекеттин эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш. Ооруган учурда дарыланууга байланышкан чыгымдар мамлекеттин каражаттарынын эсебинен компенсацияланат. Медициналык маалым-кат менен ырасталган судьянын ооруган мезгилинде орточо айлык эмгек акысы сакталат.

Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен медициналык милдеттүү камсыздандыруунун жана судья ооруган мезгилде дарыланууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу судья мертинген же анын андан ары кесиптик ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган денсоолугуна башкача зыян келтирилген учурда ага ай сайын эмгек акы менен мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрдү кошпостон дайындалган пенсиянын ортосундагы айырмачылык түрүндө компенсация төлөнөт.

2. Судьянын өмүрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.

Судья кайтыш болгон учурда, ошондой эле ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча судья ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын үйбүлөсүнө судьялык иштеги ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат орду боюнча орточо айлык эмгек акынын эсебинде бир жолку, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем болбогон жөлөкпул төлөнөт.

3. Ушул Конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга 20 жана андан ашуун жылы судьялык стажы болсо; ушул Конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга; ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле 15 жана андан ашык жыл судьялык иш стажысы бар экендигинен улам ыйгарым укуктары аяктагандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга судьялык иштин ар бир толук жыл үчүн, бирок кеминде анын жылдык эмгек акысында акыркы кызмат орду боюнча орточо эмгек акысынын эсебинен бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судьялыкка жаңы шайланган же дайындалган адамдарга акыркы шайланган же дайындалган учурдан берки судьялык ишинин мезгили кызмат ордунан мурда бошотулган же судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда гана эсепке кирет.

4. Пенсиялык куракка жеткен судьяларга мыйзамда каралган тартипте жана учурларда пенсия жалпы негиздерде төлөнөт.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарга, ошондой эле отставкадагы судьяларга дайындалган пенсияга үстөк акы төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдө эсептелет:

- судья катары 15 жылдан 20 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 1,5 эселенген үстөк акы;

- судья катары 20 жылдан 25 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2 эселенген үстөк акы;

- судья катары 25 жана андан ашык жыл иш стажы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2,5 эселенген үстөк акы.

5. Судьялык иштин стажысын жана үстөк акы чегерүү үчүн пенсиянын өлчөмүн эсептөө судья ыйгарым укуктарын токтоткон же судья кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып белгиленет.

6. Конституциялык соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесип боюнча иш стажысын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.

7. Ушул берене менен белгиленген үстөк акыларды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

33-беренеде:

а) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «4», «1» деген цифралар «9», жана «1-1»  деген цифралар менен алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык иш стажысы 20 жана андан көп жылды түзсө; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, ошондой эле, судьялык иш стажысы 15 жана андан көп жылды түзсө, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу, судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн, акыркы кызматы боюнча төлөнгөн орточо эмгек акынын эсебинде бир жолку жөлөкпул төлөнөт.»

33-берене. Судьяны жана анын үйбүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо чаралары

1. Судья мамлекеттин эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш. Ооруган учурда дарыланууга байланышкан чыгымдар мамлекеттин каражаттарынын эсебинен компенсацияланат. Медициналык маалым-кат менен ырасталган судьянын ооруган мезгилинде орточо айлык эмгек акысы сакталат.

Мамлекеттин каражаттарынын эсебинен медициналык милдеттүү камсыздандыруунун жана судья ооруган мезгилде дарыланууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу судья мертинген же анын андан ары кесиптик ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган денсоолугуна башкача зыян келтирилген учурда ага ай сайын эмгек акы менен мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча алган төлөмдөрдү кошпостон дайындалган пенсиянын ортосундагы айырмачылык түрүндө компенсация төлөнөт.

2. Судьянын өмүрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.

Судья кайтыш болгон учурда, ошондой эле ушул Конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган негиздер боюнча судья ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын үйбүлөсүнө судьялык иштеги ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат орду боюнча орточо айлык эмгек акынын эсебинде бир жолку, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем болбогон жөлөкпул төлөнөт.

3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык иш стажысы 20 жана андан көп жылды түзсө; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, ошондой эле, судьялык иш стажысы 15 жана андан көп жылды түзсө, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу, судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн, акыркы кызматы боюнча төлөнгөн орточо эмгек акынын эсебинде бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

4. Пенсиялык куракка жеткен судьяларга мыйзамда каралган тартипте жана учурларда пенсия жалпы негиздерде төлөнөт.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарга, ошондой эле отставкадагы судьяларга дайындалган пенсияга үстөк акы төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдө эсептелет:

- судья катары 15 жылдан 20 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 1,5 эселенген үстөк акы;

- судья катары 20 жылдан 25 жылга чейинки иш стажысы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2 эселенген үстөк акы;

- судья катары 25 жана андан ашык жыл иш стажы болсо - дайындалган пенсиянын өлчөмүнөн 2,5 эселенген үстөк акы.

5. Судьялык иштин стажысын жана үстөк акы чегерүү үчүн пенсиянын өлчөмүн эсептөө судья ыйгарым укуктарын токтоткон же судья кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып белгиленет.

6. Конституциялык соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесип боюнча иш стажысын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.

7. Ушул берене менен белгиленген үстөк акыларды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

Көрүүлөрдүн саны : 196