“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 4-майынан тартып коомдук талкууга коюлат

04-05-2017 14:57

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.С. Кодуранова, А.А. Шадиев, Т.Г. Тиллаев, М.Э. Сабиров, К.К. Керезбеков, А.У. Жапаров, А.С. Токторов, Г.К. Асылбаева

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-93

Каттоо  № 6-8938/17      20.04.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КыргызРеспубликасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине («Эркин Тоо» газетасы, 2017-жылдын 1-февралы, № 10-11) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-главанын аталышындагы «Сот кеңешинин чечимине» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 204-беренеде:

а) аталышындагы «Сот кеңешинин чечимине» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) берененин текстиндеги «Судьялар кеңеши» деген сөздөр жөндөмөлөрдүн тиешелүү түрлөрүндө «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3) 205-беренедеги «Судьялар кеңеши» деген сөздөр жөндөмөлөрдүн тиешелүү түрлөрүндө «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 1999-ж., №10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) 19-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү сүйлөмүндөгү «жогору турган сот да» жана «же ишти төмөн турган сот тарабынан териштирүүдө» деген сөздөр алып салынсын.

3-берене

«Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2008-ж., №3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-берененин 2-бөлүгүндө:

а) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

б) он бешинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу (мындан ары - Судьялардын жогорку мектеби)» деген сөздөр алып салынсын;

в) бөлүк төмөнкү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

«-Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин тартип комиссиясы жөнүндө мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзөт;»;

г) жыйырма экинчи абзацтагы «Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу» деген сөздөр«Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын ыйгарым укуктарын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«-жергиликтүү соттордун судьясынын ыйгарым укуктарын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунушту Президентке киргизет;»;

е) жыйырма төртүнчү, жыйырма алтынчы, жыйырма жетинчи, жыйырма сегизинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

ж) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу - отуз экинчи абзацтар менен толукталсын:

«-жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тууралуу сунушту Президентке киргизет;

- Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн судьянын иштерине кийлигишкен фактылар, ошондой эле мыйзамда каралбаган кандай болбосун башка кийлигишүүлөр тууралуу, судьянын кабарламасына негизделген маалыматты Башкы прокуратурага, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдарынын кийлигишүүсүндө – тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт;

- судьяларга ардак наамдарды жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан башка) наамдарды, сыйлыктарды жана чет мамлекеттердин жана саясий партиялардын башка артыкчылык белгилерин алууга уруксат берет.»;

2) 10-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

«6) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйынын чакырат.»;

б) 5-бөлүктө:

биринчи сүйлөмдөгү "сот инстанцияларына" деген сөздөрдөн кийин "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына" деген сөздөр менен толукталсын.";

экинчи сүйлөмдөгү "даттануулар жана" деген сөздөр алып салынсын.

3) 10-1-беренсинин 3-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн судьялар коомдоштугунун курамынан Судьялар кеңешине талапкерлерди сунуш кылат.”.

4-берене

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2011-ж., №6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 2-бөлүгүндөгү "жергиликтүү соттордун судьяларын" деген сөздөр жана "дайындоо" деген сөздөн кийинки "жана которууга (ротациялоого)" деген сөздөр алып салынсын;

2) 3-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 19-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "же жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо)" деген сөздөр алып салынсын;

4) 20-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

5-берене

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2003-ж., №10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 20-берененин 1-бөлүгүнө:

13-4-пунктунда:

а) биринчи сүйлөмүндөгү "Жогорку соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору)" деген сөздөр "Сот адилеттигинин жогорку мектебинин"  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) экинчи сүйлөмүндөгү «Окуу борборунун» деген сөздөр "Сот адилеттигинин жогорку мектебинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13-6-пункту менен толукталсын:

«13-6) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьясынын аракеттерине жана аракетсиздигине карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;».

2) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-2-пункту менен толукталсын:

«9-2) соттун биринчи жана экинчи инстанциялардагы судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;»;

3) 36-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:

«8-1) соттун биринчи жана экинчи инстанциялардагы судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;».

6-берене

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ((Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2011-ж., №10, 1514-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункту менен толукталсын:

«191) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзүү;»

2) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына эки талапкерди көрсөтүүгө.».

3) 124-берене төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүгү менен толукталсын:

«61. Парламентттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына экиден талапкер көрсөтүшөт. Талапкерлер Жогорку Кеңештин профилдик комитетине көрсөтүлүп, комитет аларды Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

Добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон үч талапкер тандалып алынды деп эсептелинет.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын бекитилген курамы Жогорку Кеңештен Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.».

7-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы менен өзгөртүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында жана КР Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"Жарлыгына ылайык иштелип чыкты. 

Мыйзам долбоору конституциялык орган катары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишин жөнгө салат жана 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы конституциялык ченемдерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңешинде каралып,жактырылган.

Бул мыйзам долбоорунун негизги милдети сот системасынын маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын өз ара байланышын камсыздоо, бири-бирине болгон карама-каршылыктарды жоюу жана боштуктарды толтуруу болуп саналат.

Мыйзам долбоорунун алкагында Административдик-процесстик кодекске, Жазык-процесстик кодекске, «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө»,  «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө", ««Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Улуттук жана эл аралык мыйзам ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарынын натыйжасында, мыйзам долбоору аракеттеги укуктук актыларга жана эл аралык мыйзам актыларына карама-каршы келбей тургандыгын белгилейбиз.

Мындан тышкары, сунушталган мыйзам долбоору жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгобогондугун, ошондой эле  ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 19-22-беренелерине ылайык, долбоор боюнча коомдук талкуу жүргүзүү жана жөнгө салуучу таасирлерди талдоо талап кылынбайт. 

Ошол эле учурда мыйзам добоорун кабыл алуу укуктук, укук коргоочулук, экономикалык, социалдык, коррупциялык, гендердик жана экологиялык кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилейбиз.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылбайт.

Депутаттар                                                         А.С. Кодуранова

                                                                           А.А. Шадиев

                                                                           Т.Г. Тиллаев

                                                                           М.Э. Сабиров

                                                                           К.К. Керезбеков

                                                                           А.У. Жапаров

                                                                           А.С. Токторов

                                                                           Г.К. Асылбаева

“КыргызРеспубликасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Мыйзамдын долбоору

Сунушталган редакция

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси

21-глава. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимине даттануу боюнча өндүрүш

204-берене. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимине даттануу

1. Тартип жоопкерчилигине тартылган судья же болбосо Судьялар кеңешине даттанууну же сунуштаманы берген, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңеши чечим кабыл алган учурда судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулду деп эсептеген жак (жактар) жоопкер турган жер боюнча сотко арыз (даттануу) менен кайрылууга укуктуу.

2. Арыз (даттануу) арыз ээсине чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө белгилүү болуп калган учурдан тартып тез арада, бирок Судьялар кеңеши судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берилет.

3. Арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Сот кабыл алган соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жүйөлүү чечим арыз ээсине жана Судьялар кеңешинин өкүлүнө тез арада тапшырылат.

4. Арыз (даттануу) сот тарабынан даттанууну берген жактын (жактардын), анын өкүлдөрүнүн, Судьялар кеңешинин өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө ойдогудай түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбей калышы ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

5. Сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, талашылып жаткан чечимди жараксыз деп табат жана Судьялар кеңешинин чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим мыйзамдуу деп белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.

6. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

205-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу

1. Соттун чечимине арыздар (даттануулар) менен арыз ээси, анын өкүлү, Судьялар кеңешинин өкүлү кайрыла алат.

2. Соттун чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кассациялык даттанууну берүү Судьялар кеңеши соттун чечимин аткаруусун токтотуп турат.

3. Соттун чечимине кассациялык даттануу чечим чыгарган сот аркылуу берилет.

4. Соттун кабыл алынган чечимдерине арыздар (даттануулар) чечимдер чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде ушул Кодекстин 25-главасында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

5. Кассация тартибинде келип түшкөн арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн токтомдун көчүрмөлөрү дароо тараптарга тапшырылат.

6. Ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту соттун чечимин жокко чыгара алат.

7. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ага даттанылбайт.

8. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-главанын аталышындагы «Сот кеңешинин чечимине» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 204-беренеде:

а) аталышындагы «Сот кеңешинин чечимине» деген сөздөр «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) берененин текстиндеги «Судьялар кеңеши» деген сөздөр жөндөмөлөрдүн тиешелүү түрлөрүндө «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3) 205-беренедеги «Судьялар кеңеши» деген сөздөр жөндөмөлөрдүн тиешелүү түрлөрүндө «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси

21-глава. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимине даттануу боюнча өндүрүш

204-берене. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимине даттануу

1. Тартип жоопкерчилигине тартылган судья же болбосо Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына даттанууну же сунуштаманы берген, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы чечим кабыл алган учурда судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби бузулду деп эсептеген жак (жактар) жоопкер турган жер боюнча сотко арыз (даттануу) менен кайрылууга укуктуу.

2. Арыз (даттануу) арыз ээсине чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө белгилүү болуп калган учурдан тартып тез арада, бирок Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берилет.

3. Арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Сот кабыл алган соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жүйөлүү чечим арыз ээсине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын өкүлүнө тез арада тапшырылат.

4. Арыз (даттануу) сот тарабынан даттанууну берген жактын (жактардын), анын өкүлдөрүнүн, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө ойдогудай түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбей калышы ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

5. Сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, талашылып жаткан чечимди жараксыз деп табат жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим мыйзамдуу деп белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.

6. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

205-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу

1. Соттун чечимине арыздар (даттануулар) менен арыз ээси, анын өкүлү, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын өкүлү кайрыла алат.

2. Соттун чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кассациялык даттанууну берүү Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы соттун чечимин аткаруусун токтотуп турат.

3. Соттун чечимине кассациялык даттануу чечим чыгарган сот аркылуу берилет.

4. Соттун кабыл алынган чечимдерине арыздар (даттануулар) чечимдер чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде ушул Кодекстин 25-главасында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

5. Кассация тартибинде келип түшкөн арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн токтомдун көчүрмөлөрү дароо тараптарга тапшырылат.

6. Ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту соттун чечимин жокко чыгара алат.

7. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана ага даттанылбайт.

8. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси

19-статья. Иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө

(1) Тергөөчү иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүүгө, шектүүнү, айыпкерди ашкерелөөчү, ошондой эле жактоочу, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайларды табууга милдеттүү.

(2) Сот калыстыкты жана келишпөөчүлүктү сактоо менен, айыптоочу жана жактоочу тараптарга алардын иштин жагдайын толук изилдеп чыгууга болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн аларга зарыл шарттарды камсыз кылып берет жана анык далилдердин негизинде гана иш боюнча чечим чыгарат.

(3) Жазык иши боюнча тергөө жана соттук териштирүү жүргүзүүдө тергөөчү жана сот кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды аныктоого милдеттүү. Ушундай негиздер болгон учурда тергөөчү токтом, сот - жай аныктама чыгарып, аны менен мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарынын көңүлүн иш боюнча аныкталган мыйзамды бузуу фактыларына, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган себептерге жана шарттарга бурат. Жай аныктама ошондой эле тергөө жүргүзүүдө жарандардын укуктары жана мыйзамды башка бузуулар сот тарабынан табылганда чыгарылышы мүмкүн. Тергөөдө же ишти төмөн турган сот тарабынан териштирүүдө мыйзамды бузууга жол берилгендиги белгилүү болгондо, жай аныктаманы жогору турган сот да чыгарышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) 19-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү сүйлөмүндөгү «жогору турган сот да» жана «же ишти төмөн турган сот тарабынан териштирүүдө» деген сөздөр алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси

19-статья. Иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө

(1) Тергөөчү иштин жагдайын ар тараптан, толук жана объективдүү изилдөө үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүүгө, шектүүнү, айыпкерди ашкерелөөчү, ошондой эле жактоочу, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайларды табууга милдеттүү.

(2) Сот калыстыкты жана келишпөөчүлүктү сактоо менен, айыптоочу жана жактоочу тараптарга алардын иштин жагдайын толук изилдеп чыгууга болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн аларга зарыл шарттарды камсыз кылып берет жана анык далилдердин негизинде гана иш боюнча чечим чыгарат.

(3) Жазык иши боюнча тергөө жана соттук териштирүү жүргүзүүдө тергөөчү жана сот кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды аныктоого милдеттүү. Ушундай негиздер болгон учурда тергөөчү токтом, сот - жай аныктама чыгарып, аны менен мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарынын көңүлүн иш боюнча аныкталган мыйзамды бузуу фактыларына, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган себептерге жана шарттарга бурат. Жай аныктама ошондой эле тергөө жүргүзүүдө жарандардын укуктары жана мыйзамды башка бузуулар сот тарабынан табылганда чыгарылышы мүмкүн. Тергөөдө мыйзамды бузууга жол берилгендиги белгилүү болгондо, жай аныктаманы чыгарышы мүмкүн.

«Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

9-берене. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары

1. Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүзөгө ашырат.

2. Судьялар кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;

- соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;

- судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселелерди карайт;

- Судьяларынын курултайын чакырат;

- сот реформасын иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;

- соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- мыйзамдардын долбоорлорун, соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон башка ченемдик жана ченемдик эмес актыларды экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик башка органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;

- башка мамлекеттердин сот коомдоштугунун органдары, эларалык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өзара иштешүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;

- судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууну уюштурууну жүзөгө ашырат;

- сот коомдоштугунун өнүгүшүнө багытталган дагы башка маселелерди карайт.

- тиешелүү бөлүктөгү сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетун угат;

- ыйгарым укуктуу органдын жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иштери тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары - Судьялардын жогорку мектеби) жетекчилеринин жылдык отчетторун угат;

- Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулар курамынын эмгек акы төлөө ченемдерин бекитет;

- Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;

- Судьялар кеңешинин комиссиясынын курамын бекитет, алар тууралуу жобону иштеп чыгат жана бекитет;

- Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу тууралуу Президентке сунуштама киргизет;

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт;

- судьялардын жүрүм-турумунун кынтыктуулугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү тартипте текшерүүдөн өткөрөт;

- Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;

- жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан четтетүү жана бошотуу боюнча сунушту Президентке киргизет;

- судьяларды соттук тартипте берилүүчү жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук берет;

- ыйгарым укуктуу органдын, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт жана анын иши жөнүндө жобону бекитет;

- судьялардын тартиптик жоопкерчилигин оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлардын тизмегин белгилейт;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жарандык коомдон мүчөлөрүн шайлоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин аныктайт;

- судьяны сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун негизин жана тартибин аныктайт.

Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган дагы башка ыйгарым укуктарга ээ.

3. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамдагы Судьялар кеңешинин жалпы санынын добушу менен коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.

10-берене. Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орунбасары

1. Судьялар кеңеши өз курамынын ичинен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орунбасарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт.

2. Судьялар кеңешинин төрагасы:

1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишине жетекчилик кылат;

2) Судьялар кеңешинин орунбасарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коет;

4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыңда, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эларалык кызматташууну жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;

5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүп берет жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат.

3. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аякталышына жараша токтотулат.

Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.

4. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын төраганын орунбасары аткарат, ал эми төраганын орунбасары да жок болгон учурда Судьялар кеңеши өзүнүн чечими менен төраганын милдетин убактылуу аткарып турууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.

5. Судьялар кеңешинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча даттануулар жана кайрылуулар андан ары тиешелүү сот инстанцияларына жана мамлекеттик органдарга кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Жаңы шарттар камтылбаган бир эле маселе боюнча бир эле адамдан кайталанып түшкөн даттануулар жана кайрылуулар каралбастан арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.

10-1-берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары

1. Жогорку соттогу, Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы жана жергиликтүү соттогу судьялардын чогулушу соттук өзалдынча башкаруунун баштапкы органы болуп эсептелет.

2. Судьялардын чогулушу жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

3. Судьялардын чогулушу:

- судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт;

- тиешелүү курамдан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын, төраганын орун басарын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлайт;

- өз каалоосу боюнча, ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтогон же судьялар кызматынан бошогон учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын ээлеген кызматынан бошотот;

- соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуш киргизет;

- судьяларды жана соттордун аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуш киргизет;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн тиешелүү соттун судьясынын жана отставкадагы судьянын талапкерлигин сунуш кылат.

4. Соттордун чогулушу ага соттордун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.

Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

«Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2008-ж., №3, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-берененин 2-бөлүгүндө:

а) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

б) он бешинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу (мындан ары - Судьялардын жогорку мектеби)» деген сөздөр алып салынсын;

в) бөлүк төмөнкү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

«- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин тартип комиссиясы жөнүндө мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзөт;»;

г) жыйырма экинчи абзацтагы «Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу» деген сөздөр«Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын ыйгарым укуктарын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«-жергиликтүү соттордун судьясынын ыйгарым укуктарын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунушту Президентке киргизет;»;

е) жыйырма төртүнчү, жыйырма алтынчы, жыйырма жетинчи, жыйырма сегизинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

ж) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу жана отуз экинчи абзацтар менен толукталсын:

«-жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тууралуу сунушту Президентке киргизет;

- Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн судьянын иштерине кийлигишкен фактылар, ошондой эле мыйзамда каралбаган кандай болбосун башка кийлигишүүлөр тууралуу, судьянын кабарламасына негизделген маалыматты Башкы прокуратурага, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдарынын кийлигишүүсүндө – тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт;

- судьяларга ардак наамдарды жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан башка) наамдарды, сыйлыктарды жана чет мамлекеттердин жана саясий партиялардын башка артыкчылык белгилерин алууга уруксат берет.»;

2) 10-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

«6) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйынын чакырат.»;

б) 5-бөлүктө:

биринчи сүйлөмдөгү "сот инстанцияларына" деген сөздөрдөн кийин "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына" деген сөздөр менен толукталсын.";

экинчи сүйлөмдөгү "даттануулар жана" деген сөздөр алып салынсын.

3) 10-1-беренсинин 3-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн судьялар коомдоштугунун курамынан Судьялар кеңешине талапкерлерди сунуш кылат.”.

«Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

9-берене. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары

1. Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүзөгө ашырат.

2. Судьялар кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;

- соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;

- күчүн жоготту деп таанылсын;

- Судьяларынын курултайын чакырат;

- сот реформасын иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;

- соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- мыйзамдардын долбоорлорун, соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон башка ченемдик жана ченемдик эмес актыларды экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик башка органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;

- башка мамлекеттердин сот коомдоштугунун органдары, эларалык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өзара иштешүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;

- судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууну уюштурууну жүзөгө ашырат;

- сот коомдоштугунун өнүгүшүнө багытталган дагы башка маселелерди карайт.

- тиешелүү бөлүктөгү сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетун угат;

- ыйгарым укуктуу органдын жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иштери тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жана жетекчилеринин жылдык отчетторун угат;

- Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулар курамынын эмгек акы төлөө ченемдерин бекитет;

- Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;

- Судьялар кеңешинин комиссиясынын курамын бекитет, алар тууралуу жобону иштеп чыгат жана бекитет;

- Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу тууралуу Президентке сунуштама киргизет;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин тартип комиссиясы жөнүндө мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзөт;

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт;

- судьялардын жүрүм-турумунун кынтыктуулугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү тартипте текшерүүдөн өткөрөт;

- Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын ыйгарым укуктарын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;

- жергиликтүү соттордун судьясынын ыйгарым укуктарын судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунушту Президентке киргизет;

- күчүн жоготту деп таанылсын;

- ыйгарым укуктуу органдын, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга макулдук берет;

- күчүн жоготту деп таанылсын;

- күчүн жоготту деп таанылсын;

- күчүн жоготту деп таанылсын;

- күчүн жоготту деп таанылсын.

-жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тууралуу сунушту Президентке киргизет;

- Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн судьянын иштерине кийлигишкен фактылар, ошондой эле мыйзамда каралбаган кандай болбосун башка кийлигишүүлөр тууралуу, судьянын кабарламасына негизделген маалыматты Башкы прокуратурага, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдарынын кийлигишүүсүндө – тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт;

- судьяларга ардак наамдарды жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан башка) наамдарды, сыйлыктарды жана чет мамлекеттердин жана саясий партиялардын башка артыкчылык белгилерин алууга уруксат берет.

Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган дагы башка ыйгарым укуктарга ээ.

3. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамдагы Судьялар кеңешинин жалпы санынын добушу менен коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.

10-берене. Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орунбасары

1. Судьялар кеңеши өз курамынын ичинен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орунбасарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт.

2. Судьялар кеңешинин төрагасы:

1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишине жетекчилик кылат;

2) Судьялар кеңешинин орунбасарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коет;

4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыңда, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эларалык кызматташууну жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;

5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүп берет жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат;

6) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйынын чакырат.

3. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аякталышына жараша токтотулат.

Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.

4. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын төраганын орунбасары аткарат, ал эми төраганын орунбасары да жок болгон учурда Судьялар кеңеши өзүнүн чечими менен төраганын милдетин убактылуу аткарып турууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.

5. Судьялар кеңешинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча даттануулар жана кайрылуулар андан ары тиешелүү сот инстанцияларына, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жана мамлекеттик органдарга кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Жаңы шарттар камтылбаган бир эле маселе боюнча бир эле адамдан кайталанып түшкөн кайрылуулар каралбастан арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.

10-1-берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары

1. Жогорку соттогу, Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы жана жергиликтүү соттогу судьялардын чогулушу соттук өзалдынча башкаруунун баштапкы органы болуп эсептелет.

2. Судьялардын чогулушу жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

3. Судьялардын чогулушу:

- судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт;

- тиешелүү курамдан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын, төраганын орун басарын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлайт;

- өз каалоосу боюнча, ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтогон же судьялар кызматынан бошогон учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын ээлеген кызматынан бошотот;

- соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуш киргизет;

- судьяларды жана соттордун аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуш киргизет;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына шайлоо үчүн судьялар коомдоштугунун курамынан Судьялар кеңешине талапкерлерди сунуш кылат.

4. Соттордун чогулушу ага соттордун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.

Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин статусу жана анын негизги милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат. Кеңештин статусу Конституцияда жана ушул Мыйзамда аныкталат.

2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого жана которууга (ротациялоого) көрсөтүү болуп саналат.

3. Кеңеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.

3-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары

1. Кеңеш:

1) бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо өткөрөт;

2) сынактык тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент):

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) көрсөтүү үчүн Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди;

- жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт:

3) Президентке жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) жөнүндө тиешелүү сунуштарды киргизет;

4) Кеңештин Регламентин жана конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө Жобону бекитет;

5) конкурстук тандоо үчүн укуктук темаларды жана суроолорду бекитет;

6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды суратууга жана алууга;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угууга жана жазуу жүзүндө суратып алууга;

3) өз жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарды чакырууга.

Кеңеш тарабынан суратып алынышы мүмкүн болгон документтердин жана материалдардын тизмеги Кеңештин Регламентинде бекитилиши керек.

19-берене. Судьянын кызмат ордуна көрсөтүү жана дайындоо жөнүндө Кеңештин сунушу

1. Кеңеш конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча Президентке сунуш киргизет:

1) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүү жөнүндө;

2) жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо же жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо) жөнүндө.

2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

20-берене. Судьяны которуу (ротациялоо)

Судьяны башка сотко которуу (ротациялоо) "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте жана негиздер боюнча жүзөгө ашырылат

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 2-бөлүгүндөгү "жергиликтүү соттордун судьяларын" деген сөздөр жана "дайындоо" деген сөздөн кийинки "жана которууга (ротациялоого)" деген сөздөр алып салынсын;

2) 3-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 19-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "же жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо)" деген сөздөр алып салынсын;

4) 20-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин статусу жана анын негизги милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат. Кеңештин статусу Конституцияда жана ушул Мыйзамда аныкталат.

2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого көрсөтүү болуп саналат.

3. Кеңеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.

3-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары

1. Кеңеш:

1) бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо өткөрөт;

2) сынактык тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент):

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) көрсөтүү үчүн Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди;

- жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт:

3) күчүн жоготту деп таанылган;

4) Кеңештин Регламентин жана конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө Жобону бекитет;

5) конкурстук тандоо үчүн укуктук темаларды жана суроолорду бекитет;

6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды суратууга жана алууга;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угууга жана жазуу жүзүндө суратып алууга;

3) өз жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарды чакырууга.

Кеңеш тарабынан суратып алынышы мүмкүн болгон документтердин жана материалдардын тизмеги Кеңештин Регламентинде бекитилиши керек.

19-берене. Судьянын кызмат ордуна көрсөтүү жана дайындоо жөнүндө Кеңештин сунушу

1. Кеңеш конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча Президентке сунуш киргизет:

1) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүү жөнүндө;

2) жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо жөнүндө.

2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кеңеш тарабынан киргизилген сунуштарды Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

20-берене. күчүн жоготту деп таанылган.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы

20-берене. Жогорку Сотунун төрагасы

Жогорку Сотунун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) Жогорку Сотунун ишин уюштурат, төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

2) Жогорку Сотунун соттук коллегияларында, соттук жыйналыштарында жана пленумунда төрагалык кылууга укуктуу;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн сот иштерин суратып алууга укуктуу;

5) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

6) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) зарыл учурларда Жогорку Сотунун бир соттук коллегияларынын судьяларын башка соттук коллегиялардын курамындагы иштерди кароого тартат;

8) Жогорку Сотунун уюштуруу маселелери боюнча иш планын бекитет;

9) Жогорку Сотунун аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

10) Жогорку соттун судьялар чогулушунун макулдугу менен Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт;

10-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордунан бошотот;

11) Жогорку Сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускоону, Жогорку Сотунун аппараты жөнүндө Жобону бекитет;

12) белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырат, мамлекеттик, коомдук, эл аралык жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун өкүлү болот;

13) Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын ишин координациялайт;

13-1) материалдарды Жогорку соттун пленумунун кароосуна киргизет;

13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун пленумуна сунуштайт;

13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

13-4) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Окуу борборунун жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

13-5) ишти экинчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;

14) Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;

15) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

16) мыйзамдарга жана Жогорку Сотунун Регламентине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

31-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы

Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;

2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды берет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчысын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;"

5) судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

6) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;

7) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

8) мамлекеттик жана дагы башка органдар жана уюмдар менен мамилелерде соттун өкүлү болот;

9) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

9-1) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

36-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы

1. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) сот иштерин карайт;

2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;

3) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;

- соттук аткаруучуларга карата соттук актыларды аткаргандыгы үчүн сыйлоо жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

5) сот статистикасын жүргүзүүгө жетекчилик кылат;

6) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) соттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

8) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Соттун төрагасы болбогондо төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ушул эле соттун башка судьясына жүктөлөт, ал эми андай тапшырма берүү мүмкүн болбогондо, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын судьялардын бирине жүктөө жөнүндө чечимди судьялардын чогулушу кабыл алат.

3. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал болбогон бардык учурларда берки судьяга жүктөлөт.

4. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Жергиликтүү сотто судья жок кезде же судьянын кызмат орду бош болгон учурда ошол соттогу судьянын милдеттерин аткаруу Жогорку Сотунун төрагасы тарабынан 6 айдан ашпаган мөөнөткө башка соттун судьясына жүктөлүшү мүмкүн.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 20-берененин 1-бөлүгүнө:

13-4-пунктунда:

а) биринчи сүйлөмүндөгү "Жогорку соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору)" деген сөздөр "Сот адилеттигинин жогорку мектебинин"  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) экинчи сүйлөмүндөгү «Окуу борборунун» деген сөздөр "Сот адилеттигинин жогорку мектебинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13-6-пункту менен толукталсын:

«13-6) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьясынын аракеттерине жана аракетсиздигине карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;».

2) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-2-пункту менен толукталсын:

«9-2) соттун биринчи жана экинчи инстанциялардагы судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;»;

3) 36-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:

«8-1) соттун биринчи жана экинчи инстанциялардагы судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;».

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы

20-берене. Жогорку Сотунун төрагасы

Жогорку Сотунун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) Жогорку Сотунун ишин уюштурат, төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

2) Жогорку Сотунун соттук коллегияларында, соттук жыйналыштарында жана пленумунда төрагалык кылууга укуктуу;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн сот иштерин суратып алууга укуктуу;

5) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

6) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) зарыл учурларда Жогорку Сотунун бир соттук коллегияларынын судьяларын башка соттук коллегиялардын курамындагы иштерди кароого тартат;

8) Жогорку Сотунун уюштуруу маселелери боюнча иш планын бекитет;

9) Жогорку Сотунун аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

10) Жогорку соттун судьялар чогулушунун макулдугу менен Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт;

10-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордунан бошотот;

11) Жогорку Сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускоону, Жогорку Сотунун аппараты жөнүндө Жобону бекитет;

12) белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырат, мамлекеттик, коомдук, эл аралык жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун өкүлү болот;

13) Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын ишин координациялайт;

13-1) материалдарды Жогорку соттун пленумунун кароосуна киргизет;

13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун пленумуна сунуштайт;

13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

13-4) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

13-5) ишти экинчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;

13-6) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьясынын аракеттерине жана аракетсиздигине карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

14) Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;

15) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

16) мыйзамдарга жана Жогорку Сотунун Регламентине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

31-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы

Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;

2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды берет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчысын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;"

5) судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

6) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;

7) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

8) мамлекеттик жана дагы башка органдар жана уюмдар менен мамилелерде соттун өкүлү болот;

9) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

9-1) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;

9-2) соттун биринчи жана экинчи инстанциялардагы судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

36-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы

1. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) сот иштерин карайт;

2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;

3) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;

- соттук аткаруучуларга карата соттук актыларды аткаргандыгы үчүн сыйлоо жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

5) сот статистикасын жүргүзүүгө жетекчилик кылат;

6) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) соттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

8) (КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

8-1) соттун биринчи жана экинчи инстанциялардагы судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Соттун төрагасы болбогондо төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ушул эле соттун башка судьясына жүктөлөт, ал эми андай тапшырма берүү мүмкүн болбогондо, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын судьялардын бирине жүктөө жөнүндө чечимди судьялардын чогулушу кабыл алат.

3. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал болбогон бардык учурларда берки судьяга жүктөлөт.

4. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы N 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Жергиликтүү сотто судья жок кезде же судьянын кызмат орду бош болгон учурда ошол соттогу судьянын милдеттерин аткаруу Жогорку Сотунун төрагасы тарабынан 6 айдан ашпаган мөөнөткө башка соттун судьясына жүктөлүшү мүмкүн.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3-берене. Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу;

2) Президентти шайлоону дайындоо;

3) Конституциянын тогузунчу бөлүмүндө аныкталган тартипте, Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) мыйзамдарды кабыл алуу;

5) Президенттин каршы пикирлери менен кайтарылган мыйзамдарды кайра кароо;

6) Өкмөттүн ишин контролдоону жүзөгө ашыруу;

7) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

8) мыйзамда аныкталган тартипте, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;

9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечүү;

10) республикалык бюджетти бекитүү;

11) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү;

12) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүү;

13) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;

14) Өкмөттүн программаларын кароо жана бекитүү, Өкмөттүн коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мүчөлөрүн - мамлекеттик органдардын жетекчилерин албаганда, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо; Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкерди жактыруу;

15) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;

16) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

17) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алуу;

18) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо; конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызмат ордунан бошотуу;

19) мыйзамда белгиленген тартипте, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү;

20) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда, аны кызмат ордунан бошотуу;

21) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;

22) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бнрин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;

23) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, кызмат ордунан бошотуу; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда кызмат орундарынан бошотуу; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24-1) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин (мындан ары - Улуттук борбор) мүчөлөрүн шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;

25) Башкы прокурорду дайындоого, аны жазык жоопкерчилигине тартууга жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;

26) мыйзамда каралган учурларда, Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактыруу;

27) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуш абалын жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;

30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;

31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштуруу;

32) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;

33) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угуу;

33-1) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;

34) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;

35) Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишпөө жана дайындуу сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салуу принцибин сактоо менен жүргүзүлөт:

36) Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коюу; Президентти кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечим кабыл алуу;

37) Президент оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калган учурда, мамлекеттик медициналык комиссия түзүү;

38) Президент оорусу боюнча өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбогондо, мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

39) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды уюштуруу жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу жана аларды чакыртып алуу;

40) өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-, 3-5-, 8-10-, 12-, 13-, 30-, 31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу, ал эми 32-пунктту кошпогондо, башка ыйгарым укуктары токтомдор менен ишке ашырылат.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

17-берене. Парламенттик оппозициянын кепилдиктери

1. Парламенттик оппозиция төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Төраганын орун басарларынын кызмат ордуна;

2) Жогорку Кеңештин бюджет жана укук коргоо маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын, ошондой эле башка комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына;

3) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын, Эсептөө палатасынын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө.

2. Парламенттик оппозициянын ушул беренеде кепилденген укуктарын чектөөгө жол берилбейт.

124-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоонун, бекитүүнүн, дайындоого макулдук берүүнүн жол-жобосу

1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган мамлекеттик кызматтарга шайлоо тууралуу, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоону бекитүү тууралуу маселелерди тиешелүү сунуштаманы алган учурдан тартып 14 күндөн кечиктирбестен карайт жана чечет.

Талапкерлерди кароо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңешке кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирбестен, же анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен киргизилет.

3. Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү сунуштама алган күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.

Башка комитеттер жана фракциялар сунушталган талапкерлерди талкуулоону жүргүзүүгө жана маселени жооптуу комитет караганга чейин 3 күн калганча ар бир талапкер боюнча корутундуну жооптуу комитетке берүүгө укуктуу.

Талапкерлер чакырылган учурда, комитеттин, фракциянын жыйналышына катышууга жака берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңеш жашыруун добуш берүү менен төмөнкүлөрдү шайлайт:

1) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кошуп алганда, Жогорку соттун судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - Президенттин сунуштамасы боюнча;

2) Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн сунуштамасы боюнча, ал эми үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча;

3) Акыйкатчыны (Омбудсменди) - парламенттик фракциялардын сунуштамасы боюнча;

4) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча.

5. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин жашыруун добуш берүү менен шайлайт. Судьялар кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлер менен чогуу шайланган талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетине сунушталып, ал Судьяларды тандоо боюнча кеңештин толук курамын Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

6. Жогорку Кеңеш Судьяларды тандоо боюнча кеңештин шайланган курамын бирдиктүү тизмеде ачык добуш берүү менен бекитет.

7. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду дайындоого жашыруун добуш берүү менен макулдук берет.

8. Жогорку Кеңештин шайлоо, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана кызматка шайланууну бекитүү жөнүндө чечими катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболоштурулат.

9. Эгерде Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерлерди дайындоого макулдук бербесе, аларды шайлабаса, Президент 15 календардык күндүн ичинде башка талапкерлерди сунуштоого милдеттүү.

Макулдук берүү же Жогорку Кеңеш тарабынан шайлануу жол-жобосунан өтпөгөн талапкерлер Жогорку Кеңеште тиешелүү органга өкүл болууга укугу жок.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункту менен толукталсын:

«191) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзүү;»

2) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына эки талапкерди көрсөтүүгө.».

3) 124-берене төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүгү менен толукталсын:

«61. Парламентттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына экиден талапкер көрсөтүшөт. Талапкерлер Жогорку Кеңештин профилдик комитетине көрсөтүлүп, комитет аларды Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

Добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон үч талапкер тандалып алынды деп эсептелинет.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын бекитилген курамы Жогорку Кеңештен Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.».

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3-берене. Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу;

2) Президентти шайлоону дайындоо;

3) Конституциянын тогузунчу бөлүмүндө аныкталган тартипте, Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) мыйзамдарды кабыл алуу;

5) Президенттин каршы пикирлери менен кайтарылган мыйзамдарды кайра кароо;

6) Өкмөттүн ишин контролдоону жүзөгө ашыруу;

7) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

8) мыйзамда аныкталган тартипте, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;

9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечүү;

10) республикалык бюджетти бекитүү;

11) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү;

12) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүү;

13) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;

14) Өкмөттүн программаларын кароо жана бекитүү, Өкмөттүн коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мүчөлөрүн - мамлекеттик органдардын жетекчилерин албаганда, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо; Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкерди жактыруу;

15) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;

16) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

17) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алуу;

18) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо; конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызмат ордунан бошотуу;

19) мыйзамда белгиленген тартипте, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү;

191) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзүү;

20) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда, аны кызмат ордунан бошотуу;

21) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;

22) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бнрин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;

23) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, кызмат ордунан бошотуу; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда кызмат орундарынан бошотуу; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24-1) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин (мындан ары - Улуттук борбор) мүчөлөрүн шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;

25) Башкы прокурорду дайындоого, аны жазык жоопкерчилигине тартууга жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;

26) мыйзамда каралган учурларда, Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактыруу;

27) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуш абалын жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;

30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;

31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштуруу;

32) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;

33) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угуу;

33-1) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;

34) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;

35) Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишпөө жана дайындуу сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салуу принцибин сактоо менен жүргүзүлөт:

36) Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коюу; Президентти кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечим кабыл алуу;

37) Президент оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калган учурда, мамлекеттик медициналык комиссия түзүү;

38) Президент оорусу боюнча өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбогондо, мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

39) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды уюштуруу жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу жана аларды чакыртып алуу;

40) өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-, 3-5-, 8-10-, 12-, 13-, 30-, 31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу, ал эми 32-пунктту кошпогондо, башка ыйгарым укуктары токтомдор менен ишке ашырылат.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

17-берене. Парламенттик оппозициянын кепилдиктери

1. Парламенттик оппозиция төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Төраганын орун басарларынын кызмат ордуна;

2) Жогорку Кеңештин бюджет жана укук коргоо маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын, ошондой эле башка комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына;

3) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын, Эсептөө палатасынын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө;

5) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына эки талапкерди көрсөтүүгө.

2. Парламенттик оппозициянын ушул беренеде кепилденген укуктарын чектөөгө жол берилбейт.

124-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоонун, бекитүүнүн, дайындоого макулдук берүүнүн жол-жобосу

1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган мамлекеттик кызматтарга шайлоо тууралуу, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоону бекитүү тууралуу маселелерди тиешелүү сунуштаманы алган учурдан тартып 14 күндөн кечиктирбестен карайт жана чечет.

Талапкерлерди кароо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңешке кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирбестен, же анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен киргизилет.

3. Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү сунуштама алган күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.

Башка комитеттер жана фракциялар сунушталган талапкерлерди талкуулоону жүргүзүүгө жана маселени жооптуу комитет караганга чейин 3 күн калганча ар бир талапкер боюнча корутундуну жооптуу комитетке берүүгө укуктуу.

Талапкерлер чакырылган учурда, комитеттин, фракциянын жыйналышына катышууга жака берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңеш жашыруун добуш берүү менен төмөнкүлөрдү шайлайт:

1) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кошуп алганда, Жогорку соттун судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - Президенттин сунуштамасы боюнча;

2) Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн сунуштамасы боюнча, ал эми үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча;

3) Акыйкатчыны (Омбудсменди) - парламенттик фракциялардын сунуштамасы боюнча;

4) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча.

5. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин жашыруун добуш берүү менен шайлайт. Судьялар кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлер менен чогуу шайланган талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетине сунушталып, ал Судьяларды тандоо боюнча кеңештин толук курамын Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

6. Жогорку Кеңеш Судьяларды тандоо боюнча кеңештин шайланган курамын бирдиктүү тизмеде ачык добуш берүү менен бекитет.

61. Парламентттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына экиден талапкер көрсөтүшөт. Талапкерлер Жогорку Кеңештин профилдик комитетине көрсөтүлүп, комитет аларды Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

Добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон үч талапкер тандалып алынды деп эсептелинет.

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын бекитилген курамы Жогорку Кеңештен Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.

7. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду дайындоого жашыруун добуш берүү менен макулдук берет.

8. Жогорку Кеңештин шайлоо, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана кызматка шайланууну бекитүү жөнүндө чечими катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболоштурулат.

9. Эгерде Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерлерди дайындоого макулдук бербесе, аларды шайлабаса, Президент 15 календардык күндүн ичинде башка талапкерлерди сунуштоого милдеттүү.

Макулдук берүү же Жогорку Кеңеш тарабынан шайлануу жол-жобосунан өтпөгөн талапкерлер Жогорку Кеңеште тиешелүү органга өкүл болууга укугу жок.

Көрүүлөрдүн саны : 403