2017-жылдын 26-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

26-04-2017 17:44

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Өмүрбекова А.С., Макеев Н.К., Арапбаев А.А., Сурабалдиева Э.Ж., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Байбакпаев Э.Ж.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Эмгек кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Асылбаева Г.К., Бабанов Ө.Т., Жеенчороев М.К., Иминов Ф.А., Исмаилова А.Ж., Казакбаев Р.А., Өмүрбекова А.С., Ормонов У.З., Султанбекова Ч.А., Сыдыков Б.Ү., Төлөнов Д.Э., Тулендыбаев П.Р., Турускулов Ж.К., Чудинов И.В., Турсунбеков Ч.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.16дагы № 631 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.11.16дагы № 602 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-сентябрындагы “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.02.17деги № 66 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын майыптуулук маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Граждандык кодекске, Турак жай кодексине, Үй-бүлө кодексине, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Иманалиев К.К., Сурабалдиева Э.Ж., Акаев Ж.К., Шер-Нияз С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Самигуллина А.Э., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г.)

коомдук тамактануу жайларында тамеки чегүүгө толук тыюу салуу жөнүндө № 1-вариант добушка коюлат;

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамга) коомдук тамактануу жайларында тамеки чегүү үчүн өзүнчө имарат жайларын түзүү жөнүндө № 2-вариант добушка коюлат.

 

9. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамга) Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө чечими добушка коюлат.

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Өмүрбекова А.С., Макее0в Н.К., Асылбаева Г.К., Жеенчороев М.К., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Жапаров А.Υ., Рыспаев К.Ж., Икрамов Т.И., Арапбаев А.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Примов У.Б., Өмүрбекова А.С., Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Мамашова А.Т., Байбакпаев Э.Ж., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Иманалиев К.К., Узакбаев А.О., Жамалдинов З.И.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Бабанов Ө.Т., Карашев А.А., Баатырбеков А.Б., Жеенчороев М.К., Керезбеков К.К.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

13. “Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.11.16дагы № 595 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

14. “Дары каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.11.16дагы № 594 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

15. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске, “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 20.12.16дагы № 691 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

16. “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.02.17деги № 105 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

17. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Керезбеков К.К., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Бекешев Д.Д., Самигуллина А.Э., Осмонова А.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө бардык фракциялардын чечимдери бар)

 

18. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окуу)

 

19. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) (үчүнчү окуу)

 

20. “Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи - Өкмөт, 27.10.15теги № 756 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 1871