“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 26-апрелинен тартып коомдук талкууга коюлат

26-04-2017 10:40

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары М.К. Жеенчороев, К. Ж. Рыспаев, Н. К. Макеев, А. А. Алтынбеков, Д. Ш. Исаева, М. Э. Мавлянова

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-85-07

Каттоо  № 6-9096/17      21.04.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берененин бешинчи абзацында «Мында бул белгиге акционердик коомдун акцияларынын 20 пайыздан азына ээ болгон акционери (акционерлери) кирбейт» деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

 

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

маалымкат-негиздеме

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кылмыштар коомдук коркунучтуулугу менен айырмаланат. Бул ырастоо мамлекеттин бюджетин уурдоо менен гана эмес, ошондой эле алардын жигердүү катышуучулары, эреже катары, ар кандай рангдагы чиновниктер болуп санала тургандыгы менен байланышкан, башкача айтканда мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргой турган, ошого ыйгарым укугу бар адамдар уурдашат. Ушундай кылмыштарды коштогон ар кандай коррупциялык схемалар калктын нааразычылыгын күчөтөт жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайга терс таасир этет. Мындан тышкары алар инвестициялык шарттын өндүрүшүнө, улуттук финансылык системанын туруктуулугуна, бүтүндөй алганда мамлекеттин эл аралык аброюна шек келтирет, көмүскө акча каражаттарын жүгүртүүнүн көбөйүшүнө алып келет. Ушуга байланыштуу бааардык мамлекетте бюджеттик каражаттарды уурдоого каршы күрөшүү маселелерине жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору 2016-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана прокуратура органдары жасаган иштери жөнүндө (КРБП 2017-жылдын 1-мартындагы кир.№6-7-17(81)) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын отчетуна ылайык мыйзамдуулукту бузуунун көпчүлүгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар чөйрөсүндө жол берилүүсү уланууда, бул артыкча коррупциялык тобокелчиликке тартылган мамлекеттик органдардын ишмердигинин бирден-бир тармагы болуп саналат. 2016-жылы прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуулар боюнча 660 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген, бул чара көрүү актыларынын жалпы санынын 26,5 % түзөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык сатып алуулар чөйрөсүндө эң олуттуу коррупциялык факторлордун бири болуп кызыкчылыктардын кагылышуусу саналат. Ошондуктан өзүбүздүн мыйзам чыгаруучуларыбыз иштеп чыккан коррупцияга каршы көптөгөн механизмдер кызыкчылыктардын кагылуусун четтетүүгө жана жөнгө салууга багытталган.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аффилирленген жактар жагында бүтүмдөрдү жасоого төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилген:

5-брененин 2-бөлүгүнө ылайык ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизилген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын), ошондой эле түзүүчүлөрү, жетекчи курамынын мүчөлөрү сатып алуучу уюмдардын аффилирленген жактары болуп саналган берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) мамлекеттик сатып алууларга катышуусуна жол берилбейт.

6-берененин 1-, 2-бөлүкөрүнө ылайык:

1. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик сатып алуулардагы чечимге карата сатып алуулардын кайсы болбосун тарабынын кызыкчылыктарында кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө;

2) ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр (подрядчылар) катары катышууга же аффилирленген жак катары алар менен бирге болууга;

3) аффилирленген жак болууга.

Сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери же конкурстук комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн жоболорун бузган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуулардын жол-жоболору токтотула турат же болбосо сатып алуучу уюмдун же соттун чечими боюнча токтотулат.

2. Жак сатып алуулардын жол-жоболоруна байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде ал:

1) аффилирленген жак болсо;

2) буга чейинки эки жыл ичинде сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан кайсы бир берүүчүнүн (подрядчынын) кызматкери болсо.

«Аффилирленген жак» түшүнүгү ушул эле Мыйзамдын 3-беренесинде аныкталган.

Аффилирленген жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак:

мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;

сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары;

саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон берүүчүлөр (подрядчылар).Мында бул белгиге акционердик коомдун акцияларынын 20 пайыздан азына ээ болгон акционери (акционерлери) кирбейт;

Жогоруда баяндалгандардан көрүнүп тургандай, мыйзамга ылайык уставдык капиталга катышуунун критерийи боюнча аффилирленгендикти белгилөө үчүн азыркы учурда юридикалык жакка карата аркандай жак үчүн акциялардын 20 жана андан ашык жалпы санына ээлик кылуу укугу болуш керек. Тиешелүү түрдө ушул негиздеме боюнча акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон жактар аффилирленген деп эсептелбейт жана аларга мыйзамда каралган чектөөлөр жайылтылбайт.

Ошентип мыйзамда акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон уюштуруучулар, катышуучулар (акционерлер) берүүчүлөр, подрядчылар сатып алуучу уюм боло алат.

Мында “Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык “акция - аны кармоочунун (акционердин) акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн дивиденд түрүндө алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууга жана ал жоюлгандан кийин калган мүлккө болгон укугун ырастоочу баалуу кагаз;

акционер - коомдун жок эле дегенде бир акциясына ээлик кылган, акционердик коомдун мүлкүнө анын милдеттүү укугун берүүчү жана ага байланыштуу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктар милдеттенмелерге ээ болгон жеке же юридикалык жак;

Баарыбызга белгилүү болгондой, инвестиция – бул пайда алуу жана (же) башка оң натыйжага жетүү максатында капиталды жайгаштыруу. Ар бир адам акча каражаттарын акцияларга жумшоо жана акционер болуу менен инвестор катары дайыма жана көп учурда акционердик коом пайда алышына кызыкдар жана ушуга түрткү болот.

Ошентип, мамлекеттик, муниципалдык кызматчы жана сатып алуучу уюмдун кызматкери жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү берүүчү (подрядчы) болуп саналган компаниянын бери болгондо бир акциясына ээ болгондугунун фактысы бул аукциондун катышуучусун башкаларга караганда ыңгайлуу шартка коет, бул болсо мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын сактоо жана бирдей укуктуу конкуренциянын принциптерине туура келбейт.

Ошону менен бирге бардык катышуучуларга коюлуучу сатып алуунун жана заказчынын ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө принциби бузулуп жатат.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу деп мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын жеке кызыкдарлыгы (тикелей же кыйыр) таасир этиши мүмкүн болбогон же болбосо өзүнүн кызматтык милдеттерин объективдүү аткарышына таасир эткен жана жарандардын, уюмдардын, коомдун КР субъектинин таламдаштыгына же мыйзамдуу таламдарына карама-каршы келиши мүмкүн болгон, бул кызыкчылыктарга зыян келиши мүмкүн болгон кырдаал түшүнүлөт.

Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу чөйрөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусунун кесепеттери болуп коррупциялык укук бузуу, сатып алуунун катышуучуларынын ортосунда атаандаштыкты чектөө, бюджеттик каражаттарды натыйжасыз чыгымдоо, мамлекеттик, жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузуу болушу мүмкүн.

Жогоруда баяндалгандарга таянып, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамындагы афилирленген жак деп таанууга зарыл болгон акционердик коомдун акцияларынын жалпы санынын ичинен 20 жана андан ашык пайыздагы акцияларга ээлик кылуу фактысын белгилеген ченемди алып салуу керек.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынган учурда саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызматтарды, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдар жана алардын уюштуруучулары жана (же) катышуучулары, берүүчүсү (подрядчысы) болуп саналган жакын туугандары акцияларга ээлик кылуу үлүшүнө карабастан аффилирленген жак болуп саналат.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынышы төмөнкүдөй натыйжага алып келиши күтүлөт:

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө процессине катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңээлинин төмөндөшү.

Бирдей атаандаштыкты камсыз кылуу;

Заказчы болуп саналган мекемелер товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга бюджеттик каражаттарды чыгымдашынын көлөмүнүн азайышы;

Мамлекеттик контракттарды аткаруунун алкагында берүүчүлөр жана подрядчылар берүүчү продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жогорулашы;

Ошону менен бирге мыйзам долбоору бүтүндөй алганда Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын ченемдерине шайкеш келет.

Бул мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулардын чөйрөсүн гана тейлегендиктен жана ишкерлик чөйрөсүнө түздөн-түз таасири болбогондуктан жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт.

“Кыргыз Республикасынынченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-бернесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына (www.kenesh.kg) жайгаштырылган, анын натыйжалары боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Мыйзам долбоору гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана экспертизага өтүүгө тийиш эмес, аны кабыл алган учруда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча финансылык чыгымдар талап кылынбайт.

 

Депутаттар                                                                                    М.К. Жеенчороев

                                                                                                       К. Дж. Рыспаев

                                                                                                       Н. К. Макеев

                                                                                                       А. А. Алтынбеков

                                                                                                       Д. Ш. Исаева

                                                                                                       М. Э. Мавлянова

 

 

 

 

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

 

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынып жаткан редакция

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

аффилирленген жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак:

мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;

сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары;

саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон берүүчүлөр (подрядчылар), Мында бул белгиге акционердик коомдун акцияларынын 20 пайыздан азына ээ болгон акционери (акционерлери) кирбейт;

 

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

аффилирленген жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак:

мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;

сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары;

саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон берүүчүлөр (подрядчылар), Мында бул белгиге акционердик коомдун акцияларынын 20 пайыздан азына ээ болгон акционери (акционерлери) кирбейт;

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 1364