“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине”) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 25-апрелинен тартып коомдук талкууга коюлат

25-04-2017 16:11

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Жунус уулу

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-90-02

Каттоо  № 6-9311/17      24.04.2017

Эл. дареги: t.kalygulovich@mail.ru

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине”) өзгөртүү киргизүү тууралуу”

1-берене

Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине("Эркин Тоо" газетасы 2013-жылдын 26-июлу N 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

  • 4-берененин 3-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөмдүн башытөмөнкү сөздөр менен менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган туристтик аймактардагы мейманкана катары колдонуучу көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды кошпогондо,”.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы", 1999-жыл, N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

  • 487-3 беренин үчүнчү абзацтынбашы төмөнкү сөздөр менен менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган туристтик аймактардагы мейманкана катары колдонуучу көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды кошпогондо,”.

3-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына(Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине”) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак-Жай кодексине, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине”) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору аркылуу кээ бир региондордун жарандарына көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларын мейманкана катары колдонуп пайда көрүү жагы сунушталып жатат. Аймактардагы жарандарыбыз чет өлкөлөрдүн жана биздин жарандарына кээ  бир кызматтарды көрсөтүп жандарын багып келет. Мисал келтирсек Ысык-Көл облусунун айрым тургундары өзүлөрүнүн көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларын мейманкана катары колдонупжандарын багып келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөрдөгү 22 турак-жай мейманкана катары колдонулуп, патент алынып келинген. Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары, Бозтери жана Кумбел айыл аймактары боюнча көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды мейманкана катары колдонуп келген ээлердин саны 15 түздү. Жай мезгилинде (сезондо) болсо алардын саны он эсеге ашат.

Ошону менен бирге республикабыздын Сары-Челек, Арстанбаб ж.б. туристтик аймактардын жашоочулары өзүлөрүнүн көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларын мейманкана катары колдонуп жандарын багып келет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө туристтик аймактарды аныктап, ал жердин жарандары өзүлөрүнүн көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларын мейманкана катары колдонуууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү сунушталып жатат.

Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мамлекет өзүнүн мамлекеттик бюджетин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү төлөмдөрдүн негизинде толуктап алат эле. Аны менен бирге ушул ченем кабыл алынып калса, биздин жана чет өлкөлүк туристтерге убактылуу турак-жайларды жалдаганга ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз шарттар түзүлөт.

Мыйзам долбоору экономикалык, гендердик, укук коргоочулук, экологиялык, социалдык, коррупциалык кесепеттерди камтыбайт.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.

Аталган Мыйзам долбоору боюнча  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жөнгө салуучу таасир этүүгө талдоону жүргүзүү талап кылынбайт, анткени, бул  мыйзам долбоору менен ишкердик иш жөнгө салынбайт.

Өз кезегинде аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору коомдук талкууга алынуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган.

 

Депутат                                                             Жунус  уулу Алтынбек

 

 

                                                                                    

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине») өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына салыштырма таблицасы

к/с

Иштелип жаткан редакция

Сунушталган редакция

Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси

 

4-берене. Турак жай укуктарынын объекттери

 

1. Турак жайлар турак жай укуктарынын объекттери болуп саналат, аларга карата талаптар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

 

2. Турак жайларды курууга жана эксплуатациялоонун коопсуздугуна коюлуучу эң төмөнкү талаптар тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленет.

 

3. Турак жай жарандардын жашап турушу үчүн арналат. Көп батирлүү үйдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүүгө, өткөрүп берүүгө, аларды соода орундары катары пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды, анын ичинде мейманканаларды, жайгаштырууга, ошондой эле жашоодон тышкары кандай болбосун максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

 

4. Турак жайды пайдалануу жана эксплуатациялоо турак жайда жашаган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону, өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык талаптарды жана мыйзамдардын башка талаптарын эске алуу менен, ошондой эле турак жайларды пайдалануунун Өкмөт тарабынан бекитилген эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

 

5. Турак жайы Өкмөт тарабынан бекитилген негиздер боюнча жана тартипте жашап туруу үчүн жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Жашап туруу үчүн жараксыз турак жайларды турак жай фондунан чыгаруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

4-берене. Турак жай укуктарынын объекттери

 

1. Турак жайлар турак жай укуктарынын объекттери болуп саналат, аларга карата талаптар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

 

2. Турак жайларды курууга жана эксплуатациялоонун коопсуздугуна коюлуучу эң төмөнкү талаптар тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленет.

 

3. Турак жай жарандардын жашап турушу үчүн арналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган туристтик аймактардагы мейманкана катары колдонуучу көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды кошпогондо, көп батирлүү үйдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүүгө, өткөрүп берүүгө, аларды соода орундары катары пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды, анын ичинде мейманканаларды, жайгаштырууга, ошондой эле жашоодон тышкары кандай болбосун максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

 

4. Турак жайды пайдалануу жана эксплуатациялоо турак жайда жашаган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону, өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык талаптарды жана мыйзамдардын башка талаптарын эске алуу менен, ошондой эле турак жайларды пайдалануунун Өкмөт тарабынан бекитилген эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

 

5. Турак жайы Өкмөт тарабынан бекитилген негиздер боюнча жана тартипте жашап туруу үчүн жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Жашап туруу үчүн жараксыз турак жайларды турак жай фондунан чыгаруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

2

Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси

 

487-3-статья. Көп квартиралуу турак жай үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануунун эрежелерин бузуу

 

Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, аларды соода орундары катары, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн пайдалануу, ошондой эле жашап туруудан тышкары кандай болбосун башка максаттар үчүн пайдалануу, -

 

Жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.

 

Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу -

 

Жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

 

487-3-статья. Көп квартиралуу турак жай үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануунун эрежелерин бузуу

 

Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, аларды соода орундары катары, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн пайдалануу, ошондой эле жашап туруудан тышкары кандай болбосун башка максаттар үчүн пайдалануу, -

 

Жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган туристтик аймактардагы мейманкана катары колдонуучу көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды кошпогондо, көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу -

 

Жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 286