Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы
№ 39-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Пирматов Исхак Айтбаевич Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана ага ылайык көрсөтүлгөн Парламенттик Ассамблеянын айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
2) Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана ал көрсөтүлгөн Парламенттик Ассамблеянын социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясына жиберилсин.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
19-ноябрындагы № 34-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Шадиев Аскарбек Алимбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;
2) Төлөнов Данияр Эрмекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
3. “Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы
№ 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жакупова Чолпон Идиновна Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
2) Пирматов Исхак Айтбаевич Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. “Европа Бирлиги – Кыргызстан” парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кадыркулов Искендер Анарбекович “Европа Бирлиги – Кыргызстан” парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
2) Осмонова Айнуру Шермаматовна “Европа Бирлиги – Кыргызстан” парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
5. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы
№ 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүлөр чыгарылсын:
Төлөнов Данияр Эрмекович, Мискенбаев Меербек Жайлообаевич жана Исакунова Таалайкүл Базаркуловна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана ага ылайык көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын социалдык саясат жана адам укуктары боюнча, агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссияларынын курамдарынан;
Алимбеков Нурбек Каарыевич көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан;
Эгембердиев Максатбек Бакирович көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын контролдук-бюджеттик комиссиясынын курамынан;
2) төмөнкүлөр киргизилсин:
Шадиев Аскарбек Алимбаевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына жана ал көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын контролдук-бюджеттик комиссиясына жиберилсин;
Сарсеитов Исланбек Зайырбекович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына жана ал көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жиберилсин;
Токторов Алмазбек Сатиевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына жана ал көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясына жиберилсин;
Эгембердиев Максатбек Бакирович көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын курамына;
Алимбеков Нурбек Каарыевич көрсөтүлгөн Парламенттер аралык Ассамблеянын укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына.
6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-Иманалиев Каныбек Капашович жана Карашев Аалы Азимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
Төрага Ч.А. Турсунбеков