2017-жылдын 9-марты № 1407-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
А.Н. Шыкмаматов - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
К.С. Бокоев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
Н.В. Никитенко - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун кошумча демилгечиси;
У.Т. Кыдыралиев - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун кошумча демилгечиси;
М. Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
А.А. Касымалиев - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Ж.Ш. Эгамбердиева - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык иштер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
2. Макулдашуу тобу ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган варианты ушул токтомдун 2-пунктунда каралган мөөнөттө киргизилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ч.А. Турсунбеков