“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине" жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 15-мартынан тартып коомдук талкууга коюлат

15-03-2017 14:47

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты К.Рыспаев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-91-48

Каттоо  № 6-5942/17      14.03.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

                                           Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине», «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

1-берене

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.; 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 775-2 - статья менен толукталсын:

«775-2 - статья. Рекультивацияга багытталган каражаттар боюнча чектөөлөр

760, 763-767, 769-771 жана 774-статьяларда каралган нормалар рекультивация фондунун каражаттарына тийиштүү жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөргө колдонулат.».

2. 775-2 - статья. Эсептешүүлөрдү  уюштуруу

    “775-3 - статья . Эсептешүүлөрдү  уюштуруу”  деп эсептелсин

2-берене

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьяда:

- 31 - пункт төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

«31) жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участоктору - жер казынасын пайдалануу (иштетүү жана геологиялык изилдөө) жана инфратүзүмдөрдүн объекттерин (жолдорду, кампаларды, калдык сактагычтарды, ЛЭП, вахталык кыштактарды жана башкаларды) куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуларга берилген жер участоктору;».

- 32 - пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

2. 12-статьянын 3-бөлүгүндөгү «Жер участогун» деген сөздөр «Жер казынасын пайдаланууга берилген жер участокторун кошпогондо, жер участогун» деген сөздөр менен толукталсын.

3. 19-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

4. 28-статья төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

«28-статья. Жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн жер участокторун берүү

1. Жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участоктору жер казынасын пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилет.

2. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кошпогондо, жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участоктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жерди башка категорияга которуусуз (трансформациялоосуз) берилет.

Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун жабуунун наркынын суммасын төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте укукту ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

Лицензияны колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин жер казынасын пайдалануучу жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык жер участогуна рекультивация жүргүзөт.

5. Жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн жер участогунун чеги жана өлчөмү техникалык долбоор же жер алдындагы сууларды чыгаруунун технологиялык схемасы менен аныкталат.».

6. 28-1-статья төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

«28-1-статья. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби

1. Пайдалуу кен чыккан жерлерди максаттуу иштетүү жана өндүрүштүк жана инфратүзүмдүк объектилерди куруу үчүн жер участокторун убактылуу пайдалануу укугун алуу үчүн жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш:

1) арызды;

2) жер казынасын пайдалануу укугун ырастоочу документтердин көчүрмөсүн;

3) жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогуна тыюу салган бурчтук чекит координаты менен графикалык материалды.

2. Арызды кароонун мөөнөтү жана жер участогун пайдалануу укугуна докуметтерди берүү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.

3. Жеке менчикте турган жана жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участоктору менчик ээси менен макулдашуу боюнча жер казынасын пайдаланууга берилет.

4. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жакка берилгенде (өткөрүлгөндө) бул жакка жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугу да өтөт.

Жер участокторуна убактылуу пайдалануу укугун өткөрүп берүү укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлктөргө убарагерчилик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга катталууга жатат.

5. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана участокту берген датадан рекультивацияланган жерлерди комиссия менен алган датага чейин берилген жер участокторунун бардык аянтынын жоготкон пайдасынын ордун жаба турган өлчөмдө төлөп берүү жүргүзүлөт.».

7. 28-3-статья төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

«28-3-статья. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө (издөөдө жана чалгындоодо) жер участогун пайдалануу тартиби

1. Жер казынасын геологиялык изилдөө (пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо) учурунда жер участогунан ажыратуу жүргүзүлбөйт, а геологиялык иштерди жүргүзүүгө жер укугунун ээсинен жер казынасын пайдалануучуга жазуу жүзүндөгү макулдук берилет.

2. Макулдук алуу үчүн жер казынасын пайдалануучу төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш:

1) арызды;

2) геологиялык бөлүндүнүн бурчтук чекит координатын көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугуна документтердин көчүрмөсүн.

3. Жер участогуна геологиялык иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук берүү ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган документтердин пакетин берген учурдан 30 календардык күндөн кечикпестен жер казынасын пайдалануучуга берилүүгө тийиш.

Бул мөөнөт бузулган учурда макулдук алынды деп эсептелинет.

4. Геологиялык иштерди жүргүзүүгө макулдук жер участогун ижаралоо боюнча бүтүм болуп саналбайт, аны бергени үчүн төлөм жер казынасын пайдалануучудан алынбайт.

5. Геологиялык иштерди жүргүзүүдө жер кыртышынын бүтүндүгү бузулган учурда, бузуулар болгон участоктордогу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун жабуу жер укуктарынын ээлерине жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

6. Геологиялык иштерди жүргүзүүгө макулдук берилген жерлер айыл чарба жана башка муктаждыктар үчүн жер укуктарынын ээлерине берилиши мүмкүн.».

8. 60-статья төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

«1. Жак жер участогун алдырбай туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топографиялык-геодезиялык, геологиялык чалгындоо, издөө, геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде анын максаттуу багытына карабастан, жер участогуна жетүүгө укуктуу.

2. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер участогу менен алектенүүгө уруксат анын компетенциясына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

3. Пайдалуу кендерди өндүрүүгө байланышпаган жер алдындагы курулмаларды куруу жана пайдалануу үчүн жер участогу менен алектенүүгө уруксат анын компетенциясына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан чек араларда жана техникалык долбоордо аныкталган мөөнөттө берилет.».

9. Он төртүнчү глава күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. VI бөлүмдөгү «Жер казынасы» деген термин төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

 «Жер казынасы - жер катмарынан төмөн жайгашкан, жер кыртышынын бөлүгү, ал эми ал жок болсо - пайдалуу кендердин көрүнүштөрүн кошуп алганда, геологиялык изилдөө үчүн жеткиликтүү болгон жердин үстүнөн жана кыртыш катмарларынын алдынан, суу топтолгон жана аккан жерлердин түбүнөн тартып, ошондой эле жер үстүндө жайгашкан минералдар жана табигий пайда болгон катуу тоо породалары.».

2. 98-статьянын экинчи абзацы «шарттары сакталбаганда» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле бургулоо бүткөн учурдан 30 күндүн ичинде скважиналардын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө 30 метрден ашык тереңдиктеги суу тосмо скважинаны бургулаган же анысы бар жак тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланбаганда» деген сөздөр менен толукталсын.

4-берене

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

«15) жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоонун негизинде шагыл-кумдуу аралашманы өндүрүү.».

2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

15) жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоонун негизинде шагыл-кумдуу аралашманы өндүрүү

1 га

10 000 сом

5 - берене

1. Ушул Мыйзам ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сегиз айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине», «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбооруна

Маалымкат-негиздеме

Ушул “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыспаев тарабынан демилгеленген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алууда жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу бөлүгүндө айрым мыйзам актылардын нормаларын колдонууда потенциалдуу карама-каршылыктарды болтурбоо максатында иштелип чыкты.

Ушул  Мыйзам долбоордо жер казынасын пайдаланууга байланышкан маселелер бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси:

- рекультивация фондунун каражаттарын тескөөгө тийиштүү өзгөртүү киргизилет.

Колдонуудагы “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Рекультивация - бузулган жерлердин түшүмдүүлүгүн жана эл чарбалык маанисин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси. Рекультивация аларды андан ары пайдалануу үчүн жер казынасын пайдаланууда бузулган жерлерди жарактуу абалга келтирүү максатында жасалган экологиялык иш-чаралар болуп саналат. Рекультивация жер казынасын пайдалануучу тарабынан коммерциялык банктардын эсебиндеги рекультивация фондунда топтолгон каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы рекультивация эсебинин каражаттары максаттуу багыты боюнча гана, т.а. рекультивация жүргүзүүгө гана пайдаланарын эскертет.

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси:

- пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик жер резерви категориясы жөнүндө норма алып салынат.

Пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик жер резерви категориясы 2012-жылы киргизилген. Бирок бул категорияны киргизүү менен эле жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди бул категорияга которуу максатка ылайыктуу эмес деген негиз келип чыкты. Ушуга байланыштуу ушул мыйзам долбоордо бул норманы Кыргыз Республикасынын Жер кодексинен алып салуу боюнча сунуш киргизилет, натыйжада жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участокторуна байланышкан маселелерди жөнгө салуунун тартиби да шайкеш келтирилет.

 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси:

- «жер казынасы» деген терминдин аныктамасынын мазмуну өзгөртүлөт.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин VI бөлүмү «жер казынасы» деген терминдин аныктамасын камтыйт. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда «жер казынасы» деген терминдин аныктамасына өзгөртүү болжолдонот, ал Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексиндеги бул терминдин редакциясына карама-каршы келет. Ушуга байланыштуу «жер казынасы» деген терминдин аныктамасын өзгөртүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин VI бөлүмүнө өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз.

- бургулоо бүткөн учурдан 30 күндүн ичинде скважиналардын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө 30 метрден ашык тереңдиктеги суу тосмо скважинаны бургулаган же анысы бар жак тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланбагандагы администрациялык жоопкерчилик бөлүгүндө 98-статьясына толуктоо киргизилет.

Бургулоо бүткөн учурдан 30 күндүн ичинде скважиналардын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө 30 метрден ашык тереңдиктеги суу тосмо скважинаны бургулаган же анысы бар жак тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланбаганда администрациялык жоопкерчилик тартат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси:

- мамлекеттик каттоонун негизинде жүзөгө ашырылуучу шагыл-кумдуу аралашманы өндүрүүгө милдеттүү патентти киргизүү бөлүгүндө өзгөртүү киргизилет.

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде шагыл-кумдуу аралашма (ШКА) чыккан жерди иштетүүнү (өндүрүүнү) мамлекеттик каттоонун негизинде ШКАны өндүрүүгө алмаштыруу каралат. Ушуга байланыштуу мурда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде ШКАны өндүрүү жүзөгө ашырылып келген, мындай лицензиянын ээлери жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын кармалганы үчүн төлөмдөрдү төлөшкөн. Ошентип ШКАны өндүрүүнү мамлекеттик каттоого өткөрүү сунушталат фискалдык салымды аныктоо үчүн 1 жылга 10 000 сом милдеттүү патентти киргизүү сунушталат.

Талдоо жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы нормалары сунушталган мыйзамдолбоордун нормалары колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт, ошондой эле долбоор регулятивдик таасир этүү талдоосуна жатпайт, анткени долбоор айрым ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирүүгө багытталган, ошондой эле буга чейинки жол-жоболорду жөнгө салуу тартибин жана болгон милдеттемелерди аткарууну өзгөртөт.

Коомдук талкууну камсыз кылуу жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу үчүн бул мыйзамдолбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына (www.kenesh.kg) жайгаштырылган.

Ошону менен бирге долбоордо белгиленген социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык деген түшүнүктөр өзү менен кошо кесепеттерди, ага тете мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары

Салыштырма таблица

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине», «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Мыйзамдын колдонуудагы редакциясы

Сунушталган  редакция

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси

1

Статья жаңы киргизилип жатат

775-2 - статья. Эсептешүүлөрдү  уюштуруу

«775-2 - статья. Рекультивацияга багытталган каражаттар боюнча чектөөлөр

760, 763-767, 769-771 жана 774-статьяларда каралган нормалар рекультивация фондунун каражаттарына тийиштүү жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөргө колдонулат.».

 “775-3 - статья . Эсептешүүлөрдү  уюштуруу”

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

2

3

4

5

6

7

8

9

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

31) пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви - астындагы пайдалуу кендери чалгындалган, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер;

32) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу жана Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлерден жер участокторун пайдаланууга берүүчү мамлекеттик орган;

12-статья.  Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү

1. Жерлерди максаттуу пайдаланууну белгилөө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү ошол эле орган тарабынан жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен жүргүзүлөт.

3. Жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт.

19-1-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин эсебин жүргүзүү;

2) Пайдалуу кен чыккан жерлерин мамлекеттик резервинин жерлеринин чегинде жер участокторун пайдаланууга берүү;

3) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин жер кадастрын жүргүзүү, жер казынасын пайдаланууда жер чектөө схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;

4) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин пайдаланылышын жана корголушун, жер казынасын пайдалануу токтотулганда жер участокторунун рекультивацияланышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

5) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин категориясына которулууга тийиш болгон жерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтарды берүү;

6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ушул Кодексте каралган маселелерди чечүү.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүү

1. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин жер участокторун пайдалануу укугун берүү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участоктору жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтүнө убактылуу гана пайдаланууга берилиши мүмкүн.

3. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогунун чектери жана өлчөмү техникалык долбоор же жер астындагы сууларды технологиялык алуу схемасы менен аныкталат.

4. Эгерде жер участогунда пайдалуу кендердин корлору табылса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча, ошол жерлерди Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин категориясына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.

5. Эгерде пайдалуу кендер табылган жер участогу менчикте же үчүнчү жактардын пайдалануусунда турса, анда мамлекет аларды иштетүү жана жер участогун алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда, жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун тарткан чыгымынын ордун толтурууга же ага тең баалуу башка жер участогун берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-1-статья. Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүүнүн тартиби

1. Жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер казынасын пайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу укугун алыш үчүн, кен чыккан жерлерди иштетүү укугун кошпогондо жер укуктарынын ээсине төмөнкүлөр берилет:

1) арыз;

2) жер казынасын пайдалануу объектинин тоо жана жер бөлүндүлөрүнүн бурчтук координаттары менен графикалык материалдар;

3) жердин бүтүндүгү бузулган учурда - токой фондусунун айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүүнүн эсеби.

2. Арызды кароо жана жер участогун пайдалануу укугуна документти берүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашууга тийиш эмес, ал аралыкта жер укугунун ээси жер участогун берүү жөнүндө чечим чыгарууга милдеттүү. Жерге жеке менчик ээлери жер участогун жер казынасын пайдалануучуга макулдашуу боюнча бере алышат.

3. Эгерде суралып жаткан жер участогу жер казынасын пайдалануу укугун мурда алган башка жер казынасын пайдалануучуга берилген болсо, жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер участогун пайдалануу тартибин жер укугунун ээси менен техникалык долбоорго ылайык макулдашууга милдеттүү.

4. Жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө (кыюуда), үчүнчү жакка жер участогун убактылуу пайдалануу укугу да берүү жүзөгө ашырылган датага өтөт.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-3-статья.   Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер участогун пайдалануу

1. Жер казынасына геологиялык изилдөөдө (пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер участогун ажыратуу жүргүзүлбөйт, жер казынасын пайдалануучуга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участогун убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

2. Жер казынасына геологиялык изилдөө жер катмарынын бүтүндүгүн бузуу менен болгон учурда (пайдалуу кендерди чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер участогун ажыратуу жүргүзүлбөйт, ал эми жер казынасын пайдалануучуга жер катмарынын бүтүндүгү бузулганы үчүн милдеттүү түрдө акысын төлөтүү жана жер участогун андан ары рекультивациялоо менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участогун убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

3. Жер участогун берүүгө макулдук жер участогун ижарага берүүчү бүтүм болуп саналбайт, ал үчүн жер казынасын пайдалануучудан акы алынбайт.

4. Жер казынасын геологиялык изилдөөгө макулдук берилген жерлерди жер укугунун ээлери тарабынан айыл чарбалык жана башка муктаждыктар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-статья. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануу

1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген жак жер участогунун максаттуу багытына карабастан, ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топографиялык-геодезиялык, геологиялык чалгындоо, издөө, геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун пайдаланууга укуктуу, мында жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ажыратылбайт.

2. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун ээлөөгө уруксат жер участогуна болгон укугун берүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан, анын компетенциясына ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоордо аныкталган жана кендерди пайдаланууга лицензиялык тиркемеде белгиленген мөөнөткө жана чектерге берилет.

3. Пайдалуу жер байлыгынын кендерин иштетүүдө жер участокторун ээлөөгө пайдалуу жер байлыктарын казуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды куруу жана пайдалануу үчүн уруксат техникалык долбоордо аныкталган жана лицензиялык тиркеме менен белгиленген мөөнөттөрдө, өз компетенциясына ылайык чектерде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

(КР 2007-жылдын 26-февралындагы N 22, 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

83-1-статья. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери

1. Астындагы пайдалуу кендери андагы корлору жана ресурстары менен чалгындалган, Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кен корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери болуп саналат.

2. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдалуу кендерди иштетүү максаттары үчүн гана берилет.

3. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринде пайдалуу кендерди иштетүү жана эксплуатациялоо менен байланышпаган кандайдыр бир имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

4. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери кенди иштетүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын жактарына айыл чарбасы үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

5. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенден кийин жер казынасын пайдалануучу бузулган жерлерде Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарында белгиленген шарттарда рекультивация жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенде бузулган жерлерге рекультивация жасалгандан кийин, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ал жерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категориясына которуу үчүн ошол жерлерде жүргүзүлгөн рекультивация жөнүндө маалыматтарды берет.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

- 31-пункт төмөнкүдөй реакцияда баяндалсын:

«31) жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участоктору - жер казынасын пайдалануу (иштетүү жана геологиялык изилдөө) жана инфратүзүмдөрдүн объекттерин (жолдорду, кампаларды, калдык сактагычтарды, ЛЭП, вахталык кыштактарды жана башкаларды) куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуларга берилген жер участоктору;».

32 - пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

12-статья.  Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү

1. Жерлерди максаттуу пайдаланууну белгилөө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү ошол эле орган тарабынан жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен жүргүзүлөт.

 3. Жер казынасын пайдаланууга берилген жер участокторун кошпогондо, жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт.

19-1 - статья  күчүн жоготту деп таанылсын;

28-статья. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүү

1. Жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участоктору жер казынасын пайдалануу укугунун колдонуу мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилет.

2. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кошпогондо, жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жер участоктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жерди башка категорияга которуусуз (трансформациялоосуз) берилет.

3.Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун жабуунун наркынын суммасын төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте укукту ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

4.Лицензияны колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин жер казынасын пайдалануучу жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык жер участогуна рекультивация жүргүзөт.

5. Жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн жер участогунун чеги жана өлчөмү техникалык долбоор же жер алдындагы сууларды чыгаруунун технологиялык схемасы менен аныкталат.

«28-1-статья. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби

1. Пайдалуу кен чыккан жерлерди максаттуу иштетүү жана өндүрүштүк жана инфратүзүмдүк объектилерди куруу үчүн жер участокторун убактылуу пайдалануу укугун алуу үчүн жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш:

1) арызды;

2) жер казынасын пайдалануу укугун ырастоочу документтердин көчүрмөсүн;

3) жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогуна тыюу салган бурчтук чекит координаты менен графикалык материалды.

2. Арызды кароонун мөөнөтү жана жер участогун пайдалануу укугуна докуметтерди берүү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.

3. Жеке менчикте турган жана жер казынасын максаттуу пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участоктору менчик ээси менен макулдашуу боюнча жер казынасын пайдаланууга берилет.

4. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жакка берилгенде (өткөрүлгөндө) бул жакка жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугу да өтөт.

Жер участокторуна убактылуу пайдалануу укугун өткөрүп берүү укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлктөргө убарагерчилик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга катталууга жатат.

5. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана участокту берген датадан рекультивацияланган жерлерди комиссия менен алган датага чейин берилген жер участокторунун бардык аянтынын жоготкон пайдасынын ордун жаба турган өлчөмдө төлөп берүү жүргүзүлөт.

«28-3-статья.  Жер казынасын геологиялык изилдөөдө (издөөдө жана чалгындоодо) жер участогун пайдалануу тартиби

1. Жер казынасын геологиялык изилдөө (пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо) учурунда жер участогунан ажыратуу жүргүзүлбөйт, а геологиялык иштерди жүргүзүүгө жер укугунун ээсинен жер казынасын пайдалануучуга жазуу жүзүндөгү макулдук берилет.

2. Макулдук алуу үчүн жер казынасын пайдалануучу төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш:

1) арызды;

2) геологиялык бөлүндүнүн бурчтук чекит координатын көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугуна документтердин көчүрмөсүн.

3. Жер участогуна геологиялык иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук берүү ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган документтердин пакетин берген учурдан 30 календардык күндөн кечикпестен жер казынасын пайдалануучуга берилүүгө тийиш.

Бул мөөнөт бузулган учурда макулдук алынды деп эсептелинет.

4. Геологиялык иштерди жүргүзүүгө макулдук жер участогун ижаралоо боюнча бүтүм болуп саналбайт, аны бергени үчүн төлөм жер казынасын пайдалануучудан алынбайт.

5. Геологиялык иштерди жүргүзүүдө жер кыртышынын бүтүндүгү бузулган учурда, бузуулар болгон участоктордогу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун жабуу жер укуктарынын ээлерине жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

6. Геологиялык иштерди жүргүзүүгө макулдук берилген жерлер айыл чарба жана башка муктаждыктар үчүн жер укуктарынын ээлерине берилиши мүмкүн.».

60-статья. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануу

1. Жак жер участогун алдырбай туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топографиялык-геодезиялык, геологиялык чалгындоо, издөө, геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде анын максаттуу багытына карабастан, жер участогуна жетүүгө укуктуу.

2. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер участогу менен алектенүүгө уруксат анын компетенциясына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.

3. Пайдалуу кендерди өндүрүүгө байланышпаган жер алдындагы курулмаларды куруу жана пайдалануу үчүн жер участогу менен алектенүүгө уруксат анын компетенциясына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан чек араларда жана техникалык долбоордо аныкталган мөөнөттө берилет.».

83-1 -  статья  күчүн жоготту деп таанылсын;

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси

10

11

98-статья. Жер казынасын коргоо, пайдалануу жана курчап турган жаратылыш   чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды бузуу

Пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өзү билип курулуш куруу, жер казынасын пайдалануунун белгиленген тартибин сактабоо жана геологиялык маалыматтардын жашырындуулугун бузуу, жер казынасын коргоо эрежелерин жана жер казынасын пайдаланууга байланыштуу жумуштардын зыяндуу таасиринен курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, имараттарды жана курулуштарды коргоо боюнча талаптарды аткарбоо, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзө турган режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди бузуу -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз жыйырма1189 өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштардын долбоордон четтөөсүндө, жер казынасын коргоо эрежелерин аткарбоосунда, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүлүүчү режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылууда же зыянга учуратууда болгон жер казынасын пайдалануунун макулдашылган шарттары сакталбаганда- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.1190

Vl бөлүм Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде пайдаланылуучу түшүнүктөр

Жер казынасы - жердин, пайдалуу кендерди кошуп алганда, үстүнөн же кыртыш катмарларынын алдынан, суу топтолгон жана аккан жерлердин түбүнөн тартып, геологиялык изилдөөгө жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө кол жеткен бөлүгү.

98-статья. Жер казынасын коргоо, пайдалануу жана курчап турган жаратылыш   чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды бузуу

Пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өзү билип курулуш куруу, жер казынасын пайдалануунун белгиленген тартибин сактабоо жана геологиялык маалыматтардын жашырындуулугун бузуу, жер казынасын коргоо эрежелерин жана жер казынасын пайдаланууга байланыштуу жумуштардын зыяндуу таасиринен курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, имараттарды жана курулуштарды коргоо боюнча талаптарды аткарбоо, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзө турган режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди бузуу -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз жыйырма1189 өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштардын долбоордон четтөөсүндө, жер казынасын коргоо эрежелерин аткарбоосунда, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүлүүчү режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылууда же зыянга учуратууда болгон жер казынасын пайдалануунун макулдашылган шарттары сакталбаганда ошондой эле бургулоо бүткөн учурдан 30 күндүн ичинде скважиналардын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө 30 метрден ашык тереңдиктеги суу тосмо скважинаны бургулаган же анысы бар жак тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарланбаганда - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.1190

Vl бөлүм Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде пайдаланылуучу түшүнүктөр

 Жер казынасы - жер катмарынан төмөн жайгашкан, жер кыртышынын бөлүгү, ал эми ал жок болсо - пайдалуу кендердин көрүнүштөрүн кошуп алганда, геологиялык изилдөө үчүн жеткиликтүү болгон жердин үстүнөн жана кыртыш катмарларынын алдынан, суу топтолгон жана аккан жерлердин түбүнөн тартып, ошондой эле жер үстүндө жайгашкан минералдар жана табигий пайда болгон катуу тоо породалары.

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси

12

13

348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун      жалпы шарттары

1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары - салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт:

1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы;

2) бильярд кызматы;

3) күч.жогот352.

4) күч.жогот.352

5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы;

6) дискотека жана түнкү клубдар505 кызматы;

7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы.

8) ломбарддар кызматы344

9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;469

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;469

11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү;469

12) күчүн жоготту.602

13) автотранспорт каражаттарын жуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;506

14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр.656

Милдеттүү патенттин шарттарында экспорттолууга жаткан айыл чарба продукциясынын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.657

Бий аянтчаларын бергендиги үчүн белгилүү акы же акча каражаттарынын кандай болбосун алдын ала белгиленген суммасын алуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрү дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү деп түшүнүлөт.507

2. Милдеттүү патенттик негизде салык төлөөчү уюмдар жана жекече ишкерлер (ушул главада мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктын төмөнкү түрлөрүн эске албаганда ушул Кодексте белгиленгендей салык төлөшөт.

1) Кирешеге карата салык;

2) Салык салынуучу берүүлөргө карата КНС;

3) Соодага карата салык.

3. Салык төлөөчүлөр жалданган жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөдө жана төлөөдө ишкердүүлүк чөйрөсү менен алектенген, милдеттүү патент алууга тийиш болгон ар бир жалданма жумушчуга ай сайын жети эсептик көрсөткүч өлчөмүндө патент алып берүүгө милдеттүү.

349-берене. Салык салуунун объекти, салыктык база жана салыктын ставкасы

1. Салыкты эсептөө үчүн салык салуу объектиси болуп ушул Кодекстин 348102-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген экономикалык ишкердиктин түрлөрү эсептелет.

2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктын ставкасы колдонулат:

 Ишкердиктин түрлөрү  

Салыктык база  

Салыктык мезгилдеги салыктын ставкасы 

1) сауналардын, мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү                      

1 сауна, мончо, жалпы аянты:

150 кв.м чейин 

150 кв.м ашык       

30000 сом 

50000 сом  

2) бильярд кызмат      көрсөтүүлөрү

1 стол               

10000 сом  

3) күч.жогот353              

4) күч.жогот353

5) акча алмаштыруу  бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү

1 лицензияланчу объект

20000 сом  

6) дискотекалардын жана    түнкү клубдардын кызмат    көрсөтүүлөрү

1 дискотека, түнкү клуб

100000 сом  

7) сутка бою             автотуруктардын кызмат      көрсөтүүлөрү

1 токтоочу орун     

100 сом  

8) ломбарддар кызмат көрсөтүүлөрү

1 объект

15 000 сом 345

9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү

1 орундук кресло

2000 сом470

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү

1 орундук кресло

5000 сом470

11) жарнама такталарын

ижаралоо кызмат │

көрсөтүүлөрү

1 жарнама тактасы

5000 сом470

12) пункт күчүн жоготту.603

13) автотранспорт каражаттарын жуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү 508

1 жуугуч-орун

4000 сом

14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

1 автомашина жүгү менен, салмагы:

4 тоннага чейин

4 тоннадан 8 тоннага чейин

8 тоннадан 12 тоннага чейин

12 тоннадан жогору

300 сом

600 сом

900 сом

2000 сом658

3. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ставкалардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макулдашуу боюнча103 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 346 тийиштүү комитеттери менен биргеликте жылына бир жолудан ашырбастан салыктын ставкаларын көрсөтүлүүчү кызматтардын объекттеринин104 жайгашкан ордун жана/же наркын эске алуу менен өзгөртүүгө укуктуу.

4. Эгер салык төлөөчү милдеттүү патенттин негизинде салык салынчу ишкердиктин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, салыктын ставкасы иштин ар бир түрүнө өзүнчө колдонулат.

 15) жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоонун негизинде шагыл-кумдуу аралашманы өндүрүү.

1га

300 сом

600 сом

900 сом

2000 сом658

10 000 сом

3. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ставкалардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макулдашуу боюнча103 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 346 тийиштүү комитеттери менен биргеликте жылына бир жолудан ашырбастан салыктын ставкаларын көрсөтүлүүчү кызматтардын объекттеринин104 жайгашкан ордун жана/же наркын эске алуу менен өзгөртүүгө укуктуу.

4. Эгер салык төлөөчү милдеттүү патенттин негизинде салык салынчу ишкердиктин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, салыктын ставкасы иштин ар бир түрүнө өзүнчө колдонулат.

Көрүүлөрдүн саны : 1353