“Сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 15-мартынан тартып коомдук талкууга коюлат

15-03-2017 11:00

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты М.Бакиров, Б. Төрөбаев, К. Иманалиев, А. Алтынбеков, А. Султанов, А. Акматов, Э. Токтошев, А. Нурбаев, Э. Байпакбаев, З. Жамалдинов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 66-13-28

Каттоо  № 6-5904/17      14.03.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

Долбоор

“Сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылы кабыл алынган 

 

1-берене.

“Салык эмес төлөмдөр жөнүндө” 1994-жылдын 14-апрелиндеги  № 1480-XII ( Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору,  1994-ж., № 5, ст. 157; “Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары” 1994-жыл, № VI) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

III бөлүк төмөнкү мазмундагы “Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө төлөмдөр” деген 16-1-берене менен толукталсын: «Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө төлөмдөр (утилдештирүү төлөмдөрү) керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө жаткан сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчүлөр, импортточулар тарабынан жүргүзүлөт.

Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү төлөмдөрүнүн өлчөмү, тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчүлөр (импортер) утилдештирүү төлөмдөрүн продукциянын өздүк наркына кошот.

Утилдештирүү төлөмдөрүн төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидия берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды чогултууга, ташууга, калдыктарды кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди чогуу финансылоого чыгымдалат”.

 

2-берене.

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 (2001-жылдын 21-ноябрындагы №83 “Эркин Тоо”) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1. 20-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Сымап камтылган калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү төлөмдөрү алуунун негизинде белгиленет”.

2. 20-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Утилдештирүү төлөмдөрүн төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидия берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды чогултууга, ташууга, калдыктарды кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди чогуу финансылоого чыгымдалат”.

 

3-берене.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” 2015-жылдын 14-апрелиндеги №72 (2015-жылдын 14-апрелиндеги №31 “Эркин Тоо”) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1. 1-берене төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  “ – мамлекеттик сатып алууларды  жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу”.

 

4-берене.

Бул Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн ____ күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

   

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                              А. Атамбаев

 

 

 

 

 

“Сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата

НЕГИЗДЕМЕ МААЛЫМКАТ

“Сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы  сымап камтылган товарларды жана калдыктарды урунуу жаатында  талаптагыдай башкарууну камсыз кылууга багытталган экономикалык механизмдерди киргизүү максатында даярдалган.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы экономикалык ер түшүнүгү укуктук катары түшүнүлөт, ал өзүнө курчап турган чөйрөнү булгагандык жана жага ага башка зыяндуу таасирлер үчүн акы катары келип түшкөн акча каражаттарын топтоо, коркунучтуу калдыктарды кайра иштетүүгө жана ар кандай жеңилдиктерди колдонуу жолу менен чарбалык субъекттерге экономикалык дем берүүгө багытталган жаратылышты коргоо чараларын финансылоо шарттарын жана тартибин  жөнгө салган укуктук ченемдердин топтомун камтыйт.

  • дын бул долбоору төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн иштелип чыккан:

2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында[1] каралган «- жашыл салыктар, бажы алымдары, жашыл сатып алуулар, жашыл инвестициялар аркылуу жашыл технологияларды алга илгерилетүү үчүн жаңы финансылык аспаптарды киргизүү”[2];

ошондой эле 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча КР Өкмөтүнүн Программасын. Программада төмөнкүдөй иш-чаралар каралган: сымап камтылган товарларды ташып келүүгө алымдарды киргизүү боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу (3.1.2.) жана сымап камтылган калдыктарды чогултуунун финансылык механизмдери жөнүндө ЧУА долбоорун иштеп чыгуу (3.2.1.), аларды Өкмөт 2017-жылдын акырына карата жүзөгө ашырууга тийиш.

Бүгүнкү күндө сымаптын курчап турган чөйрөгө кыйла ыктымалдуу чыгып кетишинин бири болуп кайра иштетилген сымап камтылган лар саналат. Сымап зыяндуу заттардын көп сандаган топторунун ичинен орунду ээлейт, бул анын курчап турган чөйрөгө таркоо гүнүн жогору болушу, жаратылыш шартында аларды болушунун ар кандай формалары жана ташуунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле экспозициянын салыштырмалуу аз санда болгондугуна карабастан тирүү организмдерге терс таасиринин ар тараптуу спектри менен шартталган. Өзгөчө сымап нерв жана бөлүп чыгаруу системасын катуу жабыркатат.

Ошентип, иштен чыккан сымап камтылган буюмдар уулуу сымаптын жана башка зыяндуу заттардын байыр алуу чөйрөсүнө чыгышынын потенциалдуу булагы болуп саналат, бул аларды тандап чогултуу жана кайра иштетүү зарылдыгын аныктайт.

Ушуга байланыштуу экологиялык жагымсыз продукцияга атайын төлөмдөрдү киргизүү жана алынган каражаттарды экологиялык таза технологияларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү колдоого багыттоо,  анын ичинде Кыргыз Республикасында калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү инфраструктурасын түзүү өлкөнүн “жашыл экономика” принциптерине өтүү талаптарынан келип чыккан. Бул калдыктардын санын кыскартуу, бюджетти толтуруу, ченемдик укуктук шарттарды эл аралык ченемдерге шайкеш келтирүү, энергия жана ресурстарды керектөөнү азайтуу үчүн  маанилүү.   

Республиканын аймагында жүгүртүүдө турган сымап камтылган продукциялардын жетиштүү саны сымап камтылган калдыктардын санынын туруктуу көбөйүшүнө, демек, экологиялык тобокелдиктердин деңгээлинин жогорулашына алып келет, бул товарлардын ушул түрлөрүн өндүрүүнү жана ташып келүүнү чектөөгө, ошондой эле аларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн финансылык базаны камсыз кылууга багытталган экономикалык механизмдерди киргизүү зарылдыгын аныктайт.

Экологиялык жактан жагымсыз ларды өлкөлөрү өздөрүнүн салык системасын экологиялык салыктарга таянуу менен аларды экологиялаштыруу багытында реформалап алышкан.

Экологиялык жактан жагымсыз ларга атайын төлөмдөр (салыктар, экологиялык жыйымдар ж.б.) Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө (БЕКБА) да бар.

Кыйла натыйжалуу жаратылышты коргоо принциптеринин бири болуп андай продукциялар айлана турган калдыктарды чогултуу жана пайдалануу үчүн продукция өндүрүүчүлөргө (импортерлорго) жоопкерчилик жүктөөнү караган өндүрүшчүлөрдүн жана импортерлордун кеңейтилген жоопкерчиликтеринин принциби – КЖП принциби болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүндө: Россия, Беларусь, Казакстанда ушундай механизмдерди мамлекеттик саясатка аралаштыруунун ар кандай аракеттери көрүлүп жатат. Кеңейтилген жоопкерчиликти киргизүү товарды  долбоорлоо жана дизайн этабында эле өндүрүшчүлөрдү түпкү кайра иштеп чыгууларга кыйла ылайыктуу кылууга, анын үстүнө пайдалануудан кийин өз товарларын чогултуу үчүн жекече системаны түзүүгө өндүрүшчүлөрдү кызыктырууга аракеттер жасалат. Өндүрүшчүлөр менен импортерлорго соода тармактарына экологиялык жагымдуу товарларды чыгаруу пайдалуу экендиги маанилүү. Бул экинчи жолку материалдык ресурстарды чогултуу системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт, ал өз кезегинде ченемдик укуктук базанын болушун, КЖП принциптерин жүзөгө ашырууга жооп берген ыйгарым укуктуу органдын болушун, калдыктарды чогултуп жана сорттогон ишканаларга дем берүүнү, жүргүзүлүп жаткан реформаларды маалыматтык жактан камсыз кылууну жана мыйзамды талаптагыдай эмес аткаргандык үчүн жоопкерчиликти киргизүүнү билдирет.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен сымап камтылган товарларды өндүрүүдө жана ташып келүүдө атайын төлөмдөрдү киргизүүнүн экономикалык эффективдүүлүгү өлкөдө кайра иштетүүчү ишканалардын финансылык колдоосунун эсебинен экинчи жолку чийки заттарды кайра иштетүүнүн атаандашууга жөндөмдүү секторун калыптандырууну өнүктүрүүгө дем берүүдөн көрүнөт.

Утилдештирүү төлөмүнүн чоңдугун калыптандыруунун негизине төмөнкүлөр коюлууга тийиш:

- сымап камтылган товарларды пайдалануудан чыккан калдыктардын негиздүү көлөмү;

- керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө жаткан сымап камтылган товарлардын калдыктары менен иштөөнүн салыштырмалуу өздүк наркы, ал керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон бир жолку буюмдарды же буюмдун массасынын бирдигин чогултууга, ташууга, кайра иштетүүгө чыгымдардын орточо суммасынын негизинде калыптанат;

- өзүнүн керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон товарларды кайра иштетүү үчүн жаңы кубаттуулуктарды өнүктүрүү, киргизүү үчүн зарыл болгон салыштырмалуу чыгымдар.

Утилдештирилген төлөмдөрдүн экономикалык негизделген өлчөмдөрүн калыптандыруу үчүн кошумча иштерди жасоо керек.

Экономикалык механизмдерди киргизүүнүн аркасында убакыттын өтүшү менен сымап камтылган лар сымап камтылбаган ошондой эле лар (электрондук тонометрлер, жарыкдиоддук лампалар ж.б.). менен алмаштырылат. Демек, соодада акча жүгүртүүнүн жалпы массасын олуттуу өзгөртмөйүнчө коркунучтуу калдыктарды сактоого жана кайра иштетүүгө чыгымдар төмөндөйт.

Ушул мыйзам долбоору менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө экологиялык жактан коопсуз продукцияларды камсыз кылуу принциптерин киргизүү сунуш кылынат, ошондой эле жыл сайын мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн зор көлөмү сатып алынат.  Муну менен бирге тигил же бул берүүчүлөрдү тандап алуунун негизги критерийи болуп көп учурда кыйла төмөнкү баа саналат. Мындай мамиленин башкы коркунучу ал өндүрүүнү, керектөөнү жана утилдештирүүнү кошуп алганда сатып алынган товарлардын турмуштук циклге,  курчап турган чөйрөгө терс таасирлеринен улам мамлекет тартышы мүмкүн болгон потенциалдык чыгымдарды, ошондой эле алардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун эске албагандыгында турат.

Товарлардын турмуштук циклинин ар бир фазасы же стадиясы интенсивдүүлүгүнө жараша курчап турган чөйрөгө жана калктын ден соолугуна өзүнчө таасир тийгизет. Ошондуктан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө, тигил же бул аракеттерди жасоодо сатып алынган товарлардын экологиялык коопсуздугун эске алуу менен курчап турган чөйрөгө терс таасирлерди жумшартууга же толук жоюуга боло тургандыгын эске алуу керек.

Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча мыйзамдын сунуш кылынган долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы аныкталды.

Мыйзам долбоорун кабыл алууда мамлекет кошумча чыгымдарды тартпайт.

Мыйзамдын бул долбоору гендердик бейтарап болуп саналат, коррупцияга каршы, экологиялык, укуктук жана укук коргоо багытына ээ.

 

Депутаттар                                                                                               М. Бакиров

Б. Төрөбаев

К. Иманалиев

А. Алтынбеков

А. Султанов

А. Акматов

Э. Токтошев

А. Нурбаев

Э. Байпакбаев

                                                                                                                  З. Жамалдинов

 

 

 

 

“Сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата салыштырма таблицасы

 

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынган редакция

“Салык эмес төлөмдөр жөнүндө” 1994-жылдын 14-апрелиндеги  № 1480-XII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

16-1-берене “Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө төлөмдөр”

«Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө төлөмдөр (утилдештирүү төлөмдөрү) керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө жаткан сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчүлөр, импортточулар тарабынан жүргүзүлөт.

Сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү төлөмдөрүнүн өлчөмү, тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Сымап камтылган буюмдарды өндүрүүчүлөр (импортер) утилдештирүү төлөмдөрүн продукциянын өздүк наркына кошот.

Утилдештирүү төлөмдөрүн төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидия берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды чогултууга, ташууга, калдыктарды кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди чогуу финансылоого чыгымдалат”.

 

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

20-статья. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу

1. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу калдыктардын көлөмүн, коркунучтуулугунун классын жана жайгаштыруу ченемдерин эске алуу менен аларды жайгаштыруу үчүн акы алуунун негизинде белгиленет.

Калдыктарды белгиленген лимиттерден ашыкча жайгаштыруу үчүн акы тиешелүү өзгөртүүлөр менен алынат.

2. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуудан келип түшкөн каражаттар мамлекеттик экологиялык фонддордун тутумуна жөнөтүлөт жана жаратылышты коргоо иш-чараларына жумшалат.

3. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык стимулдаштыруунун жол-жоболору жана чаралары, калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуу жана анын өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

 

20-статья. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу

1. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу калдыктардын көлөмүн, коркунучтуулугунун классын жана жайгаштыруу ченемдерин эске алуу менен аларды жайгаштыруу үчүн акы алуунун негизинде белгиленет.

Калдыктарды белгиленген лимиттерден ашыкча жайгаштыруу үчүн акы тиешелүү өзгөртүүлөр менен алынат.

Сымап камтылган калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү төлөмдөрү алуунун негизинде белгиленет”

2. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуудан келип түшкөн каражаттар мамлекеттик экологиялык фонддордун тутумуна жөнөтүлөт жана жаратылышты коргоо иш-чараларына жумшалат.

“Утилдештирүү төлөмдөрүн төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидия берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды чогултууга, ташууга, калдыктарды кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди чогуу финансылоого чыгымдалат”.

3. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык стимулдаштыруунун жол-жоболору жана чаралары, калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуу жана анын өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” 2015-жылдын 14-апрелиндеги №72  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене. Мыйзамдын максаты жана принциптери

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жапа натыйжалуулугун камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

- берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата айкындык, ачыктык, мыйзамдуулук жана калыстык;

- сатып алууларды ишке ашыруу процессинде берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ортосунда катышууну кеңейтүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү;

- мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн тең жана адилет шарттарды түзүү.

 

1-берене. Мыйзамдын максаты жана принциптери

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жапа натыйжалуулугун камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

- берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата айкындык, ачыктык, мыйзамдуулук жана калыстык;

- сатып алууларды ишке ашыруу процессинде берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ортосунда катышууну кеңейтүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү;

- мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн тең жана адилет шарттарды түзүү;

– мамлекеттик сатып алууларды  жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу”.

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 1264