Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 15-февралы № 1346-VI Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдануунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу

24-02-2017
16:20

2017-жылдын 15-февралы № 1346-VI

Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдануунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу

 

 

“Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдануунун жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д. Абулгазиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдануунун жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д. Абулгазиевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

-республиканын айыл чарба субъектилери тарабынан 2017-жылы жазгы-талаа иштерин уюштуруусу жана өз мезгилинде камсыздоосу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

-жазгы-талаа иштерин өз мезгилинде жана ийгиликтүү ишке ашыруу максатында республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн зарыл болгон күйүүчү-майлоочу материалдар, сапаттуу үрөндөр, минералдык жер семирткичтер, химикаттар, дары-дармек препараттары, жеңилдетилген кредиттик каражаттар жана айыл чарба техникалары үчүн зарыл запастык бөлүктөр менен камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;

-жазгы-талаа иштерин даярдоодо жана өткөрүүдө жаз эрте келген аймактарга, ошондой эле алыскы региондорго өзгөчө көңүл бурсун;

-Өкмөттүн “Дыйкандарга, фермерлерге жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттер” долбоору боюнча жыл сайын берилүүчү кредиттин кредиттик портфелин 7 млрд. сомго чейин жеткирүү жөнүндөгү маселени карасын;

-үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып айылдык товар өндүрүүчүлөргө банктар аркылуу жеткиликтүү, жеңилдетилген кредиттерди берүү маселесин чечсин;

-үстүбүздөгү жылдын I кварталында жазгы-талаа иштерине карата даярдануунун алкактарында суу чарба субъектилери үчүн каралган финансылык каражаттардын 70 пайызын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментинин эсебине которуу маселесин чечсин;

-минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча ишканаларды курууну тездетсин, биологиялык жана башка альтернативалуу жер семирткичтерди колдонууну кеңейтсин;

-2017-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна коюу үчүн жер семирткичтерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча чараларды көрсүн;

-Мамлекеттик үрөн фондунда чогулган кондициалык үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча агенттиги аркылуу республикалык үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредитке берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү (социалдык камсыздандырууну төлөттүрбөй) жөнүндө маселени карасын;

-2017-жылдын түшүмүнөн айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн 20 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай сатып алуу маселесин чечсин;

-жазгы-талаа иштерин жүргүзүү башталганга чейин республикалык мунайзат базалары жана май куюучу бекеттер аркылуу жеңилдетилген баалар боюнча дизель отуну менен айылдык товар өндүрүүчүлөрүн камсыздоо максаттарында Кыргыз Республикасынын Мунайзаттрейдерлер ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;

-ар кандай логистикалык борборлорду куруу үчүн шарттарды түзсүн, ошондой эле жеңилдетилген кредиттерди биринчи кезекте бөлүү боюнча чараларды карасын;

-органикалык айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү жана өндүрүлгөн биопродукцияларды сертификациялоо тутумун киргизүү боюнча чараларды көрсүн;

-өлкөнүн бардык региондорунда муниципалдык машина-трактордук бекеттерди уюштуруу боюнча чараларды көрсүн;

-айыл чарба кооперативдерин уюштурууга өзгөчө көңүл бурсун жана 5 жылга чейин узартылган мөөнөт менен жеңилдетилген кредиттердин бөлүнүшүн карасын;

-өсүмдүктөрдүн карантини кызматын күчөтсүн жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо максаттарында райондоштурууга жана адистештирүүгө багыттоо жаатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун жана гибриддерин сыноо, каттоо боюнча иштерди кеңейтсин;

-жазгы-талаа иштерин жүргүзүү башталганга чейин иштерин контролдоону жүзөгө ашыруу менен атайын штабдарды уюштурсун: жума сайын селектордук кеңешмелерди өткөрсүн.

 

2. Аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2017-жылдын 1-июнуна чейин маалымат берсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков