“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 22-февралынан тартып коомдук талкууга коюлат

22-02-2017 11:33

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Э.Байбакпаев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-30

Каттоо  № 6-4197/17      20.02.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 172-берененин 1-бөлүгүндө «230000» деген цифралар «460000» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2-берене.

Бул Мыйзам 2018-жылдын 01-январынан тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                         

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Маалымкат-негиздеме

Бул мыйзам долбоору салык төлөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо максатында иштелип чыкты, анда мамлекеттин социалдык багыты бекемделген.

Мыйзам долбоорунда салык төлөөчүлөр – жеке жактар үчүн Салык кодексинде каралган мүлктөй салыктык чыгарып салуулар (мындан кийин - МСЧС) укугунун өлчөмүн көбөйтүү сунуш кылынат. Колдонуудагы редакцияда МСЧС-дын (“имущественный вычет”) жогорку чеги 230 миң сом деп белгиленген.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитеттин пайдаланууга берилген турак-жайлардын статистикасы жана баалары боюнча маалыматы.

 

Жыл

Пайдаланууга берилген турак-жайлардын көлөмү (кв.м.)

Пайдаланууга берилген турак-жайдын 1 кв.м. болгон наркы  (сом)

Жалпы наркы (тыс.сом)

АКШ долларынын  сомго карата орточо курчу

1 кв.м. доллар менен болгон баасы

1

2012

72487

10805,26

783241,4

47

229,8

2

2013

362396

22352,81

8100571,2

48

465,7

3

2014

121601

46389,27

5640981,7

54

859,1

4

2015

388398

28988,92

11259241,3

68

426,3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Азыркы этапта турак жайдын жеткиликтүүлүгү жагынан кырдаал жылдан жылга жакшырбай келет. Бул кыймылсыз мүлккө баалардын өсүш темптерин орточо айлык эмгек акынын өсүш темптеринен озуп кеткендиги, ипотекалык кредиттер боюнча жогорку пайыздар, АКШ долларынын курсунун өсүшү менен шартталган.

2015-жылдын аягына карата абалды караганда, Кыргызстанда аянты 54 чарчы метр болгон квартираны сатып алуу үчүн 8-10 жыл бою  бүткүл эмгек акыны топтоо керек. КМШ өлкөлөрүнүн арасында турак-жайдын жеткиликтүүлүгү Казакстанда эң жакшы көрсөткүч - 3,1 жыл. Россияда бул көрсөткүч 4,2 жылды түзгөн.

Азыркы учурда, Кыргызстанда минималдуу керектөө бюджетти түзгөн үй-бүлөдө турак-жайды сатып алуу үчүн 21,0 жыл талап кылынат (катталбаган кирешелерди эске алуу менен – 11,2 жыл), ошол эле учурда Казакстанда – 4,0 жыл жана Россияда – 6,8 жыл.

Ипотека жана ипотекалык кредит берүү механизмдерин өнүктүрүү республика үчүн маанилүү милдет болуп саналат жана калк үчүн бир катар социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле курулуш компанияларынын финансылык абалын алга илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.

Доллардын курсунун жогорулашы турак-жай сатып алуунун пландаштырган жарандардын материалдык абалына же ипотекалык кредит алууга терс таасир этет, анткени калктын турак-жай сатып алууга арналган каражаттарынын реалдуу наркын төмөндөтөт. Буларды эске алуу керек, турак жайдын наркы, эреже катары, чет өлкөлүк валюта түрүндө белгиленет. Мүлктөй салыктык чыгарып салуулардын жогорку чегине келсек, эгерде 2008-жылы 230000 сом 6200 АКШ долларын түзгөн болсо, 2016-жылы 3200 АКШ долларын түздү, башкача айтканда, көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде кемитүүнүн наркынын жогорку чегинин наркы 2 эсе төмөндөгөн (доллар менен көрсөтүлгөндө).

КР Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарына ылайык, калктын МСЧС кемитүүлөрүнүн ордун толтурууга багытталган каражаттардын көлөмү 2013-жылы 455 адам - 5802 миң сомду, 2014-жылы 639 адам – 8126 миң сомду, 2015-жылы 770 адам – 18527 сомду түзгөн.

Ошентип, 2008-жылы Салык кодекси киргизилген учурдан тартып жыл өткөн сайын турак жайга муктаж жарандардын санынын өсүшүнүн жана турак жай аянты менен камсыз болуунун кыскарышынын тенденциясы түзүлүп жатат, ошону менен бирге турак жайдын наркы кыйла темптер менен өсүп жатат, ипотекалык кредиттердин ставкалары жогору бойдон калууда, бирок мүлктүк кемитүүнүн алгандардын саны төмөн деңгээлде калууда.

Көрсөтүлгөндөр мүлктөй салыктык чыгарып салуулар укугунун жогорку чегин кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө тастыктап турат. Турак жайга баалардын өсүшүнүнү индексин, инфляцияны, көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр жарандардын кирешелеринин өсүшүнө салыштырганда озгонун эске алуу менен мүлктүк чыгарып салуулардын жогорку чегинин өлчөмүн эки эсе көбөйтүү сунуш кылынды.

Мыйзам долбоору салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган, анткени республикалык бюджет азыркы шарттарда жарандардын турак жайга муктаждгын толук өлчөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт.

«Жеткиликтүү турак жай-2020» мамлекеттик программасын эске алуу менен бул мыйзам долбоорун кабыл алуу заманга ылайык жана ипотекалык кредит алган жарандарга төлөнгөн салыктар боюнча ипотекалык кредиттер боюнча пайыздарды төлөө жагынан алар жүргүзгөн чыгымдарга бирдей өлчөмдө МСЧС алууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде, айрым өлчөмдө алардын экономикалык абалына оң таасир этет деп эсептейбиз.

Калктын сатып алуу талабын стимулдаштыруу, кыймылсыз мүлк рыногунда жигердүүлүктүн өсүшү мыйзам долбоорун кабыл алуунун маанилүү оң натыйжаларынын бири болуп калат.

Ошондой эле белгилеп кетүү зарыл, мыйзам долбоорун кабыл алуу киреше салыгы жагынан республикалык бюджеттин кирешелеринин чогултулушун жакшыртат, иш берүүчүлөр эмгек акыны беришинин жараксыз (“серые схемы”) схемаларын азайтууга көмөктөшөт, анткени эмгек акынын реалдуу өлчөмүн жаап-жашырбастан киреше салыгын төлөөгө кызматкерлердин таламдаштыгын арттырат.

Сунушталган Мыйзамдолбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык келет жана башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт.

Жогоруда аталган Мыйзамды турмушка ашыруу укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүү талап кылынбайт.

Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган.

 

Депутат                                                                                           Э.Байбакпаев

 

 

 

 

 

Салыштырма таблица

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

Структуралык    элемент

 Колдонуудагы редакция

 Сунушталган редакция

1.

172-берене

1-бөлүк

1. Салык төлөөчү ипотекалык кредит боюнча пайыздарды жоюуга салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө жиберилген каражаттардын суммасында мүлктөй салыктык чыгарып салууга укуктуу, бирок бир жылда 230000 сомдон ашык эмес.

1. Салык төлөөчү ипотекалык кредит боюнча пайыздарды жоюуга салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө жиберилген каражаттардын суммасында мүлктөй салыктык чыгарып салууга укуктуу, бирок бир жылда 460000 сомдон ашык эмес.



Көрүүлөрдүн саны : 292