2017-жылдын 8-февралы № 1327-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
-Матраимов Искендер Исмаилович - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
-Салянова Аида Жеңишбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзамдын демилгечиси;
-Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
-Разаков Жеңиш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
-Токтогулов Кылычбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары;
-Ахметов Уран Түлөндиевич - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
-Баяманова Зуура Эдуардовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
-Тарбинский Олег Станиславович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ч.А. Турсунбеков